Эр эңиш

erenish
Сүрөт http://worldnomadgames.com/kg/ сайтынан алынды

Эр эңиш – кыргыздын чабандестер үчүн салттуу таймашы. Таймаштын бул түрүнүн эрежелери жана аксессуарлары спорттун бул түрү аскер муктаждыгынын айынан пайда болгондугун жана аскердик максаттарга кызмат өтөгөнүн айгинелеп турат. Алсак, алдын ала кам көрбөстөн аткарылуучу коркунучтуу иш-аракеттерге эрежеде уруксат берилген. Аларды жоону жеңүү максатында күжүрмөн, кол менен кармашуунун катаал ыкмалары катары бааласа болот. Мисалы, кабырганы, колдун булчуңдарын кабыштыра кармоо, муундарды кайруу.

Бул оюнда чабандестин жөндөмү жана күчү канчалык мааниге ээ болсо, минген атынын такшалгандыгы да ошончолук мааниге ээ. Эр эңиш үчүн минилүүчү ат жоош, басыктуу жана бардыкпаган, чыдамкай, такшалган болушу керек.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.