Динара БЕЙШЕНАЛИЕВАНЫН чыгармаларынан
АЙЫККАНДАР АЙЫГААР ӨЛҮП ГАНА
Ал мыктыбы, мыкты эмеспи билбейм, бирок, бу калем деген неме экөөбүз тээ бала кезден бери биргебиз. Кээде аз жазып, кээде көп жазып, түз жазып, ийрелеңдеп, айтор, келатыры мени менен. Кээ күнү биз эски досторчо отуруп алып, өткөн ар бир күнүбүздү эстеп чыгабыз. Көйнөгүм бир шкаф. Бирок, бир жакка кийейин десең түзүгүн таппай, суй жыгылам. Жылдарымды карасам да ошол көйнөктөрүм сыяктуу тура…Жок, күндөргө ыраазымын. Күндөр мага ыраазыбы деген кеп…
Ар күнүмдү тизем көз алдыга.Тизсе болот экен, бир ууч күн да. Аялдардын бир, он муунун көрдүм бер жагы. Жаңы басып жүргөнүмдө эшиктин астына жалаң ак жоолукту алдыга байлап салынган кемпирлер келчү эле. Алар бат эле бир жакка көчүп кетишкенсип, жоголуп кетишти. 5 жаштарга чыгып калганда жоолукту аркасына байлангандар келчү эле, алар да жок болуп кетишти. Кийинкилер жоголушту. Анан кийинкилер…Бирок, ошонун бары биригип, бир ууч экен…
Баарыбыз чокуга чыгып баратырбыз. Бирөө кыя жол менен. Бирөө тескей, бирөө күнгөй, бирөө сай менен, бирөө шагыл таш менен…
Чоку көк мелжийт. Аман чыгып барыш үчүн ууну жеп албашың керек. Эң биринчи арам, адалга көңүл бурасың. Бир топ баргандан кийин, акылыңды тунукташың керек болот. Ысык, суук, жарык, караңгы,төмөн, пастык бар…
Ишеним, сабырды бек тутуп, көрөгөчтүк менен баса беришиңди талап кылат бу жолдор…
Баарыбыз чокуга чыгып баратырбыз. Бирөө кыя жол менен. Бирөө тескей, бирөө күнгөй, бирөө сай менен, бирөө шагыл таш менен…
Аалам ушул, айлампа, шарапкана,
Алкымыңды агытаар, шалактама.
Кулаганда кургуйга, өөдөлөбөй,
Кудай дээрсиң, жалынып Жаратканга.
Делбетапбыз, жер үстү оорукана,
Дене-топо, жаралган оорупкана.
Тирүү туруп өлүктөй жашоо кыйын,
Айыккандар айыгаар өлүп гана…
Айыккандар айыгаар өлүп гана…
КУДАЙ ЖАНА КИЧИНЕКЕЙ КЫЗЫЛ СУМКА
Мен түндү кара костюм, шым кийген жигитке окшоштурам. Үнсүз. Ичи таза. Сыр. Тагдыр…
Өмүрүмдө бир тал чачым түшкөнчөлүк зыянын көргөн жокмун бул кара түндүн. Келет. Кетет. Ушул азыр бала кездеги бир окуя эсиме түшүп кетти…
Издеп барган үйүмдү таппай кайра кайттым. Түнкү саат он эки. Дүпүйгөн бак ичиндеги бир таман жол менен тыпылдап басып келаттым. Жука көйнөк менен чыгып алган экем, тоңуп калдым. Кеч күздүн түнкү суугу сөөгүмдөн өтүп баратты. Аңгыча, алыстан эки караан көрүндү. Ит-пит каап албасын деп элеңдеп келаткан жаным түз эле баягы караандарды көздөй чуркап жөнөдүм. Бир убакта “күп” этип эле учуп түштүм.Тизем менен кесилген дарактын урчугуна тийипмин, шырылдап канап кетти. Шашкалактап, бет аарчым менен бутумду байлап алгыча тигилер кетип калышыптыр. Ка-ап, кайда кетишти экен, эш тутуп атпадым беле. Аксаңдап басып, чоң жолго чыктым. Машиненин жарыгы көрүндү, кол көтөрдүм. Милициянын машинеси экен, жайлап калды.Токтойт экен деп, алдыга бастым. Менин жаныман өтө берип, газды басып, зуу койду. Түн ичинде калың бак ичинен чыга калган, бутун да байлап алган эмне болгон кыз дешти бекен? Жаш, 15-16 дагы кыздан эмнеге анчалык качышты экен, түшүнбөй калдым.Аялдамага келип отурдум. Эки тизени бекем кучактап отурган киши азыраак үшүйт экен. Түнкү саат эки. Аңгыча, алыстан дагы жарык көрүндү.Бу сапар ордумда отура бердим. Жарык жакындап келип, жаныма токтоду. ”Чоң кыз, каякка барат элең? – деди шопур машинеден сыртка чыкпай эле терезесинен баш багып. “Аскар-Тоо айлына”, – “А-а, мен ал жакка барбайт экем, бер жактагы бурулушта эле калам.”
