Нуралы Капаров. «Той болоор алдында…»

Салижан Жигитовду эскерүү

Жыйырманчы кылымдын 89-жылынын март айынын кайсы бир күнүндө жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйүнүн ар бир эшигинин туткасын катары менен тарткылап, ким-бирөөнү издеп жүргөндөй түрү бар. – Ассалом алейкум, Эрнис аба!-дедим кадимки көлдүктөрчө. – Алейкума ассалом! – деп жалт карады. – Баатыр, сен да бул жакта белең? – деп мени карай мантая басты. Кол алышып учураштык. Адегенде костюмунун жан чөнтөгүндөгү карала бет аарчысын сууруп чыгып, оң колуна дайындай кармап, кайнап аткан кара казандын капкагын алгандай сол колу менен башындагы кара шляпасын алганда төбөсүндө думдугуп турган көк буу топтошкон аарыдай дуу деп көтөрүлгөндө Эрнис абанын ак алмадай кара жээк кашка башы «өөх!» деп эс ала түшкөндөй болду. Төбөсүнөн жаагына жаба берип куушуп куюлган мөлтүр-жылтыр терин оң колунда камдуу кармап турган кара чаар бет аарчысы менен шыпырып алып салды. Эрнис аба жайы-кышы балбаалап тердеп жүрөт. Оронуп-чулганып, жылтыр көзүнөн жаш куюлуп, чүчкүрүп-бышкырып, эзели сасык тумоону жөө тумандай ээрчитип, жүдөп-какап жүргөнүн көргөн жан эмесмин. Учурашсаң колу жылуу. Тамакка, ичкиликке, ишке болгон табити ар качадан бир качан мыкты. Үч ай ташкөчүк болуп үйдөн чыкпай олтуруп килейген роман жазат же которот. Ойду омкоруп, тоону томкоргон соң, өзүнүн сөзү менен айтканда «үч ай үй бетин көрбөй сайраңдап ичип кетет». Ичкенде да кенен басып, мол ичкенди жактырат. Капыл-тапыл булуң-буйткадан жолугуп калганда: «Келиңиз аба, бир аз шайтан башын сындыралы деп жаттык эле» деп чакырып калсаң, кайкы мурдун кытмыр тырыштырып, «Нече кишисиңер?» деген суроосун узатып, баланча кишибиз деген жоопту уккандан кийин кооптонуп, «нече бөтөлкөңөр бар?» деп тактайт. Бир же эки деген жоопту укса чалкасынан кетет. «Мунуңар болбойт, баатырлар, төрт кишиге бир бөтөлкө арак да аракпы?! Бөтөлкөңөр бошогондон кийин үчөөң үч жакка басып кетсеңер, чала жан калган мен шордуунун убалы кимге? Бир бөтөлкө чала жан кылат, эңсетет, шорлотот. Алсаңар үчтү же төрттү алгыла. Төрт киши бирди бөлө тартканда дене-бой жибийт, экинчиси ыракатка бөлөйт, үчүнчүсү эңсөөнү басат, төртүнчүсү толбогон жерди толтурат»…

Эрнис аба ичкилик ичкенде кыл кыркпай калмай жайы жок. Шарты келсе шорпо-шилең, чучук, казы-карта, беш бармак менен бастырып, шарты келбесе, баш-шыйрак, туздалган балык, колбаса, чийки пияз, туз, нандан бурдап, ала-шалаа түшүп ичкенди жактырат. Ичип жатканда да, ичкендин эртеси да, ичпей калганда да, иштеп жатканда да Эрнис абанын төбөсүнөн көк буу көтөрүлүп, жаак ылдый кара тери кубалашып түшүп турганы турган. «Жайын-кышын тер чачып жылуу жүргөн адам – ден соолугу мыкты адам» деп адамдын оорусуна караганда акчасына көбүрөөк көңүл бөлгөн Канатбек аттуу мыкты табыптын айтканын эшиткен жайым бар эле. Ошол Канатбек табып баам салып айтмакчы Эрнис абанын ден соолугу мыкты. «Эки жолу бутум сынып доктурга жатканым эле болбосо, эзели доктурлап көргөн жан эмесмин» деп Эрнис аба өзү да моюндап айтканын уккам. Иштегенде иштегендей иштеп, ичкенде ичкендей ичип, таш чайнап, кум чычкан мындай мыкты ден соолуктун сырын сурап-билгим келип суроо узатканымда, «Кайгырбайм!» деп жооп берген эле. «Өзүмдүн кара чечекей баламдын чыңырып-чыркырап колго түшүп ыйлап турганын көрсөм да кайгырбайм. Эң жакын адамымдын башына мүшкүл иш түшүп турса да кайгырбайм. Кайгырсам да бир аз эле кайгырып барып кайра токтотуп коем! Ал жан ага берилген, бул жан мага берилген. Бир кайгынын айынан эки жанды бирдей оорулуу кылыштын кажети барбы?» деп кайра өзүмө суроо узатканда андай «эрдик» колуман келе койбосун анык билген шордуу жаным кежигемди кашып тим болгом. Ошентип, өмүрү кайгыргысы келбеген, кайгыны жегиндей көргөн, салык курсагы салабатына сымбат кошкон, калп да болсо калбаат түр менен калдайып басып, күнү-түнү кара жанын карч урган жазуучуга караганда карды ток кампачыны көбүрөөк элестеткен таланттуу акын, котормочу, жазуучу Эрнис Турсунов маанилүү бир иш менен келген мандеминде кырданып, ар бир сөзүн баптап, таптап, маанилеп сүйлөгөнгө аракеттенип, кытмыр жылмайып, кыйды суроо салып турду маңдайымда.

– Кана, баатыр, кимдер барсыңар бул жакта?

– Кимдер керек эле?- дедим суроосун суроо менен каршы алып.

– Совет барбы?

– Кайсы Совет?

– Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Эрнис Турсунов сыяктуу классик акындардан үлгү алган Совет Урманбетов деген акынды сурап жатам.

– Бар, – дедим башымды ийкеп.

– Баракелде, баатыр, бул жообуң дурус чыкты.

– Ал кайда?

– Шаарга кеткен.

– Ка-ап, атаңгөрү, кетип калганын карачы, – деп өзү айткандай бир аз кейип барып токтоду.

– Качан келет?

– Кечинде…

– Бул жообуң да дурус болуп калды, – деп жандана түштү.

– Киши сыяктуулардан дагы кимдер барсыңар?

Эрнис аба жакшы жазган, жакшы ичкен акын-жазуучулардан сурап жатканын боолголоп, эмнегедир а-а деп ооз ачканда эле Орозбек Айтымбетовдун ысымын атаптырмын.

– О, кокуй, аныңды угуза көрбө, – деп салык курсагы селкилдеп, чок баскандай чочуп, секирип кетти.

– Анча эмне болду? – дедим таң калгансып.

– Аның ичет экен. Ичкенде да оонап ичет ичет экен…

Эрнис абанын “ичет экен” деген сөзү бир аз кытыгыма тийгенсиди. Чын-чынына келгенде Эрнис Турсунов менен Орозобек Айтымбетовдун иштегенинде да, ичкенинде да бир аз гана айырма болбосо, окшош жактары көп экенин жакшы билер элем. Орозбек Айтымбетов да чыгармачылык иштин кызуусуна кирип алганда тап жылбаган ташкөчүк. Тамагын да, арагын да, катынын да, жакынын да тегиз унутат. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдары заводдон чыккан эски кара машинкесин күнү-түнү чыкылдатып, күбүрөп үн салып иштейт. Бери дегенде беш ай, ары дегенде алты ай аты-жөнүн унутуп “башы менен жер казып”, ойду омкоруп, тоону томкоруп, чээнге кирген аюудай жаткан жатагынан чыкпай күбүрөп-күркүрөп иштейт. Борбордук Комитетинин баш секретары Леонид Ильич Брежневдин оо дүйнө кеткенин жети күндөн кийин, Акаевдин качып кеткенин он беш күндөн кийин уккан Окең, оу-у он кылым илгери жашап өткөн өзүнүн каармандарынын жапайы өлкөсүнөн жаңыдан чыгып келгенинде эгемен Кыргызстанда эмне жаңылык болуп жатканы менен иши да жок, эң биринчи жолуккан кишисинен арзан самаш кайда сатылаарын сурайт да, оңкочук атып ошол бойдон оюн салып кетет. Ээрди ээгине түшкүчө, сакалы белине түшкүчө оюн салбай оңолоюн деген оюна да карабай, муздак суу болсо да чайканып алайын деп чыркырап-чырдаган боюна да карабай, алды үч ай, арты бир ай “төбөсү менен жер сүзүп” ичет. Орозбектин бул жоругун байкаган Салижан Жигитов: “Баатыр, сенин мага алты айлап баш көтөрбөй иштегениң аябай жакты. Анан да жанагинтип үч айлап көз ачпай ичип кеткениң да аябай жакты. Болбосо анда-санда тийип-качып иштеген бизге окшогон шордууларга эч нерсе калтырбай бүт бойдон өзүң жазып салчудай түрүң бар”, – деп орундуу тамашалап, адатынча ха-халап күлгөнүндө өмүр бою “ичесиң” деп күнөөлөгөн ар кимдин жемесинен тажаган Орозбекке Салижан Жигитовдун “үч айлап ичкениң аябай жакты” деген сөзү майдай жагып, курсагын толук жаппаган майкесин оңдоп-шымдамыш этип, көзүнөн жаш чыккыча каткырып, бүт денеси менен бүлкүлдөп күлгөн эле. Ошондой тамаша сөздү Эрнис Турсуновго да айтсам жарашмак. Билсем да, түшүнсөм да кайрылып каяша жооп берип койгонго ыгы келип турса да, сөздү ырбатпай “Орозбек оонап ичет экен” деген сөздү кулагымдын сыртынан өткөрүп койдум.

–Та-ак, баатыр, деги киши сыяктууларыңдан кимдер барсыңар, – деп суроосун тактады.

Өзүнө ылайык кишилердин ысымын уккусу келип турганын боолголодум да, иргебей-тандабай эсиме келгендердин бир далайын шытыратып санап жибердим эле, Эрнис аба аларды “киши сыяктуулардын” ичине кошпойт окшойт, кош көңүл укту. Көңүлүмдүн тереңинде турган Салижан Жигитовдун ысымын атап жибердим.

– Ап-баракелде! Бая эле ошентип айтпайсыңбы, – деп сүйүнүп кетти.

Салижан аке шарап ичкен жагынан жөндөмсүз адам экенин эстеп айтпай тургам.

– Салижан кайда? – деди жанданып.

– Сакем да калаага кеткен.

– Келеби?!

– Келет.

– Салижан менен мамилең кандай?

– Жакшы.

– Тилиңди алабы?

– Ылайыктуу иш болсо – алат, ылайыгы жок иш болсо – айта албайм.

– Аа, бул кебиң дурус чыкты, баатыр, – деди да, “зыр” дей түштүбү, айтор, өңү-башын тырыштырып, эңкейип сол тизесин мыжыгып калды. –Баягы сынган тизем кез-кез ушинтип ооруй калчу болду. Жүр, андан көрө тиги кыйшыйган диванга көчүк басып сүйлөшөлү, – деп боюн түзөдү. Диванга көчүк бастык. – Баатыр, бул жакка кайрылып калган жайым мындай: Чүйдөн Көлгө келин алып бара жатабыз.

– Уулуңузгабы?

– Жок, өз уулумдуку болсо үйгө чакырбаймынбы. Айылдаш мындай эле инилердики.

– Ии, болсун, болсун!

– Көлдө Жаркынбаев айылында Шекербек деген айылдаш иним бар. Бензоправкада иштейт. Ченебеген бай, кой десем болбой мени туурап ыр жазат. Мүнөзү чатак. Эки жылдын ичинде үч катын кетирди. Өгүнү Көлгө барсам, абакебай катын алып бербесең болбой калды деп туткактап кое бербейт. “Кайдан? Кимди?” десем, “Көлдөн башка жерден” дейт! “Көл өрөөнүнөн айланта алып чыктым”, “кызыл камчы Шекербек” деген атка конуп, кызын бере элек көлдүктөр менден жаа бою качып, жиниме тийип жатышат” дейт.

Өзүм жакшы билген Сары-Өзөн-Чүйдү түрө кыдырдык. Же бир катын чыксачы! Шекербек иниме жаккан мага жакпайт, мага жаккан ага жакпайт. Өзүңүз суктанып ыр жазган Таттыбүбү Турсунбаевадан кем эмес сулуу болсун дейт күйгүзүп. “Баатыр, андай сулуулар Жумгалдан гана чыгат, бул жерди Чүй деп коет” десем, “Жумгалдыктарың Чүйдө деле өрүп жүрбөйбү, ошолордун арасынан таппайсызбы” деп кайра өзүмө акыл үйрөтүп, маземди алып жатпайбы.

-Анан таптыңарбы?- дедим чыдамым кетип.

– Таптык. Асылбаш деген айылдан таптык. Кыз эмес, жубан таптык. Ала качып кеткен экен. Кайра баса бериптир. Бой десең бою бар, өң десең өңү бар, ургаачынын мыктысын таптык. Толгон айдай толукшуп, тула-боюнан от уруп демине батпай чатырап турган кези экен, – деп ширин сөздүн даамына аралаш келе калган жылуу шилекейин жумшак тартып, кайкы мурдун тырыштырып жана бир кытмыр жылмайып койду.

– Совет “Арашанда” чыгарма жазып жатат деген сөздү эшитип, той башын досума ооз тийгизип, анан Көлгө жол тарталы деген ниетте чалгынга келип олтурам.

– Аныңыз жакшы экен. Досуңуз кеч келет го.

– Эрте-кечине карабай келебиз. Алдыбызда ак жал “Нива”, ийинибизде кабелтең кара чаар куржун… Сен эми Салижанды көндүр. Советтин номуруна ээрчитип кел. Чогуу тамак ичели, чер жазышалы, – деп аманат сөзүн бек айтып ак жал “Нива” менен кайрадан Сокулук тарапка жол тартты… Сөздүн кыскасы, Эрнис аба Совет абанын бөлмөсүнө өтө камдуу келип түштү. Түркүн түс ичкилик, дүйүм тамак эт, чучук, казы-карта. “Эрнис экөөбүздүн эзели жолубуз кезигишкен эмес эле, кайдагы балакетти айтып жатасың” деп Салижан аке Советтин бөлмөсүнө араң дегенде макул болуп келди. Салижан акенин келгенине Эрнис аба чындап эле төбөсү көккө жете катуу сүйүндү. “Салижан иним, сени келбей коебу деп катуу чочулап турдум эле” деп эки-үч ирет көңүлүндөгү оюн ачык айтып да жиберди. Салижан аке да сыпайыкерчилик кылып, “Чоң акындар чакырып атса, мага окшогон каратаман карапайым акын кантип келбей койсун” деп адатынча карсылдап каткырып күлдү.

Эрнис абанын жер кыдырып тапкан келини чын эле өңдүү-түстүү неме экен. “Мынабу олтургандар кыргыздын акын-жазуучуларынын каймактары, эңкейип жүгүнүп кой, айланайын” деп Эрнис аба күйөө жолдоштун да, жеңенин да ролун аткарып, жаш келинге жыйырманчы кылымдын сексенинчи жылдарынын адеп-ахлагына анчейин ылайык келбеген ыңгайында бакылдап сүйлөп олтурса, тиги келинде да бир топ “мандем” бар окшойт, “чын эле ошентип коеюнбу” деп үн чыгарып шаңкылдап, маңдайы жерге жеткиче эңкейип жүгүнүп, жаңы эле ыр ырдап бүтүп жүгүнгөн артисттердей боюн түзөп, көзүн сүзүп койду.

Шекербек жүрөгү курч, сөзү өткүр, отуздан оой элек жаш жигит экен. Кез-кез Эрнис аба менен сөз талашып, жарыша сүйлөп, куйган арагынан, сунган тамагынан жаңылбай, меймандарды катыра тейлеп жүрдү. Шекербек бала болуп башына жүн чыкканы жалаң Эрнис Турсуновдун ырлары менен оозанып чоңойгонбу, же чындап эле жанын чаап, жан-дили менен жакшы көрөбү, айтор, бул дүйнөдө Эрнис Турсуновдон ашкан гениялдуу акын жок маанисинде мактоо сөздөрүн жаадырып, ыгы келе калганда Эрнис абанын иргелбеген ырларынан жатка айтып, жаагын жанып турду. Мындай сый-урмат береги көзүн сүзүп күлмүңдөп караган жаш келиндин алдында Эрнис абага бийик аброй алып келгенсигени менен, чоң адабиятчы, таланттуу сынчы Салижан Жигитовдун алдында ыңгайсыз жагдай жаратып, ичкен арактын кубатынанбы, же күтүүсүз келген уяттын илебиненби, айтор, чекесинде чыбырчыктап чыга калган жылуу тердин карала бет аарчысы менен кайра-кайра сүргүлөп: «Чоң адабиятчылар олтурганда айтып жаткан ырларың менен адабият маселесин коё турчу, айланайын, ал маселелерди экөөбүз эл жок жерде сүйлөшөбүз» деп Эрнис аба Шекербектин сөзүн кесе чаап токтотууга аракет жасады.

– Кой, антип тыйбай тим коюңуз. Ырын айта берсин, сөзүн сүйлөй берсин, оозубуз менен эки колубуз бош болбогону менен эки кулагыбыз бош.., – деп Салижан аке «той күнөөкөрү» Шекербектин шагы сынып калбасын деген максатта коргоп сүйлөдү.

– Адабиятты билбеген киши билген кишилерге «окутуп» турса кыйын экен да…- деп Эрнис аба кекээри жок жумшак үн менен күңкүлдөп койду.

– Ой-бой-о-ой, бу сиз кайра сыймыктанбайсызбы. Биздин айылдагы акчалуу инилерибиздин колу арак менен кыз-кыркындан, акчасы жок инилерибиздин колу кара жумуштан бошобой, бир сап ырыбызды жатка айтып бермек түгүл, бир китебибиздин бетин ачып окуганын кудай билет, – деп Салижан аке Эрнис абага дем берип сүйлөдү. Ортодогу мамиле жаңыдан камдашып келе жатканда Совет аба тунган сууну шапшып жибергендей: «Ики, ики, жаман калмак, ырыңды өзүң берип, өзүң үйрөткөнсүң да. Жыйырма жылдан бери котормодон башка ыр китебиң чыга элек. Өзүң таап, өзүң жаттатпасаң, бу бала кайдан таап, кайдан жаттасын?» деп какшык аралаш күрт-күрт жөтөлүп барып тымыды.

– Ооба, Совет, сенин ичиңди күйгүзөйүн деп ошентип үйрөткөнүм чын,- деп Эрнис аба купшуңдап койду эле, бул маселеге чекит коюу максатында баарыбыз Эрнис абаны колдоп күлдүк.

Эрнис аба менен Совет аба катуу тамашалашкан теңтуштардан экен, өткөн-кеткен жоруктарынан кеп салышып, алдыдагы стакандарынан аппак алып коюп олтурушту. Салижан аке башында бирди алды да, аягында гана бирди ичем деп моюн толгоп болбой койду.

