Бир гений кетсе дүйнөдөн, бир гений келген дүйнөгө!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде үстүбүздөгү жылы кыргыз адабияты үчүн жакшы жөрөлгөлүү күндү карап, мыйзамдаштырылганы жалпы жазуучу журтун кубандырды. Буга Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун көптөн берки өтүнүчүн ишке ашырууда депутаттар Эгемберди Эрматов менен Каныбек Иманалиевдин эмгеги зор. Натыйжада 12-декабрь – Кыргыз Республикасынын улуттук адабиятынын күнү катары алгачкы жолу майрамдалганы турат. Бул күн – улуттук адабияттын классиктери Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнү, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө келген күнү. Символдуу түрдө бул күн адабиятыбыздын тарыхындагы унутулгус болуп калган улуу күн экендигин эске алуу менен, улуттук адабиятыбыздын майрамы болуп белгиленип калганы да тарыхый окуя деп айтууга арзыйт.

Бул улуу күн быйыл 12-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында мамлекеттик деңгээлде өтүлүүгө иш-чаралар жүрүп жатат. Буга мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Төмөндө бул күнгө байланыштуу материалдардан окурмандарга сунуш кылдык. Редакциядан

Жазуучулар деген калдайган журт бар?

Жазуучу дегенибиз деги ким?

Жалпысынан “Жазуучу” десе акындарды, кара сөз жазган прозаиктерди элестетип коёбуз да, андан арыраак терең маанисинде мамиле кылбайбыз. Сөздүн түз маанисинде ушундай. Жекече мамилеге келгенде ар биринин жараткан эмгектерине жараша мактап- чактап же жамандап жатып калмайыбыз бар. Ал эми жазуучуларга карата коомдук мамиле, мамлекеттик мамиле маселелерине келгенде биз али мамлекеттүүлүгү ар тараптан жетилип өнүккөн өлкө катарында жазуучу дегендин толук түшүнүгүнө ээ боло элекпиз. Себеби бизде кантсе да эгемендүү мамлекет болгонубуздан бери мамлекеттүүлүгүбүздүн идеологиясы толук жолго коюла электигинен болсо керек.

Балким менин бул айткандарым ар кандай талаштарды жаратышы мүмкүн. Талашса талашалы. Андан тактык жаралат дейт эмеспи. Эгер бизде жазуучулардын коомдогу жана мамлекеттеги ээлеген ордун туура түшүнсөк, бир нече тармактарды бүгүн­кү күндө баш көтөртпөй басып турган кризистерди болтурбай, жок эле дегенде жумшак чыгып кетишине шарт түзгөн болот элек.

Биринчи, китепканаларыбыз акыркы жылдарда кризиске учурап, китеп окучулардын саны дээрлик кыскарып: “Окурмандар жок болуп баратат”- дей баштадык. Себеби эмнеде? Жакында бир китепканачы радиодон маек берип жатат. Кыскача айтканда: “Китепканалар учурунда ремонттон өтпөй, китепканачылардын айлыгынын аздыгынан ушундай болууда” – дейт. Ойлосоңуз, эгер сиз үйдөн китепканага барууга даярдансаңыз анын евроремонтун, китепканачынын татынакай кийинип отурганын көрөйүн деп пландайсызбы? Менимче бир гана издеген китебиңизди таап, окууну ойлойсуз. Ал эми китепти окууга түзүлгөн шарт боюнча талашым жок. Ошондо да ал экинчи орунда турат. Демек китепканаларды акыркы отуз жылдан бери жаңы китептер менен камсыздай албаганыбыз кризистин башкы себеби. Акыркы отуз жылдан бери Кыргызстанда кандай жазуучулар бар экендигин жана алардын эмне деген китептери чыгып жатканын калың катмарды түзгөн окурмандарыбыз билбей деле калды. Ал эми китепканаларды жаңы китептер менен камсыз кылыш үчүн каалайбызбы, каалабайбызбы жазуучу деген журтка мамлекеттик мамиле жасоо керектиги келип чыгат. Кыскартып айтканда, мамлекет жазуучунун жазган китептерин өз китепканалары үчүн сатып алышы керек. Дагы он жыл ушундай мамиле уланса, мамлекет китепканалар деген тармагынан такыр айрылат.

