Алмашуу баштан башталат…

«Калпак унутта калып бараткандай…»

dinaДиналиана: Келиңиздер алгач эле сиздердин коомчулукту таң калтырып жаткан калпагыңыздар тууралуу сөз кылсак… Ушундай идея кантип жаралды, эмне болуп кыргыздын калпагын өзгөчөлөнтүп жасайын деп чечтиңиздер?

 

 

tolobekТөлөбөк мырза: Биринчиден өзүбүз жана дүйнөгө көз карашыбыз жөнүндө айтып кетсек туурараак болушу мүмкүн. Анткени эң биринчиден биздин компания “CCG” – Кыргызстандын азыркыга чейин келе жаткан, унутулуп бараткан нерселерин алдыга чыгарып, кайрадан жаңылап, оңдоп, азыркы убакытка туура келгидей абалга алып келгенге аракет кылып жатабыз. Мисалы биз реклама, дизайн жана башка көп нерселер менен алек болуп жатабыз. Бирок дизайн дегенде, мисалы көбүнчө Кыргызстандын илгертеден бери, миңдеген жылдар бою келген оюулары бар, кийген кийимдери бар. Ушул нерселердин баары убакытка толук жооп бербей, өзүбүз өнүктүрбөгөнүбүз үчүн артта калып калууда. Ошондуктан биз калпакты мындай ойлодук, эгер алмашуу кыла турган болсок, анда алмашуу баштан башталсын дедик.

Алмашуу баштан башталат деген ак үйдүн астына чыгып алып, эй алмашкыла, кеткиле, биздин өлкө өнүгүшү керек деп кыйкыра беришет эмеспи кээ бирлер. Андан эмес. Өзүбүз биринчи мээбизди алмаштырсак, андан кийин алмашуу болот. Ошон үчүн алмашуунун символу катары баш кийимибизди өзгөчөлөнтүп чыгаруу менен Кыргызстандын жаңы келечегине кадам таштап жатабыз. Экинчи себеби жаштар азыркы мезгилде шляпа, топу кийип жүрүшөт. А бирок калпакты жаштар кийбей калышты. Анын себеби, тойлордо, жаманчылык-жакшылыкта же болбосо улуу кишилер кийишет. Көбүнчө ошондой учурларда эле кийилип калды. Ошентип, калпагыбыз унутта калып баратат. Калпак эмнеге кийилбей жатат десек, бир эле түр калпактар жасалып жатат. Ал дагы оригинал эмес. Өтө ыңгайсыз. Мисалы калпакты кийип туруп унаага түшсөң башың тийип калат үстүнө. Кыздардын айткандарын уга турган болсок, ак түстө болуп, бат кирдеп кетет. Ошон үчүн калпакты жаштар кийсе сыймыктанып, өзүнүн боюн көтөрүп жүрсүн деген ой менен жасап жатабыз.

 kalpaktar1

«Калпакты башынан жасайлы дедик…»

Диналиана: Дал ушундай дизайнды ойлоп табыш кимдин оюна келди эле?

Төлөбек мырза: Бир жолу дизайнер балабыз Искендер экөөбүз борбор калаадагы кафелердин биринде отуруп, эмне үчүн калпакты кийбейбиз деп ойлонуп калдык. Эмнеге кийбейбиз, себеби калпактар бизди аябай эски, улуу сыяктуу элестеттирет, же болбосо моданы түшүнбөгөн киши сыяктуу көрсөтүп коёт деп, ошон үчүн кийбей жүрөбүз. Келбейсиңби, калпакты башынан бир жасап чыгалы деп Искендер менен сүйлөшкөнбүз. Анан кийин ошол убакыт өтүп-өтүп отуруп, азыркыга туш келиптир.

 kalpaktar2

«Элге 6-августта сунушталды…»

Диналиана: Калпактын өңдөрүн жана дал ушул материалдан болушу керек деп ким тандайт?

Төлөбек мырза: Ал жагын Искендер карайт.

Диналиана: Түптөлүшүн айтып берсеңиздер… Эң биринчи калпактын тигилиши кандайча болгон?