– Совет аба да, Эрнис аба да буга чейин Салижан аке менен сыртынан гана учурашып койгону болбосо, камыр-жумур мамиледе болбогону байкалып турду. Демейде калың элге сөз бербеген Салижан аке да сырын билбеген адамдардын арасында арбыныраак сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк уккан оң деген тейде тигилердин анда-санда орундуу айтыла калган тамашасына тарсылдап күлүп, адаттан тыш тартиптүү олтурду. Ичкен арак менен жеген тамактын кубаты дене-бойго тез тарадыбы, айтор, эки теңтуш бирин-бири кажыган катуу тамашанын кызуусуна киришти. Бокстун тили менен айтканда, тамаша сөзгө келгенде Совет ага түз сокку урчу боксчуларга кирсе, Эрнис аба оңойлук менен түз муштабаган, тап берип коюп, кайра артка чегинип, ойдолоктоп оң жагына ооп, сол жагына ооп, эңкейе калып, түзөлө калып, Совет аба сыяктуу колу шадылуу солдойгон боксёрдун маңдайында мазесин алып бийлеп мушташкан шайкелең боксёр сыяктуу сүйлөп турду. Анын мындай «тамаша-мушташ» манерасы Салижан акеге жага баштаганын алдыртан сезген Эрнис аба баштагыдан да шамдагай, шайдоот сүйлөгөнгө, демилгени коё бербегенге аракет кыла баштады. Адеп дасторконго олтурганда жаңы келген келинге жагуунун аракетин жасашса, орто кызый түшкөндө көкүрөгү тирсийип, көзү жалжылдаган жаш келинди да, арак ичпесе да арак ичкендей кызып сүйлөгөн Жаркынбаев айылынын жаш акыны, жалжылдаган жаш келиндин жубайы Шекербекти да унутушуп, Совет аба да, Эрнис аба да орундуу сөз менен да, орунсуз сөз менен да бирин-бири «башка-көзгө койгулашып», ачыктан-ачык Салижан акеге жагуунун аракетине өтүштү. Отуруш ортологончо Совет аба да ыңгайы келе калганда Эрнис абанын башындагы кара шляпасы тегеренип-тоголонуп кеткидей күү менен эки-үч ирет таамай «муштады» эле, амалкөй, кыймылдуу Эрнис аба эсин жоготуп, дендароо болуп шалдайып туруп калбай, ары чайкап, бери чайкап, ыңгайы келе калганда чабуулга өтүп, жумшак «муштуму» менен эпилдетип элеп-элеп жиберип, кайра артка чегинип, алдырган упайларын изин суутпай кайра жулуп келгенге жарап турду. Ээр үстүнөн алыша албай, жер үстүнөн чалыша албай, таймаш бир топко создугуп барып, акыры Эрнис аба демилгени өз колуна алганда Совет аба: “ии, жаман калмак, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы…” деп атаандашынын таамай муштарына ыкшыган күлкү менен жооп берип, коргонмок түгүл колун көтөргөнгө шайы келбей, кай жакка жапырса, ошол жакка жапырылып, «башка-көзгө муш жеп» отуруп берди.

Атаандашы каршылык көрсөтө албай калганын көзү толук жеткенден кийин үстөккө-босток ура берүүнүн кажети жоктой сезилдиби, айтор, Эрнис аба үнүн да, тонун да, сөзүнүн маанисин да өзгөртүп, жай сөзгө өттү.

– Салижан иним, өзүң жакшы билесиң, чын-чынына келгенде оорулуу адам кылдат, этият жашайт экен. Мага окшогондор урунуп-беринип, ар кандай топторго кошулуп, бирөөгө жакшы, бирөөгө жаман көрүнүп, жеңсең убактылуу сыйын көрүп, жеңилсең узак жыл куугунтукка түшүп, көр турмуштун корун тартып жашайт экенсиң. Дени сак киши опуртал жолдор менен көп басып, оорулуу кишиге караганда адыраңдап жүрүп аз жашайт экен, – дегенде Салижан аке: «туура, туура!» деп кубаттап, башын ийкегилеп адатынча тарсылдап каткырып жиберди. Себеби, Салижан аке да дал ушул сөздү көп айтаар эле. Өзүнүн жакшы көргөн кыйышпас жан курбу досу Кеңеш Жусуповдун туулган күн тоюнда олтуруп: «Кеке, биринчиден ушул жашка чыгарган Алла Таалага, анан өзүбүзгө жана аялдарыбызга ыраазычылык айталы. Чын-чынында мындан отуз беш жыл илгери сен экөөбүз ушунча жашка чыгабыз деген алдыбызга чоң максат койбосок керек эле. Жыйырма жашка чыгып-чыга электе мен ашказанымдан, сен бөйрөгүңдөн дартка кабылып, эл тандабай жеген тамакты экөөбүз тандап жеп, эл ылгабай ичкен ичкиликти экөөбүз ылгап ичип, жаз-күз илдетибиз күчөп, ичер суубуз канча калды деп жаштайыбыздан үстүбүздө айбалтасын салаңдатып турган өлүмдү ойлоп, артыбызга ийрелеңдеген болсо да из калтырып кетели деген илгери үмүттө жанталаша окуй берип, жаза берип бир топ иш жазап салыптырбыз. Буканыкындай буржуйган ден соолугу чың далай досторубузду илмейген ден соолугубуз менен иш жагынан да, жаш жагынан да эбак артка калтырып, ушул жашка жете келдик. Ошол ден соолугу буканыкындай катары калың күркүрөгөн досторубуз кайда? Алды кырк, арты элүүдөн өтпөй жаштайында жайраптыр. Чың ден соолуктан чыккан албуут күчтү ооздуктай албай, жалаң той-тамашанын ичинде, кыз-кыркындын артында жүрүшүп, жарытып эч нерсе да жазашпаптыр. Эмнесин айтасың, Кеке, ошол илмейген ден соолук менен экөөбүз баарын жеңдик», – деп бак-бак тамашалап сүйлөгөндө бул орундуу тамаша сөз баарыбызга жагып, кыраан-каткы күлгөнбүз. Салижан акенин ошондогу Кеңеш байкеге айткан сөзүн бүгүн Эрнис аба өз акылы менен таап айтып жатканы, ою менен оюнун дал келе калганы Салижан акеге чындап эле жага түштү.

– Эми Салижан иним, Советтин жайын жакшы эле билээрсиң. Жаштайынан кургак учуктун корун тартып оорулуу. Бизге окшоп урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай, ар кандай топторго кошулуп Борбордук Комитеттин «кара тизмесине» илинген жок. Ар эки жыл сайын ырлар жыйнагын чыгарып, бакыбат гонорар алып, акча-тыйындан кыйналбай кенен жашады. Мына, мен шордуу он беш жыл куугунтукта жүрдүм. Он беш жыл китебим чыкпай, театрларга котормо драмаларым коюлбай, өзүм жумушка алынбай, көрбөгөн кордукту көрүп жашадым…

Салижан акенин боору ооруй түштүбү, айтор:

– Ой-бой-оой, бул сиз билинбей жатып бир топ кыйналган экенсиз да, анан эмненин эсебинен жашадыңыз? – деп суроо узатты.

– Салижан иним, жеңең тамак-аш саткан дүкөндө иштейт. Аты – Жамила. Мына ошол киши бакты.

– Аялыңыз каш какпай баккан бу сиз өтө эле бактылуу адам экенсиз.

– Ал айткан сөзүңдө калет жок, – деп мурдунун кайкысындагы чыбырчыктап тура калган терди чаар бет аарчы менен дагы бир ирет сүрүп койду да, сөзүн улады:

– Мен көчөдө жүргөндө, жоро-жолдошторум менен ичкенде тынч адам сыяктанып көрүнгөнүм менен үй-ичинде мүнөзүм чатак. Айлыгың кана, эмне иштебейсиң, элчилеп эмне гонорар таппайсың деген суроону аялым мага бере албайт. Тескерисинче, муздаткычка тамак-аштын бардык түрүн шыкап толтуруп коет. Үстүмдү убагы менен жаңылап турат. Анда-санда чөнтөгүмө пиволук тыйын салып берет. Иши кылып мен үйдө чатак чыгарбай тынч жашап бергеним эле аялым үчүн чоң олжо.

– Мунуңуз мыкты экен, – деп Салижан аке кубаттап күлдү.

– А бирок, үйдүн кожоюну болгондон кийин, куда тосмой, кудага бармай, той-топур өткөрмөй сыяктуу чоң-чоң маселелер чыга калганда чоң акча табуу маселеси менин мойнумда.

– Он беш жыл ичинде андай чоң маселе болгон жокпу? – деп сөзгө кыпчылдым.

– Ээ, баатыр болбой коёбу, болду.

-Китебиңиз чыкпаса, гонорар албасаңыз, иштебесеңиз… Чоң карызды ким, кантип ишенип берип жүрдү?

– «Элдүү түлкү ач өлбөйт» дегендей анын да амалын таптык.

– Кантип?

– Китеп чыкпай, ишсиз калганда айылга көчтүм. Албетте, айылда да мага ылайыктуу иш болбогондон кийин, ал жакта да бош жүрдүм, жеңең дүкөнгө орношту. Алгачкы чоң карызды ошол айылдан ала баштадым. Айылдагылар менин «кара тизмеге кирип» китебим чыкпасын билип коюптурбу, чоң жазуучу болгондон кийин чоң акча табат деген ойдо жүрүштү да, бул – бир, экинчиден, жеңең дүкөндө иштеп жатканы эле карыз бергендер үчүн карызым кайтып келет деген сокур ишенимдерине зор ишеним туудуруп турду окшойт.

– Деги айылда кимдер акча топтоп, сактайт экен? – деп Салижан аке ынтызарланып суроо узатты.

– Башка жерлердеги айылдарда кандай экенин билбейм, биздин Көлдөгү айылдарда колхоздун башкармасында, совхоздун деректиринде, башкы бухгалтеринде, склад башчысында сөзсүз акча болот. Бирок алар жеп-ичкеним билинип калат деп, өлүмжан карыз бербейт. Экинчи топ – Сибирге алма саткандар. «Жаңы эле алма жөнөттүм эле, анттим эле, минттим эле» деп кессең да кан чыкпайт. Мыктысы эле – үчүнчү топ. Күйөөсү сууга агып өлгөн, Көлгө чөгүп өлгөн, авария болуп өлгөн, асылып өлгөн, атынып өлгөн… Ишенээр эч кимиси жок ошол жесир келиндер эртеңкисин ойлоп, акча топтоп, акча чогултушат. Алар жаны жай албаган иштемчил, бир тыйын ашык сарптабаган үнөмчүл келишет. Жетим калган балдарына пособия алат, алма сатат, картошка сатат, анан чыпчыргасын коротпой кассага салат. Өзү бир жерде иштейт: ооруканада, бала бакчада же курулушчуларга тамак жасап… Мына ошол келиндерге кечкисин, жумуштан келген маалда барып, бала-бакырасынын башынан сылап, өзүнүн ал-ахывалын сурап… Анан акырын карызга акча сурасаң, аял киши да, ары ойлонуп, бери ойлонуп, же жок дей албайт, же бар дей албай, акыры «жан кишиге айтпаңыз» деп сураган акчаңды берет. Алган акчаңды колдон келсе убадалашкан мөөнөттөн бир ай, жок эле дегенде жарым ай эрте алып барсаң – аягы кандай бүтөөр экен деп санааркап жүргөн жесир келин энеси эркек төрөгөндөй сүйүнөт. Бир ишенимге кирдиңби, болду. Кай мезгилде болбосун, кысталышта сурасаң, жок дебейт…

Өзү көлдүк болсо да Көл айылдарында катылган мындай сырды жакшы билбеген Совет абанын ичи күйө түштү окшойт: «ики, ики, жаман калмак», карызды менден алчу эмес белең” деген кашкайган факты менен карыз берген жесир келиндер жөнүндөгү аңгемени жокко чыгарганга аракет кылды эле, шар сөзгө шамдагай, кыйын сөзгө кыймылдуу Эрнис аба:

– Сенден алганым «Шаар – карыз», жесир келиндерден алганым «Айыл – карыз» – деп экиге бөлүнөт, – деп каршы сөздүн жолун тороду. – Ой, бул, биз дасторкондогу тамакка карабай узак сөзгө кирип кеттик го, – деп Эрнис аба дасторкон ээси катары бир аз буйдала түшүп, шымаланып даяр турган Шекербекке ишарат кылды эле, Шекербек бошогон стакандарды толтуруп, бөксөргөн тарелкаларга эт-чучукту дөдөмөл салып жиберди. Жазуучулардын бирин-бири кажыган тамаша сөздөрүн толук берилип укпаса да, кунт коюп уккан адамдай түр менен эл жылмайса кошо жылмайып, а чынында куш жаздык менен калың төшөк, шуудураган ак шейшеп көзүнөн учуп тамылжып-талыкшып олтурган жаш келин бошогон чынылардын түбүн чайкап төгүп, жаңыртып ысык чай куя баштады.

Бу жолу алдыларындагы стакандарды эки жолудан бошотуп жиберишти. Совет аба бир аз кызый түшкөндө кыл кыркпай калмай адаты бар экен, алдыдагы эттен бир аз үзүп жемиш болуп тим болду. Эрнис аба алдындагы эттин да, чучугун да, тууралган туздуу бадыраңын да эңшерип жиберип, ортодогу кесек тууралган эт-чучуктан ар кимибиздин алдыбыздагы тарелкаларга балпылдатып бир сыйра жаңыртып салып кирди. «Жо-жок, болду» деп Салижан аке тарелкасын өзүн көздөй тартып, Эрнис абанын колундагы эттен качты эле: «Тамакты жегендей жеп, ичкиликти ичкендей ичиш керек, Салижан иним, сенин жазганың мыкты болгону менен, арак ичкениң менен тамак жегениң окшошпой турат» – деп тамак эле эмес, арак ич деп да кыйначудай түр көрсөтө баштаганда: «Эке, баятан бери «Айыл-карызды» жакшы айтып бердиңиз, эми сиз «Шаар-карызды» айтып берсеңиз, арак ичкенден да, казы-карта жегенден да мыкты болгону турат” деп Салижан аке сөздү буруп жибергенде, өмүр бою аңгеме айтып, сөз багып жүргөн Эрнис аба колундагы майын чубуртуп кармаган эт-чучукту ортодогу табакка таштап, колун майлыкка аарчып жатып, «чү» дей электе турган жеринен атып чыккан күлүктөй дароо сөзгө өттү.

– Шаар жеринин шарты башка. Министрлер, өкмөтчүлөр, партиячылар, паракорлор, жемкорлор, эл жазуучулар, жөн жазуучулар, акчалуулар арбын. Мен эки гана жазуучудан акча алып көрдүм. Биринчиси – Кыргыз эл жазуучусу Аалы Токомбаев, экинчиси – жөн жазуучусу Совет Урманбетов.

Аалы Токомбаев менен алыш-беришим жок эле. Капыл-тапыл жолугуп калганда: «Кандай тентегим, жакшы жүрөсүңбү?», – деп жылуу учурашканынан улам чыгармаларымды, котормолорумду жактырып окуп жүрөбү деп боолголочумун. Шашылыш чоңураак суммадагы акча керек болуп, карайлап калдым. Оюма Аалыке түштү. «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» дегендей Аалыкеге тартынбай телефон чалып, датымды жашырбай айтып, түз сүйлөштүм. Акылдуу киши эмеспи, «эртең түшкө жакын келчи, тентегим» деп кыска жооп айтып, телефонун койду. Эртеси айткан маалында жетип бардым. Аалыке үйүндө экен, алдыңкы кабаттан тосуп алды. Үстүңкү кабаттагы кабинетине көтөрүлдүк. «Кечээки сиз сураган акча» деп жазуу үстөлүнүн үстүндө кагазга оролгон акчаны ал дегендей ишарат менен көргөзүп койду. «Ыракмат, Аалыке!» деп кагазга оролгон акчаны жан чөнтөгүмө салаарда Аалыке кол жаңсап токтотту да: «Талаадан акча таап алсаң да, санап ал» деген уйгур элинин мыкты макалы бар, тентегим, даяр акча тапканыңа энтигип сүйүнбөй, санап ал», – десе болобу. Ороосун чечип санасам ашык-кеми жок эки миң рубль экен. Ары-бери орой салып, кайрадан жан чөнтөккө солой салып, «Ыракмат, Аалыке!» деп жөнөй береримде маңдайы жазыла жылмайып: «Шашылба, тентегим» деп токтотуп койду. Текчедеги калың китептин арасынан кара блокнотту сууруп чыгып, жазуу үстөлүнүн үстүнө таштады.

– Эми тентегим, алдагы блокноттун актай жерине аты-жөнүңдү, алган суммаңды, быйылкы жылды, бүгүнкү күндү, азыркы убакытты, бул акчаны кайрып бере турган жылыңды, айыңды, күнүңдү, саатыңды жазып, колуңду коюп кой, – деп кара блокнотту мен тарапка жылдырып койду да, «мөөнөтүн узагыраак кой, жетишпей калып, кыйналып жүрбө» деп кошумчалады. Блокноттун актай барагын тапкыча Аалыкеден карыз алган бир топ аттуу-баштуулардын аты-жөнү көзүмө урунду. Өтө көп экен. Мен билгендер да, билбегендер да жүрөт. Аалыкеден мен гана карыз алып жатпаганымды түшүнүп, ошондо гана опкоолжуган жүрөгүм ордуна келди…

Эрнис абанын Аалыкеден карыз акча алган тарых-таржымалы Салижан акеге катуу жакты. Өзгөчө кара блокнотко аты-жөнүн жаздырып, колун койдурган жерине келгенде: «Чунак кишинин антээри бышык» деп тарсылдап көзүнөн жаш чыкканча күлдү.

Салижан Жигитов кыргыз акын-жазуучуларынын ар бири менен камыр-жумур мамиледе болбосо да, алардын жазган чыгармалары менен чыгармачыл дараметин мыкты билер эле. Салижан аке ким-бирөөнүн чыгармасы жөнүндө дурус пикир айтып калса, ич күйдү дагы бирөө: «Ой, Саке, ошонуңду койчу, аның начар адам экен» десе: «Мыкты чыгарманы начар адам жазган деп кадырын түшүрө албайсың, начар чыгарманы жакшы киши жазган деп кадырын көтөрө албайсың. Келечек муун мыкты жазуучуну жазган мыкты чыгармасы аркылуу гана таанып билет» деп орус адабиятынын дөө-шаалары Ю. Лермантовдун, Ф.Достоевскийдин, С.Есениндин мисалында таамай-таасын сөздөр менен түшүндүргөнүн нечен ирет кулагым чалган. «О бул кыргыз жазуучулары бирин-бири окубайт. Жаманын да, жакшысын да, кыйынын да, кокуюн да шорум катып окуп чыгууга илимпоздук ишим менен окутуучулук кызматым милдеттендирип жатпайбы» деп даттанып калчу. Адабият маселесине келгенде Салижан акеде кас-дос деген түшүнүк жок эле, кара кылды как жарган калыс пикирин айтчу. Акын-жазуучуларыбыз Аалы Токомбаевдин, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Алыкул Осмоновдун, Насирдин Байтемировдун, Сүйүнбай Эралиевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Бексултан Жакиевдин, Мар Байжиевдин, Токтоболот Абдымомуновдун, Кеңеш Жусуповдун, Кубатбек Жусубалиевдин, Мурза Гапаровдун, Кеңешбек Асаналиевдин, Аман Токтогуловдун, Турар Кожомбердиевдин, Акбар Рыскуловдун, Шайлообек Дүйшеевдин, ж.б. чыгармачылыгы жөнүндө өзгөчө пикири болоор эле.

Билими, акылы, сезимталдыгы менен көптөрдөн кескин айырмаланып, эл байкабаганды байкап, эл көрбөгөндү көрөр эле. Аалыке «Аалы Токомбаев өмүрүнүн көпчүлүк убактысын пайдасыз саясий күрөштөргө жумшап, «Токтогул» романын бүтүрбөй кеткенин көп эскерчү. Болбосо «Токтогул романы» Муктар Ауэзовдун «Абай жолунан» кем калбаган мыкты романдардан болот эле да, Аалы Токомбаев Муктар Ауэзовдун катарын толуктаган бүткүл Союзга таанымал мыкты жазуучулардын тизмесине кирет эле деп кейичү. Насирдин Байтемировдун «Жаандан кийин» аттуу алакандай аңгемесин, Токтоболот Абдумомуновдун «Ашырбай» драмасын классика деп эсептечү. Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгеме –повесттеринен «жаныбарым, Гүлсарыга» чейинкилерин өзгөчө барктап, «Кылым карытар бир күндөн» «Кассандранын эн тамгасына» чейинкисин жарым-жартылай кабыл алучу. Кубатбек Жусубалиевдин «Күздүн акыркы күнү» повестин, Сүйүнбай Эралиевдин «Ак мөөр» поэмасын, Акбар Рыскуловдун уйкаштыруу техникасын, Шайлообек Дүйшеевдин сөз менен иштөө жөндөмүн жактырчу.