Экинчи, театрларга көрүүчүлөр барбай калды дейбиз. “Акыркы жылдарда жазуучулар кандай драмаларды же пьесаларды жазды?”- деп эмнеге сурабайбыз. Театрга бири-бирине көрүнүш үчүн же ал жердеги артисттерди көрүш үчүн барбайт. Кызыктуу драма же пьеса көрүш үчүн барат. Демек театрдагы кризисти жоюш үчүн мамлекет жазуучулар деген журтка: “Пьеса, драма жазып бергиле”,- деп суранууга туура келет. “Очойгон калем акы төлөйм”,- дешке туура келет. Ансыз, “Раматылыгы болгон Жумадылов менен Рыскулов кайра тирилип келиптир”,- десек да театр кризисин токтото албайбыз. Аз жылдан кийин каңгырап ээн турган театрлардын имараттарын бизнес тармактарга сатууга аргасыз болобуз.

Опера-балеттин да тагдыры так ушундай, жазуучулардын калемине байланган.

Үчүнчү, бир кезде “Кыргыз чудосу” атыккан кыргыз киносу акыркы жылдарда бир дагы жыргаган кино тарта албай эмнеге жүдөп жатат. Карап көргүлө, “Кино департаменти” дегени деле түзүлдү. 7-8 миллиондогон доллар каражаттар деле бөлүнүп жатат. Туура, бул каражат өтө аз, бирок ошол өтө аз каражатка да идиреги бар бир нерсе жарата албай жатышпайбы.

Көрсө жазуучулар деген калдайган журт тараптан акыркы жылдарда Чыңгыздын шедеврлериндей болгон чыгармалар жазылбай жатыптыр. Айрым жазылгандарын кино тартчубуз деген делитанттар көрбөй, өздөрү бир нерсе жазымыш болуп тартса алары жанагы сөзү менен обону келишпей калган ырларга окшоп кайран гана корогон каражаттын убалы болуп калууда.

Төртүнчү, эң чоң көйгөй, эне тилибиз жыл өткөн сайын келегей тартып жок болуу коркунучуна кабылууда. Кийинки жаштарыбыз кыргыз тилинде өз ойлорун жеткиликтүү бере албай калды дейбиз.

Ал эми ошол жаштарыбыз эне тилинде кандай көркөм чыгармаларды окуду? Эмнеге сурабайбыз. Жаштар учур талабына ылайык жазылган кийинки жылдарда чыккан жазуучулардын чыгармаларын окуюн дешсе кашайып эч жерде жок болуп жатпайбы. Балдарыбыз акыркы отуз жыл ичинде улуттук тилдеги жомокторду окубай чоңоюп жатпайбы. Кийинки жазуучуларды кой, жогорку окуу жайынын студенттери Т. Сыдыкбековдун “Көк асабасын” окуйлу деп эч жерден таба албай мага келишиптир. Үйүмдөгүнү бердим. Мындай мамиле менен тил комиссиясынан бир эмес онду түзсөк да тилди сактап кала албайбыз. Жазуучулардын чыгармалары балдардан баштап чоңдорго чейин окула баштаганда гана өз оюбузду кыргыз тилинде жатык тил менен түшүндүрүүгө жетебиз. Кыргыз тили ошондо гана өсөт. Башка жолу болсо айткыла.

Бешинчи, акыркы жылдарда, “Улуттар ортосундагы мамилелер оорлоп кетти, адамдар ыймандан кетти, пейил бузулду, улуттук каада-салты, наркты унута баштадык, адамгерчилик дегенди билбей калдык” дейбиз. Ошол идеяларды “ичип” туруучу булагыбыз кайсыл эле? Унутуп койдук да. Жазуучулар жазган чыгармалар аркылуу гана адам баласы жогорудагы биз жоготтук деп какшаган идеяларга сугарылып турат. Мындан башка булак жок. Демек ушундай идеялары күчтүү чыгармаларды элге кеңири жайылтууга шарт түзүүгө туура келет. Эгер андай чыгармалар жок болсо: “Ушундай идеяларды көтөргөн чыгармаларды жазгыла. Биз очойгон калем акы төлөйбүз”,- деш керек. Мамлекет жарандарын руханий интеллектуалдык маданиятка тарбиялагысы келсе, мындан башка жолу жок.

Ушуну менен токтолуп сөздү кыскартсак, көрсө жазуучу дегенибиз коомдун бир капшытын толтурган, болгондо да көзгө көрүнүп колго кармалбаган менен ар бир адамдын жан дүйнөсүнө жай бербеген бучкагын чойгон журт экен. Муну коомдук жана мамлекеттик деңгээлде түшүнүп мамиле кылуу колго алынмайын жогорудагы биз айтып өткөн кризистер тереңдегенден тереңдей берет.

