Эгемберди Эрматов: быйыл Кыргыз тест системасы ишке кирет

enetil

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов Дүйнөлүк эне тил күнүнүн алкагында Кыргызстанда жасалып жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

ЮНЕСКОнун чечими менен 2000-жылдан тарта 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү катары белгиленип келет. Бул күндү майрамдоо максатында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы да бир катар иш-чараларды өткөрдү деп билдирди аталган мекеменин төрагасы Эгемберди Эрматов Sputnik сайтынын кабарчысына.

“Бул күндү максаттуу өткөрүү үчүн мамлекеттик ишканаларга, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө күндү жакшы белгилеп, иш пландарды түзсүн деген атайын кат жолдогом”, — деди ал.

Мамлекеттик тил комиссиясы да Дүйнөлүк эне тил күнүн белгилөө үчүн иш-чараларды өткөрүп жатканын Эгембердиев кошумчалады.

“Бир топ иш-чараны Улуттук тил комиссиясы өзү өткөрүп жатат. 20-февралда Улуттук тил комиссиясы менен бирге Ишенаалы Арабаев атындагы улуттук университетинде Улуттук программаны ишке ашыруунун жол-жоболорун талкуулап, кереге кеңеш өткөрдүк”, — деди ал.

Белгилей кетсек, былтыр мамлекеттик тилди 2014-2020-жылдарда өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы кабыл алынып, аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 400 миллион сом бөлүү да каралган.

Аталган программанын өзгөчөлүгү – аны ишке ашыруунун жол-жобосу жана каржы булактары каралганында экенин Эрматов кошумчалады.

“Буга чейин деле тил саясатын ишке ашыруу боюнча программалар кабыл алынган. Бирок, аларды ишке ашыруу механизмдери белгиленбей келген. Былтыр кабыл алынган программага ылайык, аны ишке ашыруунун механизмдери жана каржылык булактары да аныкталды. Ошондой эле, программаны ишке ашыруунун жол-жоболору жазылган тиркеме да чыкты. Анда 2020-жылга чейин программаны кайсыл мамлекеттик органдар аткара турганы так жазылды”, — деди ал.

Улуттук программаны ишке ашыруунун алкагында быйыл 2015-жылдын бюджетине 247 миллион сом каралган. Бул каражат улуттук программаны ишке ашыра турган мекемелер – Билим берүү жана илим министрлигине, Улуттук Илимдер академиясына, Маданият министрлигине, радиотелевидениеге жана ошондой эле Кесиптик окуу жайы боюнча агенттикке бөлүнөт. Каражаттын бөлүштүрүлүшүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тескеп, анын аткарылышы боюнча президентке отчет беришет.

Эрматов билдиргендей, көптөн бери пландалып жүргөн Кыргыз тест системасы быйыл ишке кирет.

“Жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган Кыргыз тест системасы быйыл ишке кириш керек. Ал 2014-жылы иштелип чыккан жана учурда даяр. 2015-жылдан баштап мекеме аралык ар кайсы жерде ишке ашыш керек. Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тили боюнча тесттен өтүп баштайт”, — деди ал.

Дүйнөлүк эне тил күнүн белгилөө чечими 1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКОнун башкы конференциясында кабыл алынган. Ал 2000-жылдан тарта 21-февралда белгиленип келет. БУУнун Башкы ассамблеясы маданий түрдүүлүктү жана көп тилдүүлүктү колдоо максатында 2008-жылды Тилдердин эл аралык күнү деп жарыялаган.

Sputnik Кыргызстан, 21.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.