Эксперт: Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн маданиятты колдоо саясаты керек

YUNESKO1

Кыргызстанды дүйнө эли тааныган өлкөгө айлантуу үчүн материалдык эмес маданий баалуулуктарыбызды ЮНЕСКОго сунуштап, аны каттатуу керек болчу.

“Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн маданиятты колдоо саясаты болуусу керек. Ал эми ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссия дал ушул маселе боюнча иш алып барат”. Мындай пикирин “Айгине” маданий-изилдөө борборунун директору жана ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын эксперти Гүлнара Айтбаева “Кабар ордого” билдирди.

Кыргызстан материалдык эмес маданий баалуулуктарга бай экендигин айткан эксперт аларды өлкө атынан дүйнөгө таанытып, эл аралык деңгээлге алып чыгуу учурдун талабы экендигин кошумчалады.

“ЮНЕСКО-бул маданияттын саясатын түптөөчү уюм болуп саналат. Бул жерде дүйнө маданиятын сактоо, даңазалоо жана өнүктүрүү башкы милдеттердин бири. Андыктан Кыргызстанды дүйнө эли тааныган өлкөгө айлантуу үчүн материалдык эмес маданий баалуулуктарыбызды ЮНЕСКОго сунуштап, аны каттатуу керек болчу. Мындан бир нече жыл мурун ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын эксперти Сабира Солтонгелдиева менен жолугуп калдым. Ал киши Кыргызстанда мындай байлыктар көп экендигин айтып, бирок алар дүйнөлүк аренага жакшы пропаганда болбой жаткандыгын билдирди. Албетте, мунун бардыгы келип эле каржы маселесине такалып жаткандыгын айтты. Ошондо мен жана дагы башка адистер бир нече убакытка акча албай волонтердук шартта иштөөнү чечтик. Биз чындыгында жарды өлкөбүз, бирок элибиз маданиятка бай. Андыктан биз бул абалдан кандайдыр бир жол менен чыгышыбыз керек болчу. Маданиятты колдоо үчүн биздин өлкөдө Кыргызстанды эл аралык деңгээлге алып чыккандай саясат болушу керек. Ал эми ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссия ушул маселе боюнча иш алып барат жана алып барган иштери өтө ийгиликтүү болууда”,- деди ал.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчи болуп Кыргызстан ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүү үчүн өзүнүн номинацияларын сунуштагандыгын айткан эксперт, алардын бардыгы талаш-тартышсыз ийгиликтүү аяктап келе жаткандыгын баса белгиледи. Анын бардыгы ЮНЕСКОнун иши боюнча Улуттук комиссиянын эмгеги экендигинин негизинде жана өнүктүрүү стратегиясын туура иштеп чыккандыгында болгон. Кыргызстан 2012-жылдан тартып 2016-жылга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетине мүчө болуп кирген. Ал Генералдык ассамблеяда тандалып алынган 24 мамлекеттин өкүлчүлүгүнөн турат. Комитеттин мүчөлүгүнө шайлоо 4 жылда бир өткөрүлөт. Мөөнөтү аяктагандан кийин Кыргызстан дагы 4 жылдан кийин гана мүчө болуп кирсе болот. Бирок өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын аталган комитетке мүчө болгонго укуктары бар. Учурда ал үчүн атайын аккредитациядан өтүү үчүн даярдык иштери жүрүп жатат. Комитеттин эң негизги милдети адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарын коргоо боюнча репрезентативдик тизмеге жана өзгөчө коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине мамлекеттер тарабынан сунушталган номинациялардын файлын кароо, алар боюнча чечим кабыл алуу, Конвенциянын максатына жетүүсү үчүн көмөк көрсөтүү, сыйлоо жана анын аткарылышы боюнча мониторингди камсыз кылуу болуп саналат. Жыйынга комитет бир жылда бир жолу чогулат. Быйыл Кыргызстан Комитеттин төрагасынын орун басары жана көмөкчү органдын мүчөсү болуп саналат. Көмөкчү органдын мүчөлүгүнө 6 мамлекет кирет. Алар адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмеге сунушталган номинацияларга баа берип, номинациялар боюнча болжолдуу чечим кабыл алат. Ага мүчө болуу өтө маанилүү болуп саналат жана көптөгөн мамлекеттер материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталгысы келет. Анткени бул тизмеге материалдык эмес маданий баалуулуктар боюнча номинацияларды киргизүү менен мамлекеттин аброю жогорулап, маданий мурастарын эл аралык деңгээлде пропагандалаганга шарт түзүлөт. ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине кирген элементтер тууралуу маалымат дүйнөдөгү эң ири туристтик проспектерге жайгаштырылып, маалыматтык жарнамалар ар түрдүү мамлекеттердин сыналгылары аркылуу чагылдырылат.