Салижан Жигитовдун кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармасы жөнүндө жазган жана жазбай кеткен пикири туурасында кийинчерээк кененирээк сөз кылабыз. Кайрадан Эрнис абанын куйган арагы менен сунган тамагы сууй электе, сөздү ошол жакка буралы…

Эрнис абанын кыймылы менен куудул сөзүн Салижан аке кубаттап күлгөн сайын Эрнис аба чапкан күлүктөй табына кирип, колундагы арагын калтырбай ичип, алдындагы тамагын жалдыратпай жеп, боргуй-боргуй тер чачып, эргий-эргий сөз сүйлөп, күүсүнөн жанбай турду.

Жарым айча ноокастап жаңыдан эле ашка аралаша баштаган Совет аба аялуу аз-маз алын кетирбегенге, ченелүү чакан шайын жоготпогонго аракеттенип, анда-санда маңдайына түшө калган кара чачын арбайган арык манжалары менен артка сылап: «Сүйлөгөн сөзү жигиттик, бир күндө кылат миң иттик» деп Эрнис абага арнаган ырынын эң «ширээлүү» эки сабын кайра-кайра кайталап, Эрнис абаны күч коротпой, кыска сөз менен кыя чабуунун жолун издеп олтурду.

Аалыкеден карыз акча алган окуясын айта коём деп Эрнис аба Совет абанын камдуу турган оозуна өзү эле «ап!» деп түшүп бергендей, тырпырап тишине илингендей, тишинен кутулуп чыгып баратып чеңгелине түшкөндөй туйлап жатып, араң кутулду.

– Ики, жаман калмак, Аалыкеден алган карызыңды менден алган акча менен жапкан экенсиң да,- деп Совет аба кайра-кайра «кекетти» эле:

– Ооба, ошенткеним чын, – деп Эрнис аба «биринин шапкесин бирине кийиштиргенин» мойнуна алды…

– Аалыкенин аласасын убагында берипсиң, меникин эмне үчүн эки жыл кармадың?

– Биринчиден, Соке, бармактайдан табышкан досумсуң. Экинчиден, Аалыкеникиндей кара блокнотуң болбосо… кол койбосом, баланча жылы, баланча айда, баланча күнү, баланча саатта берем деп милдеттеме албасам…

– Ики, жаман калмак, Аалыкеден корктуң да…

– Чынын айтайын коркконум, жок сыйладым.

– Аалыкени сыйлап, мени сыйлабайт экенсиң да…

– Аалыкеге болгон сый – бөлөк сый. Алыста, бийикте… Сага болгон сый алдыда, мына бул досторкондо, жеген тамакта, ичкен аракта, жанатан берки тамаша сөздө…

Совет абанын айтканынан кайтпаган көгөргөн кежир мүнөзү болгону менен жүйөөлү сөзгө сынып, акылдуу сөзгө тез көнгөн жайы да бар эле.

– Аның чын, жаман калмак, аның чын… – деп аз да болсо демитип алган сөзүнө ыракат алып, Совет аба күрс-күрс жөтөлүп, кыт-кыт күлүп, жаны жай алып, тынчый түштү.

Тамаша сөздүн күүсү бизге кызык болгону менен, жаңы кеген келинге көңүлсүз болду. «Саат он экиге чукулдап баратат…» дегендей ишарат менен жалындаган жаш жубайы Шекербекти жалооруп карады эле, бир эмес үч ирет төшөк жаңыртып түркүн сулуунун төшүн жазданып, түшүн жоруган, кандай катынга кандай учурда кандай мамиле жасоону мыкты билген, тажрыйбасы мол Шекербек эрдин кымтып кабагын салып «тынч отур!» дегендей белги берди эле, тымызын дароо ыгына көнүп, алмадай аппак жүзүнө кызыл жүгүрүп, чекесиндеги жоолугун оңдоп-байламыш этип ким-бирөө байкап калдыбы деген тейде уялып жер карады… Кайрадан меймандардын алдындагы бошогон стакандарга арак куюлуп, тарелкаларга кезек тууралган эт-чучук, картошка, капуста салат салынып, Эрнис аба бир сыйра тумшугундагы, төбөсүндөгү терин аарчып, үнүн пасаңдатып, сөзүн кечеңдетип токтоо мүнөз акылдуу кебете менен Салижан акеге бурулуп:

– Салижан иним, менин баамымда сен жакшы менен жаманды мыкты түшүнгөн адамсың. Мына бул менин Совет досум барды да, жокту да, атакты да, даңкты да, жакшыны да, жаманды да көтөрө билген достордон. Туура түшүнгүлө, колко да, милдет да кылбайын – бүгүнкү досторконду ушул Совет досум үчүн жайдым. Капа болбосоңор ушул тосту Совет досумдун ден соолугу үчүн алып жиберели! – дегенде стаканга арак куюп алганыбыз да, аракка окшотуп суу куюп алганыбыз да «туура, туура!» деп жаалап, баш ийкеп, колдоп кеттик. Эрнис абанын жылуу сөзү Совет абанын өңүн тамылжытып, кадимкидей дем берди. Совет аба да оңбогондой намыскөй адам эле, Эрнис абанын жылуу сөзү жакканын жан кишиге билдиргиси келбей, «ики, жаман калмак…» деген какшык сөзүнөн жанбай, досуна башында кандай мамиле жасаса, аягына чейин ошондой мамиле жасап, жактырган-жактырбаганын ичине катып, бир калыпта олтурду. Олуттуу сөз менен отура берсек отуруш кыска мөөнөттө тамам болорун түшүнүп, алигиче куржундагы арак менен чарадагы тамактын чети оюла элегинен кабардар Эрнис аба отуруштун «өмүрүн» узартуу максатында алдыдагы арактар аппак алынары менен сөздүн нугун кайрадан тамашага бурду.

– Жана Соке досум Аалыкенин карызын убагында, меникин кеч бердиң деп туура күнөө коюп айтып жатат. Чын-чынында Сокемден карыз акчаны алты айлык мөөнөткө ооз эки убада менен алгам.

– Мына эми чыныңды айттың, жаман калмак, – деп Совет аба Эрнис абаны кубалап жүрүп акыры багындыргандай жайдарланып, эки колун жайып сүйлөдү.

– Чындыктан качпайын. Соке, бирок мен ал карыз акчаны эмне үчүн мөөнөтүнөн кечиктирип бергенимди айтайын деп жатам дегенинде: «Кулак сенде, жаман калмагым, кулак сенде» деп Совет аба өзү да кызыккандай кейпте жандана түштү.

– Жанагы көлдүк келиндерге уят болбогондой эле, Соке досума да уят болбой карыз акчаны берейин деп жаңыдан камданып жатканымда: «Совет катуу ооруп, ооруканага жатты» деген күтүүсүз кабарды эшитип, өңүм да, оюм да өзгөрө түштү… Кантсем экен?.. Ооруканадан чыгаар бекен, чыкпас бекен? Мага карыз бергенин аялы билээр бекен, билбес бекен?.. Өзүмө өзүм түркүн-түс суроолорду жаадырып, алган карызды бербей коё турайын, жыйынтыгын күтөйүн деген ойго токтодум. Туура бир жарым айдан кийин «Совет сакайып чыгыптыр» деген суук кабар жете келди. «Бышылуу тамактын күйүтү жаман» дегендей, чогулткан акча бөксөрүп кеткен экен, ата-а, болбостур эми деп ичимен бир кейип-кепчип алдым да, бөксөргөн акчаны кайра толуктап-толтурганга кириштим, – деп көзүнүн кыйыгы менен Совет абаны карады эле, Совет аба башталган тамашаны токтотпоюн деген кыязда:

– Сүйлө жаман калмагым, сүйлө, – деп тамаша сөздүн кысылып турган дарбазасын өз колу менен кенен ачып бергендей, чын пейилден уруксат сөзүн ортого таштап койду.

– Ап – баракелде, теңтуш деп ушуну айт! – деп таманы жумшак батинкеси менен полду бир тээп, үнү жок майлуу жумшак алаканы менен алаканын шак чаап, сөзүн улады.

– Бөксөргөн акчаны араң дегенде толтуруп мына-мына жеткирип берейин деп камданып жатканымда: «Совет катуу ооруп, кайрадан ооруканага жатты» деген сүйүнүчтүү кабар келди. Ишенип-ишенбей текшерип көрсөм, чын экен. Ары толгондум, бери толгондум… Аялы билээр бекен, билбес бекен? Берсемби, бербесемби?.. Жабалактаган ойлордон жаа бою качып, ичип да көрдүм. Өзүм мас болгонум менен оюм соо… «Берсемби, бербесемби?.. Айтсамбы, айтпасамбы?..» деп чакчайып мээмде, маңдайымда, көзүмдө турат… Эки ай дегенде «Совет сакайып чыгыптыр» деген кайрадан суук кабар келди. «Бышылуу тамактын күйүтү жаман» дегендей бул жолку камдаган акчам да оңбогондой оюлуп, бөксөрүп кетиптир. Белди бек бууп, кайрадан акча топтогонго кириштим… Мына… мына берейин деп турганымда, «Совет бул жолу ооруканага катуу ооруп түштү. Кайран жигит мал болобу, болбойбу, билбейбиз» деген баштагыдан да жагымдуу, сүйүнүчтүү кабар келди. Эки жолкусу эч нерсе эмес, үчүнчү жолкусу жаман болчу эле деген ырымы күч үмүттүү ой мээме шак дей түштү. Тык токтодум. «Кантсем экен?.. Аялы билээр бекен, билбес бекен?.. Айтсамбы, айтпасамбы? Берсемби, бербесемби?..»

Онтоткон оорунун жыйынтыгын күтүп, тымып эле жатып калдым. Эки жарым айдан кийин «Совет сакайып чыгыптыр. Кудая шугур, өңү-башы жакшы» деген мурункудан да катуу, көөдөндөгү ысык үмүттү муздак суу сээп өчүргөндөй суук кабар келди. «Кой, айланайын, дедим өзүмө өзүм ичимен, Советке карыз акчасын же берип кутулбасам же өлүп кутулбасам, кутулчудай түрүм жок деп кайрадан акча чогултканга кириштим…» деп сөзүн аяктап баратканда баарыбыз дуу каткырдык.

– Эгерде жок үмүттү тутандырып, Совет кайра-кайра ооруп, ооруканага түшүп туруп албаганда алты айда эле кутулмакмын, – деп Эрнис аба купшуңдап, Совет абаны жетээр жерине жеткире тамашалады.

Эрнис аба менен Совет аба мен үчүн сыр билги адамдар эле. Совет аба менен «Кыргызстан маданияты» газетасында кабарчы болуп иштеп жүргөндө бир кабинетте, бир бөлүмдө «кызмат өтөп» мамиле күткөнбүз. Эрнис аба «Ленинчил жаш» газетасында иштеп жүргөнүмдө жазган макалаларын, ырларын чөнтөгүнө салып, чабагандап келип-кетип турчу. «Жашың улуу – жан курбу» дегендей чектен өтпөй, катуу кетпей, ыгы менен тамашалаша да калчубуз. Капыл-тапыл жолуга калганда:

– Кандайсың Келечек? – деп колун сунуп учурашчу.

– Мен отуздун ар жак, бер жагындагы жигиттердин атын издеп олтурбай Келечек деп коем. Биз жээрибизди жеп, ичээрибизди ичип, карып баратабыз. Биздин ат – Карылык. Силер жашсыңар, келечегиңер алдыда, ошондуктан силердин атыңар – Келечек, – деп кайкы мурдун бир аз тырыштырып, бүлкүлдөп күлүп койчу. Совет аба кичүү кишиге тоңдосун эле. Тели-теңтуштарына, курбу-курдаштарына кыргыйдай тийчү. Ат коюп жибермейи, ардантып иймейи да бар эле. Тамашаны да мыкты көтөрчү. Бирок, бүгүнкүдөй катуу тамаша канчалык күлкүлүү болбосун, он беш күн мурунку алсыраткан оорудан кийин жаңыдан каруусуна кирип келаткан Совет аба шайыр досунун шайкелең тамашасын шап мүйүздөн алып, оңтою келе калган жерлеринен оңколото албай калганына, чалкасынан урар жерлерде чамасы жетпей калганына бир аз өкүнгөндөй, өзүнө өзү ыраазы болбогондой, билинер-билинбес чөгүңкү маанайда олтурганын байкап, таразанын ооп кеткен ташын теңдемекке, ой басып бараткан Совет абанын маанайын оңдомокко, күүлөнүп алган Эрнис абанын сөзүн Салижан акенин жардамы менен «жылоолоп» токтотуп, калган тамаша сөздү өзүм улоону туура көрдүм.

– Кана, Келечек, сөз сенде, – деди Эрнис аба чекесине чыбырчыктап чыга калган мончок терин кара чаар бет аарчысы менен сүртүп жатып…

Совет абанын көңүлүн көтөрүш үчүн макташ керек деген ой мээме кадалды. Айрыкча кичүү кишинин улуу кишини мактаганы жагымдуу болот эмеспи. Бирок кандай макташ керек? Дароо сөз таппай тунжурап туруп калдым. Менин жаман ишенимимде мактаганга жараша мактагандай макташ керек. Бирок кантип?.. Береги жаны жер тартып, талыкшып олтурган сулууга жан кирип, кара көзү чачырап, эт-жүрөгү эзилип кеткидей кылып мактасамбы? Оногу ар кимдин оозун тиктеп жоошуй түшкөн Шекербек инибиз, Совет аба Эрнис абадан кем эмес мыкты акын турбайбы, бул киши деле көлдүк экен, ушул кишини эле аба кылып алсамбы деп ою онго, санаасы санга бөлүнгүдөй, ниети бузулгандай кылып мактасамбы? Алдыдагы тамагын таза жеп, тамаша сөзгө тарсылдап күлгөн Салижан аке:

«Советтин мындай мыкты жактарын билген эмес турбаймынбы» деп шыпшынып алгыдай деңгээлде мактасамбы? Совет абаны кандайынан мактабайын, мынабу жылтыр көзүн кыбыңдатып, шар сүйлөп, шатыра – шатман олтурган Эрнис аба Совет абанын аки-чүкүсүн, өйдө-төмөнүн, жакшы-жаманын баарыбыздан мыкты билгендиктен, ойдогудай мактанганга оңой-олтоң жол бере койбосун түшүндүм да, тилимди тартып, тиземди түзөп, үнүмдү жасап, Эрнис Турсуновдун гана эмес, керек болсо өз атасы Совет Урманбетовдун тиши өтпөгөн, тили жетпеген, көзү көрбөгөн түнт токой – Совет Урманбетовдун уулу, менин замандашым жана калемдешим Кыялбек Урманбетовду мактайын деген ойго келдим. Баласынын көзү жокто чоочун бирөө тели-теңтуштарынын, улуу-кичүүнүн көзүнчө атасына баласын мактагандан өткөн сыймык барбы?! Жаңылбаптырмын, чынында эле ошондой болду…

Бала болуп башыма жүн чыкканы Кыялбек менен кымындай мамилем жок. Менден бир курс кийин окуган. Ал шаардагы үйүндө, мен университеттеги жатаканада жашагандктан, жолубуз кесилишпей, «Урманбетовдун уулу да ыр жазат экен» деген анда-санда каңырыш кеп укканым гана болбосо, көпкө чейин өзүн да, өңүн да көргөн эмесмин.

Май айынын кайсы бир күнүндө курсташым, группалашым Шайлообек Дүйшеев экөөбүз окуу корпусунун биринчи кабатынан төртүнчү кабатына сабакка шашып уруп-салып чыгып баратсак, биринчи кабат менен экинчи кабаттын тепкичинин имерилишинде, өйдө-төмөн чымын-куюн каттаган студенттердин жолуна жолтоо болуп, бир колуна ыр жаган кагазын кармап, экинчи колунун сөөмөйү менен асманды сайып, чанагы чарадай, жаак сөөгү уркуйган, үкү көз, узун бойлуу бир жигит биринчи курстун маңыроо кара кызынын маңдайында ыр окуп турат. Көпчүлүктү көзүнө илбеген бул көйрөң акын ким болду экен дегенимче, мойнундагы кара чаар галстугун желек кылып желбиретип, кабаттан кабатка шуулдап чыгып бара жаткан Шайлообек «Совет Урманбетовдун уулу Кыялбек Урманбетов деген ушу жигит экен» деп көз кыйыгы менен жактырган-жактырбаганын билгизбей жаңдап койду.

Кийин Университеттин дубал газеталарына, республикалык мезгилдүү басма сөздө Кыялбектин ырлары байма-бай жарык көрүп жүрдү. Баягы биринчи курстун маңыроо кара кызынын оозун кайсы ыры менен ачырды экен деп көз жаздымда калтырбай колго тийген ырларын кое бербей окуп жүрдүм. Алгач мени таң калтырганы акын Абдылда Белековдун уулу акын Кемел Белеков атасынын ырын танып, жерип, «революция» жасагысы келип жулкунуп турса, Кыялбек досум кечирсин, кээ-кээде эки Урманбетов бир ырды чогуу жазып жаткандай туюм калтырган учурлар да болду. Бара-бара атасынан баласы алыстап, өңү да, үнү да өзгөргөндөй, заман шартына, мезгил талабына ылайык Кыялбектин ырлары да атасынын ырларына окшошпой өзгөрө баштады.

«Ленинчил жашта» иштеп жүргөндө айлап жыйган акчасын бир күндө чачып жиберип, эртеси жазыла элек аңгемесинин төлөнө элек гонорарын эсептеп өзүн-өзү соороткон, ак жүрөк, чынчыл, тапан, сөзгө бек, ишке тың Султанбек Жумагулов деген карт бойдок эски досум бар эле, Кыялбек ошол досум менен курсташ экен, кез-кез шынаарлап келип жүрүп, жумуштан кийин жүз грамм алышмай, карта чабышмай аттуу «көмүскө жумушубузга» штаттан тышкары активдүү кабарчы болуп «орношуп» алды. Анын кыял-жоругун ошондо терең талдап түшүнгөндөй болдум. Адеп мен ойлогондой көйрөң деле эмес экен. Кыйыгы кармаса кыяктай кыйкая калганын, чолоо жокто чоюштап жинге тийгенин, жүйөөсүнө жетпей жөөлөп кирмейин эсепке албаганда, колуна тал карматсаң Тарзан болуп кетмей, колуна кыш карматсаң кынапчы болуп кетмей, колуна кум карматсаң шыбакчы болуп кетмей, жумуш аттуунун биринен да жийиркенбеген дунган мүнөз дуңгул, өтүн алдырса да өңүнөн азбаган өжөр, жаманга душман, жакшыга дос жигиттерден экенин байкадым. Өзүмдүн бар билгеним ошол… Кыялбектин калган мыкты сапаттарын кыйышпас досторунан уккан жайым бар эле, мынабу маңдайымда мотурайып менин оозумду тиктеп олтургандарга Кыялбектин ошол жоруктарынан айтып берип, Совет абанын оорлой түшкөн оюн оңдоп, кыйындай түшкөн кыялын көкөлөтөйүн дедим…

– Сүйлө, Келечек, – деди Эрнис аба менин сөз таппай маалкатып туруп калганыма келише албай.

– Шаштырба, Эке, азыр сүйлөйт, – деп Салижан аке менин дароо сөз таап кете албаганыман этияттагандай сыяпатта ортого түштү.

– Сиздер кандай экениңиздерди билбейм, биздин жаш акындардын арасында жалаң жазган ыры менен гана барк албастан, жүрүм-туруму, баскан-турганы, жигитчилик эрдиги менен барк алгандар да бар, – деп оюмдун аягына чыккыча Эрнис аба:

– Мисалы? – деп жалгыз сөздөн турган суроосун узатты.

