«Мажүрүм тал» белгисиз кызга арналган

tal

Ырда жаштыкка суктануу, аны мажүрүм талга салыштыруу, анын кайрылбас сапарга узашына өкүнүү камтылган. «Мажүрүм талга» бир нече ырчы кайрылган. Гүлбү Орозкул кызы менен Айчүрөк Султанова дуэт аткарышса, Кенже Көбөкованын жана Санжар Төрөгуловдун жеке аткаруусунда уксаңыз болот. Жаштыкты эстеткен ыр кантип жаралды? Тарыхына токтоло кетели.

Жаз жаңыдан жаркып келген,
Сирень гүлүн ача элек.
Мажүрүм тал жапжаш эле,
Биз да талдай жаш элек.

Сүйүү оту чагылганда,
Турган сирень гүл өнүп,
Тагдыр кошпой турам жалгыз,
Карт даракка жөлөнүп.

Каркыралар учуп өтөт,
Катарлары бузулбай,
А биз неге айрылыштык?
Балким, тагдыр ушундай.

Көздөрүнөн оту жанып,
Жаштар өтсө топтошуп.
Махабатым унутулат,
Карт даракка окшошуп.

Карт дарактын бутагына,
Ар бир түгөй келет деп.
Биз өткөргөн алтын күндөр,
Кайра баштан элестеп.

Жаз жаңыдан жаркып келген,
Сирень гүлүн ача элек.
Мажүрүм тал жапжаш эле,
Биз да талдай жаш элек.

«Көпчүлүк каза болгон студент кыздарга арналган деп билет»

toksobaevaЫрдын сөзү Тоң районундагы «Эмгекчил» гезитинин башкы редактору МЭЭРКАН ТОКСОБАЕВАга таандык. Журналист, акын айым менен байланышканыбызда ырдын жаралуу тарыхы туурасында төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– «Мажүрүм тал» ыры 1975-жылы жазылган. Бишкек шаарында (анда Фрунзе) ооруканада жаткам. Залда кетип баратсам эл жыйналып алып телевизор көрүп жатышкан экен. Экранда бакка жөлөнүп бир кыз алыскы горизонтту телмире тиктеп турат, көзүндө жаш, жүрөгүндө кайгы бар экени дароо байкалды. Горизонтто топ канаттуу учуп баратат. Мен негедир аларды каркыралар деп ойлодум. Бассам-турсам баягы элес көз алдымдан кетпей койду. Кыздын турган турпаты, ички муңу меникине окшошуп жатты белем, ошол кадр менен ооруп калдым. Отуруп алып ыр жазгым келди. Колума калем сап алып ар кайсы ой-толгоону чиймеледим. Жыйынтыгында, фильмдеги белгисиз кыздын образында ушул ыр жаралды.

Ыр адегенде райондук «Эмгекчил» гезитине жарыяланды. Анда 3 эле куплет болчу. Ошол мезгилде обончу Советбек Урмамбетов окуусун аяктап келип, Тоң райондук Маданият үйүндө иштеп жатыптыр. Аталган ырга обон жазып ырдап чыкты. Угуп алып катуу сүйүндүм. Кийин келип дагы 3 куплет коштуруп кеткен.

Бирок көпчүлүк бул ырды автобуста бараткан студент кыздардын Кант шаарында каза болгон окуясынан улам жаралган деп билишет. Окурмандардын эсинде болсо керек, адамдын үрөйүн учурган жаман окуя болуп өткөн эле. Кайсы жылдар экени эсимден чыгып кетти, анда Союз убагы. Фрунзедеги Педагогикалык институтта орус тили жана адабияты боюнча окуган кыздарды айыл чарба жумушуна алып бараткан автобус Кант шаарынан чыга бериште поезд менен кагылышып, 17би же 21би кыз каза болгон. Ошол кырсык болгон жерге ошончо мажүрүм талдын жаш көчөтүн тигип, тактайчага «Мажүрүм тал жапжаш эле, биз да талдай жаш элек» деп жазып коюшкан. Чындыгында эле мажүрүм талдай солкулдаган жаш кыздар да. Канча жаш өмүр кыйылды, канча үй-бүлөнү кара туман каптады. Бирок ыр бул окуяга чейин жаралган.

«Менин визиттик карточкам – «Мажүрүм тал»

urmanbetovОбонун жазган СОВЕТБЕК УРМАНБЕТОВ «Мажүрүм тал» ырынан сырткары дагы бир нече ырга обон жараткан. Бирок обончу «менин визиттик карточкам – «Мажүрүм тал» деп күлүп калат.

– Мен анда Тоң райондук Маданият үйүндө директор болуп иштечүмүн. Обон 1979-жылы чыккан. Бир жолу Мээркан «ушундай ыр жаздым» деп көтөрүп келиптир. Ал биздин Маданият үйүнүн активдүү катышуучусу болчу. Өзү да жакшы ырдагандыктан майрам-кечелерден, ыр кеселерден калчу эмес. Текстти окуп көрүп аябай жактырдым. Анткени текст менин жашоомо, жан дүйнөмө жакындай сезилди. Мен ал кезде бала-чакалуу болуп калганым менен сүйүүм дагы деле күчүн жогото элек экен. Аны өзүм деле билген эмесмин.Текстти окуганда баягы сезим ойгонду. Алгачкы сүйүү унутулбайт, аруу, тунук бойдон калат дешет эмеспи. Мен дагы ошол аруу сезимдин курмандыгы болгом. 1-класстан мектепти аяктагыча бир кызды жактыргам, бирок ага ооз ачып, сөз сүйлөй алган эмесмин. Өтө уяң, чечкинсиз, сырымды эч кимге айтпаган бала элем. Жүрөктө сезим бар, бирок жеткенге аракет жасаганга жарабай кала бергем. «Махабатым унутулат, карт даракка окшошуп»деген саптардай эле, алгачкы сезимимди бала-чакама алмаштырганымды түшүндүм.

Ырды жумуштан үйгө ала кетип, 15 мүнөттүн ичинде обон чыгарып койдум. Эртеси ырдап берсем, баары жактырышты. Алгач, албетте, өзүмдүн аткаруумда жаңырган.

Cүйүн Кулматова, «Супер-инфо», №605, 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.