Кыргыз поэзиясынын антологиясы англис тилинде чыгат

Яхья ФРЕДЕРИКСОН, АКШдагы Минессота мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор.
Яхья ФРЕДЕРИКСОН, АКШдагы Минессота мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор.

АКШлык профессор Яхья Фредериксон Ж.Баласагын атындагы КУУнун чет тилдер факультетинин котормо жана котормо таануу кафедрасында Фулбрайт программасы менен алты айлык мөөнөткө келип, студенттерге лекция окуп, тил үйрөнүүгө, котормо маселесине көмөктөшүп жатат. Яхьянын дагы бир чоӊ максаты — Кыргыз поэзиясынын антологиясын англис тилинде чыгаруу болуп эсептелет. Биз океандын ар жагынан келген окумуштууну ат жалында маекке тарттык.

– Яхья мырза, Кыргызстанга кош келипсиз. Алгачкы таасирлер кандай болууда?

– Эӊ сонун. Мен Кыргызстанга эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизиндеги программанын алкагында келдим. КУУда студенттерге сабак өтүүнүн ыкмалары жана котормо маселесинин үстүндө иштеп жатам. Бул жакка келерде Кыргыз адабиятынын антологиясы бар болду бекен деп китепканалардан издеп көрүп, таба алган жокмун. Көрсө түзүлгөн эмес экен. Башка элдердики бар экен. Мен ушуну түзүүгө бел байладым. Азыркы учурда лекциялардан тышкары Кыргыз поэзиясынын антологиясын түзүүнүн үстүндө иштеп жатам.

– Которуу түйшүгү кандай болууда. Сиз кыргыз тилин билбесеӊиз, кыйналып жаткан жоксузбу?

– Кыргыз тилин үйрөнүп жатам. Мурда араб тилин үйрөнгөм. Менин дагы бир байкаганым — кыргыз тилине араб тилинен кирген сөздөр көп экен. Кыргыз тарыхын, маданиятын поэзия аркылуу түшүнүп жатам. Мисалы, түндүк, марал деген сөздөр аркылуу мифологияларды, экинчи жагынан тарыхты аӊдап биле баштасаӊ болот. Мага акындардын ырларын кыргыз тили тарабынан коллегам сөзмө-сөз которуп берет. Ошонун негизинде текстти поэзияга айлантышым керек. Бул жөн эле кургак котормо болбосун үчүн ар бир акындын ички динамикасын, жазуу стилин, синоним сөздөрүн, образдарын, поэтикалык үнүн, салыштырууларын, берейин деген оюн, уйкаштыктарын сактаганга аракет кылып жатам. Мен өзүм акын болгондуктан ар бир сөздү ордуна коюп, ар бир куплетти дыкаттык менен кароодомун. Антологияга кире турган акындардын да тизмесин тактап, кайсы жылдары, кай тармакта жазгандарын изилдеп чыктык.

– Китеп качан жана канча нускада чыкмакчы?

– Минесота университетиндеги басмаканада Орто Азия багыты боюнча атайын бөлүм бар. Ошого алгач китеп формасынын толук текстин, мазмунун сунуш кылам. Анан алар тийиштүү нускада басууга киришет. Бул ишиме алар кызыгышууда.

– Америкада акындар көппү?

– Көп. Жакында АКШдагы акындардын чоӊ конференциясы болгону жатат. Ага 15 миӊ акын катышат. Бул келгендери эле. Ал эми үйүндө калгандары канча дейсиӊ. Бирок америкалыктар поэзияга караганда аӊгемелерди көбүрөөк окушат.

– Бул жакка келгендеги биринчи таасириӊиз кандай болду?

– Мен акындардын жергесине келгендей болдум. «Манасты» окуй элекмин, угуп жатам. Көчөлөргө акындардын ысымын ыйгарат экенсиздер. Мага аябай жакты. Жаӊы эле келгендиктен баарын айта албайм. Кеткенче дагы чоӊ-чоӊ таасирлер болот го деймин.

– Студенттер жөнүндө пикириӊиз?

