Токтобек Үсөнов

Токтобек Үсөнов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Токтобек Үсөнов учурда КУУнун чыгыш таануу факультетинин 4-курсунун студенти. 2012-жылы ондон ашуун КМШ өлкөлөрүнүн жаш таланттары ат салышкан “Золотая табуретка” эл аралык адабий фестивалында жеңүүчүсү деп табылган. Анын “Экөө” аттуу аңгемеси фестивалда эң мыкты чыгарма катары табылып, АКШ өкмөтү, ЮСАИД демөөрчүлүк кылган “Много языков – один мир” аттуу кыргыз жана орус, англис, фарсы тилдеринде жарык көрүүчү адабий жыйнактан орун алды.

Бул чыгарма тууралуу сынактын жюри мүчөсү белгилүү кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбаев мындай дейт: “Муну токтолуп калган эле чоң жазуучу жазса керек”, – деп күмөнсүгөмүн. Көрсө, автору Токтобек Үсөнов деген студент экен”. Белгилей кетүүчу нерсе, “Экөө” новелласы автордун айтканына ишенсек, анын алгачкы чыгармасы болгон.

 

Чыгармалары

Жигит, эмнеге шайыр эмессиң? (повесть)

Дүйшөмбү (аңгеме)

Жеңе (аңгеме)

Экөө (аңгеме)

Айдоочу арбак (аңгеме)

Кайтуу (аңгеме)

Түн (аңгеме)

Үч күн (аңгеме)

Олжо (аңгеме)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.