Улукман мырза: Эң биринчи Төлөбек айтып өткөндөй Искендер экөө ойлонуп, ал биринчи идея катары түптөлгөн. Ал эми бул идеяны ишке ашырыш болсо, июль айынын башында Чубак Бойконов жана Американын жараны Аби (Abhi Adhikari) деген мырза экөө чогулуп, Бишкекте “StartupBootcamp” деген долбоор башташкан болчу. Ал долбоор жаштарга ылайыкташып, алардын идеяларын ишке ашыруу, аларга бизнес инкубатор сыяктуу бир платформа түзүү болгон. Биз ошол долбоорду угуп калдык, Чубактар өзүлөрү дагы келишти. Сиздердин идеяларыңар көп экен, бир долбооруңарды биздин платформа аркылуу чыгарбайсыздарбы деп калышты. Дал ошол учурда биз калпакты ушул платформа аркылуу чыгарып көрөлү дедик. Ал биз үчүн жакшы пиар дагы болмок. Анан өзүбүзгө дагы бир топ пайдалуу болду.

Ал платформа 1,5 ай жүрдү. Ошол убакыт аралыгында биз калпакты нөлдөн баштап жасадык. Биринчи формасын жасадык, балбанкаларын ойлоп таап, аларды кестирип жасаттык. Анан барып поставщик менен сүйлөштүк. Биз өзүбүз өндүрүш кылбайбыз. Башкаларга заказ кылабыз. Ошентип, биринчи прототиптерибиз да чыкты. Аларды 6-августта презентация кылдык. Ошол платформанын негизинде чыккан баардык долбоорлордун презентациясы болду. Ошолордун бирөөсү биздики эле. 6-августта элге сундук. Ошондон кийин биринчи пилоттук өндүрүшүбүздү баштадык. Биринчи 50гө жакын калпак тиктирдик. Алардын баары бир айга жетпей сатылып кетти. Азыр болсо экинчи партиябызды күтүп жатабыз. Азыркыга чейин жарымынан азыраагын алдык. Калганын октябрдын аягына чейин алган соң, сатыкка даяр болот.

 kalpaktar3

«Чет мамлекеттен кызыгуу арбын…»

Диналиана: Экинчи партияңыздар канча даана менен даярдалып жатат?

Улукман мырза: 100 даана деп азыр белгилеп койдук.

Диналиана: Сиздерге алдын ала буйруктар тушүп жатты да э?

Улукман мырза: Ооба. Азыр дагы тушүп жатат. Азырынча биз фейсбук аркылуу сатып жатабыз. Фейсбук аркылуу биздин калпактарды көргөндөр абдан кызыгып жатышат. Тыштан да кездешип жатат. Украинадан, Казакстандан,Орусиядан кызыккандар көп болууда. 14-16-октябрда өтүүчү Казакстан мода жумалыгында биздин калпактар Айдана аттуу дизайнер кыздын коллекциясы менен кошо чыгат. Ал бизден 10 калпак заказ кылган.

Биз дагы ачылалы деген ойлорубуз бар. Түркияда жана Орусияда биздин диаспорабыз күчтүү. Пландарыбыз боюнча биринчи кыргыз диаспорасына басым жасап, ошол жакка биринчиден жеткирели деп жатабыз. Андан кийин кызыккандар көбөйө турган болсо, анда баш кийим саткан бутиктер менен сүйлөшөбүз. Ошол эле Европага да ачылалы деген ойлорубуз бар, анткени ал жерде да кызыккандар бар.

Диналиана: Демек, биринчи кезекте Кыргызстанды камсыздап, андан соң башка мамлекеттерди камсыздоо оюңуздарда бар турбайбы…

Улукман мырза, Төлөбек мырза: Ооба, сөзсүз.

 kalpaktar7

«Кезекте зер буюмдары…»

Диналиана: Сиздердин иш жамаатыңыздар тууралуу айтсаңыздар… Канча адам эмгектенет?

Улукман мырза: Биздин иш жамаатыбыз алты кишиден турат. Алтообуздун төртөө реклама жана дизайн жаатындагы адистер, бирөө студияны жетектейт, дагы бирөө болсо сырткы байланыштар менен алектенет.