– Мисалы… Кыялбек Урмабетов, – дегенимде бир аз кызый түшкөн Совет аба:

– Ой, иттин баласы… Кыялбек дейби? – деп маңдайына түшкөн коюу кара чачын арбайган арык колу менен жана бир артка салаалап сылап, соолуга түшкөнсүдү.

– Ии, ал эмне жигитчилик кылыптыр? – деп шамшар бычактай жалаңдаган Шекербек сөзгө кыпчылды.

– Кыялбек өмүр бою бир кызды өлүп-талып сүйөт…

– Ики, жаман иттин баласы, – деп Совет абанын жүзүнө кан жүгүрүп, жибий түштү.

– Ой, Соке, Нуралыны сүйлөтөсүңөрбү же жокпу? – деп Эрнис аба ордунан чапчаң туруп эки алаканын жайганда, «туура, туура!» деп баятан бери жайылып олтургандардын баары жанданып, бир сөзгө биригип, жаалап, колдоп кетишти.

– Анан ошол сулуу мына-мына Совет абанын куттуу босогосун аттайм, Кыялбекке кыйышпас жубай болом деп таттуу кыялда жашап жатканында, алды-артынан акмалап аңдып жүргөн бирөө ала качып кетет…

– Ата катыгүн арман күн ай – ээ, отуздан оогончо жубайсыз жүргөнүнүн түп себеби ошондо турбайбы, – деп Эрнис аба майлуу алаканын топ эткизип бир чапты.

– Арман күн айткандай, Кыялбекке катын жок беле? – деп Совет аба жактырбагандай каш кайтарды.

– Андай-мындай дегенибиз менен согончогу канаган алиги кыз эстүү неме көрүнөт, «таш түшкөн жеринде оор» деп барган жеринин башын аттабай, отуруп калат. Кыялбек бүк түшүп ыр жазат. Кыз ботодой боздоп ичинен ыйлайт… Кыялбек бир сааттын, бир күндүн ичинде кыяктай кыйкайып арыктайт. Тагдырдын тамашасын кара! Кыялбектин сүйгөн кызын ала качып кеткен күнү ким-бирөөнүн колуна илээшип «Советтик Кыргызстан» газетасынын жаңы саны келет. Ыр жазгандан колу талып, көзү тунарган Кыялбек үңкүйүп отура бербей, гезит окуп алаксыйын деп гезит бетин ачса утуш лотериясынын таблицасы чыгып келген экен. Китеп дүкөндөн китеп сатып алса «Майдабыз жок эле байке» деп болбой жатып сатуучу кыздар арткан акчанын ордуна утуш лотереясын күчтөп беришкен экен, ошол лотереяны таап чыгып салыштырып караса, утушка «Москвич» жеңил автомашинасы чыгат. Сүйгөнүнөн ажырап, дүйнөнүн көркү, көр оокаттын куну, ичкен аштын даамы качып турганда уткан утуш Кыялбектин жүрөгүн толкундатмак түгүл тескерисинче: «Оо кудурети күчтүү Кудайым жандан артык көргөн жалжал көз сүйгөнүмдүн ордуна жаны жок ушул муздак темир бердиңби мага» деп алаканын асманга жайып, арманын айтып, көзүнө жаш алат, – деп Кыялбек жөнүндөгү агеменин кызуусуна кирип баратсам:

– Баланын жүрөгү – анык акындын жүрөгү турбайбы, баракелде!- деп Эрнис аба жымшык көзүн бакырайтып, мыртык бармагын чычайтып, сөзүмдү бөлүп кетти эле:

– Эрнис аба, унчукпай кое туруңуз, окуянын аягына чыксын, – деп нечен жалжал көз сүйгөнүн айдап жолго салган Шекербек унутулган сүйүүсү козголуп, муздай жүрөгү жибип, Эрнис абаны жалбаргансып токтотту.

– Ак чөп башта, баатырлар! – деп Эрнис аба бир тал сабиз салат жабышкан ээрдин кымтыды. Бир аз тымый түшүп, тигилер тынчыганда сөзүмдү уладым:

– Кыздын барган жери тың кишилер көрүнөт, бир жарым айдан соң Фрунзе шаарынын чо-оң ашканаларынын бирине той өткөрөт. Кыз Кыялбекти сагынып көргүсү келгенби же биротоло эле коштошкусу келгенби, айтор, курсташым эле, теңтушум эле деген шылтоо менен үйлөнүү тоюна чакырат. Мындай чакырыкты күтпөгөн Кыялбек түнү менен жүрөгүн канатып коштошуу ырын жазат… Мындай деңгээлдеги гениялдуу сүйүү ырын Пушкин да, Лермонтов да, Осмонов да жазган эместей туюлат Кыялбекке… Эртеси эл катары тойго келет… Той кызып калган кезде Кыялбекке куттуктоо сөзү берилет. Кыкең баягы гениялдуу коштошуу ырын окуйт. Кызып калган эл Кыялбектин ырын бири укса, бири укпайт, ырынын түп маанисин бири түшүнсө, бири түшүнбөйт… Ырын окуп бүткөн Кыялбек башы бирикпей бириндеп сүйлөгөн элге кайрылып: «О, кагылайын эл-журт, мен бүгүн баланча Баатыр менен түкүнчө Сулуунун тоюна белек катары «Москвич» автомашинасын тартуулайм!» – деп үнүн бийик чыгарып бак-бак сүйлөп, уткан лотериясы менен утуш чыккан гезит таблицасын коштошуу сүйүү ырына кошуп, жаш жубайларга тапшырып, башын өйдө көтөрүп, бат-бат басып тойду таштап, сыртка чыгып кеткенинде, тойдо олтургандар бир тынымга буулуп тымтырс боло түшүп, анан эсине келгендей дуу жарылат…

– Төх! Жигит эмес бекен! – деп Эрнис аба отурган ордунан обдулуп туруп баратканда, илгери сынган тизеси такат бербей «зыр» дей түштүбү, айтор, балп этип кайра ордуна отуруп калды.

– Толкуп турган тойду күбүң-шыбың кеп аралап: «Бу кайсы жигит?» «Берген белегине караганда, айланайын, жанагыңар курсташы эмес го?, «Ким билсин? Чоңдун же бир байдын баласыдыр…», «Окуган ырынан эле байкалып жатпайбы, келиниңер соо эмес го…», «Машине дейби?», «Чын эле машине бекен?..», «Балким жалган лотереядыр?» биринин сөзүн бири укпай кажы-кужу боло баштаган той меймандары «Машине» деген бир ушактын астында биригип, чын экенине же калп экенине ишене алышпай, уу-дуу түшүп турган тойду башкарган кара дуңгул тамада жигит жаш жубайлардын алдында жаткан лотерея белетин «Советтик Кыргызстан» гезитине чыккан таблицага салыштырып текшерип көрүп: «Урматтуу тойдун катышуучулары! Белекке берилген «Москвич» автомашинасы чын эле утушта бар машина экен, жаш жубайларды чо-оң белеги менен чын жүрөктөн куттуктап коелу!» деп залды жаңырта жарыя сөзүн айтканда, тойдун күүсү күчүнө кирип, араң турган эл ай-талаадай чоң залды башына кийип дуулдап, той күнөөкөрү жаш күйөө жаш жубайын, кудасы кудагыйын баса калып өөп, даңка-дуңка музыканы дүпүлдөгөн бий коштоп, төбөдөгү люстралар шалдырап, араң турган терезелер калдырап, агалардын кыйшайган галстуктары буралып коюнга түшүп, жеңелердин желбүүр жоолуктары моюнга түшүп, үйлөнүү той бир заматта машина тойго айланып, стакандар кагышып, каалоо сөздөр жарышып, «Кана, кайсы жигит? Ка-ап, жакшылап карап албай» дешип моюн созуп, суйсалган кыз-келиндер кетип калган Кыялбектин караанын зарлап издешип, үйлөнүү үлпөтү өзгөчө бир шаң менен өтүптүр деп айтып беришти эле» деп оозумду жыйып алгыча, «Уулуңуз чыныгы көлдүктөрдөй эр экен да, шер экен!» деп баятан бери отуруш шаңына анчейин аралаша албай олтурган Шекербек инибиз жагымдуу сөзгө бирде ысып, бирде кызып олтурган Совет абанын мойнунан бек кучактап, өпкүлөп жиберсе болобу!

– Анан ал машинени алышыптырбы? – деп эки көзүн чачыраткан жаш келин мени суроолуу карады эле:

– Алышыптыр. «Москвичти» көп жыл тээп жүрүшүп, кийин жакшы баага сатып жиберишиптир, – десем Совет абанын кабак-кашы билинер-билинбес бир аз бүркөлүп барып оңолду.

– Ай-ий кандай бактылуу кишилер, – деп жаш келин албырып чыккан эки бетин эки алаканы менен басып, оюнда өзү көрбөгөн, билбеген Кыялбекти элестетип, өңүндө бай болсо да, аликүнчө машина сатып ала элек, али койнуна жатып көрө элек эри Шекербекти бир башкача көз менен жактырбай карады.

– Сокемдин уулу чынында эле азамат экен, – деп табиятына таптакыр бөлөк нерселерди эрдик деп эсептеген Салижан аке көптүн шарына коомай кошулуп, адатынча карсылдап күлүп койду.

– Аяш аталарын тарткан азаматтардан да! – деп Эрнис аба Кыялбектин эрдигин өз тарабына бурайын деди эле, жакшы сөзгө жалбырттап олтурган Совет аба: «Ики, ики, жаман калмак, аны биздин тукум дейт» деп желбегей жамынып олтурган пальтосунун этегин ары оодарылып бир кымтыланып, бери оодарылып бир кымтыланып, жагымдуу сөзгө толкундап көзү кызаргансып, жалындуу сөзгө койкоюп мойну узаргансып олтурду.

Менин баамымда Кыялбектин мындай жоруктарын Совет аба мурда-кийин эч кимден укпаган окшойт. «Жанагы менин жаманым да элди туурап ыр жазымыш болуп жүрөт. Айылда чоң энеси багып, бизден бир аз алыстап өсүп калды, өгүнү мамасы менен эже-карындаштары айылга кетип, үйдө экөөбүз калганбыз.

Шкафтарды калдыратып бирдемелерди издеп жүрдү. Отурду, турду, жатты. Көчөгө кетти. Кайра келди. Тамак да ичкен жок. Чай да кайнаткан жок. “Курсагыңыз ачкан жокпу?” деп суроо да салган жок. Мен да унчукпай тим койдум. Бири-бирибизге лам деп ооз ачпай, экөөбүз эки бөлмөдө кайышып ачка жаттык. Билбейм кандай болгонун. Унчукпайт. Сырын айтпайт. Келет, кетет… “кайсы бир күнү мага “теңтуш эмессиңерби, деги менин уулум кандай бала?” маанисинде сөз кыйытканда, Кыялбекти жакшы билбесимди туюндуруп, ийин куушургам. Мына ошондогу суроосуна эми жооп алгандай Совет ага тагдырына да, таалайына да ыраазы болгондой ою оңолуп, көңүлү көтөрүлүп, жайылып-жазылып, желектей желбиреп турду.

– Ии, жаман калмак, көрдүңбү биздин тукумду, – деди Совет аба ээ-жаа бербеген Эрнис абанын эдиреңдеген дымагын биротоло эле түшүрөйүн деген ниетте Кыялбек менен сыймыктанып…

Кайдан? Эрнис аба моюн берчүбү:

– Соке, сен өзүң тарбиялаган бала болсо бир жөн эле. Биринчиден, менин энем – сенин энең, сенин энең – менин энем. Ошо кишинин тарбиясы. Экинчиден, жалпы Көл элинин касиети.

– Аның чын, акмагым, аның чын…- деп Совет аба кайрадан туура сөзгө сына баштады.

– Эми, Салижан иним бу көлдүктөр бири-бирин кажымыш болуп, алдыртан билдирбей өзүлөрүн мактай берет экен деп жаман ойлобо, – деп Эрнис аба Салижан акенин алдында калп да болсо актанымыш болду эле:

– Эке, антип түк жаман ойлобоңуз. Чынында эле биз – көлдүктөр ошондойбуз, – деп тарсылдап күлдү. Көрсө, Салижан аке Өзгөндүн Көлдүк деген айылынан болот экен.

– Агайлар, бир сунушум бар, ушу көлдүктөрдүн ден соолугу үчүн алып жибербейлиби, – деп Шекербек ичпесе да, ичкен адамдай дуулдап тура калды.

– Каап, ушул тостту тим эле койбой… Бу менин көлдүк досум Төлөмүш Океев айткандай, биз – көлдүктөр ичкиликке жок эл болот эмеспизби… – деп Салижан аке дагы бир ирет хахалап чын пейилинен тарсылдап күлдү.

Шекербектин шагын сындырбай бул жолку тостту көлдүктөрдүн ден соолугу үчүн алып жиберишти. Ичкен арактын ачуусунан бырыша түшкөн өңдөр толук жазыла элек кезде, ооздогу закускалар толук жутула элек кезде кайрадан сөз алдым.

– Эми Кыялбектин дагы бир окуясын айтып берейин, – деп тиземди түзөп, үнүмдү жасай баштаганда эле, Кыялбекке заочно күйөрман болуп алган Шекербек:

– Айт, Нуке, ошону айт, деп отурган жеринен обдулуп, талпына баштады…

Эки көзү моймолжуган жаш келин Кыялбектин окуясын уккандан кийин ким сүйлөсө ошонун оозуна карап жанданып, өз башынан өткөн тирукмуш окуялар эсине түшкөндөй, ал окуяларды арабызда отургандардан көргөн, билген, уккан адам бар сыяктанып коомайланып, алда кимди эстегендей, көргүсү келгендей астыртан тымызын бирде кызарып, бирде бозоруп толкундап, арылбас арманы, кутулбас кейиши бардай муңайым тартып ойлонуп, үстөлдүн астында Шекербектин алаканына алаканын жаздап олтурган колун акырын сууруп алып, тизесине тийишип турган тизесин бөлүп кетип, өмүрүндө өзүн көрбөгөн, көзүн көрбөгөн Кыялбектин фонунда маңдайында олтурган Шекербектин бир паста жөндөн жөн кадыры төмөндөп, алеки саатта акыл-эсин тумандуу ойлор туш-тушунан ороп, жоопсуз жоготуу, белгисиз эңсөө менен жашай баштагандай туюм калтырды…

Мен Кыялбектин экинчи окуясын баштаганча бошогон стакандарга арак куюлуп, Эрнис абанын аяш уулу, Совет абанын мураскору, туяк басаар тукуму, калгандарыбыздын жөн гана замандашыбыз жана калемдешибиз Кыялбектин ден соолугу үчүн тост көтөрүп алып жиберишти.

– Кыялбек Ташкенде өткөн Бүткүл союздук жаш акындардын фестивалына барат. Фестивалдын биринчи эле күнүндө кундуздай кара чачы далысын жапкан, карагат көз, кара каш, жүзүмдөй мөлтүрөгөн сулуу тажик акын кызын жактырып калат.

– Бах, чиркин! Тажиктин сулуулары! Сулуу болбосоң коё кал! – деп Эрнис аба колунда бетаарчы экен адашып, мурдунун үстүндөгү терди майлык менен сүрткүлөп жиберди.

– Сен анын сулуулугуна өзүн көрбөй туруп эмне мынча тамшандың? – деп Совет аба мыйзамдуу келинин кызгангандай кыялындагы келини үчүн кызыраңдай түштү.

– Соке, сабыр кыл, дунган элинде сулуу кыз сейрек болсо, тажик элинде чырайы серт кыздар сейрек. Тажик кызы десе эле сулуу кыз экен деп элестете бер.

– Аны сен кайдан билдиң?

– Дунгандын жайы Чүйдө жашап жатканыман улам дайын, тажиктин жайы Мургабда мугалим болуп иштеп жүргөнүмдөн улам дайын…

– Жаныңды жебе, Мургабда жалаң кыргыз жашайт.

– Ия, айланайын, Соке, Мургабга байланып жатып калды дейсиңби? Мургабда иштеп жүргөнүмдө Тажикстанды узунунан да, туурасынан да кыдырдым.

– Чын эле кыздары сулуу болот бекен анан? – деп Шекербек күйгүлтүккө түшкөндөй эки көзү чачырап, Чүйдөн эмес, Тажикстандан катын издесек болмок экен дегендей арман менен суроо узатты. Жаш келиндин шагын сындырбайын деген ойдо Эрнис аба:

– Алдагы алып бараткан жаш жубайың тажиктердин мен деген сулуусунан кем калбаган сулуу, – деп жооткотту.

– Сулуу болсо сулуу деп эле койбойсуңбу. Андан эмнең коройт? Бекеринен Манас бабабыз тажиктин сулуусун алыптырбы, – деп Совет аба чо-оң далил фактыны ортого таштап болушкансыды эле, баятан бери ооз ачпай олтурган Салижан аке:

– Манас бабабыздан кийин эле менин уулум Кыялбек тажиктин сулууларына кол салып жатат деп ачык эле айтпайсызбы, жарыктык, – деп тарсылдап күлдү.

Салижан аке кандай жагдайда, кандай темада талкуу жүрбөсүн – сөз берчү эмес. Бир гана тема – аялдар темасынан “бул менин жайытым эмес” деп качаар эле. “Ээ, жарыктык, сиз да күйдүңүз, сүйдүңүз, үйлөндүңүз” деп жабышса:

“Менде кайсы сүйүү? Боюм пас, башым кашка, көзүм жымшык болсо кай сулуунун артынан чуркап, кимди тандады дейсиң. Колго тийгенин алдык да”, – деп каткырып калчу.

“Аялдар темасына аралаша коём деп сөзгө катуу жыгылган жайым бар,- деп Салижан акенин эскергени эсимде. – Өзүм кырдуу жоон топ теңтуш акын-жазуучулар менен аркы-беркини талашып-тартышып жатып, аялдар темасына кандай кирип кеткенибизди билбей калыптырбыз. Адатымча аны айтса, ал андай эмес, мындай деп жыра талашып, муну айтса, мунуң мындай эмес андай деп жыра талашып, сөз бербей билекти бек түрүп коюп, аялдар маселесин билерман болуп жалгыз өзүм бачагын чыгарып чагып атсам, калың топко аралашпай, кезек-кезек мурдун кашып, мойлосун жанып, аркы четте талаш сөзгө кулак салып турган досум, эркек тананын чырайлуусу Мырза Гапаров чыдабай кетсе керек, жакын басып келип: “Ай, Салижан, сен кайсы гана темада талашып-тартышпа, мен сенин айткандарыңды макул дебеске аргам жок. Себеби сен менден ого эле көптү билесиң, билимдүүсүң. Сен турган жерде мен сен мыкты билген маселелерди талашып-талкуулабайм. Бирок, сен да мен турган жерде мен мыкты билген аялдар маселесине аралашып, талаш-тартышка түшпөй жүрчү, бай болгур, – деп сөзгө сындырса болобу! Ошондон кийин бул маселеден таптакыр кол үзгөм” деп каткырып калаар эле.

Эрнис аба менен Совет абанын ортосундагы сулуулар темасындагы талаш-тартыш кирген дарыядай кызып, жээгинен чыгып кетет эле, баятан берки сөздүн чордону Совет абанын уулунун сүйгөн кыздарынын тегерегинде жүргөндүктөн, аталык адеп менен улуулук милдет бул темадагы талкууну аша чаптырбай, сылык сөз жана сыйда мамиленин деңгээлинде жүрүүгө мажбур кылды.

– Ой, туугандар, Кыялбек азырынча ал сулуунун ала элек, сыртынан жактырып калган жерине эле араң жеттик, – деп кызуу талашты токтотуп, аңгемемди улоонун аракетин жасап жатсам:

– Болбойсуңбу, Нуке, тезирээк эле тааныштырбайсыңбы, -деп бойдокчулуктун азабын тартып калган Шекербек чыдамы кетип, жер тепкилеп, чыркырап жиберди.

