«Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси иштеп чыккан кыргыз калпагынын 80 жаңы үлгүсү

«Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси «Кристенсен» фондусунун колдоосунда «Муундан муунга» деген долбоордун алкагында бир жылдын ичинде кыргыз калпагынын 80 түрүн иштеп чыккан. Долбоордун максаты – кыргыздын салттуу баш кийими болгон калпактын зоболосун көтөрүү, эл арасына жеткиликтүү маалыматтарды жайылтуу жана калпак дуушар болгон көйгөйлөрү менен күрөшү саналган.

Долбоор 2010-жылдын октябрында башталып 2011-жылдын октябрында элдин назарына сунушталды.

Бир жыл аралыгында Кыргызстандын алыскы райондорунда кыргыз калпагын кыскача изилденип, тарых жана этнография адистери менен талкуулар жүргүзүлүп, улуттук баш кийимдин тарыхы тууралуу маалымат чогултулган.

Жаңы жана мурдагы маалыматтарга таянып, калпактын жаңы концепциясы иштелип чыгып, калпактын 80 жаңы үлгүсү иштелип чыкты. Концепцияда жаш өзгөчөлүгү мүчөлүү жаш менен белгиленип, ар бир мүчөлүү жашка ылайык түстөр жана оюулар иштелип чыккан. Анын түстөрү жана кыюу-оюулары дагы өзгөчө мааниге ээ.

Долбоордун жыйынтыгы менен “Кыргыз калпагы” деген китепче чыгарылган. Анда калпактын тарыхы, жасалышы, кийүү тартиби камтылган. Ошондой эле, ага мамлекеттик тарых музейиндеги фотодокументтер, мамлекеттик борбордук архивинин, “Кыргызфильм” фондусунан жана элден чогултулган калпактардын фотосүрөттөрү киргизилди.

(Макала “АКИпресс” МА агенттигинин маалыматынын негизинде даярдалды)

Төмөндө калпактын жаңы үлгүлөрүнүн айрымдарын сунуштайбыз:

Соц тармактар:

4 thoughts on “«Кыргыз Эл» коомдук бирикмеси иштеп чыккан кыргыз калпагынын 80 жаңы үлгүсү

  • 22.03.2012 at 06:19
    Permalink

    jakti,ayabay sonun boluptur,zamanbap kalpaktar koboyo bersin,negizgisi kalpak unutulbasın.İygilik.

    Reply
  • 22.03.2012 at 09:46
    Permalink

    Жаш балдар учун калпактын улгулору туура берилген. Ал эми аксакалдардын калпагы таптакыр башкача болот! Ой, эринбей элетти кыдырып, накта аксакалдардын калпыгынын улгусун алышса боло! Аксакалдардын калпагы деген алда канча бараандуу, козго толумдуу болуп, тобосу бийигирээк келип, чекесиндеги кыюуулары кара баркыттан жана да калыныраак кийизден жасалат.37-48жаштагылар учун калпактын улгусу да козго толумсуз. Шаарда отуруп алып эле кооздоп-нете берген болбойт, фантазиялап.

    Reply
  • 22.03.2012 at 09:52
    Permalink

    Эр адамдын баш кийими дегенден сур,касиет сезилип турушу керек. Оймо-чийме салып эле шокоттоп баркын кетирбей. Ууздар дагы издениши керек экен . Эр адамдын баш кийими менен ойношуп болобу? Айрыкча кыргызда!

    Reply
  • Pingback: Калпак — Кыргыз маданият борбору

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.