Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан жаңы тарыхый чыгарма жарык көрдү

«Бийиктик» басмасында Кунай Медетхан жана Мамасалы Апышевдин “Асман каганаты” аттуу VI кылымда Кыргызстандын аймагында болгон тарыхый окуяларга арналган китеп жарык көрдү. Улуу Түрк Каганаты жөнүндөгү баян дароо эле үч тилде – кыргыз, орус жана түрк тилдеринде жарыяланды. Бул тууралуу басманын маалымат кызматы билдирди.

Чыгарманын баш сөзүндө авторлор көркөм адабиятта алиге чейин такыр белгисиз бойдон калып келе жаткан – жалгыз бир эле элдин эмес, – бүтүндөй түрк элдеринин башаты катары, келечек урпактарынын тагдыры үчүн бурулуштуу ролду ойногон орошон доорлордун бири жөнүндөгү баянды, жетишээрлик деңгээлдеги тарыхый маалыматтарга негизделсе да, көркөм адабияттын каражаттарын колдонуу аркылуу жазылгандыгын белгилешет.

VI кылымда, гунндар доору артта калган соң, азыркы Кыргызстандын аймагында өздөрүн түрк деп аташкан элдер эң алгачкы жолу тарыхый аренага чыгып, кийин алар түптөгөн мамлекет күн чыгыш жагы Тынч Океанга, күн батыш чеги Кара деңизге чейин созулуп жаткан мейкиндикти багындырып, бирдиктүү каганатты түзүүгө жетишет.

Тарыхый булактарда (байыркы кытай, Рим, Византия, фарси) жана ошол доордун тарыхына арналган эмгектерде Улуу Түрк Каганаты жөнүндө жетишээрлик маалыматтар болгондугуна карабастан, ал даңктуу, сыймыктуу доор алиге чейин көркөм адабияттын объектисине айлана элек болчу.

«Кабар» МА, 13.09.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.