Чычкан манты

(улуттук тамак-аш)

ch_manty

Бул манты майда болгондуктан, чычкан манты деп аталат. Кадимки мантыдан айырмаланып, ичине эт эмес, картошка гана салынып, кадимки мантыдай бышырылат. Ал Ош жергесинин тургундарынын сүйүктүү тамагы болуп эсептелет.

Керектелүүчү азыктар:

Жуурулган камыр – 1 чоң (же 2 кичине) жайым
Картошка – 2 килограмм
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Пияз – 1-2 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканы сууга кайнатып бышырып алабыз.
2. Муздаганда кабыгын аарчып, эзүү керек.
3. Эзилген картошкага туз аралаштырылат.
4. Эми камырды жука жайып, чарчы кылып ( 5 же 6 сантиметрден) кесиңиз.
5. Ичине эзилген картошканы салып, камырды бүктөп, четин толук бекитүү абзел.
6. Түйүлгөн мантыларды майланган касканга салып, 15-20 мүнөт бууда бышыруу керек.
7. Бул учурда көмөч казанга өсүмдүк майын кызытып алыңыз.
8. Бышкандан кийин мантылар табакка салынат.
9. Мантылардын үстү кызытылган май менен майланган соң майда тууралган пияз, калемпир себеленип коюлат.

Эскертүү:

Ичине картошкадан башка эч нерсе кошууга болбойт.
Табитке жараша өсүмдүк майынын ордуна каймак менен майлап жесе болот.

Булак: http://erkindik.ru/

Соц тармактар:

One thought on “Чычкан манты

  • 10.02.2015 at 14:15
    Permalink

    абдан сонун жазылган тушунуктуу мындан да коп тамактардын рецептин жазуунузданды суранабыз алдын ала рахмат.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.