«ДИАЛОГДУН ЖАРЧЫСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ» Эл аралык илимий-практикалык конференция

aitmatov

2013-жылдын 17-декабрында «Диалог Евразия» форуму залкар жазуучу жана гуманист Чыӊгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган «Диалогдун жарчысы – Чыӊгыз Айтматов» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Илимий жыйында улуу жазуучунун чыгармалары, жеке жашоосу, эл аралык дипломатиялык ишмердүүлүгү менен эл аралык диалогдогу, мамлекеттер арасындагы ар тараптуу кызматташуудагы, маданияттар ортосундагы жакындашуудагы ролу илимий-практикалык өӊүттө талкууга алынмакчы. Ошону менен бирге «Диалог Евразия» форуму тарабынан даярдалган «Диалогдун жарчысы – Чыӊгыз Айтматов» аттуу эмгек окурмандардын назарына сунулмакчы. Китепте жазуучунун азыркы ааламдашуу доорунда сабырдуулукка, мунасага келүүгө, акыл калчап пикирлешүүгө чакырган ойлору жана гуманист сүрөткер тууралуу макалалар, эскерүүлөр топтолгон.

Эл аралык конференцияга өлкөбүздөгү жана чет өлкөлөрдөгү ар кайсы тармактын өкүлдөрү: илимпоздор, тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери, Кыргызстандагы ар кайсы өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укуктагы элчилери, коомдук жана маданий ишмерлер, ММКнын өкүлдөрү ж. б. катышмакчы.

Конференциянын өтчү жери:
Бишкек шаары, Горький көчөсү 27/1. “Вефа” соода борбору 4-кабат, конференция залы.

Башталышы: 17-декабрь, бейшемби, саат 10:00

Иштөө регламенти:
– конференциянын ачылышы.

– куттуктоо сөздөр.

– баяндамалар.

– жарыш сөздөр.

– жыйынтыктоо.

– фуршет.

Уюштуруу тобу:
Дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү 27/1. Вефа соода бобору, Б блогу, 5-кабат, 102-кеӊсе.

Телефондор: 0312 596530, 0555 754947.

Э-почта: dialogue.kg@gmail.com

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.