Сөөлөтүнөн ажырап, бузулган сөздү ким түздөйт?..

Сөз кадырына жете билүү, уга билүү, айта билүү – адамдык өсүп-өнүгүүнүн өзөгү деп айтылат. Байыртан кыргыз эли сөз багып, кеп кадырлап келген улуу эл деп айтабыз. А бирок бүгүнкү күндө ошол улуулугубузга татыктуу жашап жатабызбы? деген чоң суроо бар. Анын ичинде тил, кеп, сөздөн сырткаркы маданият, каада-салт, тарых сыяктуу улуттук баалуулуктарыбызга тиешелүү нерселер жатат.

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улут уюткусунда” “Кеп маданияты жана биздин коом” деген теманы талкууладык. Талкууга манасчы Дөөлөт Сыдыков, акын, алып баруучу Жылдызбек Турсунбаев, сүйлөө чеберчилиги боюнча машыктыруучу Нуржахан Асылбашева, КРнын УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кенже илимий кызматкери Мавлюда Таштанова катышты.

Cөз кадырлап, барктоого үйрөткөн элдик окуу болуш керек

Дөөлөт Сыдыков: – Сөзүмдүн башын манасчы Ырысбай Исаковдун ыры менен баштагым келип атат.
«Абалтан мурун сөз келет,
Алгачкы нерсе сөз делет.
Салмактуу чыккан сөз болсо,
Шайтанда чочуп сезгенет.
Андыктан, мунара куруп сөз менен,
Муунга сунгун сөз белек»
, – деп жакшы айткан. Сөз деген улуу күч. Сөз менен адамды тирилтип дагы, өлтүрүп дагы койсо болот. Биздин бабаларыбыз башынан эле жаралганы сөзгө өтө маани берип, биринчи орунга коюп, абдан баалап келишкен. Сөзгө жыгыла да, жыга да билген. Сөз менен убадалашып, сөз менен иш бүтүргөн. Азыр тескерисинче, убадасын кагазга жазып алып дагы аткарбагандар бар. Сөздүн кадыры кетип, сөз майдаланып кетти десек болот. Муну жалпы эл деп айтсак жаңылышабыз. Себеби, эл болгондон кийин, сөз кадырлаган, сөзгө бекем тургандар бар. Бирок, бизге күзгүдөй үлгү боло тургандар атка минерлер болуш керек эле. Учурда биз Кет Бука атабыздын айтканындай болуп, илгерки көөнө сөздөрүбүздү колдонбой калдык. Сөзүбүздү да, өзүбүздү да жоготуп бараткандай кыйын абалда турабыз. Ошондуктан, сөз кадырлап, барктап, аны элге жеткириш үчүн жалпы элдик окуу болсо деп ойлойм.

Илгерки эл башкарган адамдар жорго сөз менен сүйлөгөн, же болбосо, көпчүлүгү элдик өнөрдү мыкты билген адамдар болгон. Мисалга, Боромбай, Ормон сыяктуу эл башкарган адамдар сөзгө өтө чоң маани берген. Ал учур менен азыркы кездин айырмасы асман менен жердей. Азыркылар сүйлөйт, бирок аткарбайт. Бүгүнкү күндө деле сөздүн баркын билген адамдар бар. Мисалга, өнөр адамдары сөздү баалай билишет. Сөздүн баркынын кетип жаткандыгы кичинекей көрүнүшү мүмкүн, бирок, бул өтө чоң маселе. «Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам» дегендей кичинеден бузулуп отуруп эле элибиздин сөзгө болгон мамилеси өтө өзгөрүп кетти. Илгери биздин чоң апаларыбыз очоктун түбүнө отуруп алып бизге жомок айтып берчү. Ал нерсе баланы сүйлөгөнгө тарбиялайт, чыгармачылыкка шык берет. Чыгармачылык болбосо деле, сүйлөгөнгө, ой жүгүрткөнгө, эл менен мамиле түзгөнгө үйрөтөт. Азыр андай жок, балдардын баары интернет чукуп отурат. Негизи коом Батыштын жана башка жактардын терс жактарын теле аркылуу алып, бузулду да, эми аны кайра ошол теле, радиолор оңдой алат. Экинчиден, улутка күйгөн мыкты жетекчи болсо, эл ошолордон үлгү алат.