Машиненин ичи ысык экен, калчылдаганым токтоду. Өзүмө келгенимди көрдүбү, айтор, “Мынча кеч калдың?”, – деди отуздар чамасындагы шопур киши. “Иш менен келгем. Анан…” – унчукпай калдым. Сагынбек байкенин үйүн издеп келгем. Апама дары алмакмын. Качантан бери карыз алган акчасын бербейт. Бирөөлөр парктын эле жанында, көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турат дешкен да. Дары алалбай калганымды эстеп, тамагыма бир нерсе тыгылгандай болду. Апага байланышкан сөз болсо эле ушинте бермейим бар, унчукпай калдым. Киши да башка суроо узаткан жок. Төбөгө байланган узун чачка кыстарылган ак көпөлөк заколканы, жеңил кийинип,тоңуп калган мени баштан-аяк сыдыра карап келатты күзгүдөн. Бир жарым саат жол жүргөндөн кийин машине калың токойду аралап өтчү кашка жолго бурулду. Бу киши ушул жерге чейин келмек. Андан ары өзүм деле кете берем. Бирок, бул токойдо чөөлөр бар. Мейли, чуркап өтүп кетем. Бирок, машине токтобой андан ары жүрүшүн улай берди. “Жарым сааттык жол калды, жеткизип коёюн” – деди го дейм. Бир убакта машине токтоду. Чытырман токойдун так ортосуна келиптирбиз. Шопур сыртка чыкты. Май куйайын деп атса керек. Бирок, май деле куйган жок. Машиненин маңдайына сүйөнүп, тамеки түтөттү. Эс алайын деген го, ар жакта күүлдөп дарыя агып жатпайбы. Дарыянын жээги кандай сонун. Күркүрөп кирип жатыры тимеле, шапаатасы ушул жакка чейин жетет. Ачык эшиктен уруп жаткан таза абага көңүлүм көтөрүлө түштү. Шопур да тамекисин тартып бүтүп, машинеге кирип келатты. Анын мен жакты жалт караган чагылгандай көздөрү ай жарыгына жарк чарк эте көзүмө түштү. Кандай түштү ошондой эле жалт этип артка чегинди. Аны эч жаман ою жок туптунук, балбылдаган бала көздөр жакшы көрүп тиктеп турган болчу…
Шопур ордуна келип отурду. Анын эки ийини түшкөн сыяктуу көрүндү артынан. Жана, сыртта тамеки тартып жатканда анын ийиндери учуп жүргөндөй сезилген. Машине ордунан козголду. Үйүмө бат эле жетип келдим.
