Кор болгон Жусуп
Жусуп Турусбеков эске түшкөндө же китебин кайрадан кармап калган чактарда, негедир дайыма көз алдыга опол тоонун элеси келет. Замандаш жүрбөгөн кийинки муун көзү өткөн ар бир жазуучунун элесии өз туюму менен элестетет эмеспи. Maга Жycyп Typyсбеков дамаамат залкар болуп элестейт. Башкасын мындай коелу жалаң «Ажал ордунасы» авторунун тарыхый темага белсенген орчун ойду туп тамырынан көтөргөн, өмүрү болсо келечекте не бир зор тарыхий романдарды жазып берер алибети бардыгын айтып берип тургансыйт. «Ажал ордуна» 30-жылдардын башында жазылып, премьерасы 34-жылы болгону, жаңыдан калеми төшөлгөн жаш автор ошол доордо андай терең маанилүү драма жазганы бүгүнку «жетилген» доордогу бизди таң калтырат. Мындай ишке жалаң гана белдүү талант эмес, 16-жылдын трагедиясын башынан кечирген, улуттун бир капшытын эңшерткен ал трагедиянын маңыз-маанисин, тарыхий себептерин жаны кашан ойлонгон ойчул жазуучу гана жаратмак.
Эгер тирүү болсо Жусукең кийинчирээк адабий катуу азапка түшмөк, ыр жазганды да таштап, олуттуу тарыхый романдарга өтмөк. Себеби көрген-билгени, ой толгоосу ага тынчтык бермек эмес. Канча жылдардан бери чыгармаларын улам кайра окуп калган сайын мага ушул ой келет. Аттиң ой ой боюнча калып, ал кишинин өзү жок.
Ушундан улам Жусукенин өмүрүндөгү бир окуя эске түшөт. Бул окуяны мен ыраматылык Самансур Бөлөкбаевдин өз оозунан уккан жайым бар. Ал экөө согушта бир болуп, жанаша жүргөнү Самансурдун эскерүүлөрүндө жазылган эмеспи.
1942-жылы Жусуп аскерге чакырылат. Жөө-жалаң аскердин даярдоо окуу жайында окуп жүрөт. Ушул эле Фрунзедеги гарнизондо «Кызыл жоолукчан», «Эсимде» деген ырлары А. Малдыбаев менен А. Огомбаевдин учкул канат обондорунун коштоосунда эл оозуна тарап, «Ажал ордуна» драмасы 39-жылкы Москвада өткөн декадада кыргыз искусствосуна намыс алып берип, либреттосун кошо жазышкан «Айчүрөк» операсы мындай жанрды билбеген кыргыз журтунун сүймөнчүлүгүнө жетип, өзү «Ардак белгиси» орденин көкүрөккө жаркылдата тагынып, жаш кези эмеспи, балким, көңүлү көкөлөп жүргөн Жусуп аскерге чакырылып, аскер формасын кийип, аскер тартибине аргасыз баш ийип калат. Чыгармачыл киши энөө келет, чыгармасын ойлонбой жүрө албайт. Бир күнү гимнастеркасын чечип алып (42-жылдын ысык жайы), үңкүйүп, тизесиндеги кагаздарына бирдемелерди жазып отурса кенже командирлердин бирөө көрүп калып, «Эй, жазгыч!..» деп орусча ашата сөккөн экен. Жанындагы корзина толтура кагаз дейт. Алаңдаган Жусуп ордунан тура калып, жылаңач какыйып честь берет. Анысына ого бетер жини келген командир айыпка жыгып, наряд берип салат. Кайран Жусуп ошентип гарнизондун полун жууп дөңкөңдөп жүрсө (а кезде аскердин бут кийими азыркы кирзи өтүк эмес, батинке жана шыйракты тизеге чейин орогон обмотка болгон), обмоткасы жанып кетип, узун коридордун башынан аягына чейин чубалып сүйрөлүп жүрүптүр. Аны байкаган Жусуп жок. Алиги командирби, же башкасыбы аны көрүп калып, мурдагыдан бешбетер сөгөт. Жооп кайтаргандан кайыр болбосун билген Жусуп башы жерге салбырап, кор болуп туруп берет…
