Жусуп Мамай Кытайдын “Нобелин” алды

Кыргыздын залкар манасчысы Жусуп Мамайга Кытайдын ооз эки адабият боюнча “Тоо гүлү” сыйлыгы ыйгарылды. Үчүмчүлүк эркин журналист Бектур Илиястын Азатыкка кабарлашынча, Бейжиндеги “Эл курултайы” ак сарайындагы салтанатта манасчыга “өмүр бою өтөгөн эмгеги” үчүн ыйгарылган сыйлыкты Шинжаң уйгур аптоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин өкүлү Ысакбек Бейшенбек уулу алды.

Аталган бирикмеде “Үч чоң эпосту изилдөө” ишканасын жетектеген Бейшенбек уулунун айтымында, 95 жаштагы Жусуп Мамай өзү улуу жашына байланыштуу борбор калаага бара алган жок.

“Тоо гүлү” Кытайда ооз эки адабият боюнча эң жогорку сыйлык деп саналат.

Кыргызстанда Жусуп Мамайдын алгачкы кыргыз-славян арибиндеги биографиясы “Биздин замандын кылым жаштуу манасчысы Жусуп Мамай” деген аталышта бир миң нуска менен жыл башында жарык көргөн.

Манасты 8 муунуна чейин айткан Жусуп Мамай Кыргыз Республикасынын эл артисти, Манас орденинин ээси, учурда Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз аптоном областынын Ак-Чий (мурдагы Какшаал) ооданында турат.

«Азаттык», 29.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.