— Байке, ушул жерден токтоп коюңузчу-дедим тиги байкеге. Машине токтоду. Бул жакшы кишиге төлөй турган акчам да жок. Шагыраган майда тыйындарды кантип сунам? Билип турам, сунсам ал “тим эле кой”, – деп албайт. Мен, жок, алыңыз – дейм. Алыңыз дегенге жараша акча болсо жакшы болмок да, тамагыма дагы бир нерсе тыгылды. Болгон тыйындарымды сумкам менен кошо отурган ордума калтырып, машинеден түшүп кеттим. Бул чоктой кызыл, кичинекей сумка менин жалгыз байлыгым болчу…
Бу жаным денем менен бет келгенде,
Дем алуум, дем чыгаруум чектелгенде,
Билгенмин түн менен Сен келээриңди,
Как өзүм кара өңдөргө кептелгенде….
Как өзүм кара өңдөргө кептелгенде….
Адамсың, ат коёлук деп келгенде,
Кайыптык капас менен четтелгенде,
Билгенмин Күн менен Сен келээриңди
Жалалдык жалган менен беттелгенде…
Жакшылык жаман менен беттелгенде…
Жаан сунсаң – жылуугуң төгөөрүңдү,
Кар сунсаң – көкүрөк көз берээриңди,
Түн сунсаң – жарык нуруң себээриңди.
Билгенмин, Сен мен үчүн келээриңди…
Билгенмин, Сен, Сактоочу келээриңди…
ӨЗҮҢДӨН ЧЫКПА
Көчөөр дүйнө кел-келдүү, көзүңдөн чыкпа.
Көк чапчысаң, жер да бар, эсиңден чыкпа.
Эки өлүм бар өмүрдө,тирүүсү жаман,
Эки өлбөгүн, адамдык кезиңден чыкпа!
Ант бердиңби, аткаргын, сөзүңдөн чыкпай.
Ар бир иште – акыл бол, сезимден чыкпай,
Күркүрөткөн – Мекениң, элиң, эне тил,
Күндөй бийик туталы, өзүңдөн чыкпай…
Күндөй бийик туткунуң, өзүңдөн чыкпа!
АСМАН, ЖЕР
Адам ал бир аалам, ушунчалык чексиздик дүйнө бар анда, чектүүлүк да бар. Оң-сол бар, ак-кара бар, ачуу-таттуу, оор-жеңил, жалган-чын бар. Жалган адам – сырткы өң, чын адам – ички дүйнө. Чыныгысы өлбөйт, жалганын көргө коюшат. Адам жөнүндө жазып баштасаң, таң аткандан күн батканча тал кирпиги жазылып бүтпөс. Улам бир кырынан ачыла берээри бар. Адам – Кудайдын эң мыкты, көркөм чыгармасы. Кудайдын Жаратмандыгын, Даанышмандыгын өзүңдү таанып туруп, баш ийсең болот… Кубат аке: ”Кудайды таануу – өзүңдү таануу дегендик”, – деп айта кеткени бар эмеспи бир маегинде.
Топурактан жаралды деген адамдын (Калий, кальций, фосфор, темир, магний топуракта бар эмеспи) эт жүрөгү Кудайдын падышачылыгынын эшиги тура. Ал бир Үлкөн жакшылыктын, Бар Болуунун эшиги экен, көрсө…
Падышалык эшиги муш, эт жүрөк,
Эки дүйнө ээлиги кең, миң аалам.
Беш сезимин, беш кийимдей оронуп,
Согот жүрөк, дүк-дүк этип, бир аалам.
Көз көргөнү, кулагыңдын укканы,
Көкүрөксүз даам татканың, тутканың.
Өөдөлөтпөй, жерге тартаар жер болуп,
Өлчү жандын – утурумдук утканы….
Өлбөөчүнүн,-
Өйдөлүгү,
Утканың…
ЖЕТИ МИҢ КАЛЕМ ЖАЗАЛБАЙТ
Таң менен үйгө ак сүртүп,
Кеч менен кенен олтурам.
Жазбаган бүтүн жазам деп
Болбогон калем болтурам,
Апаке, бирок, сен десем,
Көзүмдү жашка толтурам….
