Жаңы китеп. Жети атаңды тааныткан чыгарма

“Турар” басмасынан боёгу кургай элек, жаңыдан жарык көргөн “Саяк намэ” (баян) аталышындагы китепти колуна алган окурман, белгилүү журналист, публицист Жолдошбек Токоевдин көп жылдар бою жыйып жүргөн тарыхый инсандарга арналган айрыкча изилдөөлөрүнө ортоктош болот.

Китептин өзөгүн түзгөн темаларды сыдыра караганда эле кыргыз санжырасынан, комуз күүлөрүнөн тарта кыргыз элинин нускалуу салт-санаасы, үрп-адаты, улуттун наркы, тарыхы жана башка баалуулуктар камтылган. “Саяк намэге ” топтолгон чыгармаларды окуганыңда чыгармачылыкты аркалаган кесипкөйлөрдөн айырмаланып, Жолдошбек Токоев журналисттик көркөм дүйнөсү, дүйнөлүк тарыхты, кыргыз санжырасын, көркөм сөз өнөр адабиятын, маданияттын салаасы болгон театр, кино, музыканы философиялык өңүттө талдай билгени китептин окумдуулугун арттырган.

Автордун Манас темасына кайрылган, терең иликтөөсү жөн гана божомолдоо эмес, илимий маалыматтарга таянып жазылганы жазуучунун көпкө көзү жеткен окумал автор экенинен кабар берет.

Биринчи бөлүмгө кирген тарыхый инсандар: улуттук баатыр Тайлак Баатыр, улуу манасчы Сагымбай, акындар Айтыке, Тоголок Молдо, куудул Куйручук, Калык Акиев, күү атасы Карамолдо, алп балбан Кожомкул, кыргыз мамлекетин түптөөчүлөр И.Арабаев, Ж.Абдырахманов, К.Тыныстанов, кыргыз феномен кыздары М.Өмүрканова, Б. Бейшеналиева, ошондой эле К.Баялиновдун “Курман жылга” повестинин башкы каарманы Курман Кожогелдин тууралуу кеңири жазылган, кызыктуу малыматтарга бай, баян-изилдөөлөр окурмандарды кайдыгер калтырбайт.

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 30.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.