“Комитеттин жыйынында сунушталган номинациялар боюнча өз пикирин билдирип, добуш берүү укугу Комитеттин мүчөлөрүнө гана берилет. Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан Кыргызстан гана бул Комитетке мүчө”,- деди ал.

Ошондой эле эксперт ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине Кыргызстандын баалуулуктарын каттатууда Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаковдун кошкон салымы чоң экендигин баса белгиледи. Материалдык эмес маданий баалуулуктар боюнча аткарылган иштерге кеткен чыгымдардын бардыгы депутат тарабынан каржыланган.

“Биз мамлекетке доомат койгондон алыспыз. Бирок мамлекеттин акчасы жок болуп турганда, колдоо көрсөтүп, анын ишин жасаган адам чыгып жаткандан кийин бул тууралуу айтуу керек. Комиссиянын алып барып жаткан ишине кеткен каражаттардын бардыгы бул депутат тарабынан төлөнүп жаткандыгы чындык. Материалдык эмес маданий баалуулуктарды ЮНЕСКОго сунуштоо каражаттан көз каранды. Эгерде каражат жок болсо, кайсыл бир баалуулукту сунуштоо өтө кыйын”,- деди ал.

ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссия 20 жылдан бери иш алып барып келе жаткандыгын айткан эксперт, бирок буга чейин азыркыдай активдүү иш жүргүзүлбөгөндүгүн билдирди.

“Буга чейин деле иштер жүргүзүлүп келген. Бирок азыркыдай иш жүргөн эмес. Ал учурда отурумдарга аз катышчубуз. Ал эми ЮНЕСКОнун отурумдарына канчалык көп катышсаң ошончолук тажрыйба көп топтолот. Маселен, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл биз активдүү болдук. Быйыл Индонезиянын файлы абдан чоң көйгөй жаратты. Индонезия менен биз бир аймактан болуп, жакшы мамиледебиз. Алардын маданияты дагы бизге окшош. Андыктан жыйында биз аларга колдоо көрсөттүк. Бизден кийин дагы 9 өлкө колдоду. Демек алар нөл баскычында турганда биз 9 өлкөнүн колдоосун алганга жардам бердик. Албетте, Кыргызстан буга чейин мындай тажрыйбага ээ эмес болчу. Быйыл Кыргызстан Комитеттин төрагасынын орун басары жана көмөкчү органдын мүчөсү болуп саналат. Мурун андай эмес эле. Ал эми көмөкчү органдын мүчөлүгүнө 6 гана мамлекет кирет”,- деди ал.

Кыргызстан тарабынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине киргизилген баалуулуктар:

2008-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмесине “Акындык чыгармачылык, кыргыз эпосторун айтуучулар” номинациясы Кыргызстандын атынан катталган.

2009-жылы адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмеге Азербайжан- Индия- Иран-Кыргызстан- Пакистан- Түркия-Өзбекстан көп улуттуу номинация катары Нооруз майрамын каттаткан.

2013-жылы өзгөчө коргоого муктаж болгон материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине ала кийиз, шырдак, кыргыздын салттуу кийиз жасоо өнөрчүлүгү киргизилген.

2013-жылы “Манас- Семетей- Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

2014-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмесине боз үйдү жасоонун салттуу белгилери Казакстан менен бирдиктүү номинация катары сунушталып жатат.

Ал эми 2015-жылы жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастары боюнча репрезентативдик тизмесине кыргыздардын ат оюндарын, көк бөрүнү, ошондой эле Казакстан менен бирдиктүү номинация катары айтышты каттатуу пландалууда.

Венера Осмокеева, «Кабар ордо», 01.12.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.