Кыл калем учу кыл экен,
Тамгалар болсо кырк чама,
Кырк тамга сени жазалбайт.
Уктабай аткан бир таңың…
Жети миң нота казалбайт..
Жети миң калем жазалбайт
СҮТАК
Чырак жанып, үйлөрдө бүлбүлдөгөн,
Чыгыш, батыш, ай-аалам күлмүңдөгөн,
Чымчык Сүтак: “ак эле, ак” дээр эле,
Чынар шуулдай, үн коштой булбул деген.
Жок эле жоомарттыкта оң, сол деген.
Жок эле анда, жоболоң жолдор деген.
Жок эле жобо, токтом-өмүр уурдаар,
Жок эле кол телефон колдоо деген.
Адамды адам союп, тооруй элек,
Айры аяк орган “базар” ооруй элек,
Кез эле Африка чоң жаракасыз,
Кез эле Арал деңиз соолуй элек…
ЖОКТУК МЕНЕН БАРДЫК
Асманды тиктейм. Ак булуттар каалгып жылып баратыры. Көктөгү жоктукту көзгө көрүнбөгөн аба бүртүкчөлөрү толтуруп турат эмеспи. Биз айткан жаман-жакшы кептер да көккө көтөрүлүп, абадай каалгыйт экен. Жоголуп кетпей, жамгыр сыңар жаап, кайра эле өзүңө тагдыр болмогун айтышат. Табышмак дүйнөгө таң кала берем. Өңгөнү ойлобосок да, өзүбүз үчүн жакшы кеп айтмак абзел турбайбы андай болсо…
Ооба, жок болуу үчүн эмес, бар болуу үчүн келгенбиз…
Бар болуу – кекиртек үчүн жашоодон өйдө көтөрүлүү. Жандыктын баарынын башы, көзү жүрөгү бар. Акылы, оң-солду тандоо – эркиндиги жок. Адамга гана берилген эркти жашоонун оң тарабына жумшоо-түбөлүккө апарат, караниеттиктин арты – жоктук дешкен аталар.
Алардын баскан изи бизди адаштырбайт…
Көк асманың – оркестр, бороондор – хор,
Убак, саатың таякчан – ал дирижер.
Бүт күндөрүң бир обон – ал бир карып,
Бүт өмүрүң – чагылган, ал бир жарык…
Оо, бүлбүл от, түптүз да, түзсүз жанаар,
Түбөлүктү көзөп да, көчүп бараар
Көзөлбөгөн, көөнөрбөс жалган – оюн,
Жарк этип бир, жалп этип, өчүп калаар…
Жарк этип бир, жалп этип, өчүп калаар…
ЖАЛГЫЗ ЭМЕССИҢ
Бүт дарыя сыя болуп акса да,
Бүт дарактар калам болуп жазса да,
Буйрук берээр Асман үнүн жазалбас,
Буркуратып, бүт талантын чачса да…
Бүт досторуң каршы сага чыкса да,
Бүт душманың биргелеше тытса да,
Ажалы жок чымын өлбөс буйруксуз,
Албуут оору – оор төшөккө жыкса да.
Тагдырым деп, баш ийе бер, жан досум,
Таалай сунаар Жалгыз Кудай бар, досум!
ШАМ ЖАНЫНДА
Сырткы келбет менен ички дүйнө экөө эки башка көрүнө берет эмеспи. Кымбат кийинип, жакшы сүйлөгөндөрдүн жандүйнөсү кээде арзан чыгат.