Шекербектей чыдамы жок Козубек деген классташым эсиме түштү. Китеп же гезит окуп атсаң, ортосун аттатып, “аягы эмне менен бүтөт экен, ыя, ошону айтчы” деп аягына чыккыча жаныңды сууруп алат. Агып жаткан сууну көрсө да аягы каякка барып кошулат болду экен, ыя, деп аяк жагын көргөнү аты менен чапкылап жөнөп кетет. Тамтаңдаган тааныш эмес мас кетип баратса, “бул кимдикине, каякка барат болду экен, ыя” деп артынын ээрчип алат. Ал ар бир окуянын жыйынтыгын, аягын тезирээк көрүп-билгенге адаттан тыш шашылчу. Аял алган күнү да чогулган классташтардын кененирээк ойноп-күлгөнүн жактырбай, кеч кирери менен “болду эми, кеткиле, эки ай сүйлөштүм, эки ай чыдадым… Келинчегимдин койнуна жатып көрүшүм керек” деп баарыбызды кууп чыккан. Анын сыңарындай Шекербек да ар бир окуянын аягына бат жетип барууну каалап турат экен.

– Кыялбек баягы сулуунун артынан түшөт. Кудайым жалгап мейманканада маңдайлаш номерден орун тиет. Мойнундагы гитарасын дыңылдатып, мурун-кийин обондуу ырларын мурду менен кыңылдатып, ары басса алдынан чыга калып, эңилип саламдашып, бери басса бет маңдайынан чыга калып берилип саламдашып, акыры ал сулуу менен таанышат. Таалим-тарбиясы күчтүү тажиктин акын кызы бий, кече, кафе, кино дегенге сүйрөсө да барчудай түрү жок.

Официалдуу жолугушууларга, расмий жыйындарга катышып бүтөрү менен эле мейманканадагы бөлмөсүнө шамал куугандай шашылат. Үч мүнөт үйүндө олтуруп көрбөгөн Кыялбек жароокер сулууну мейманканада көшөрүп аңдып, жөтөлүп кайтарып, чын сүйүүнүн түйшүгүн тартат.

Акедей асылып жатып, Жакедей жабышып жатып, Кыялбек тажиктин Көк сулуусун коноктомоко бөлмөсүнө алып келет. Окуянын ушул жерине келгенде Шекербектин чыдамы жетпей:

– Анан эмне болду? – деп ээн бөлмөдөгү экөөнү элестетип, эки көзү кызарып, демин ичине тартып, таноолору кыпчыла түштү.

– Эмне болмок эле, эч нерсе болбоптур… Экөө торт жешет, шампан ичишет, музыка коюп бийлешет, – деп алар менен кошо аралашып жүргөндөй жайбаракат аңгемемди уладым.

– Төх, атаңгөрү жаштык-ай! – деп Эрнис аба олтурган жеринен оодарылып барып оңолду.

– Көк сулуу Кыялбекке ишенбейт. “Жашыңыз отуз чамалап калыптыр, коюңуз акежан, сиздин үй-бүлөңүз бар да” деп… Кыялбек бойдокмун деп чын сөзүн айтып актанат. Көк сулуунун таптакыр ишенбесине көзү жеткен Кыялбек, ишенбесең паспортумду көрсөтөйүнбү деп, керебеттин астындагы чемодандан сууруп чыгып көрсөтөт. Көк сулуу паспортту көргөндөн кийин гана бойдок экенине толук ишенет” – деген жерге жеткенде Шекербектин жалжал көз жаш жубайын көз кыйыгым менен карасам, кыргыздын жигитин тажиктин кызынан кызгандыбы, айтор, кабагы салыңкы тарта түштү.

Аңгеменин аягына жетпей, ичинен тыбырчылап турган Шекербек:

– Ии, анан? – деп ылдам сүйлөткөнгө аракеттенип коштоп, сүрөп олтурду.

– Анан эмне болмок эле, кайрадан шампан ичишет, торт жешет, бийлешет.

– Бу… эмики жаштарың жумшак диванга олтуруп сүйлөшүү дегенди билбейт окшобойбу, – деп Эрнис аба Кыялбек менен Көк сулуунун жакындап жанашалбай жатыркап турган мамилесин жактырбагандай наалыды.

– Олтурбай коюшабы! Олтурушат, – десем, ар жагы кандай болоор экен деген жаман ойдо кооптуу олтурган Совет аба көзүн алайтып коомайланып, үн жок, сөз жок мени карады.

– Аларды зордоп олтургузуп эмне кыласыңар, тим кой, тортун жеп, бийин бийлей берсин, – деп Салижан аке тарсылдап күлдү. Совет аба ошол сөздү күткөндөй “ө-өх!” деп эс ала түшкөндөй болду.

– Ии, анан, Нуке, – деди Шекербек шашмалыгынан жазбай.

Ооз эки аңгемемде мен эмнегедир тигилердин “өтүнүчүн” эске алып Кыялбек менен Көк сулууну “жетелеп” келип, жумшак диванга катарлаш отургузгум келди да:

– Анан эки жаш диванга келип отурушту, – десем эле, Шекербек Көк сулуунун жанына өзү келип олтургандай көзү жайнай түштү.

Кыялбектин колун Көк сулуунун ийнине арта салдырайын деген ойго бир аз азгырылып барып, тажик элинин салт-санаасы менен Совет абанын алтымыш таяган жашын сыйлап, экөөнү жакындаштырбай, жытташтырбай жөн отургуздум.

– Көк сулуу Кыялбектин паспортун колуна алып, кайрадан көңүл коюп барактай баштайт. “Эмне, дагы эле бойдок экениме ишенбей жатасыңбы?” деп Кыялбек кыр аркасын кыйкайтып, кыргыз көзүн жымшайтып карайт. “Бойдок экениңе ишендим, бирок, мынабу паспортко чапталган жыйырма беш жашыңдагы сүрөтүң менен отуз жаштагы сүрөтүң эки башка кишинин сүрөтүндөй болуп бири-бирине таптакыр окшошпойт экен” деп Көк сулуунун айырмасы Кыялбек менен Совет абадай болгон бир кишинин эки башка курактагы сүрөтүн тигилип карайт. “Кайсынысы сага жакты?” дейт Кыялбек. “Отуз жаштагың” дейт Көк сулуу. “Эмне үчүн?” дейт Кыялбек. “Жаш жана сулуу көрүнөт экенсиз” дейт Көк сулуу. “Чын элеби?” дейт Кыялбек. “Чын эле” дейт Көк сулуу. “Сага жаккан паспорттогу сүрөтүм эле эмес, көкүрөгүмдөгү жүрөгүмдү да кошо сууруп берүүгө даярмын” деп “жакты” деген сөзгө өрөпкүгөн Кыялбек паспорттогу сүрөттү барагы менен кошо түбүнөн тыкыс бек кармап туруп, “шарт” эткизип айрып, Көк сулуунун колуна карматканда мындай жорукту күтпөгөн Көк сулуу колуна тирүү кишинин башын жулуп алып кармата койгондой ачуу үн менен чыңырат. Чыңырганда да олтурган ордунан тура калып, бетин кош колдоп басып, секирип-секирип чыңырат. Мейманкананын кабатында дежур өзбек катындар бирөө бирөөнү зордуктап жатабы деген жаман ойдо көздөрүн алаңдатып, төштөрүн салаңдатып, эстери чыгып, энтигип чуркап жетип келишет. Иштин чоо-жайын түшүнгөндөн кийин тынчтанган дежур өзбек катындар: “Өла-а, кыргыз, паспортун айрып таштаптыр” деп эки бетин чоюшуп, тилдерин эрдинен чыгара бултуйтушуп, “баары эле жайында экен” дешип бири-бирин жайкашып, көмкөрүлгөн казандай көчүктөрүн чайкашып, убай-чубай бөлмөдөн чыгышат, – деп оозумду жыйып алганымда театрда оюн көрүп олтурган көрүүчүлөрдөй шатыратып кол чаап жиберишти. Өзгөчө Совет абанын көңүлү көтөрүлүп, кыт-кыт күлүп, кырт-кырт жумшак жөтөлүп, боргулданып тердеп алган Эрнис абага кырданып:

– Ики, жаман калмак… Көрдүңбү биздин тукумду…- деп бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, жайдары олтурду.

– Кыялбектин өз атасын го билебиз. Биздин угушубузча чоң аталарында анчалык чыгаан кишилер жок сыяктанды эле, эр тайын тартат дейт, болду-болбоду таята-тайлары мыкты болсо керек эле, -деп Эрнис аба Кыялбектин кыйын жактарын Совет абанын ата-бабасын бөлүп-ажырата баштаганда:

– Эй, калжыраган ит калмак, Бокотой-Барак деген кандай эрлер экенин уктуң беле, мына ошолордун түз тукуму, – деп Совет аба кызыраңдай түштү эле:

– Кантет, катыгүн. Сарбагыш, Бугуну чабыштырып, жерин тартып алган Бокотой-Баракты ким билбесин? Кыялбек ошол баатыр кишилердин тукуму экени ырас. Бирок, мүнөзү тетир болуп жатпайбы. Бокотой-Барак бабалары күтүрөтүп мал жыйнап, жер ээлесе, Кыялбек уткан машинеден тартып, кадоосу бек паспортунун барагына чейин жолуккан эле катын-калачка таратып жатпайбы, – деп бүлкүлдөп ыкшып күлдү.

– Бирок, кандай айтсаңар да Кыялбек азамат экен, – деп Салижан аке калыс сөзгө ооду.

– Соке, жанагы сөздүн баары тамаша! Кыялбек эр экен, азамат экен! Акындан туулган чыныгы акын экен! – деп Эрнис аба сөзүн оңдоп, көңүлдү көтөрүп сүйлөгөндө, – Кыялбек деген кол жетпес жигитти көрсөм дегенде эки көзү төрт карагат көз, кымча бел жаш жубайдын эмнегедир эки бети албырып, эки көзү жайнап чыкты. Эңсөөсү эркин бийлеп дикилдеп, эт-жүрөгү дүкүлдөп, бул жалганда Кыялбектей эр жолукпай, эл ичинде эрдиги жок, жер үстүндө кеңдиги жок Шекербектей эрге тийип баратканын эми эстеп, эбак кеткен бактысын кайрый албай, алдыда турган тагдыр жолунан айный албай, көөдөнү ысып, көзү күйүп, армандуу жанга айланып бараткандай туюлду мага…

– Аягы кандай болду, аягын айтчы, – деп Шекербек адатынча аягын жыйынтыктап айткыча жанымды сууруп ала жаздады.

– Аягы кандай болмок эле?.. – деп бир аз маалкатып барып сөзүмдү уладым.

– Тажиктин Көк сулуусу кош айтышып Дүйшөмбүгө учат. Кыялбек чын сүйүүнүн айынан далдалынан айрылган жүрөгүн көөдөнүнө көтөрүп, бир барагы жулунган жарадар паспортун жан чөнтөгүнө “бөктөрүп”, аэропортко барса, сен кимди алдаганы жатасың деп күн мурун алынган билети менен жараксыз паспортун колуна карматып кууп чыгат, – деп окуянын аягын божомол сөз менен улантып жатсам, уулуна боору ооруй түшкөн Совет аба:

– Ии, ата, жаман арам, байкоостон айрып алдым эле деп айрылган барагын желимдеп албайбы, – деп күйгүлтүккө түштү.

– Кайсы баракты желимдейт? Айрылган барак сүрөтү менен кошо Дүйшөмбүгө кетсе, – деп моюн толгосом:

– Азамат, айыргандан кийин кайра алса, жигитчиликке жатпай калбайбы, – деп Эрнис аба паспорттун айрынды барагы Дүйшөмбүгө Көк сулуунун колуна кеткенин кубаттап сүйлөдү.

– Ики, жаман калмак, мамлекет берген документке кайдагы жигитчилик кирип кетиптир, – деп Совет аба Эрнис абанын оюн жактырбагандай кол шилтеди.

– Соке, сен кечирип кой, туура эмес айтсам. Жигитчилик деген дал ошол мамлекет берген документтин барагын айрыганда жатат… Кыялбек үй-бүлөлүк альбомдун барагын айырып, жанагы жаш сулуунун колуна карматса, биз мынчалык «ах!», «өх!» деп тамшанбайт элек да…

– Аның чын, аның чын, – деп Совет аба бул жолу Эрнис абанын жүйөө сөзүн ата катары эмес, акын катары мойнуна алды.

– Ии, анан? – деди Шекербек аңгеменин кызуусунан чыгалбай…

– Чөнтөгүндө бир тыйыны жок Кыялбек бирди-жарым тааныш чыгаар бекен деп аэропорттон автовокзалга келсе, бир кыргыз көрүнбөйт. Чымкенттен Ташкентке шыпыргы өткөрүп кетип бара жаткан жоон топ соодагер казакка жолугат. Жөн-жайын түшүндүрсө, «бир баурумыс турбайсыңбы, кеттик» дешип Чымкентке ала кетишет. Чымкенттен картошка сатып жүргөн таластык жигиттерге жолугуп, алардын жардамы менен Олуя-Атага жетет. Олуя-Атадан Бишкекте окуган студенттерге жолугуп, алардын карызга алып берген билети менен Ата-журтуна жол тартат. Олуя-Атаны артка таштап, Меркеге жакындаган сайын Кыялбектин жан дүйнөсү удургуп, жүрөктөгү жараты козголуп, кайда барбасын калтырбай ала жүргөн күрөң гитарасын кабынан сууруп чыгып, дыңылдатып боорун тырмап, ак машина минип кеткен Ак сулуусу менен айрынды кагаздагы сүрөтүн койнуна катып, көк самолётко түшүп кеткен Көк сулуусуна арнаган армандуу ырларын жол бою жамгырдай төгөт… – деп сөзүмдү аяктадым.

Уулунун аман-эсен келгенине сүйүнгөн Совет аба:

– Ырахмат силерге инилерим, досторум, ырахмат силерге, – деп бозомук жемпиринин боорун чечип, ыраазычылык кебин кат-кат айтып, орунтугун жылдырып, ордунан козголду. Совет абанын рахматын «кел демек бар, кет демек жок» маанисинде түшүндүк. Эрнис аба отурушту дагы бир аз созоюн деген ниетин ачык билгизбей, көз кыйыгы менен керебеттин түбүндө балбырап бош жаткан таар куржунду дагы бир жолу карап алып, отурушту аяктабаска арга жогун ачык билди.

– Болуптур, Соке, сага да ырахмат, – деп тамашасы да, таарынчы да жок, – чын көңүлдөн чыккан сөзүн айтты.

Баарыбыз дабырап сыртка чыкканга камынып калганыбызда:

– Тиги инибиз менен келинибиз Сокемдин бөлмөсүн иреттеп жибергиче, мындай басып кобураша туралы, – деп Эрнис аба сырткы коридорго жол баштады.

– Жагдай ушундай Салижан иним. Кез-кез ушинтип чер жазышып жүрөлү, – деп Эрнис аба Салижан акеге карады эле:

– Чер жазышалы дегениң тура, Эке. Бирок, бул Нуралы иниң экөөң, бириң отуруштун биринчи жарымын, экинчиң экинчи жарымын толук ээлеп, башкаларыбызга сөз бербей койдуңар го. Жазылса… экөөңөрдүн гана чериң жазылбаса, калганыбыздын бугубуз былк этпей ошол эле бойдон ичибизде калды, – деп Салижан аке токтогон тамашаны улап, тарсылдап күлдү…

– Дагы далай тамаша сөздөр айтылат эле, тиги жаш келиндин көзүнчө ыңгайсыз болуп жатпайбы, – деп Эрнис аба көкүрөгүндөгү кысылып турган демин кенен чыгарып, бир аз арманы бар адамдай өкүнүч кошуп сүйлөдү.

– Жо-ок, жакшы отурдук, жакшы сүйлөдүңүз, – деп Салижан аке чын көңүлүндөгү ойду айтты.

– Ие, жаман калмак, каяктасың? – деп Совет аба Эрнис досун издеп, ичкериден сыртка чыкты.

– Соке, биринчиден мен, башынан калпагын түшүрбөй кийип жүргөн нака кыргызмын. Экинчиден…

– Кайдагы кыргызсың, алдагы жылтыраган тасыңды жашырып калпак кийип жүрөсүң да…

– Ыя, Соке, сен кимди айтып жатасың? Мениби же бу Салижандыбы?

– Сени! Эрнис Турсуновду!

– Жо-ок, Соке, ушу мени айтып жатасыз го, жарыктык, – деп Салижан аке туурадан чыгып, көзүнөн жаш чыккыча тарсылдап күлдү.

– Жо…жок, тиги Эрнисти айтып жатам, – деп Салижан акенин да кашка баш экенин байкабай айтып алган Совет аба чебелектеп актанганга өттү.

– Жаныңды жебе, ушу болду-болбоду Салижан иниме эле тийиштик кылып айттың, – деп Эрнис аба тамаша сөздү тереңирээк жирей баштаганда:

– Эй, жаман калмак, сен сый кишилерди кайраштырба, – деп Совет аба кызыраңдай түштү эле, досунун сырын тамырчыдай билген Эрнис аба:

– Тамаша, Соке, тамаша! – деп жооткотту. Эрнис аба жанатан баштаган сөзүн улай сүйлөдү:

– …экинчиден, толук аты-жөнүм Эрнис Турсунов. Кыскартылган атым – ЭТ. Ырыскымын. Бу Совет досум көк сорпо ичип олтурган жерге ырыскы алып келбедимби. Эт жедик, чучук жедик…

Жеген эти менен ичкен арактын даамы оозунан али кете элек Совет аба: «Аның чын, аның чын», деп бул жолу «калмак» деген сөздү кошуп айтпай, нак кыргыз экенине макул болгондой колдоп сүйлөдү.

Ал аңгыча бошогон куржун-кабын, сумкасын көтөрүп Шекербек келинчегин ээрчитип сыртка чыкты.

– Сапар карыды. Биз кайталы, – Эрнис аба жумшак колун Салижан акеге сунду.

– Ыракмат, Эке, жакшы олтурдук, – деп Салижан аке ыраазычылык кебин дагы бир жолу кайталады.

– Жакшы бар досум, балдар бактылуу болсун! – деп Совет аба Эрнис аба менен кучакташып коштошту.

Эки көзү моймолжуган жаш келин ак «Ниванын» тушуна жеткенде артын салбай кол булгап коштошуп турган бизди карап, көлдүктөрчө үч ирет жүгүнүп боюн түзөгөндө, койкойгон мойнунан бутунун учуна чейин төгүлгөн аппак көйнөгү менен боору ачык кыска кара пальтосу, башындагы гүлдүү жоолугу бир башкача жарашып турду…

Олтурушта анчейин байкалбаганы менен Салижан аке Эрнис Турсуновго катуу таасирлениптир… «Ой-бой, бу Эрнис Турсунов шумдук аңгемечи турбайбы” деп бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, толкундап чыкты.

– Жүрү, Нуке, сыртка чыгалы. Ары-бери басып, жеген тамакты сиңирели.

Сыртка чыксак бапалактап каар жаап жатыптыр. Март айы. Түн. Анда-санда жаң-жуң үргөн иттердин гана үнү угулбаса, «Арашан» айылы аппак карга оронуп, бейкут уктап жаткан кези экен. Адегенде «Арашан» чыгармачыл үйүнүн короосунда, андан соң машина жүрчү чоң жолго чыктык. Салижан аке эриктирбей кызуу сөзгө кирди. Эрнис Турсуновдун мисалынан улам сөздү барктай билген, сүйлөй билген, көзү өткөн таланттуу адамдардын бир даарын эскерип өттү.

Салижан аке тың жашаган, тың сүйлөгөн, тың кыймылдаган адамдарды жактырчу. Тыңдын иши тың болот деп түшүндүрчү. Эки дүйнөдө эң жаман көргөн адамы өчөйгөндөр эле. Андай адамдардын жүргөн жүрүмүн, турган турумун жактырбай, тилекке каршы, биздин кыргыз элинде ошондой шалтурук адамдар көп экенине кейип-кепчип: «Ай, ушу, биздин кыргыздар!» деп салыштырып айтаар сөзүн таппай, күйүп-бышып кетээр эле.

