«Жаш акын» кароо-сынагы жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги республикалык «Жаш акын» кароо-сынагы башталганын билдирди.

Иш-чара жаш калемгерлердин чыгармачылыгын колдоого жана алардын поэзиядагы алгачкы кадамдарын чыңдоого багытталган.

Маалыматка ылайык, сынакка катышуу үчүн беш автордук ыр жөнөтүлөт. Катышуу бекер жана жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, бардык катышуучуларга атайын белектер каралган.

Белгилей кетсек, өтүнмөлөр 2025-жылдын 5-декабрына чейин кабыл алынат.

Ырларды жөнөтүү дареги: jashakyn2025@gmail.com

Байланыш телефону: 0550 30 68 08 (WhatsApp).

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.