Кедергиси жалгыз башына тийсе мейли, жалпыга тийгени жаман…
Сыртта түн. Бурганактап кар жаап жатыры. Үстөл үстүндө шам бүлбүлдөйт…
Көрктүүлөрдөн көрксүзгө өтө келген,
Көздүүлөрдөн көзсүзгө жете келген,
Күндөн ирмем – түбөлүк издедим, эй,
Көмкөрүлгөн дүйнөдөн кете берген…
Көмкөрүлгөн төбөдөн өтө берген…
Күбүп түшүп гүлдөрдү – мазалаган,
Кечти таңга жеткизбей – тазалаган,
Кел-келдерден келишкен чындык издейм,
Кесир сөздү кечирбей, жазалаган…
Кесир сөздү кечирбей, жазалаган…
ТЫҢШАГАНГА УГУЛААР
Узак-узак, кыскалыктын кырлары,
Бийик менен төмөндөөнүн сыйындай.
Тыңша-тыңша, тыңшаганга угулаар.
Тынымы жок жоголуулар ыйындай,
Актан дагы, карадан да үн чыгаар,
Асман, жердин айкалышкан сырындай.
Тыңша-тыңша, тыңшаганга угулаар.
Бар болуунун байырлаган ырындай….
ТҮНӨК
Таңкы асмандай аппак сенин тилегиң,
Таңдай катып, таалай жакка сүрөдүң…
Дилбаригим, дил жарыгым, жан ырым,
Дилиме кел, кел, көкүрөк – түнөгүң…
Элеп-желеп, чындык үнү – жүрөгүң,
Кеткендериң, келээр чагың билемин…
Учкун, учкул, утушу бар дүйнөдө,
Утурумдук сен болосуң – түнөгүм…
АПАЛАР БАР БОЛСУН
Кудайдын даанышмандыгына таңкалам. Өз мээриминен бир үзүмдү эне мээрими деп атап, энелердин жүрөгүнө салып койгону керемет. Жан берип, ден берип, дем берип турган Кудай акысына эч нерсе сурабайт. Эне дагы баласын айланып-кагылып сүйүп, сүйүүсүнүн акысын сурабайт. Даанышман Зат ошон үчүн бейишти эненин таманына катыптыр. “Апаң кечирбесе, Алла кечирбейт” деген кеп бар. Эгер, энеңе тил тийгизип, сыздатсаң ал “кечирдим” демейин Кудай да кечирбейт тура. Апаң кечирбеген боюнча көз жумуп кетсе, узун-узун өмүрлөргө доо кеткени ошо турбайбы…
Энени сыйлоого чоң нерсенин деле кереги жок. Сенин астыңдагы чүрүшкөн кемпирге мээрим, жакшы мамиле керек, болгону. Жаркылдап кийинип, балпылдата тамак жей албайт. Ары-бери кыдырып басалбайт. Ага да күч-кубат, ден-соолук керек. Күч-кубат, ден-соолугунун баарын сага жумшаган, ошону эч эсиңден чыгарба!
Сен дүнүйөнү колуңа кармап алгансып, кабак бүркпөй жакшы сүйлөп кой. Эртең менен жумушка баратып, “Мен жумушка баратам, апа, жакшы тур” – де. Кечинде жумуштан келип, ”Кандай отурасың, апа, чай-пай ичтиңби?” – деп сура. Ал сенин аман-эсен, сак саламат келишиңди тилеп, күтүп отурат. Бул эмнени түшүнөт дебей жумушуңдагы жакшы жаңылыктардан сүйлөй отур жанында, өзүн керек адам сезсин! Кээ бир иштериңди акылдашып, ушундай кылсам туура болобу деп акыл сурап коё бер, андан төмөндөбөйсүң, бийиктейсиң!
Апаңдын көңүлү көтөрүлсө – ишиңдин жүрүшкөнү ошо. Ушул кичинекей нерсе – чоң бакыттын ачкычы экен, көрсө. Апалар көп жашасын!
Элеси – кыйналсаң маңдайда,
Энелер бар болсун, кай-кайда.
Эңшерип кетет эй, дүйнөңү,
Эмизген ак сүтү – таңдайда…
Жүрөгү балам деп эзилди.
Көздөрү балам деп жешилди.
Сөөктөрү кырк бошоп, кырк бекип,
Күрүч тиш балам деп кетилди…
Бар болсун, апалар,
Бар болсун!