Диналиана: Төлөбек мырза жана башында сиз айтып өтпөдүңүзбү, биз алгач баш кийимден баштайлы дедик деп. Калпакты чыгаруудан сырткары кандай пландар болуп жатат?

Төлөбек мырза: Калпактан кийин зергер буюмдарын чыгаралы деп жатабыз. Андан кийин башка да долбоорлор бар. Ошол эле кийим, сумка болушу мүмкүн. Жада калса шаарыбыздагы аллеяларды кандай көргүбүз келмек эле. Мисалы Римге барсаң өзүнүн атмосферасы бар. Лондонго барсаң башкача атмосфера. Бишкекке келгенде дагы өзүнүн, башкаларды туурабаган, өзүнүн бир нерсеси болсо. Мисалы жолдо кетип баратсаң аллеялар башкача болсо, же болбосо эс алуу жайлардагы кишилер отурган скамейкалар биздин өзүбүздүн, Кыргызстандын атмосферасын берип турса. Биздин оюуларды эскиче колдонуп эмес, жаңыча колдонуп, жада калса ээрибиз бар эмеспи, ошолордон бери окшоштуруп, өзүбүздүн байыркы рухубузду сактап калып, бирок, ошол эле убакта жаңы кылсак деген ойлорубуз бар. Бул нерселер буюрса ишке ашканда күбө болуп турасыздар.

Диналиана: Ишиңиздерди калпактан баштаган соң, суроо берип кетишим абзел. Өзүңүздөр калпакты сүйгөн жигиттерденсиздерби?

Төлөбек мырза, Улукман мырза: Ооба.

Диналиана: Буга чейин өзүңүздөрдүн калпагыңыздар чыкканга чейин кадимкидей эле ак калпакты кийчү белеңиздер же ыңгайсыз деп кийчү эмес белеңиздер?

Төлөбек мырза: Ак калпакты мен тойго барганда бирөө кийгизсе кийчүмүн. Атам, апам же туугандарым берген өзүмдүн калпактарым бар. Үйдө кийилбей эле турат. Эмнеге кийбейбиз, кийишибиз керек да деп ойлодук. Бирок, себеби жанакы. Көчөгө кийип чыга албайсың. Кийип чыксаң болот, бирок башкача кабыл алынып калат.

 kalpaktar5

«Коомчулукта ар түрдүү пикир жаралууда…»

Диналиана: Ушул азыркы калпактарыңыздар мисалы ошол эле социалдык тармактар аркылуу дагы, сиздердин жеке баракчаныздарда да чыгып турбайбы. Ал жакка көптөгөн пикирлер айтылып жатат элдер тарабынан, комментарийлер жазылып жатат. Эмне үчүн силер Кыргыздын калпагын бузуп жатасыңар же болбосо абдан жакшы кылыптырсыңар деген сындуу пикирлер айтылып жатса керек…

Улукман мырза: Ар кыл пикирлер болуп жатат. Жактыргандар болуп жатат, жактырбагандар болуп жатат. Жактырбагандар көбүнчөсү ошо сиз айткандай, силер Ак калпакты бузуп жатасыңар, силер биздин кылымдар бою түптөп келген салтыбызды бузуп жатасыңар деген ойлор болуп жатат. Бирок биз ал ойго кошулбайбыз. Анткени биз ак калпакты бузган жерибиз жок. “Ак калпак” ак калпак бойдон кала берет. Эч ким ага тие албайт.

Биз өзүбүз ак калпактын дизайнын бир аз модификациялап, “Классика” линиясы деген аталышта чыгаралы деп жатабыз. А бирок биз бул жерде бузуп салып жатабыз деп айта албайбыз. Анткени биз жаңы бир альтернатива эле сунуштап жатабыз. Каалаган киет, каалабаган кийбей коёт. Биз эч кимди эч качан кыйнай албайбыз. Биз болгону оюбузда болгон нерселерди ишке ашырып жатабыз. Көбүнчөсүнө бул нерсе жагып жатат. Чындыгын айтканда, жактырбагандардан жактыргандар көбүрөөк.

Диналиана: Мырзалар сиздерге ыраазычылык билдиремин. Мындан аркы иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз.

Диналиана Джунушева, «МаралFM», 16.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.