Майданга катышкан акын

Кыргыз Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин майданда жүрүп жазган “Алдыга жүргүн кыргыздар!” деген ыры “Ала-Тоо” журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган. Ал журналдын ошол кездеги башкы редактору, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин колдоосу менен чыккан. Жоомарт Бөкөнбаев майдандагы жаш жигитке ыры журналга чыкканын сүйүнчүлөп, эл-жерин коргоого шердентип кат жазган экен. Бирок бул эки акын, кыргыз элинин чыгаан уулдары жүз көрүшүп сүйлөшкөн эмес… Жоомарт Бөкөнбаев 1944-жылы автокырсыктан каза тапкан. Акын Сооронбай Жусуев атабыз быйыл 90 жашта, Бишкек шаарында жашайт.

АЛДЫГА ЖҮРГҮН КЫРГЫЗДАР!

Айбаттуу, канкор душманды,
Алдыда турган түнөрүп
Бактысын кыркып кууратып,
Батышка карай сүрөлүк.
Өлөрман душман өрөпкүп
Өмүрү өчсүн түбөлүк.
Ар-намыстуу кыргыздар,
Алдыга жүргүн күүлөнүп.

Касташып душман келгенде
Кайраты ташып кайнаган,
Бирдиктүү кирип майданга
Бир сөзүнөн тайбаган.
Жоокер кыргыз мына биз
Жоого сокку уруучу,
Антына туруп жоо жеңүү
Азамат элдин жумушу.
Чаалыкпас кыргыз жоокерлер,
Чабуулга чыккын жабылып.
Элибиз турат көз салып,
Эрдикти күтүп сөз салып,
Келсе дейт бизди жоо жеңип
Кең Ала-Тоо сагынып.
Согушуп жаткан Армия.

Акын жана Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон. Ал азыр Бишкек шаарында жашайт. Согуш жылдарында түшкөн сүрөт.

Сооронбай Жусуев согуш жылдары
Сооронбай Жусуев согуш жылдары

Сооронбай Жусуев согуштан кайтып келип, 1946–1947-жылдары Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951–1956-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган. Сүрөт 1949-жылы тартылган.

Сооронбай Жусуевдин «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген согушта жүрүп жазган ыры 1943-жылы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналына жарыяланган. Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. 1949-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Сүрөттө акын Кыргызстан жазуучуларынын биринчи кеңешмесинде. Сүрөт 1947-жылы тартылган. ​(Сооронбай Жусуевдин сүрөттөрү анын жеке архивинен алынды)

«Азаттык», 10.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.