Ата-бабалар айткан сөздү, накыл кептерди улуу муун бизге татыктуу өткөрүп берген жок

Жылдызбек Турсунбаев: – Бул көтөрүлүп жаткан маселе учурда өтө кендирди кесип турган нерсе. Бирок, колго алынып келе жаткан маселе деп айтсак болот. Надырбек Алымбековдун жазган ыр саптары бар:

Элдеги сөз эленип нуска болот,
Кеменгердин кеп-сөзү кыска болот.
Жоон билек билээрди багындырса,
Бир сөз менен бир элди жыкса болот,
– деген. Бирок, бүгүнкү оош-кыйыш кырдаалда төрдө отуруп сүйлөгөн сөзүң босогого чейин жетпей калып аткан заманда бир сөз менен бир элди жыга турган кептин маданиятын түшүнгөн инсандардын аздыгы жанды кейитет. Муну түрдүү аспектиде алып карасак болот. Биринчиден, эгемендик колго келгенден кийин «демократия», «эркиндик» деген түшүнүктөр келди. Аны менен бирге «биз бардык нерсеге чек койбой жасай берсек болот экен» деген түшүнүккө чөмүлүп калдык. Канча тил билсең, ошончо дил билесиң деген ой менен жаштарыбыздын көпчүлүгү азыр тил үйрөнгөнгө, чет өлкөгө кеткенге, чет тилде сабаттуу болгонго аракет кылуу менен бирге өзүнүн эне тилин аксатып жатат. Эне тилин туура, толук кандуу колдоно албаган инсан кептин маданиятын, кепти кайсы жерде туура колдонуп, амандашканда кайсы сөздү айтыш керек экендигин кайдан билмек эле. Экинчиден, 70 жыл биз СССРдин карамагында кыйыр түрдө дагы, түз түрдө дагы үстөмдүгү, басымдуулугу астында жашадык. Анда «кыргыздын тили» деген түшүнүк ошол мезгилде таптакыр жок болуп кеткен. Ошол кезде улуу жазмакерлерибиздин жазган, айткан накыл кептерин улуу муундагылар биздин көкүрөгүбүзгө кыттай кылып уютуп куюп, татыктуу өткөрүп бердиби? деген маселе турат. Ошолор бизге так, туура өткөрүп берген жок. Биз 1991-жылы эгемендүүлүгүбүздү алгандан кийин гана өзүбүздүн тилибизге көңүл бура баштадык. Буга сүйүнсөк дагы болот.

Бүгүнкү күндө жаштар экиге бөлүнүп калган. Шаарда төрөлүп, ата-энесинин байлыгына, бийлигине ишенип, нанды «наня» деп өскөн балдар менен өз киндигин өзү кесип, жылаңач бойдон чуркап барып отко секирип кеткен жылаңач баатырлар, жаштар бар. Алардын арасында тилге күйүп, «тил маданиятын сактабаса, кыргыз эли жоголот» деп кыйкырып жүргөн жаштар менен «мага баары бир, эптеп күнүм өтсө болду, орус же башка тилдер менен жан бага алам, Кыргызстанда жашоо жок, чет өлкөгө кетем» дегендер болуп, жаштар экиге бөлүнүп калды. Ушундай нерселер турганда биздин тилибизди коргоп калыш ушунчалык кыйын. Бардык жактан кыргыз тилин мите курттай жеп жаткан фактылар көп. Ошолордон арылышыбыз керек. Биринчи кезекте, кыргыз тилин мен туура, орусча кошпой сүйлөсөм, келегей сөздөрдү колдонбосом, мени көрүп дагы бирөө мага карап түздөнсө, биз тилибизди оңдогонго мүмкүнчүлүк болот. Тилибизди оңдоо менен гана биз кепке маданияттуулукту бере алабыз. Кыргызстанда «кыргыз тилин үйрөтүп, окутуп атабыз, иш кагаздарды кыргыз тилине жүргүзүү боюнча иштер жүрүп жатат» дегендин өзү Кыргызстанда жашап аткан ар бир кыргызга уят нерсе, бул биздин бетибизге чиркөө.

Азыр биз бул маселени эки башка өңүттө карап атабыз. Биринчиден, тилибизди сактай албай, анын кыйналып аткандыгы, ошол эле учурда кеп маданияты. Тилибизди сактагандан кийин маданияттуу сүйлөй алабызбы, же маданияттуу сүйлөсөк тилибиз сакталабы? Кайсы жагынан карасак дагы бизге тиешелүү, улутубуздун уңгусун, уюткусун түзүп турган тема болуп жатат. Башканы айтапаганда акындардын чыгып атканы, дастанчылардын бар болуп жатканы, уучубуз куру болбой манасчылардын чыгып жаткандыгы дагы да болсо, кыргыздын уюткусу бар экендигин, касиеттүү калк экендигин далилдеп турган нерсе. Ошол эле учурда, «биз ошондой эл экенбиз» деп көөдөн керип жатып албай, сырттан келип жаткан терс факторлордун негизинде тилибиздин мокоп, туура колдонулбай, кеп маданиятынын бузулуп жаткандыгын, бир сөздү жаңсоо менен түшүндүрүп койгон ата-бабаларыбыздан келе жаткан нарк-насил, жол-жөрөлгө, ошондой касиет бүгүнкү күндө жок болуп бара жаткандыгын моюнга алабыз. Ошол себептүү бүгүн ушундай маселе козголуп атат.