БҮГҮН ДАГЫ БИР ЖАРЫККА ЖЕТКИРДИ
Акыл эмнеси менен баалуу десе, анда адептин бардыгы тура. Адеп – адамдын абалынын тили. Бир көрөсүң-ичиң жылыйт. Демек, анын акыл-эси, турган турпаты, ой-ниети таза. Ооба, бу дүйнө ушундай акылдуу, эч ким эч кимди алдай албайт. Анткени, ички жарык, караңгылык да сыртка чагылып турмагы бар тура…
Бүгүн дагы ак таң атып, кеч кирди.
Бүгүн дагы бул улуу күн эскирди.
Бүгүн дагы Ал, Бир, Өзү жетектеп,
Бүгүн дагы бу Жарыкка жеткирди…
Бүгүн дагы жан ырларым агып тур,
Бүгүн дагы бүлбүл-бүлбүл жанып тур,
Бүгүн дагы дир-дир этип, билинбей,
Бүгүн дагы бу жүрөгүм кагып тур…
Бүгүн дагы бу жүрөгүм кагып тур…
ӨЛӨЛЕКТЕ ОЙГОНГУМ КЕЛЕТ МЕНИН
Түн. От жанында жалгыз отурам. “Киммин? Кайдан келдим?” – деген суроолор от сыңары дуулдайт. Кереметке жетип, учуш үчүнбү? Анда, чымчык дагы учалат. Сүзүш үчүнбү? Балык дагы сүзө алат. Том-том китеп жазыш үчүнбү? Адам жаралганы эле китеп жазып келатыры. Ай ошондой эле чыгат. Күн ошондой эле батат. Апаат, согуш, азап, азгырык, таң-тамаша дале ошондой уланып келет. Өлүм дале ошондой кезеги менен келип, кезмеги менен кечиктирбей алып кетип жатыры. Каякка? Алар каякка топтолушат? Ханы, да беги да кармалып калган жок…
Ооба, башталган нерсе аяктайт. Башталышы, аяктоосу болбогон ал – Жараткан.
Жаратылгандар сынактан өтүү үчүн изденет тура.
Изденген жолуңда дүнүйөнү эмес, адамгерчиликти, ыйманыңды карманат экенсиң. Калганы темир менен топурак.
Сулуу дене, орден-медаль, алтын, күмүш дүнүйө, күрүлдөгөн күч-кубатты айтам…
Түбөлүк жөнүндө сөз… От дуулдайт… Ойлор от сыяктуу дуулдайт…
Көзүм уйку, көңүлүм оңот менин.
Көргүн, бирок, улуу көч согот деми.
Көөлдөгөн дүйнөдө, көөдөнүм күч,
Көөнөрбөгөн Өзүң деп согот жели…
Көзүм уйку, көңүлүм оңот менин…
“Өлүм бир күн ойгон деп келет” – дегин.
Өлөлекте ойгонгум келет менин.
Өзүң мурун, мээр менен “ойгон” – дечи,
“Өмүр шондо бөксөрбөй, толот” – дегин…
Өлөлекте ойгонгум келет менин…
Ойгонгум,
Келет менин…
ӨЗ ЖОЛУМДУ АЙСЫЗ ТҮНДӨ ДА КӨРӨ АЛАМ, ДОСТУМ
Мен арфанын үнүн укпайм,
Бирок, жалбырак симфониясын тыңдайм.
Мен тыйын шылдырына кол шилтеймин,
Бирок, суу шыңгырын тыңшайм.
Мен ызгаар калпта жашап көнө албадым,
Бирок, суук ичинен күлкү бөлө алам.
Мен бир пендеден жылуу сөз күтпөймүн,
Бирок, кардын кайнактыгын өбө алам…
Сенин кайда баратканыңды билбейм, достум,
Бирок, өз жолумду айсыз түндө да көрө алам.
Өз жолумду айсыз түндө да көрө алам, достум…