Ошол күздө театр сезону ачылып, «Ажал ордуна» да, «Айчүрөк» да коюлуп, өзү тыякта кордук көрүп жүргөн Жусуптун быяктагы даңкы таш жарып турган кез. Жусуптар согушка жөнөөгө жакын калып, Фрунзенин, үстүндө, кыязы Жалдын нары жагы болуу керек, талаа даярдыгында жүрөт. Отделение командири куйкул сары орус жигит, аскер тартибинин катаалдыгын катуу кармаган неме окшойт, жөө-жалаң аскерлерди машыктырып, нары бастырып, бери бастырып жаткан экен. Күн ысык, болпойгон Жусукенин кетпеген жеринен тер кетип, чаң аралаш эки жаагынан ылдый куюлуп, энөө жаны команданы көп деле аңдабай, «налево», «направо» деген буйруктарды тескери аткара бериптир. Ким билет, анда да бир чыгарманы ойлонуп, команда кулагынын сыртынан кетип жаткандыр. Өзү да кыйналып, аткарылбаган командасына жини келип турган сержант отделениени токтотуп, катардан Жусупту чыгарып алып, аскерлердин алдында «баран» деген «сылык» сөзүнөн баштап, эң балит сөздөр менен сөгүп жатыптыр. Жусуп дале болсо башы салбырап, унчукпайт. Унчукканда эмине, тиги неме анын ким экенин билип коюптурбу. А балким билсе, ого бетер өчөшмөкпү. Бирөөнүн кадыр-баркын көрө албаган, өзүнөн төмөн басмырлагандар болот эмеспи. Айтор ошентип жети өмүрүн жерге киргизип, 16-жылдагы көргөн кордугунан ашыра кордоп жатканда чаң уюлгутуп бир машине жетип келет. Аскерлердин жанына токтоп, бир чоң командир чыгат да, маңдайына барып честь берип, рапорт айтып туруп калган сержанттын сөзүн кулагына илбей, «Кто здесь Джусуп Турусбеков?» деп заңк этет.
«Тетиги неме» деп сержант катардын алдында шылкыйып турган Жусупту көрсөтөт. Чоң командир сержанттан бул аскер эмне күнөө кылганын сурайт. Сержант такылдап айтып берет. Ошондо алиги чоң командир сержанттын өзүн ашата сөккөн экен
— Сен билесиңби бу киши ким экенин?! Сен өзүң айбансың, а бул болсо кыргыздын чоң жазуучусу! Экинчи тилиң тийчү болбосун! – дейт.
Ошентет да Жусупту машинеге салып, шаарга алып кетет. Бозала болгон сержант калат аңкайып.
Көрсө ошол күнү кечинде театрда Жусуптун драмасы коюлуп, кыязы республиканын чоңдору көрмөк болуп калганбы, айтор, авторду аскерден алдырууга мажбур болушкан экен. Алиги чоң командирди жумшашкан көрүнөт.
Эмнеси болсо да кыргыздын көзгө басар жазуучуларынын бири, атактуу Жусуп Турусбеков алигидей кордук көрүп, анан кийинкидей урматка бөлөнүп жатканда кандай ойлорго батты экен деп көңүл кейийт. Аскердин, согуштун азабын ким көрбөгөн. Бирок назик сезим, учкул кыял жазуучу арманын эч кимге айтпай ичке катып түнөрүп, эч кимге арызданбай же мактанбай көп катары согушка кете берип, көп катары кандуу майданда окко учуп, топурак тиштеп жан бергени, не бир залкар чыгармалар жазылбай автору менен кошо өлгөнү, кыргыз адабиятынын бир кабыргасы сынганы, элдин маданий казынасы бөксө бойдон калганы жан кейитет.
Эл башына күн түшсө эр жигиттер аянмакпы. Бирок окко бет келип согушпай эле жан дүйнөсүн элинин кызматына жумшачу таланттарды кор кылып, анан биротоло ажырап калуу деген кенебестик гана түгүл колунан келип турган чоңдордун карөзгөйлүгү эмеспи.
Жусуп Турусбековду эстеген сайын жолдошу, ыраматылык Самансур Бөлөкбаевдин ушул айтканы элес болуп көз алдыга тартыла берет.
Ашым ЖАКЫПБЕКОВ, «Кыргызстан маданияты», № 43 (1239), 25-октябрь, 1990-жыл.
Аттокур Жапановдун Фейсбук баракчасынан алынды