Бул маселе 40 жыл мурда көтөрүлүп, бүгүнкү күнгө чейин келе жаткандыгы, албетте, көңүл өйүтө турган нерсе. Кеп маданиятын түшүнгөн адамдардын саны союз мезгилине караганда бүгүнкү күндө көп деп айтууга мүмкүн. Бирок, алардын деңгээли канчалык?.. Биз орусча кошпой, таза кыргызча сүйлөп калган күндө деле ошол кепти кайсы жерде туура колдонуш керектигин билишибиз керек. Менин оюмча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кеп маданиятын өнүктүрө турган, манастаануу деген сабактын бир бөлүгүбү, же өзүнчө сабак кылабы республикалык деңгээлде кеп, тил маданиятына үйрөтө турган сабак берилиш керек. 1-класстан болбосо да, 6-7-класстан баштап киргизсе, балдар кыргызча сулуу сүйлөп чыкса жаман эмес. Ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу видео сабактар жасалса абдан жакшы болмок. Анда туура сүйлөө, туура дем алуу, үндү туура коюу, уялуу сезимдерди жоюу, кыймыл-аракеттер боюнча атайын пакет-пакет кылып жасап, мамлекетке караштуу бир телеканалдан системалуу берилсе, эл кааласа да, каалабаса да көрүп, таасир алат. Бул ММКлардын кыйыр түрдө элге үйрөткөн, тил маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы болот деп ойлойм.

Сүйлөө чеберчилиги боюнча кыргыз тилинде сабак өткөн машыктыруучулар аз

Нуржахан Асылбашева: – Бүгүн абдан туура маселе көтөрүлүп атат. Негизи сүйлөө чеберчилиги, чечендик өнөр деген тил нормаларын жана кеп маданиятын өзүнө камтыйт. Кыргызстанда азыр сүйлөө чеберчилигине көңүл бургандар өтө көп. Бул бир гана аткаминерлерге, же эл көзүндө жүргөн адамдарга гана эмес, ар бирибизге керектүү билимдердин бири. Азыр бизде мектептерде дагы, ЖОЖдордо дагы сүйлөө чеберчилигине көңүл бурушпайт. Муну атайын билим катары деле караса болот. Себеби, ал өз ичине көптөгөн нерселерди камтыйт. Мисалы, вербалдуу эмес кыймыл-аракеттер, туруп, отуруп кантип сүйлөш керек , сүйлөөнүн структурасы, үнүбүздүн калыптануусу, сөз байлыгыбызды жогорулатуу сыяктуу нерселердин бардыгы кирет. Бүгүнкү күндө буга көп жаштар көңүл буруп жатат. Айта кетчү нерсе, бизде кыргыз тилинде сүйлөө чеберчилиги боюнча тренерлер аз. Көбүнчө орус тилинде өткөрүлөт. Мындай билимди тренинг борборлорунан таппасак, башка жерде жок. Менин максатым – кыргыз тилин өнүктүрүү, келечекте сүйлөө чеберчилиги боюнча китептерди чыгаруу болуп саналат.

Бардык нерсе өзүбүздөн башталат. Биз үлгү болушубуз керек. Адамдын адам болгон факторлоруна дагы көз жүгүртүүбүз зарыл. Бул биринчиден – биздин тарбиябыз, экинчиден – айлана-чөйрөбүз, үчүнчүдөн – бул коом. Мына ушул үч нерсе бизге таасир берет. Бизди кандай тилде тарбияласа, айлана-чөйрөбүз кандай тилде сүйлөсө, коомдо кандай тил көбүрөөк колдонулса, биз ошол тилде сүйлөйбүз. Ар бирибиз өзүбүздүн тил маданияттуулугубузга жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек. Тил- бул жандуу нерсе. Демек, ага жакшы көңүл буруп, таптап, сугарып турсак, тил дагы ошончолук өнүгөт.

Каныкей Бозгунова, «Марал ФМ», 19.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.