Толубай сынчы

(жомок)

Илгери бир кан казатка аттанмакчы болуп: «Жылкыдан ким тулпар тапса, самаганын берем, эгер жаңылса, көзүн оём»,- деп жар чакыртат. Элден эч сынчы чыкпайт. Кандын вазирлери сынчы издеп таба алышпай талаа менен келе жатышса, жардын түбүндө бир чал алдына аттын куу башын коюп алып: «Сенин тулпарлыгыңды ким билет, менин сынчылыгымды ким билет?» – деп күңгүрөнүп ыйлап олтурат.

Кандын вазирлери чалды канга алпарып, талаадан уккандарын айтышты эле, кан алы-жайын сурап олтуруп: «Сынчы экениң чын болсо, менин жылкымдан тулпар таап бер, эгер жаңылсаң, көзүңдү оём», – деп шарт койду.

Эртеси жылкыларды астынан бирден чубатып айдатып, Толубай менен кан бийик мунарага чыгып турду. Туура үч кун бою күлүктөр чубап өтүп турду, бирок сынчыга бири да жакпады. Акыркысы болуп үстүнө жибектен уртук жабылган кандын тулпарлары өттү эле, кан: «Сынчым, буларга эмне дейсиң?» – деп караганда «тулпар эмес» деп башын чайкаган дейт. Ошентип сынчынын алдынан өтпөгөн бул өлчөмдө бир да жылкы калбаптыр, бирок сынчы бирин да жактырбай, тура бериптир. Ошондо кандын ачуусу келип: «Эми кимдин аты калды?» – деп сурады. Кандын вазирлери: «Бир кедейдин жонунан тамтык жок жаман чаар аты калды», – деп жооп беришти. Кан: «Апкелгиле аны», – деп буюрган соң, жигиттери жаман чаарды жетелеп келишти. Кырк жеринде жору бар, араң басып жаман чаар өткөндө, сынчы кубанганына чыдабай: «Каным, мына тулпар!» – деп кыйкырып жиберген дейт. Ага кандын ачуусу келип: «Мени шылдың кылган наадандын көзүн ой!», – деп буйрук бериптир.

Желдеттер келип, Толубайдын көзүн оюп салышат. Толубай көзүн басып туруп: «Каным, жарлыгың бир, бирок көз кунуна ушул чаарды бериңиз», – деп сураганда, кан «бергиле» деген белгини берип, басып кеткен экен.

Толубай жаман чаарды жетелеп кемпирине барып, алиги атты кырк бир күн жер алдына баккан дейт. Өлчөөсү менен жем берип, убагы менен сугарып, кырк бир күн болот дегенде алдына кемпирин мингизип, артына өзү учкашып бастырып чыккан экен.

Ошондо кемпири менен сейилдеп келе жаткан баягы кандын алдына аттын оозун тарттырып туруп: «Ээ каным, баягы жаман чаарга жигит болсоң, жетип ал!» – деп, аттын оозун кое бердирген дейт. Кан ызасына чыдабай сан жигити менен кууп жөнөптүр. Бирок кандын тулпарлары ошол замат эле караандабай калыптыр.

Толубайлар жүрүп отуруп бир күндүк жерге кеткенде алда кайдан бир аттын дүбүртү угулуптур. «Кандай ат экен?», – дегенде: «Керчунак деген тулпар окшойт», – деп кемпири жооп берет. Анда Толубай: «Аны кудай ала койсун, жука мээ арам көрүндү эле, күнгө тарт», – дептир. Кемпири күн жакка салганда, Керчунактын мээсине күн өтүп, алда кайда кала берген дейт.

Экинчи күн өткөндө дагы бир дүбүрт чыгат. Толубай биле коюп: «Бул кайсы экен?», – дегенде, кемпири: «Керкашка деген тулпар окшойт», – деп жооп берди эле: «Аны кудай ала койсун, жука туяк немээ көрүнгөн эле, таштакка сал»,- деди. Айтканындай Керкашка бир аз эпкиңдеп келип, ташыркап жүрбөй калды.

Булар үч күндүк жерге жеткенде, таң алдында жана бир укмуштуу аттын дүбүртү чыгат. Толубай: «Бул кайсы экен?», – дегенде, кемпири карай салып: «Телкызыл деген тулпар окшойт», – деди эле, Толубай: «Анык тулпардын бири ушул Телкызыл көрүндү эле. Өзү үч асый гана жашы бар. Сырт жагында айыбы жок. Бирок буга мактоо жарашпайт. Барлык жагы келишкен менен мактоо көтөрө албай турган көрүндү эле, аттын башын тике маңдайга тарт, мактоо салайын», – деди. Кемпири аттын башын бурар замат Толубай: «Ай жаныбарым, ай, сендей да тулпар туулат экен ээ, сының не, сымбаттуу көркүң не? Жарыктыктын чуркашы Пай, пай, пай», – дегенде Телкызыл алда кайда кала бериптир. Телкызылды минген кандын өзү экен. Ошондо Толубай бурулуп туруп: «Каным эч жеринин айыбы жок тулпар тап дегениңди эки кылбай таап бергенимди биле албадың. Тулпар кадыры менен сынчы кадырын билмек кайда! Шерт – мойнуңда, кайыр – элде», – деп, аттын оозун кое берген экен. Акыры анын тулпары жерди бүт айланып, анан кыр ашып, бир деңизге түшүп өлгөн экен дешет. Кыргыз элиндеги «сынчы болсоң – Толубайдай бол, ырчы болсоң – Токтогулдай бол» деген ылакап ошондон калыптыр.

 

Соц тармактар:

One thought on “Толубай сынчы

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.