Жайытты туура колдонууну унутукпу?

Сүрөт http://www.azattyk.org/ сайтынан алынды
Сүрөт http://www.azattyk.org/ сайтынан алынды

Бул жылы иштер менен Нарында жана Кеминде болгонумда мал арасында кара өпкө оорусу күч алганын уккан элем. Малчылар муну быйыл жай кургакчыл болуп, жайыттарда чөптөр куурап кеткени менен, ошого байланыштуу мал чаңды көп жутканы менен түшүндүрүшкөн. Бирок адистердин айтымында, бул ооруунун күч алышынын негизги себеби башкада – жайытты туура эмес колдонгондо.

Эзелтен мал багып жан баккан кыргыз мал багуу салттык билимин унутуп бараткандай. Эгер жайыттарды азыркыдай колдоно берсек, жакынкы аралыкта жайыттардан толук кол үзчүдөйбүз.

Жайытты туура колдонуу боюнча салттык билимдин илимий тил менен туюнтулган айрым эрежелерин сунуштагым келет, пайдасы тийип калаттыр. Бул маалыматты “Айыл деми” гезитинен алдым.

Жайыт пайдалануу планы деген эмне?

Жайыт жүгү деген түшүнүк бар; малдын саны менен жайыт өсүмдүктөрүнүн тоют потенциялынын ортосундагы катнаш. Башкача айтканда, жайыттын ар кайсы аймагы ар жыл мезгилинде ар кандай тоют потенциалына ээ. Жалпак тилге салсак, ар бир жайыт өзүнүн күчүнө жараша гана (өзүнө зыян келтирбей) малдын белгилүү санын тоюттандыра алат. Эгер малдын саны көбөйүп кетсе, деградацияга алып келет. Бул көрсөткүчтү малдын шартуу башы (МШБ) менен эсептешет. Мында, 1 бодо мал 1 МШБга барабар, 1 жылкы 1,2 МШБ, 5 кой-эчки 1 МШБга барабар. Бул балансты сактоо үчүн жайыт планы түзүлөт.

Жайыт пайдалануу планы – бул жайыт жүгү теңме-тең бөлүштүрүлүшү үчүн ар жыл мезгилинде жайыттарга малды бөлүштүрүүнү камсыз кылган иш-чаралар жана чечимдер. Негизинен жайыт жүгү нормаларга ылайык болушу керек.

Жайыт пайдалануучунун дагы бир түшүнбөгөн суроосу. “Бул жерлерге биздин ата-бабалар малын жайып келишкен, биз нормалар жөнүндө эч нерсе уккан эмеспиз”,-дешет.

Жайыттар менен малдын ортосунда чоң байланыш жана баланс бар. Жайыт жүгүнүн нормасы малдын санын жана ар мезгилде мал жаюунун убактысын жөнгө салуу менен жетишилет. Мындай иш-чара жайыттагы чөп-чарды туруктуу колдонууга жана малды оптималдуу багууга көмөк болот.

Малды жайытка ар мезгилде сыйымдуулукка жараша чыгарышат. Жайыт туура пайдаланганын билиш үчүн, жайыттын сыйымдуулугун жана анда жайыла турган малдын санын салыштыруу керек.

Малды жаюунун жайытка кандай таасири бар?

Жайытка мал жаюу өсүмдүк катмарына чоң таасирин тийгизет. Мал жаюу – бул жайыттагы өсүмдүк катмары менен аны тоют катары пайдаланган малдын ортосундагы татаал мамилелер комплекси болуп эсептелет. Өсүмдүктөргө зыянды көбүрөөк кой-эчкилер кылат. Анткени, алар өсүмдүктөрдү түбүнө чейин жулуп жешет. Жылкы чөптү кыйла бийигирээк тиштеп, кыйла азыраак зыян келтирет. Ири мүйүздүү мал жайыттарга тийгизген таасири боюнча кой жана жылкынын ортосундагы абалды ээлейт.

Малдын тебелеп-тепсөөсү тууралуу жөнөкөй мисалдардан келтирип кетелик: Мал туягынын басымы трактордун дөңгөлөгүнүн басымынан ашып түшөт. 50 баш кой-эчкини 1 гектарга камап койсо, 30 аскер танкасы ошол жерди тебелегендей из калтырат.

Чөптү кыйла толук пайдалануу үчүн мал үйүрүн жаныбарлардын ар башка түрлөрүнөн сарамжалдуу кураштыруу же бир эле жайыттын бир эле жаныбарлардын же башкаларды кезектешип пайдалануу туура болот.

Баса белгилей кетчү нерсе:

Малды эрте жазда жайытка чыгарууга тыюу салыш керек:
1 ) чөп жетиле электе желип же тепселенип калып, өсүшү начарлайт;
2) жаш чөп балансталбаган азык болгондуктан, малды тойгузбай ичин өткөрөт;
3) уулуу чөптөр эрте чыккандыктан малды ууландырат;
4) малдын туягы нымдуу кыртышты тебелеп, жаш чөптүн өсүшүнө тоскоол болот.

Малды жайытка кеч күздөө да чыгарбаш керек:
чөптүн азык зат запасы азайып, келерки жылы начар өсүп, түшүмү төмөндөйт.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.