Аны эскердик, муну эскердик. Ары бастык, бери бастык. Айланып келип эле сөзүбүздүн өзөгүн Эрнис Турсунов түздү.

«Пай, пай, пай, мыкты сүйлөйт экен, турушу менен аңгемечи турбайбы. Бу биздин кыргызда Эрнистей сөзмөр аңгемечи адамдар аз. Ата-а, карабайсыңбы, башта билбегенимди»… деп тамшанып да, өкүнүп да, бир чо-оң табылга таппкандай, ачылыш ачкандай, жүрөгүн жылуу пикир уялап, бапалактап жааган түнкү карды жиреп, бүгүнкү тамашалуу отуруштан зор канагат алгандай көтөрүңкү маанайда басып жүрдү. Бир көчөдө, бир үйдө коңшу жашабаса да, кырк жылы Кыргызстан жазуучулар союзуна бир эшиктен кирип, жыйын, пленум, съезддерге катышып, бир эшиктен чыгып, Бишкек деген кенедей шаарда жашап жатышкан эки калемгер – Салижан Жигитов менен Эрнис Турсунов бирин бири биринчи жолу көрүп, таанып, жактырып жаткан окуяга күбө болуп, адам адамга жанаша жашап, жанаша жүргөнү менен бирин бири жакшы билбейт турбайбы деген жыйынтыкка дагы бир жолу ынандым.

Экөө капыл-тапыл жерден жолуга калышса: «Ой, Эке, кандайсың?», «Ой, Саке, кандайсың?» дешип төштөрүн тийиштирип, кучакташып көрүшчү болду. Өзгөчө Салижан Жигитов Эрнис Турсуновду көпкө көрбөй калса: “Баягы Эрнис Турсунов келип жатабы? Эмне кылып жүрөт?” деп кабарын сураштырып калат. “Жүрөт. Калп сөздөрүн кооздоп сүйлөп коюп”… деп ким-бирөө атайын эле кычаштык кылып жактырбай тетири сүйлөсө, “Калп айтса да, мыкты айтат!” деп Салижан аке чаң жугузбайт. Жеке эле жазуучу Эрнис Турсунов гана эмес, Салижан Жигитов кайсы кесиптин ээси болбосун, атүгүл улутуна да карабай, көңүлүнө жаккан адамын эч качан унутпай, атын урматтап атап, сөзүн аздектеп сүйлөп, алыста болсо телефон аркылуу бат-бат кабарлашып, жакын жерде болсо байма-бай каттап, баарлашып, пикир алышып турмай мыкты касиети бар эле. Ал өмүр бою кулагынын кужурун кандырган, көңүлүн эргиткен таланттуу, акыл-эсине жем таштаган акыл-эстүү, билимдүү, ыйманына камчы чаппаган чынчыл, адилет, эли-журтуна пайда алып келген кызылдай мээнеткеч адамдарды издеди. Эгерде андай адам жолунан чыга калса карачечекей бир тууганын тапкандай сүйүнчү. Айрым адамдардын пенделик кемчилигине да көп көңүл бөлбөй, жарыбаган жакшы бир касиети бар болсо, аны да барктап, кадырлай билчү. “Биз кыргыздар азбыз, аз элден бардык жагынан төп келген идеалдуу адамдар аз чыгат, ошондуктан баарын эле чанып, сындап, жокко чыгара берсек арабызда соо кыргыз калабы. Ар адамдын жакшы жагын бириктирип, мисалы, эки орточо баштан бир жакшы баш жасап, мээни иштетели, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланалы” деп адамдын начарына да кылдат, астейдил мамиле жасап, элге-журтка пайдасы тийгидей нукка буруу керек экенин көп айтчу. Ал адамдан башкача айкөл, акылдуу, билимдүү, эстүү, сезимтал, чынчыл, мээнеткеч адам эле. Салижан аке жөнүндөгү кеңири кепти кийинкиге калтырып, сөз оролун “Арашандагы” отуруштун акыркы окуяларына бурайын.

…Көп кийин Эрнис абага жолугуп калып, жаш жубайлардын жайын сурасам:

– Ажырашып кетишти, – деп так кесе жооп берди.

– Шекербек инибиз Тажикстанга жүрүңүз, сулуу катынды ошол жактан издейли деген жокпу? – десем:

– Ал тентек ошентти, – деп бүлкүлдөп күлдү.

– А-ал, ал го, бир күнү “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясына мейманчылап барып калып, жүздөн алышып, карта чабышып олтурсак, колтугуна “көк моюнун” колтуктап, оозуна сары көтөн бопоросун тиштеп, кыйкая басып, Кыялбек кирип келди. Аяктап бараткан олтуруш кайрадан уланды. Көк моюндан көп алгандар кызып, колуна көзүр карта көп келгендер ысып олтурганда “Арашандагы” окуя эсиме түшүп, Совет абанын көңүлүн кандай көтөрсөм, Кыялбектин да көңүлүн ошондой көтөрүп коёюн деген жакшы ниетте кыскача баян менен болгон окуяны ортого таштасам, Кыялбектин чычайган тамекисинин күлү күбүлүп, көзү чакырайып, өңү өзгөрө түштү.

– Ики-и, ким айтты десем, сен айткан турбайсыңбы! – деп ууру кармап алгандай отурган ордунан тура калды.

– Ооба, мен айткам! – дедим мындай өрт чалгандай мамилени күтпөгөн жаным.

– Ошо-н-д-о-ой! – деди кыяктай чоюлуп.

– Ооба, ошондой! Эмне болду? – дедим.

– Мени сойбодубу.

– Ким?

– Атам.

– Эмне деп?

– Эмне демек эле. “Биз эмне машине минсек жарашпайт бекен, иттин баласы! Көрүнгөн кыз-келинге машина тартуулап… Бүтүлүү буюмун бузуп, паспортун айрып… Эми сен эмне, сакалың белиңе түшкүчө метрикаң менен жүрөсүңбү? У-ук, иттин баласы” деп сойгондо да аябай сойбодубу!

“Атама эмне үчүн айтасың” маанисинде Кыялбек күйгүлтүккө түшүп, мени жаман көргөндөй мамиле жасаганын карап туруп: “Атаңа жакпаса элге жагып жатпайбы” деп тийиштик кылып сөздү улайын деп барып, Кыялбекке караганда Совет аба мага жакыныраак дос экенин эстеп, бу бала кыял теңтуш жигиттин жинине көп тие бербейин деп токтоп калдым. Ал отурушта Кыялбектин окуялары кандай жагдайда, эмне себептен айтылганын кежигеси кер тарткан Кыялбектин өзүнө түшүндүрүш өтө кыйын экенин боолголоп, “лам” деп унчукпадым. Бир жаман жери – кез-кез чогуу карта чабыша калмай кылаңгыр мамилебиз муздай түштү.

Жолдуката ойлонуп келдим. Ойлонгон сайын мени эмнегедир көзүнүн чаары чыгып, Кыялбекти тилдеген Совет абанын элесин таптакыр элестете албай койдум. Тескерисинче, Кыялбектин эрдиктерин угуп: “көрдүңбү, жаман калмак, биздин тукумду…” деп досу да, жоосу да Эрнис абага карап, кыт-кыт күлүп, кырт-кырт жумшак жөтөлүп, жалындуу сөзгө көзү кызаргансып, жагымдуу сөзгө мойну узаргансып, желбегей жамынып, кубанычтан жүзү албырып, уулу Кыялбек менен сыймыктанып, желектей желбиреп олтурган Совет абанын элеси көз алдыман кетпей ээрчип алды…

 

* * *

Чын-чынында той болоор алдындагы окуяны жазайын деген оюм жок эле. Салижан агамды гана эскерип жазайын деген ниетте ойлонуп олтурсам эмнегедир ошол окуя эсиме түшүп ичимен көпкө бүлкүлдөп күлдүм. Баарынан кызыгы Салижан ага жөнүндөгү эскерүүмдү жазайын деп канчалык камданып-оңдонуп олтурсам да той болоор алдындагы ошол окуя кайра-кайра оюма түшүп түз баштай албай койдум. Айланып өтөйүн деп, буйтап өтөйүн деп канчалык аракет кылсам да ортого түшүп оюмду ээлеп, көңүлүмдү ээлеп, жазсаң менден башта дегендей “суранып” туруп алганынан жазып кутулбасам, качып кутулчудай түрүм жок деп ошол окуядан баштоого туура келди. “Той болоор алдынданы” жазып бүткөндөн кийин гана Салижан агамдын жаркын элеси берки каармандарыман бөлүнүп бет маңдайыма даана келгенсиди…

 

* * *

…Салижан Жигитов орусча да, кыргызча да мыкты сүйлөп, мыкты жазат деп тамшанып жүрсөм, өзбекче да, татарча да, түркчө да, башкырча да мыкты билет экен. Казак тили өзүбүздүн эле тил го. Мухтар Ауэзовдун “Абай жолу” романын казакча окуп, романдын дурус-буруш жактарын казак сынчы досторуна кантип жиликтеп айтып бергенин айтпай эле коёюн. Салижан аке жөнүндө казак адабиятчыларына кеп баштасаң: “Казак тили “к” тамгасынан жутагансып кырк түрүн чыгарып алыпсыңар, “к” тамгаңардын санын кыскартпайсыңарбы деп казак грамматикасына күйүп жүргөн Салижанбы” дешип каткырып эскеришет.

Салижан аке орус тилин да, орус тилинин грамматикасын да мыкты билер эле. Менин Жаныбек Оморов таекем сыяктуу чылгый орустун арасында туулуп-өсүп, орусча оозанып, орусча окуп-чокуп, орусча илим-билим алган, өмүр бою орусча жазган жигиттердин айрым тексттерин кызыл-жаян кылып оңдоп олтурганын көп көрдүм. Оштун орус эмес, өзбек көрбөгөн тоо арасындагы кичинекей Көлдүк деген бир айылында туулуп-өскөн Салижан акеден орусча кантип үйрөндүңүз эле деп суроо салсам, орусча китеп окуп жүрүп үйрөнгөм деп жооп берген эле.

“Айылыбызда колхоздун китепканасы болоор эле. Жетинчи класска чейин ошол китепканадагы китептердин бирин калтырбай окуп, мурда окуган китептеримди кайра башынан кайталап окуй баштаган кезимде жараткандын буйругу менен Бишкектеги №5 орто мектепке окууга келип, башкасын кой, баарынан китептин көптүгүнө жыргадым. Балдар китепканасына да, чоңдор китепканасына да жазылып, баягы көнгөн адатымча башымды жерден албай китеп окуй баштадым. Орус тилин билчү эмесмин. “Кандай китеп болду экен, эмнелер жөнүндө жазды экен” дегендей кызыкчылык менен текчелерде кас-катар тизилген орусча китептерди айланта кармалап көрүп, көпкө тиш салалбай сыртынан кызыгып карап жүрүп, тестиер балдар үчүн жазылган китептерди четинен алып окуй баштадым. Акырындап өспүрүм балдар үчүн жазылган китепке өтүп, андан чоңдор үчүн жазылган китепке көчүп, бир күнү кайсы бир орус классигинин айтылуу чыгармаларынын бирин окуп олтуруп, буга чейин кыргыз тилинде эмне деген гана былжырак чыгармаларды окуп жүргөм деп ыйлап жиберсем болобу. Ошентип орус тилин орусча китеп окуп жүрүп кантип үйрөнүп кеткенимди өзүм да билбей калгам” деп эскерер эле.

“Өзбек, башкыр, татар тилдери өзөктөш тил. Бул тилдерди сөздүктүн жардамы менен бир-бир жарым айда толук үйрөнүп алса болот. Түрк тили – тектеш тил, бирок берки чагатай группасындагы тилдерге караганда алыстап кеткен – өгүз группасына кирген тил эмеспи, мен ал тилди кадимкидей ынтаа коюп, мээнеттенип, адегенде сөздүк менен, андан соң түрк тилинде жазылган чыгармаларды окуп, кыргыз тилине которуп жүрүп үйрөндүм. Бу биз, кыргыздар кызык эле элбиз, Башкыр Мустай Каримди, өзбек Алишер Навоини, түрк Назым Хикметти орус тилинен кыргыз тилине которуп окуганга көнгөнбүз. Орус менен кыргыз тили кайнаса каны кошулбаган чоочун тил. Тектеш эмес тилден тилге ыр которулбайт. Кара сөздүн жөнү башка. Ырда уйкаштык деген балээ бар. Ошол уйкаштыктын айынан Пушкин менен Лермонтов ыр менен курган заңгыраган имаратты “таш-талканын чыгарып” жер пайына чейин жер менен жексен кылып талкалап, “андан чыккан материал” менен кайрадан заңгыраган имарат курушуң керек. Котормочу курган имарат Пушкин менен Лермонтов курган имараттай заңгырап көз жоосун алып бой кереби же жепирейген жер кепе болуп калабы, ал котормочунун жөндөмүнө, талантына жараша болот. Бекеринен илгери, кайсы бир жылдары кайсы бир ортозаар акыныбыздын котормосунда А.Пушкиндин ырларын окуган акын Мидин Алыбаев: “Пушкин, Пушкин эле дейсиңер, Пушкиниңердин кыргызча котормо ырларын окуп көрдүм, бу биздин Кубаныч Акаевдин эле деңгээлиндеги акын экен – деп бекеринен наалыбагандыр” – деп күлдүргөн эле.

Тектеш эмес тилден тилге ыр которулбасын, кайрадан жазыларын саймедиреп айтып келип, котормочу сапма-сап (подстрочный) котормодон эмес, тил үйрөнүп оригиналдан которгону оң деп көп эскертер эле. “Тектеш тилдердин жөнү башка – дечү Салижан ага. – Мисалы, Александр Пушкиндин ырларын орус тилине тектеш украин, белорус, болгар тилдерине мыкты котормочулар которсо, Пушкиндин ырлары Пушкиндин деңгээлинде которуларына ишенем. Себеби, тектеш тилдеги ырлардын “имараты” бузулбайт, айрым “жабуулары” гана алмашылат. Мен котормо ишиндеги мына ушундай өтө маанилүү жагдайды эске алып түрк акыны Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” ырлар жыйнагын кыргыз тилине которууда орус тилин ортомчу кылбай, бул таланттуу эки акындын заңгыраган “ыр имараттарын” бузбай, айрым гана жабууларын алмаштырып, кыргыз окурмандарына тааныштырыш үчүн тектеш түрк, башкыр тилдерин үйрөндүм. Татар тилин болсо, шору каткан шордуу кыргызым Октябрь революциясына чейин жана андан кийин отурукташа баштаганда кыргыздарга таандык бирин-серин китептер, басылмалар кыргыз-казак-татар аралашма тилде Казанда басып чыгарылган, ошолорду окуп түшүнөйүн деген ниетте татар тилине тап коюп үйрөндүм. Өзбек тилин болсо Өзгөн шаарынын көк базары менен чайканаларында отурган өзбектер кыргыздарды эмне деп ушактап жатканын өз кулагым менен угуп-билейин деп үйрөндүм”, – деп кадимки адатынча жер тепкилеп ха-халап каткырып күлүп калаар эле.

Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” менен Мустай Каримдин “Ырлар” ырлар жыйнагын Салижан аке тектеш түрк жана башкыр тилинен түз которгондуктан мыкты которду деп айталы десек, өзү айткандай кайнаса каны кошулбаган орус тилинен кыргыз тилине которгон Александр Пушкиндин ыр-жомоктору менен Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей Ханзаадасын” катыра которгон жагдайын сурасам: “Жарым өлүк, чанжыраган котормолордон тажаганыман жанагы жалкоо кыргыз котормочулары үчүн үлгүлүү текст жаратайын деген макстта котордум эле” деп эригип олтуруп бир иш бүткөрүп койгондой көңүл кош жооп берген.

Салижан аке үйрөнгөн тектеш тилдер жалаң адабий котормо иштерине гана пайдасын тийгизбей, күндөлүк көр-тирлигинен тартып тилмечтик, элчилик, педагогдиук иштерине да өз пайдасын тийгизгенин айтып күлүп калар эле. Өзбек тилин мыкты билгенинен улам Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалдым, түрк тилин мыкты билгенимен улам кыргыз-түрк “Манас” университетине проректор болуп орношуп, эсил СССР кулап, эл кыйналып жатканда үй-бүлөмдү жалаң жашылбайлар (доллар) менен бакпадымбы деп куудулданып калар эле. “Ал эми тилмечтик ишиңиз кандай болду” десек, кудайга шүгүр, ал жагы да мыкты болду деп аңгемесин улаар эле.

“Кыргызстан жаңыдан эгемендик алган жылдары жер шарынын бардык булуң-бурчунан Кыргызстан менен таанышуу, кызматташуу максатында расмий да, расмий эмес да иш сапары менен делегациялар байма-бай каттай баштаганда совет заманында жарандары четке чыкпагандан кийин чет тилине анча маани бербей келген биздин республика даяр котормочу таппай катуу жүдөдү. Күндөрдүн бир күнүндө: “Салижан Жигитович, Түркиядан расмий чоң делегация келди, Бишкек шаарын кыдырып көрөбүз дейт, тилмеч болуп бербейсизби” деп Ак үйдөгү тааныш жигиттер кадырын салып катуу суранып калышканынан аргасыз макул болдум. Азыркыдай чет элдик машиналар жер жайнап келелек кез. “РАФ” аттуу СССРдин шалдырканы чыккан микроавтобусуна делегация мүчөлөрүн салып алып Бишкекти узунунан да, туурасынан да түрө кыдырып, борбор шаарыбыздын айтылуу ар бир көчөсүнүн, имаратынын, маданий жайларынын, административдик кеңселеринин тарых-таржымалын жакшы эле айтып бергенсидим. Экскурсиябыздын аягында Бишкек шаарынын панорамасы ушул жерден жакшы көрүнөт деп шаардык түштүк тарабындагы айтылуу Байтиктин Басбөлтөгүнө алып чыксам, топураган түрк туугандар Басбөлтөктөн алаканга салгандай көрүнгөн Бишкек шаарын анчейин кызыгып карбай, тескейдеги ала мөңгү Ала-Арча тоолоруна, андан берки өгүз жон жашыл ыраң адырларды сонуркап карашып, салкын желге боюн тосушуп, ээн-эркин сейилдеп сергип басышты.

– Кана, түрк туугандар, биздин Бишкек силерге жактыбы? – десем делегация башчысы өтө маданияттуу, билимдүү адам экен: “Жакты” деп бир сөз менен көп маанилүү жылмайып жооп берди.

– Силердин жооп мага жакпай калды, – дедим адатымча жарга такап. – Шаарыбыздын эмнеси жакканын далил менен айтсаңар гана ишенем десем, каткырып күлүшүп, көчөңөр түз экен, көчө боюнда дарактар көп экен, шаарыңар жашыл экен деп бирден санап беришкенде, эми борбор шаарыбыздын эмнеси жаккан жок деген суроо узатсам, архитектуралык жактан кооз салынган имараттар аз экен, көпчүлүк имараттар бетондон салынгандыктан шаарыңардын өңү бозомтук тартып анчейин өзүнө тартпай турат экен деп чынын айтып киришкенде, туура айтасыңар деп мен алардын пикирине кошулуп башымды ийкегилеп кубаттап койдум.

“Эми иштин жайы мындай” дедим аларга түшүндүрө сүйлөп. “Бу биздин Бишкек шаарын чылгый орустар курган. Карабайсыңарбы алардын эптеп курган имараттарынын кебетесин” деп жаңыдан кызый сүйлөй баштаганымда эле түрк делегациясынын башчысына “орустар курду” деген сөзүм жакпай калды көрүнөт. “Орустар шаарыңарды куруп жатканда биздин бир тууган кыргыздар кайда жүрдүңөр эле?” деп кайра өзүмө тийиштик кылып суроо узатты.

