Шайыр Тойчуева

* * *

Ф. Кафка. «Процесс».
«Перед законом».

Жалгыз гана, ушул каалга,
Катып ичке бар сырын.
Кылым санап жылбай турат,
Отко түртүп эчендерди,
Соруп адам асылын.

Болбогондой эч бир нерсе,
Турат дайым жалгыз гана,
Кулпуланган ушул каалга.
Катып койгон чындык жүзүн,
Көрсөтпөстөн бир да жанга.

Чарт-чурт эткен чагылгандай,
Жалбыртташып күйүп жана.
Өмүр сайып көрүш үчүн,
Кызыгышкан жандар канча?
Дүйнө кезип шамал сымал,
Акыйкатты таппай жүргөн,
Түтөп күйгөн
… жандар кайда?

Ачылбастан бүтпөс жолдо,
Турат дайым ырдап гана.
Шамал менен жашташ болгон,
Ушул каалга,
Сырын ачпай эч бир жанга.

 

БАРБЫ?.. ЖОКПУ?..

Калп каткырык, куу сүрөөндүн шаңында,
Жер айланат карыш жылбай огунан.
Кумарга мас көз ирмемдер дүйнөмдү,
Адаштырат жалгыз чындык жолунан.

Кимге керек баш-аягы жок суроо,
Көкүрөктү тыбырчылап тырмаган.
Капкараңгы туңгуюкта көз байлап,
Тап жылдырбай, желе өңдүү чырмаган.

Түбү өлүкпү, Шакем өзү айткандай,
Бир бүтүндүк тирүүлүкпү? Же кандай?
Барбы ошол аккан суудан куралган,
Сен издеген, мен жетпеген бир КУДАЙ?

 

ААЛАМ – ТАМЧЫ

Тамат тамчы, толтурам,-деп, түбү тешик челекти,
Күчүн  үрөп, жан талашат, аяп койбой каректи.
Ойго келбейт, жамап коюу,көңтөрүлгөн челекти,
Бир жан барбы, токтото алчу, түшүндүрүп себепти.
Тамашалап, карап турган тагдыр өзү сенекпи?
Же чынында, ошол челек, толтурулуш кажетпи?

Тамат тамчы, миң кубулуп,
Таппай толбос себебин.
Ойлойт окшойт:

– Дүйнөгө, -деп,-
Тиет менин керегим.

01.06.06.

 

* * *

Күзгү жамгыр,
Эстеп баарын.
Терезени улам чертип,
Төгөт жашын.

Улам эстейт көкүрөктө жашаган,
Көргөн күндүн баарысын.
Каргай албайт, алкай албайт.
Жанын уучтап,
Издейт өмүр жарыгын.

Түшүнүксүз дүйнөдө,
Үшүп күздүн суугунан.
Түнгө төгүп болгон сырын,
Жерди сабап, төгүп жашын,
Жууйт өзүнүн
Көкүрөктө тактарын.

24.11.07

 

* * *

Тротуарда шашып баскан,
Ал караан тааныш эле.

Ээрчибедим.
Ээрчигим келбеди да.
Чарчаган үнсүз карек,
Узата тиктеп көпкө,
Чөйчөккө батпай турган,
Көз жашын төгүп ийди.
Күзүндө жамгыр жаайт да.

Туулган күнгө белек болгон,
Фильмди,
Кыргыз тарткан.
Дүйнөмө жүктөдүм да,
Кете бердим,
Жалгыз бир сөздү ээрчип:
“Өз дүйнөңдүн борбору – өзүң гана!”
Жаңырык коштоп турду:
“Өз дүйнөмдүн борбору- өзүм гана!”

Бир караан тааныш эле,
Жол жээктеп бара жатты.

12.09.14

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.