Коомдук жана мамлекеттик мамиле деген эмне?

Бизде бир кызык түшүнүк бар. Коомдук болсоң, демек мамлекеттик мамилеге тиешең жок. Мамлекеттик каржылоодон сага бир тыйын каралбашы керек. Ошондо кандай болуп калат. Коом мамлекетти каржылап бакса болот. Ал эми мамлекет коомго эч нерсе кылбашы керекпи? Биздеги мамлекетин өзүнчө, элдин демек коомдун өзүнчө болуп көп жылдардан бери бириге албай келатканынын сыры ушул жерде жатат. Чындыгында мамлекет биринчи кезекте коомго ар тараптан камкордук көрүүгө далбасташы керек болчу.

Жазуучулар союзу, композиторлор союзу, сүрөтчүлөр союзу көп жылдардан бери “Коомдук уюмсуңар” деген “тамганын” азабынан мамлекет тарабынан таптакыр каралбай келатат. Ал эми мамлекет ошол өзү чардап урунган каражатты кайдан алды? Маселен, депутаттар идиш-аяк алыш үчүн 40 миллион сом бир жылга коротуптур. Бул жогорку союздарды жок дегенде беш жылга каржылоого жетмек. Ошол каражатты мамлекет коомдон чогултуп алды го. Ал эми коом өзүнүн руханий муктаждыгын толтуруш үчүн кайра мамлекеттен каражат сураса берилбейт экен да. Муну кандай түшүнсө болот?

Түшүнгөн кишиге бүгүнкү күндө коомдогу эң чоң көйгөй бул руханий азыктанууга муктаждык. Кантсе да биздин коом советтик системанын продуктусу болгондуктан, бул маселеге өзгөчө аяр карашыбыз керек. Себеби коммунисттик идеология коомду идеологиялык багыттар менен тынымсыз азыктандырып туруучу. Коомдогу жашаган адамдар кайсыл багытты карап басыш керектиги жөнүндө дайыма маалымат алып келишкен. Бүгүн мамлекет тарабынан кандайдыр бир туруктуу идеологиялык багыттар берилбегендиктен коомдогу адамдар дейдидей болуп кайда басаарын билбей, келечек кайда экенин түшүнө албай калышты. Мындай келечектен күмөнсүнүү, эртеңкиге ишенбөөнүн түбү жакшылыкка алып келбейт. Кантсе да коомго багыт көрсөткөн идеология керек.

Мындай шал болуу коомду руханий маданияттын интеллектуалдык кризисине кабылтат. Руханий интеллектуалдык маданияты төмөн мамлекет эч убакта өсүп-өнүкпөйт. Тарыхта кадимки Атилла атабыздын калтырган (Адилдин) бир сөзү бар: “Башчысы бир, баатыры миң эл гүлдөп өнүгөт. Башчысы миң, баатыры бир эл өзүн-өзү жеп жоготот”,- деген. Улуттун руханий интеллектуалдык маданият төмөндөгөн сайын короодогу коюн жакшы карашка дарманы жетпеген койчусу деле эл башкарсам деп эңсей берет. Буга жакында өткөн Президентик шайлоо эң сонун далил. Күйөөсүнө ээ бербеген долу катындардан баштап, шымын жакшылыктуу өйдө тарталбагандарга чейин жетимиштен ашык киши “Президент болот элем” деп талапкерлигин көрсөттү.

Биздин коом руханий интеллектуалдык маданиятты калыбына келтирүү үчүн олуттуу иш баштоого муктаж. Ансыз келечегибиз бүдөмүк. Экономика, экономика деп жыйырма жылдан бери сайрап келатабыз. “Акча тапкыча акыл тап” деп жазып жүрөм. Мейли бай бололу. Эгер келечекте кайда бараарыбызды билбесек, ал байлыкты ким үчүн чогултабыз? Ал эми жол көрсөтө турган ал иштин аты мамлекеттик идеология деп аталат. Аны ишке ашыра турган башатында жазуучулар деген калдайган журт отурат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, бул турмуш чындыгы. Муну жөн гана моюнга алуу керек.

Ал эми коом менен мамлекеттик мамилени экиге бөлгөн болбойт. Бул – жеткен түркөйлүк.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ, Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы?
“Кыргыз Туусу”, 09.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.