– Кыргыздар кайда жүрмөк элек, тоодо – жайлоодо кымыз ичип, эт жеп, бу тукумуң кургур орустар шаарыбызды качан куруп бүтөт деп, шаарыбызды куруп бүтсө жумурай-журтубуз менен көчүп барат элек, деп эс алып күтүп жатканбыз, – десем:

– Тамашаңызды коюңуз, орус колонизаторлору силерди жетимиш жыл эзип келсе, шаарыңарды кайдан курмак эле, – деп так секирип чычалап болбойт.

– Жетимиш жыл алар бизди эмес, биз аларды эздик. Шаарларды курдурдук, жол, ГЭС, завод-фабрика салдырдык, көчө шыпырттык, бок чыгарттык…

– Салижанбей, коюңуз, алар силерди эзген, – деп бүт түрк делегациясы чурулдап жиберди.

“Бул жерде жашап жаткан биз билебизби же биринчи жолу келип жаткан силер билесиңерби?” деп жүйөөлүү сөзгө тартып келип: “Жалпы Орто Азияга жиберген орустардын эң начары бизге келсе керек, болбосо карабайсыңарбы, Алматы менен Ташкентти жаркыратып курушуп, Бишкекти бозомтук кылып куруп коюшканын” – деп орустарга жаным кашайгандай жинденгенсип сүйлөп жатсам, буга айла жок экен деди окшойт, делегация башчысы кайра өзүмө тийиштик кылып суроо узатып жатпайбы.

– Салижанбей, макул, шаарыңарды орустар курду дейли, жол, завод-фабрикаларды орустар салды дейли, көчөңөрдү орустар шыпырып, богуңарды орустар чыгарды дейли. Эли-жериңерди басып келген орустар силерди эзбей эле, силер аларды эзди дейли. Эми минтип өлкөңөр эгемендик алгандан бери орустар өзүлөрүнүн түпкү ата-журту – Орусияга көчүп кетип жатыптыр. Дүйнөлүк социологдордун айтымына караганда акыркы он-он беш жылда Орто Азия чөлкөмүндө орус тукуму калчудай эмес. Орустар түп көтөрө көчүп кетсе, эми силер кимди эзесиңер? Шаарыңарды ким курат? Көчөңөрдү ким шыпырат? Богуңарды ким чыгарат?

– Орустар кетсе, мына силер, түрктөр келип жатпайсыңарбы. Кудайым буйруса, эми силерди эзебиз, шаар курдурабыз, жол салдырабыз, көчө шыпыртабыз, бок чыгартабыз, – десем күлбөгөн түрк жок деп күлдүрдү эле Салижан аке.

Салижан аке Назым Хикметтин ырларын түрк тилинен кыргыз тилине түз которгон дешсе, орус-түрк сөздүгүнөн ар бир сөздү бирден терип эжелеп окуп которсо керек дегендей ойлоп жүрчүмүн. Аркы кылымдын токсон бешинчи жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетин түптөгөнү келген Арифбей аттуу өтө маданияттуу, билимдүү түрк адамы менен таанышып, достошуп калдык. Арифбей Түркиядан Кыргызстанга келгиче эле Разак Сейдилканов аттуу мыкты ишкер жигиттин мугалим келинчегинен кыргыз тилинен сабак алып, кыргызча үйрөнүп келиптир. Көп жыл көрүшпөй жүрүп көрүшкөн бир туугандай кучак жайып көрүштүк. Мен Салижан аке эле билимдүү деп жүрсөм, Арифбейдин да билбегени бит экен. Кайсы темага кайрылбайлы, кулактын кужурун кандырып, кызыктуу аңгеме салып отурду. Өзгөчө Салижан аке өз бир тууганын, жатындаш түгөйүн тапкандай камыр-жумур жуурулушуп, аягы да, башы да бир болуп аралашып эле жатып калды. Арифбей кыргызча сүйлөп жатып кыргызча сөз байлыгы жетпей такалып калса, Салижан аке анын сөзүн түркчө шар улап кетип, менин көз алдымда бирин бири толуктаган, бирин бири улаган бир бүтүн эки баштуу дөөгө айланышты. Бир күнү Назым Хикметтин ырларынын тегерегинде каттуу талаш жүрүп калды. Түрктүн мыкты акыны эле Назым Хикмет десек, андан да мыкты акындарыбыз көп, ушул “качкын” Назым Хикметиңерди койгулачы дегендей Арифбей тууганыбыз кол шилтеп болбойт. Бу түрктөр Назым Хикметти коммунист катары жаман көрүп ырларын окубай коюп ошондон улам жакшы билишпей жүрбөсүн дегендей ойго кеттиби, айтор, Салижан аке Назым Хикметтин он бештей узун-кыска ырын түрк тилинде кемелине келтире жатка айтып жибергенде, буга чейин Салижан акенин мындай уникалдуу “өнөрүн” көрө элек мен эле эмес, түрк Арифбей тууганыбыз да таң калганынан чалкасынан кете жаздады. “Ой, бой-ой, Салижанбей, мен сизди түрк тилин мынчалык түбүнө түшүрө үйрөндү деп эч ойлобопмун. Сиз анык канык адам турбайсызбы, билимдүү адам турбайсызбы” деп бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, таң калып да, тамшанып да, ушундай тууган тапканына, дос тапканына жетине албай, терисине батпай сүйүнүп да олтурду.

“Назым Хикмет чынында эле мыкты акын турбайбы! Мурда окугам. Бирок, Салижанбей, сиз жеткире окугандай таасирленген эмесмин” деп Назым Хикметтин мөлтүр-таза поэзиясын мойнуна алгандай, сөзгө жыгылгандай баштагы дымагынан басмырт сүйлөдү.

 

* * *

Салижан Жигитовдун эске тутуусундай уникалдуу эске тутуу эч кимде жок эле. Ал качан кандай китеп окубасын же качан кандай сөз укпасын же бир окуяга күбө болбосун чыпчыргасын коротпой эсине тутуп калчу. Өзгөчө китепке “өч” эле. Өмүр бою китепканадан кол үзгөн жок. Ал кайда жүрбөсүн, троллейбустабы, үйдөбү, иштеби – бош убактысы боло калса эле китеп окучу же бирдеме чиймелеп жазып кирчү. Жада калса биздин “Бишкек таймс”, “Кыргызстан маданияты” гезит редакциясына жарым саат, бир саат убакытка кире калганда да бапкесиндеги жазып жүргөн кагаздарын сууруп чыгып улантып жазып кирер эле. “Салижан аке, эмне жазып жатасыз?” деп эңилип карап калсаң: “Ээ, курусун, Аскар Акаев адабият-маданият ишмерлеринин астында сөз сүйлөмөк экен, тиги тумтак, жалкоо Калык Ибраимов деген каракулжалык үкөм бар эмеспи, президент ага тапшырса, ал мага тапшырып шоркелдей жанымды шорлотуп жатпайбы же бу түрк туугандар А.Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө бир тапшырма берди эле ошону жазып жатам” деп өзү үйү өлөң төшөгүндө олтурабы же өзгөнүн кабинетинде олтурабы, ызылдаган элде олтурабы, ысык-муздак жерде олтурабы – эл тандабай, жер тандабай алдына ак барагын жайып, колуна калем сабын алары менен ичке да, сыртка да көңүл бөлбөй, өзү менен өзү болуп, өзүнүн ички дүйнөсүнө өзү чөгүп кирип кетээр эле.

Өмүрүмдө Салижан акедей биш көтөрбөй китеп окугандарды көп көрдүм. Бирок ошол окуган китебин отуз жыл, кырк жыл өткөндөн кийин сурасаң маани-мазмунунан жаңылбай так эстеген, жеке турмушуна керектеп пайдаланган адамдарды аз жолуктурдум. Колуңан китеп көрсө, ал эмне китеп экен деп колуңан алып ала салдырып ар жак, бер жагын карап: “Келе, бул китебиңди мага бер, окуп келе калайын” деп үйүнө ала кетип эки-үч күндө эле окуй салып кайра ала келчү. Жакшы китеп окуса сүйүнүп, начар китеп окуса күйүнүп: “Окумуштуулук ишим менен педагогдук ишим шорумду шорподой кайнатып китептин жакшысы менен бирге жаманын да окууга милдеттентирип жатпайбы” деп кыргыз адабий процессинен адабиятчы катары кабардар болуп туруу милдети мойнунда экенин түшүндүрүп сүйлөчү.

Салижан аке окуган китебин эзели унутпаган, кайсыл мезгил кандай жагдайда болбосун жатка айтып берчү жан эле. Бир күнү адабиятчы Советбек Байгазиев телефон чалып: “Саке, кыргыз жазуучуларынын аңгемесинин антологиясын түзөйүн деп кыргыз жазуучуларынын бир далайынын аңгемелерин окуп чыксам мыкты деген аңгемелер өтө аз экен. Сиз да окумал жан эмессизби, деги кимдердин мыкты аңгемелери эсиңизде деп сураганынан бир даарын эстеп айтып берсем, алар менде бар, таптым деп айтканынан Насирдин Байтемировдун алгачкы басылмаларында “Жаандан кийин” деген мыкты аңгемеси боло турган эле ошону кара десем, макул, ал аңгеме менде жок экен, караштырып көрөйүн деп калган. Советбек оңбогур да бир иштин артынан түшсө аягына чыкмайын жаны тынбай көжөлгөн көк неме эмеспи, тааптыр. Телефон чалат: “Ой, Салижан аке, бул аңгеме укмуш аңгеме турбайбы” деп. – Ооба, ал ошондой шумдук эргүү менен, сүрөткерлик талант менен жазылган мыкты аңгеме. Насирдин Байтемиров ошондой мыкты аңгеме жазып койгонун өзү да билбесе керек – десем, Советбек аныңыз чын деп бир топко бүкүлдөп күлүп, бул аңгемени качан, кайдан окуп калдыңыз эле деп кызыгып сурап калды. Өзгөндүн Көлдүк деген айылында жетинчи класста окуп жүргөнүмдө окугам десем, кийин да окудуңуз беле дейт, жок, окуган эмесмин, сен кимдин мыкты аңгемеси бар эле, эстешип бериңизчи дегениңен эстешип жатып эстебедимби десем, андан бери кырк жыл өтүптүр, ошондон берки окуган аңгемелериңизди унутпай, анан да “Жаандан кийин” мыкты аңгеме экенин жетинчи класста окуп жүргөндө эле билдиңиз беле деп таң калат. Ооба, ошондо эле азыркыдай желмогуз болчумун деп күлдүрдүм эле деп эскергени бар.

Салижан аке англис, француз, испан сыяктуу дүйнө жүзүнө кеңири тараган тилдерди билбей калганына катуу өкүнчү. Себеби, ал кайсы тилди үйрөнбөсүн – ошол тил аркылуу ошол элдин адабиятынан, маданиятынан, тарыхынан, экономикасынан, саясатынан кабар алгысы келчү.

“Мен шордуу орус тилин гана үйрөнүп, ошол тилде чыккан китептерди гана окуп, шорум катып жатпайбы. Өзүң жакшы билесиң, совет идеологиясы орус тилинде жазылган да, которулган да китептерди чыпкадан өткөрүп камкаймагын калпып алып салып, жалаң кымыран көк сүтүн калтырып, мен өңдөнгөн окумуштуу сөрөйлөрдүн билими чет тилин билген окумуштуулардын билиминдей нык болбой, көпшөк болуп калбадыбы деп каңырыгы түтөп өкүнөр эле.

“Мындан Ишенбайдын башы бүтүн” деп калчу Ишенбай Абдуразаков досуна суктанып. “Англисче, орусча, кыргызча, жапончо эркин сүйлөп, эркин жазат. Он беш жыл өнүккөн капиталисттик өлкө – Японияда иштеди, жашады. Отолбогон, буталбаган, чыпкаланбаган, камкаймактуу китептерди түп нускада окуду. Бактылуу адам деп ушул Ишекемди айтса болот” деп суктанып эле тим болбой: “Жүр, Нуралы, бул жерде калжырап ар кайсыны сүйлөшүп олтурганча Ишекем азыр Ак үйдүн кишиси эмеспи, жанагы “бузук телефон” аркылуу көчөгө тараган жаңы ушактардын чын-төгүнүн түп-нускадан, өз оозунан угуп келели” деп мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаковдун президенттик резиденциядагы үйүнө мени ээрчитип жөнөп калат. Ишенбай Абдуразаков мамлекеттик катчыбы же жөн катчыбы, президенттин резиденциясында жашайбы же бул эле Эркиндик бульварынын боюндагы эки бөлмө менчик үйүндө жашайбы – Салижан аке үчүн Ишенбай аба баягы эле бала кезден берки досу Ишенбай болчу.

Кам-чому жок жай чарба жаткан Ишенбай аба кантсе да мамлекеттик бийликтин чоң камчысынын бирин кармап олтурган мамлекеттик чиновник эмеспи: “Ой, бу силер алдын ала телефон чалып эскертип анан келбейсиңерби” деп жактырбагандай чунаңдаса: “Ээ, Ишеке, сага алдын ала эскертип келгидей беш бармагыңа, казы карта-чучугуңа, мантыңа, палооңо келаттык беле. Өзүңдү сагынып, сөзүңдү сагынып, бир аз кобурашып олтуралы деп келдик” – десе, Ишенбай абанын тунара түшкөн көздөрү ачылып, түйүлө түшкөн кабагы жазылып: “Ия, баланча, алып келчи аркыныңан!” деп кемпирине шаңдуу үн салчу.

Салижан аке обу жок кербезденгенди, ак сөөк өңдөнүп асмандап көтөрүлгөндү, мансабына таянганды жегиндей көрчү. Ким-бирөөнүн кызматына карап кулдук уруп, кошомат айтчу эмес. Жаман-жакшы көргөн адамына кыйытып сын айтуудан мурун өзүн келекелеп, өзүн шылдыңдап сүйлөчү.

“Мына мен президенттин кеңешчиси, Кыргыз энциклопедиясынын орун басар редактору, “Азаттыктын” радиосунун баш редактору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин проректору болуп иштедим. Кызматта жүргөндө деле ошол Салижан элем, түшкөндөн кийин деле ошол Салижан боюнча калдым. Менин отурганым менен турганымдын айырмасы болбогондой эле (Салижан аке боюнун кодолугун айтып жатат) кызматка турганым менен түшкөнүмдүн да айырмасы жок” деп ха-халап күлүп калчу. Өзүнүн жакын көргөн жолдошторуна да кызматына манчыркабай карапайым мүнөздө калышын ачык айтпаса да каймана сөзү менен, карапайым жүрүм-туруму менен билдиргенге аракеттенчү. Жанагы чоң кызматта иштейби же жөн кызматта иштейби, үйүндө болобу же ишинде болобу, анда-санда айтпай-дебей түз качырып кирип барганынын бир себеби ошондон деп түшүнчүмүн.

“Бир күнү таланттуу акын, адабиятчы, сынчы Аман Токтогулов экөөбүз кечке маал Биринчи май көчөсүндө келатып карасак Теңдик Аскровдун үйүнүн туура тушуна келип калыптырбыз. Жүр, Аман, Теңдикке учураша кетели десем, кой, Саке, албан-субандай кишинин үйүнө айтпай-дебей кантип кирип барабыз деп Аман болбойт. Ал учурда Теңдик Аскаров Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы, Кыргызстандын идеология иштеринин тең жарымын чоюп, кудай бетин салбасын, Борбордук Комитеттин төртүнчү секретарындай эле деңгээлде азуусун айга бүлөп, айбаттуу олтурган кези эле. “Бас, мени ээрчи, башкарма болсо өзүнө башкарма, биз үчүн баягы эле Теңдик. Үйүндө жок болсо кете беребиз, үйүндө болсо жарым саат, бир саат кобурашып отуруп чыгалы деп болбой жатып ээрчитип кирип кеттим. Теңдик да, аялы да үйүндө экен. Аялы жан-алы калбай балбалактап, өзү зым карагайдай зымпыйып тосуп алды. Муздаткычтагы болгон тамак-ашын алып чыгышып, бир заматта дасторкон бетин жайнатып жиберишти. Көптөн бери ээн-эркин бажакташпай бири-бирибизди сагынышып калган экенбиз, өткөн-кеткенди эскерип, черибиз жазылгыча кыраан-каткы күлүп сүйлөшүп олтурдук. Улам эле сөз арасында Теңдик да, аялы да: “Ка-ап, айтып коюп келсеңер болмок экен, дасторкондун жайы ойдогудай болбой калбадыбы” дешип шыпшынгандарын койбойт. “Ой, эч кабатыр болбогула, дасторконуңар мыкты болду” деп бир айтсак да, эки айтсак да болушпайт. Дасторконго бата тилеп кетээр алдыбызда да: “Ка-ап…” деп баягы сөзүн кайрадан шыпшынып кайталай баштаганда: “Кагылайын Теңдик, айланайын аяш, эч кабатыр болбогула, бүгүнкү силердин дасторкондой дасторконду биз бир айлап камданып жүрүп эң сыйлуу деген коногубузга да даярдай албайбыз” десем: “Ой, оңбогон Салижан, тамашаңды койсоңчу!” деп Теңдик да, аялы да кыраан-каткы күлүп узатып калышты.

Оңбогон Аман сергек, сезимтал, чукугандай сөз тапкан тапан жигит эмес беле. Бир күнү айтпай-дебей ал менин үйүмө келсе, кемпирим Кимия: “Байкең үйдө эле, кир, кире кой” деп ичкери кийирсе залда жок болуп чыгам. Бу балдардын атасы кайда кеткен деп балконго чыгышса жедеп эскилиги жетип, сүзүлүп жыртылган ар кай жеринен кебези булайып чыгып калган эски жуурканды айкарасынан жамынып, китеп окуп уктап калган мени көрүшөт. “Ии, Кудай алкагырдыкы десе, бул жуурканды сөгүп кездемесин жаңыртып каптайын дебедим беле” деп бир чети Амандан уялып, бир чети намыстанып мени ойготот. “Туруңуз, балдардын атасы, Аман келиптир. Бул эмне кылганыңыз, тиги жерде жапжаңы жууркандар турса, ошондон жамынбай, эскилиги жеткен ушул жуурканды жамынып алганыңыз кандай?” деп мага нааразы болуп “жекирип” сүйлөй баштаганда ыңгайсыз боло түшкөн Аман: “Ой-бой жеңе, антип капа болбоңуз. Биздин үйдө эң сыйлуу коногубуздун үстүнө алдагыдан да эски жуурканды жапканга араң жарайбыз” десе болобу. Кимия экөөбүз күлүп боорубуз жок” деп Салижан аке эскерер эле.

“Мен Чыңгыздын жалгыздыгын эми түшүндүм” дечү Салижан аке. “Ар адамга өзүнүн деңгээлинде, бири-биринин жан дүйнөсүн байытып сүйлөшкүдөй киши керек экен. Кана, Кыргызстанда бу Чыңгыз менен Чыңгызча сүйлөшөөр кимиң бар? Баары эле кыйынбыз деген менен андай адам жокко эсе да. Бул жагынан шорлогон Чыкең өз деңгээлинде сүйлөшөр киши таппай, чөйрө таппай, андай адамды, андай чөйрөнү Европадан издеп, ат тезегин кургатпай, көчүгү жер жыттабай эки ортодо бекеринен чапкылап жүргөн жок да, туурабы?” деп европалыктардын кыйындыгын эмес, биздин бечелдигибизди белгилеп сүйлөчү. Салижан аке, кайсы бир деңгээлде өзү да ошондой адам болчу. Ал өмүр бою көксөөсүн толтураар, көңүлүнө төп келээр киши издеп өттү. Замандаштарынын, катарлаштарынын деңгээлинен анын деңгээли чынында эле ого эле бийик болчу. Ал баарлашканга керектүү кишини жалаң жогорку чөйрөдөн эмес, карапайым эл арасынан да издеп таап: “Карачы, кандай сонун адам, природный акылы күчтүү экен, эмгекчил экен, өз оокатына тың экен, баланча теше жери, түкүнчө малы бар экен” деп чын дилинен кубанып, суктанып, ал кишинин ал-жайын сурап, жаны жыргап аңгемелешчү.

