Олжобай Шакирге “Супер-Инфо” миллион эмес, кечирим сурап 50 миң сом төлөп берди

Журналист, жазуучу Олжобай ШАКИР “Супер-Инфо” гезитин бир миллион сомго сотко бермей болгон.. Эмнеге мынча жаны ачып, аталган гезитти сотко бермей болгону туурасында өзүнөн билгибиз келип кепке тартсак, иш төркүнүн мындайча баяндаган эле:

– Буга чейин “Супер-Инфо” гезити менен чатагым болгон эмес. Мындан бир-эки ай мурда “Эски тегирмендин орду” деген китебим чыкканда мага Фейсбуктан бирөө жазып калды: “Сизди эл бирөөнүн чыгармасын уурдап алып, китебине киргизип алыптыр” – деп атышат деп. Адегенде тамашабы деп маани берген эмесмин, андан көп өтпөй “Азаттыктын” кабарчыларынын бири “Олжоке, сизди фейсбукта бирөөнүн чыгармасын уурдап алыптыр деп чуу болуп атышат, эмнеге үндөбөйсүз же чынбы?” – дегенинен, иш чатак экенин түшүнүп, аталган гезиттин тиркемелерин таптырып, сандан-санга чыккан сериалдарына көз жүгүртсөм, кашайып “Тилек” деген аңгемемдин көп жерин эт шылыгандай кылышыптыр. Образдуу айтканда, малдын сыйлуу жиликтери таанылып турат эмеспи. Балким эшектин, уйдун, жылкынын эти бири-биринен анча айырмаланбай калышы мүмкүн. А адабияттагы плагиаттыкты ажыратуу анчалык оор эмес экен. Чыгармадагы кашкайган жиликтер “мени таанып атасыңбы?” дегенсип, биринин артынан бири таанылат десең. Көпчүлүктүн арасында ата-энесинен адашып калган балдардан бетер менин жүрөгүмдөн жаралган сүйлөмдөр “чыркырап” ийгенсиди. Ар бир текст, ар бир диалог, ар бир сюжет! Ал эмес, каармандарым дагы. Автор үчүн бул нерсе кандай оор, түшүнөсүңбү? Көзүмөн жаш атып кетейин деди, жүлүнүм зыркырады. Ошондо билдим, эненин жан этинен жаралган бала менен жазуучунун жантенинен жаралган чыгарма уурдалып кетсе кандай болорун… Мына анан, түнү бою көз ирмей алсамчы, жаным туйлап баштады. Ансыз да мендей эмоциялуу кишиге оор экен бул.

– “Супер-Инфодогу” ал чыгарманын аталышы кандай экен? Автору ким?

– Аталашы – “Үч курбу”. Автору – Асия Алиева.

– Мен билгенден “Үч курбу” сенин китебиң жарыкка чыкканга чейин эле жарыяланып келатпады беле, анан кандай болуп калат?

– Оооба, эки жылдан бери жарыяланып келатыптыр. А мен “Тилек” деген аңгемемди тээ 2005-2007-жылдары бүтүп, эң биринчи жолу “Аят-пресс” гезитине жарыялагам. Анан мен башынан эле ыр жазсам да, аңгеме жазсам да, ар бир чыгармамдын “туулган күнү” кайсы дата экенин сөзсүз жазган кишимин. Мен муну кайсы сот залында болбосун, керек болсо, эч бир адвокаты жок да далилдеп бере алам. “Аят-пресстин” архивин аңтарган киши деле буга көзү жетет.

– Асия Алиева псевдоним эмес бекен?

– Псевдоним эмес эле “Супер-Инфого” туруктуу жазып жүргөн жазмакер экен. Жаш курагына караганда 25 жаштардагы эле кыз, демек ал мен “Тилекти” жазып жүргөн кезде мектеп партасында отурган кыз болсо керек… Ал кыз кылгылыкты кылып коюп, мага келип кечирим сурады, бирок мен бул иш сотко чейин барарын айттым. Ага болбой эле ортого киши салып, ыйлап-сыктап атат.

– Эми сен ошол кызды эле сотко бересиңби же “Супер-Инфону” дагыбы?

– Экөөнү тең берем. Буюрса, экөөнү тең жеңип алам деп алаканым азыртан эле кычышып аткан кези. Өмүрү көркөм чыгармам үчүн уучум толо гонорар алган киши эмес элем, бу жолу адабияттагы “акы бетимди” сот аркылуу кайтарып алат окшойм… Билесиңби, англис жазуучусу Маркиз Галифакстын айтканы бар: “Жылкы уурдаган адамды жылкы уурдаганы үчүн асышпайт, башкалар ууру кылбасын үчүн асышат”. Анынсыңарындай чыгармачыл адамдар арасындагы мындай жосундарды цивилизация жолу – сот аркылуу жазага тартып, коомчулукта ушул сыяктуу мисалдар ашкереленмейин, уурулук улана берет. Биз минтип отуруп эч качан нормалдуу коом кура албайбыз. Анын үстүнө авторлук укукту азыр коргобосом, мындан 30-40 жылдан кийинки окурманга эмне деп актанам? Айтматовдун тегерегинде деле ушул күнгө чейин айтылып жүргөн ар кандай кептер бар, тигинин идеясын алган, мунукун алган деген… Анан калса, “Супер-Инфо” бүгүнкү күндөгү жүз он үч миң нуска менен чыккан басылма болсо, а менин китебим миң нуска менен элге тараганын салыштырып болобу?… “Үч курбуну” окугандын баары мага ишенеби же Алиевага ишенеби?!- дейт Олжобай Шакир.

Олжобай Шакир бизге маек бергенден кийин Асия Алиевага жолуккан экен. Алиева Олжобай Шакирден кечирим сурап, ушул күнгө чейин алган эмгек гонорарымдан бөлүшөйүн деп кыйытыптыр. Бирок Олжобай Шакир бул башкалардын эмгегин уурдаган жазмакерлерге сабак болушу үчүн иштин аягына чейин чыгам дептир. Бирок, кечээ “Супер Инфо” басылмасы менен Асия Алиева Олжобай Шакирге жолугуп, материалдык чыгым деп 50 миң сом бериптир. Асия Алиева жаңы турмушка чыгып, кош бойлуу болгондуктан андан ары сотко берип, анчалык чуу көтөргүм келген жок. Расмий түрдө менден моралдык кечирим сурап, эртең өздөрүнүн гезитине чыгармай болду, дейт Олжобай Шакир.

Назгүл Калмамбетова, “Кабар ордо”, 12.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.