Сулайман Рысбаев. «Айгерим менен күзгү»

(аңгеме)

Колунда таттуу шоколады бар Айгерим күзгүнүн жанынан өтүп баратып, күзгүдөн өзүн көрдү да: «Эй, карачы, менин шоколадым бар, атам апкелди…»-деп мактанды. Арадан беш мүнөт өтпөй, шоколадын жеди да, кайрадан күзгүгө келди. Ал күзгүдөн бети-колу ботала-шатала болгон «тентек кызды» көрдү. Анан ал апасын чакырып:

– Апа, карачы, мобу кыздын бети-колу бүт ботала экен.. Мен андай эмесмин ээ…–деди. Апасы аны көрүп күлдү да:

– Көрдүңбү, бети-колунду жууп жүрбөсөң, сен дагы ошондой тентек кыз болуп каласың,-деп, бети-колун жуундурду. Бети-колу таза болуп калган Айгерим эми мактанайын деди да, кайрадан күзгүгө келди. Күзгүгө келсе — «баягы кыз» дагы бети-колун эчак жуунуп, супсулуу болуп алыптыр бир заматта… Айгерим бир саам таң кала карап калды.

– Апа, бул кыз дагы менчилеп бети-колун жууп алыптыр мени туурап, карасаң: «Кой, Айгеримдей болуп мен дагы жуунуп, таза, сулуу кыз болоюн – деген го э» – деди, өзүн өзү мактап.

 

Sulayman RysbaevС.Рысбаевдин башка чыгармалары

 

Бөлүшүңүз

One thought on “Сулайман Рысбаев. «Айгерим менен күзгү»

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.