Салижан акенин мээси жыйырма төрт саат тынбай дүкүлдөп иштеген, иштегенде да куру бош иштебей жаңы идеяларды булактатып, оргуштатып чыгарып иштеген заводу сыяктуу сезилээр эле. Кечээ кечке чогуу олтуруп, кайсы бир маселенин түбүнө түшүрө талкуулап, ал маселенин тегерегинде кылайган сыр калтырбай “жылаңачтап” тарап, эртеси эртең менен капыл-тапыл жолугуп калсаң, ошол маселеге кайрадан кайрылып, таптакыр бөлөкчө көз караш менен жаңы байкоолорунун негизинде жаңыча бийик деңгээлде ой жүгүртө баштаганда таң калып да, суктанып да, ынанып да угаар элем. Анын башы саат сайын, мүнөт сайын, секунд сайын жаңы жаңылыктарды, кабарларды завод сырьёну кандай кабыл алса, ошондой кабыл алып, күнүңкүсүн түнгө калтырбай, түндөгүсүн күнгө калтырбай иштетип турар эле. Ошондуктан анын ойлору, идеялары токтогон суудай борсубай, мөңгүдөн кулаган көк кашка суудай көңүлдү агартып, мээни тазартып, мезгилдүү басма сөздө, теле-радиодо, китепте, басылмаларда күкүктөп агып турар эле.

 

* * *

Өткөн кылымдын токсонунчу жылдары калемдеш эки агам менен камыр-жумур өзгөчө мамиледе болдум. Күндө болбосо да күн алыс жолукканыбызда сүйлөшпөгөн сөзүбүз, сырдашпаган сырыбыз калган жок. Экөө тең кыраакы, чынчыл, акылгөй адамдар эле. Бирок алардын алган багыты менен тутунган чындыгы эки башка эле.

Жалил Садыков агам кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, ырым-жырымын терең түшүнгөн, терең урматтаган, кыргыз болуп туулганына, кыргыз болуп жашаганына сыймыктанган нускалуу адамдардын бири эле. Ал кыргыз элинде, кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан бардык ийгиликтер жана жакшылыктар кыргыз элинин аракети менен шарапатынан улам гана болуп жатат деп түшүнчү. Ал эми кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин ичиндеги, тышындагы бардык көйгөйлүү маселелер жат элдин жагымсыз аракетинен, жат элдин кесепетинен улам болуп жатат деп түшүнүп, “балким өз элибизде да бир мандем болуп жүрбөсүн” деп өз элинен кылдан кыйкым издемек түгүл жаман ойлоштун өзү душмандык деп эсептеген өтө мекенчил-патриот адам эле.

Салижан Жигитов агамдын жөнү башка эле. Ал агам да өз элин Жалил Садыков агаман кем эмес сүйөөр эле. Бирок ал кыргыз элиндеги, кыргыз өлкөсүндөгү ички-тышкы көйгөйлүү маселелердин түп себебин бөлөк-бөтөн элден эмес, эң ириде өз элинин өзөгүнөн издечү. “Өзүбүз оңолмоюн, ишибиз оңолбойт: жалкоолугубузду, ыкшоолугубузду таштайлы, каада-салттарыбызды, ырым-жырымдарыбызды кайра карап, өсүп-өнөөрүбүзгө кедерги болчу жактарын жок кылып, пайдалуу жактарын улайлы” деп канкакшап берген интервьюларын, маектерин, жазган макалаларын туура түшүнгөндөр да, туура түшүнбөгөндөр да бар эле. Атүгүл аны кыргыз элинин душманы катары көрсөтүүгө аракет кылгандар да жок эмес эле. Хандан-бектен кайра тартпаган кайран Салижан агам кармаштарда кайралган, күрөштөрдө чыйралган, өзүнүн принциптеринен өлүмжан артка кайтпаган кашкөй калемгер, билимине, талантына, акылына таянган батыл-баатыр атуул болгондуктан күчөгөндөн күчөп, түтөгөндөн түтөп ар дайым алдыга жиреп сындачу. “Ээ, кагылайын кыргыздарым, деги кандай эл болуп баратабыз? Жардам иретинде жарамсыз жактарыбызды көрсөтүп башка элдердин өкүлдөрү сын айтса, ал сынды өз пайдабызга туура кабыл алгандын ордуна ал орус, ал немис, ал еврей болгондуктан бизди көралбай, душмандык кылып сындап жатат деп ызы-чуу түшүп дуулдайбыз. Өз кемчилдигин билбеген өзүнө карата айтылган сынды туура кабыл албаган эл өнбөйт, өспөйт. Башкалар сын айтса бөлөксүнтөт экенсиңер, жат эл болгондуктан ошентип айтып жатат деп кур намыска алдырып душман санайт экенсиңер, кашкайган туура сын болсо да кабыл албайт экенсиңер. Баары бир кандай айтып актанбагыла, кыргызга кыргызды сындап турар, туура эмес жактарын тайсалдабай бетке айтып тескеп турар “душман” керек. Жат элден чыккан сынчыларды жаратпайт экенсиңер, мына эми өз элден чыккан “сынчы душманыңар” өзүм болоюн” деп ызылдатып-тызылдатып аёосуз сындап жатып калаар эле. Салижан аганын кыргыз элинин жалкоолугуна, ыкшоолугуна, кенебестигине, кыргыз интеллигенциясынын бечелдигине, кыргыз элинин азыркы шартка туура келбеген ашыкча ырым-жырым, салт-санаасына карата айтылган сын-пикирлери башканы билбейм, мага майдай жакчу. Кайсы убакта, кай жерде, кандай пикир айтпасын иликтеп-изилдеп, талдап-тактап аныгына жетип, далили менен айтаар эле. “Биз байыркы эл болгонубуз менен тарыхый жактан артта калган элбиз. Алдыга кеткендерин айтпай эле коёюн, ортоңку, ортодон төмөнкү деңгээлде жүргөн элдерге теңелиш үчүн ар бир кыргыз күнү-түнү он эселеп, жүз эселеп кара жанын карч уруп мээнеттенгенде гана ортодогу аралыкты кыскартабыз, жакындайбыз, теңелебиз. Кай тармакты алба, кайсы адистикти алба, оюбузда жакшыбыз деп өзүбүздү өзүбүз сооротконубуз менен түшүнгөн жан боздоп-буркурап ыйлап жибергидей жагдайдабыз” деп жанын жай алдырбай жазып да, сүйлөп да кан какшаар эле.

“Биз аз элбиз. Аз эл бөлөк элди күч менен жеңе албайт, акыл менен гана жеңе алат. Биз качан чечендей намыскөй, дунгандай мээнеткеч, еврейдей куу эл болгондо гана кыйын элге айланабыз” деп туура сөзүн азил-тамашага аралаштырып адатынча хахалап каткырып деп калаар эле.

Салижан Жигитов адамдын жакшылыгын өмүрү унутпаган жан эле. Ким-бирөөдөн кенедей эле жакшылык көрүп калса өзүн өмүр бою карыздар сезип, кайда болбосун ошол кишинин жакшылыгын жарыя айтып, ыраазы болуп жашачу. Ал жеке керт башы эле эмес, кыргыз элине жакшылык кылган бөлөк элдердин жакшылыгын да жерге калтырбай даңаза кылып сүйлөчү. Кечээки көчмөн кыргыз элинин бүгүнкү цивилизациялуу элдин катарына келип кошулушуна орус элинин кошкон салымы зор экенин, кыргыз адабияты менен маданиятынын өнүгүшүнө, алгачкы басылмалардын чыгышына боордош татар элинин да кошкон салымы зор экенин, дыйканчылык тармагын, жер иштетүү маданиятын көтөрүүдө, тамак-аш тармагын өнүктүрүүдө өзбек, дунган, уйгур калкынын таасири зор болгонун көп эскерер эле.

“Биз чоң-кичине дебей бардык элдин өнөрүн үйрөнүп, тажырыйбасын өздөштүрүшүбүз керек. Кур намыстын кереги эмне? “Башка түшсө байтал жорго” дегендей өмүрү соода кылгандан жаа бою качкан кыргыздар базар экономикасы күтүүсүз кирип келип, бейкапар кымыз ичип чалкалап жатчу мезгил бүткөнүн бир түндө түшүндүрүп, жетимиш жыл өкүмөт даярдап берчү даяр тамагынан ажыратып койду эле, туулгандан өлгөнгө чейин өмүрү базарда өткөн уйгур, өзбек, дунганды кууп чыгып, он күндүн ичинде шылуун соодагерге айланган кыргызга башын жакшылап иштетип, жанын жакшылап үрөсө бок чыгарган күрөктөн машина жасаган өнөргө чейин кыска мезгилдин ичинде жетээрине ишенип калдым” деп үмүт байлап хахалап күлгөндө баштагы каткалаң сыны бир аз жумшара түшкөнүн байкачумун. Ал кыргыздын жаралып жаткан бардык жакшы иштерин, түзөлүп жаткан бирин-экин бардык ийгиликтерин жүрөгү толкуп, кулагы сүйүнүп, бирден мыскалдап терип, аңдып укчу. “Мына көрдүңөрбү!” деп буту жеткен жерге буту менен, үнү жеткен жерге үнү менен жарыя айтып чыгаар эле. Ал кыргыздын бир жерде өчөйүп отуруп албай, ылдам оңолушун, өсүшүн, өзгөрүшүн каалар эле. Ага да болбой, буга да болбой, кедерги бийлик башынан башталып куйругуна чейин өтүшүп бараткан кыргыздардын айрым иттик иштерин жалгыз өзү көкүрөгү менен токтотуп калчудай күйгүлтүккө түшүп, сөөгү өрттөнүп сөз кылаар эле.

Жалил ага Салижан аганын кыргызга карата айтылган бардык сынын кабыл алган күндө да, кыргыздын каада-салтына, үрп-адатына, ырым-жырымына карата айткан сындарын анчейин жактыра бербесин ичимен билээр элем. Жалил аганы да түшүнсө болот. Кыргызым деп кыйкырып өткөн Байдылда Сарногоевден да кем эмес кыргыздын каада-салтын аздектеген, ырым-жырымын урматтаган, этинен сөөгүнө, сөөгүнөн чучугуна чейин аласы жок, чаласы жок кыргыз эле. Ал кандай гана цивилизация каптабасын, кандай гана прогресс колдон алып өргө жетелебесин кыргызды кыргыз кылган каада-салтынан, өң-түсүнөн, кулк-мүнөзүнөн ажыраткысы, өзгөрткүсү келчү эмес. Аны ал акындык да, атуулдук да милдетим деп эсептөөчү.

Бир күнү Жалил ага мага сөз баштап калды. “Нуралы, кийинки кезде менин байкашымда Салижан менен көп сүйлөшүп, көп басчу болдуң. Баарын жокко чыгарып, баарын танат. Деги Салижан кайда туулуп, кимдин колунда өскөн? Ата-теги ким? Ошону сураштырдыңбы, билдиңби?” деп жооп алууга ынтызар экенин билдиргендей адаттан тыш ынтаа коюп, кызыгып карады.

Салижан ага Өзгөндүн алыскы тоо арасындагы топудай Көлдүк деген айылында туулуп-өскөнүн, уруусу базыс болорун, атасы Жигит аксакал кат-сабаты жок туруп айылында узак жыл башкарма болуп иштегенин, илимдүү-билимдүүлөр көбөйүп кызматка келе баштаганда Жигит аксакал кызмат ордуман кол жууп калбайын деп кайсы бир инисине колхоздун бир жылдык жасаган иштеринин отчетун оозеки айтып берип кагазга жаздырып, ал калың кагазды эки ирет окутуп ар бир сөзүн, ар бир сабын эсине ырааты менен сактап, райондун жылдык отчеттук жыйналышында сөз бергенде трибунага чыгып баягы отчет жазылган калың барак көп кагаздын бетине тике карап шатыратып окуп киргенде, кечээ эле кат-сабаты жоюла элек Жигит аксакал кол кой десе бармагын сыяга малып мөөр басып жүргөнүн эстеген райондун партия комитетинин биринчи секретары тез арада кат-сабаты жоюлган зээндүү Жигит аксакалга аң-таң болуп карап түшүнүп-түшүнө албай олтурса, капталындагы орун басары: “Жигит аксакал кагазын тескери кармап алып окуп жатат” деп кулагына шыбыраганынан көз айнегин көзүнө тагып, акырын аңдып караса чын эле Жигит аксакал колундагы кагазын тескери кармап алып сөзмө сөз, сапма сап эч жаңылбай ат чапкандай шатыратып окуп атканын көрүп, орунбасар экөө бири-бирин карап ичинен бүлкүлдөп күлгөнү менен сыртынан зымпыйып сыр беришпей, Жигит аксакалдын аракети менен эстутумунун күчтүү экенине таң беришип, сыртынан жыргап, ичинен сыйлап угушканын айтып берсем Жалил аганын көзүнө өзү туулуп-өскөн айылындагы кагаз билими болбогону менен Жигит аксакалдай турмуштук тубаса билими күчтүү алгачкы аксакал башкармалардын элеси тартыла түштү окшойт: “Ооба, чын. Бизде да ошондой башкармалар болоор эле” деп өнө бою солкулдап жыргап күлдү.

“Салижан аганын ата-бабасы мал-жандуу, өңдүү-түстүү, атыккан баатыр-балбан кишилер болуптур” десем бул сөзүмө Жалил ага ишенбегендей түр менен: “Ата-жотосу андай болсо, жер битиндей кодойгон жымшык көз Салижан кайдан чыгыптыр” деп калп мактаган кишинин кабыргасын кайыштыра кармагандай суроо узатты.

“Салижан аганын айтымына караганда чоң атасы Муса малдуу-жандуу, өзү кара каш, кара көз – ченебегендей өңдүү-түстүү Кара-Шоронун асман тиреп өскөн карагайындай бойлуу, Акталаа, Өзгөн аймагында өткөн эчен той-топурларда жөө күрөшкө, эр эңишке түшүп башкаларга байге бербеген атагы алыска кеткен балбан жигит экен. Өзгөндүктөр менен акталаалыктар жайлоого чыкканда үйү ирегелеш, кою короолош конуп, ынтымагы бир экен. Жылдардын бир жылында кыл муруту кылтайган Муса ага-тууганы менен кеңешпей-таңашпай алыскы жайлоолордун биринде көчүп-конуп жүрүп акталаалык саяктардан кыз алат. Алганда да эзилип бышкан өрүктөй сапсары, үйлөп койсо үлп этип кулап түшчүдөй чийдей арык, алыстан атчан киши келатса киши көрөлек секелектей суу сузуп келаткан көнөчөгүн жерге койбой жетээр жерине жетип аттан түшүп үйгө киргиче талып караган, көз кареги тилип койгондой жыртыйган “жыртыгынан” араң эле жылтырап көрүнгөн жылчык көз, жапыс бой, жалдырама аял алганын уккан тууган-уругу түп көтөрө бири-бирине сүйүнчү айтпай, кабар айтып: “Айтпай-дебей Мусанын бул эмне кылганы? Ата-бабасы, урук-тууганы, өзү да балбан болсо, өң-түсүнөн тайбаган тукум болсо, тукум бузаар аял алганы эмнеси? Араптардын (уруусунун аты – Н.К.) намысына тиер иш болуптур, койгула, чогулуп баралы да, тукумду буза элегинде кетиртели дешип, түп көтөрө атчаны атчан, жөөсү жөө, улуу-кичүү дебей жайлоодогу Мусанын конушун көздөй жөнөшөт. Жабылып келген тууган-уругун Муса төрт жылы туу калган таман казы бээ союп коноктойт. Сапар карып, коноктордун кайтаар маалы бышкан чакта чет-чеберин угуп шек алып калган Муса уй мүйүз тартып олтурган тууган-уругунун аксакал-көксакалдарына кайрылып: “Мынча жыйылып келчү эмес элеңер, мага карата айтаар сөзүңөр бар сыяктанат. Кана агайын-туугандар, сөз силерде” дегенде уруунун башын бириктирип жүргөн кадырлуу карыя Мусага кайрылып: “Кагылайын Мусаке, өзүң урук-туугандын ынтымагынан чыкпаган эстүү жансың. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дейт кыргызда. Кеңешпей иш кылыпсың, өзүңө тең эмес келинчек алыпсың. Өзүң атактуу балбандардын тукуму болсоң, өзүң да атактуу балбан болсоң, бул эмне деген жоругуң деп чогулуп келип калдык. Бүткүл арап тукуму силер менен сыймыктанчу элек…” дегенде балбан Муса, эр Муса: “Макул, кетирейин. Силердин тилиңерди албай мен кайда барам?” – деп бир аз тымып жер карап олтуруп, айтаар сөздүн баарын жашырбай ортого салып армансыз айтайын дегендей чыйралып, кайрадан сөзүн улайт:

“Мусанын көзү жокпу, акылы жок келесообу деп ойлобогула. Бул катынды мен өзүм үчүн алган жокмун. Тээтиги байкуш үчүн алдым” деп ичкен-жегенин, чычкан-сийгенин билбей капшытта калың төшөктүн үстүндө жаткан токсондон өтүп жүзгө таяп калган атасын көрсөтөт. “Ушул байкуштун төшөк тартып жатып калганынан бери багы ачылбады. Менден улуу эки агамдын катындары өң десе өңү, бой десе бою келишкен тукум улаар сулуу катындар экен, тиги шордуунун булганган төшөгүн жууп-тазаламак түгүл жакын жолобой, жийиркенип жаа бою качып жатышпайбы! Бок-сийдикке чыланып чирип өлөөрүндө тукум бузмактан балакет болсо да мейли деп иреңи суук ушул катынды алганы тиги байкуштун багы ачылды. Күнү ичи өтсө – күнү жууп тазалап, түнү ичи өтсө – түнү жууп тазалап, бок-сийдиктин өзү эмес жытын жолотпой багып жатат. Мен бул катынды өзүмө эмес, ушул шордууга алдым эле, мейли, кетир десеңер кетирейин, силердин тилиңерден чыгып кайда барат элем” деп ордунан обдулуп тура берерде жер карап сөз тыңшап олтурган тууган уругу: “Айланайын, Мусаке, ак чөп башта! Жагдайыңды эми түшүндүк. Айткан сөзүбүздү кайра алдык. Кетире көрбө мындай алтын келинди!” деп чуру-чуу түшкөнүнө карабай: “Жок, айланайын туугандар, силердин адеп айткан сөзүңөр мен үчүн улук сөз. Алжыган чал үчүн тукум бузуштун канчалык кереги бар?! Ошону ушуга чейин түшүнбөгөн мен акмакмын. Кетир дедиңер кетирем!” деп мурдагыдан да кайраттуу бак-бак сүйлөп жулкунуп тура берерде кары-жашы дебей Мусакелеп басып жыгылышып эптеп эпке, күчтөп сөзгө келтиришип: “Тукумуң өссүн, алганың менен тең кары” деп кайра-кайра алакан жайып бата беришет…

Муун муунга алмашып, баягы буура булчуң, терек бой балбандардын улам кийинки муундагы тукумунун бою пастап, өңү серттеп, ата-бабасынын балбан дени кеткен менен баатыр жүрөгү калып, булчуң күчү акыл күчүнө айланып Салижан сыяктуу акыл-эстүү, билимдүү, жүрөктүү тукум төрөлө баштаптыр” десем демейде Салижан десем койчу ошонуңду деп кол шилтечү Жалил агам бул сөзүң мыкты экен деп дилин төшөп, дитин коюп, көзү кубанып, кулагы сүйүнүп укту. Кез-кез оюна түшө калганда: “Баягы Салижандын чоң атасынын аял алгандагы окуясы мыкты ээ” деп тамшанып эскерип жүрдү. Ошол күндөн тарта качан болсо салтка каршы деген Салижан агага болгон мамилеси өзгөрүп, “анын айткан сөздөрүндө да жүйөө бар” деп жактап да, колдоп да сүйлөй калчу адат тапты…

 

Нуралы Капаровдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.