Эмгегибиздин бааланганы жана блогдогу өзгөрүүлөр

Улан Жумашев деген жигиттин пикиринде, биздин блог кыргыз тилине байланыштуу  13 эң кызыктуу интернет булактардын катарына кирет экен. Бул тууралуу ал Taboo сайтындагы макаласында билдирет.  Биздин блог тууралуу айтып жатып, “кыргыз тилдүү булактардын эң белгилүүлөрүнүн бири” дейт. Мындай баага, сыймыктанбай коюга болбойт. Демек эмгегибиз текке кетпеген экен, башында алдыбызга койгон максатка жетүү жолунда экенбиз.

Бардык өсүп жаткан нерсе өзгөрүп тургандай, биз да жылдын башында блогубузда айрым өзгөртүүлөрдү жүргүзө баштадык. Бизге бат-баттан кирип тургандар байкаса керек. Баса, жогоруда айтылган макаланы окуп чыгуудан кийин, “Үйрөн (сөздүктөр)” бетин иштебеген шилтемелерден тазалап чыктык. Көптөгөн кызыктуу булактарга шилтемелерди алып салууга аргасыз болдук.  Бирок, ошол эле учурда айрым жаңы булактарга шилтемелер кошулду.

Блогубуздагы өзгөрүүлөр дагы эле боло бермекчи. Анткени бул өзгөртүүлөрдүн максаты – блогубузду мындан да кызыктуу кылуу, коноктор үчүн маалыматтарды табууну жеңилдетүү.

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.