– КУУнун чет тилдер факультетинин студенттери сыпайы, маданияттуу, тарбиясы жакшы экен. Мен көп жерде болдум, бирок мындай студенттерди жолуктурган эмесмин. Алар алгач сүйлөгөнүмдү угуп, унчукпай олтурушту. Көрсө менин акцентимдин башкалыгына таӊгалышып, ой жүгүртүп жатышыптыр. Англис тилин мыкты өздөштүрүп калгандары да көп экен. Айрымдарынын сүйлөө мүмкүнчүлүгү аздыгына карабай аракеттери зор экени байкалып турат. КУУнун котормо жана котормо таануу кафедрасынын окутуучулары да мыкты иштеп жатышыптыр. Биз Фулбрайт программасынын негизинде каралган бардык тажрыйба алмашуу ишин татыктуу жүргүзүп жатабыз.

– Америкадагы студенттер жөнүндө учкай айта кетсеӊиз?

– Бүт өлкөдө студенттер негизинен бирдей эле го. Сабакка даярданып келгендери жайдаӊдап күлүп олтурушат. Даярданбай келгени башын жерге салып, жашырынып олтурат. Бизде деле студенттер окуудан кийин иштешет. Алар түн ортосуна чейин иште жүрсө да, эртеӊки сабакка даяр болуп келүүлөрү тийиш. Ошентсе да жумуштун, турмуштун айынан көп учурда билимге аз убакыт калып жатканы өкүнтпөй койбойт. Бул жакта билим кымбат турат. Мен иштеген окуу жайы мамлекеттик болгондуктан арзаныраак. Бир жылга 15 миӊ доллар төлөшөт. Ал эми Гарвард өӊдүү окуу жайлардын жылдык контрагы 40 миӊ доллар турат. Мурда мен окуп жаткан кезде университеттер мынчалык кымбат эмес болчу.

– АКШдан бүткөндөрдүн жумушка орношушу кыйын эмеспи?

– Кайсы багытта бүткөнүӊө жараша болот. Илим жана математика жаатындагыларга оӊой. Ал эми англис тили, адабияты өӊдүү гуманитардык кесиптерди аяктагандарга иш табылышы кыйын. Азыркы шарт ушундай. АКШ азыр илимге жана математикага муктаж. Он жылдан кийин тескерисинче болуп калышы да толук мүмкүн.

– Кызыктуу маегиӊиз үчүн ракмат. Кыргыздын рухуна, поэзиясына кызыккан дүйнөӊүз талыбасын.

Аӊгемелешкен Майрамбек Токторов, «Кутбилим», 15.04.2016-ж.

P.S. Биз төмөндө акын Яхья Фредериксондун «Алгачкы тамакта» деген ырын Ж. Баласагын атындагы КУУнун чет тилдер жана котормо таануу кафедрасынын улук окутуучусу Гүлзамира Мамбеталиеванын котормосунда сунуш кылмакчыбыз.

Яхья Фредериксон

АЛГАЧКЫ ТАМАКТА

Түйүнчөктөр бөлмөнүн сыртында,
биз барабыз килем төшөлгөн коридор менен,
Мухамед мырзага учурашканга.
Портье буюмдарды орду-ордуна коюп, жөнөдү,
тамак ичкен бөлмөдөн столду бурчка жылдыра.

Кызым өзү сүйлөйт кош тилде,
улук кош тилде жазылган,
майланышкан менюну ачса –
сунушталган тамактардан – көздөр жайнайт,
ага мурунтадан белгилүү эле — тандоонун сыры.

Алгач официант — катыра жасалган ролдорду,
тамырлары дүрдүйгөн колдору менен калчайт.
кийинки келгенинде ал – тарелкага катып калган джем менен,
фольгага бекем оролгон майды гана сунуштайт.

Калай чайнектин үнү угулат — карс-курс,
кызыма турмуш тартуулаган тандай билүү,
ишеним менен кошо шыпырылгандай кетти.
сөзгө турбоонун сыпайысыздыгын,
өз көзү менен таразалап көрдү.

Мен шыбырадым:
Булардын ашканасында мындан башка эч нерсе жок.
Дегинкисин айтканда,
катарлаш столдо отуруп,
баамыбызга эч албайбыз,
алар чеккен көк түтүндүн ичинде,
биз адамдар эртели-кеч ышталабыз.

Чынын айтсам: жубайымдын тизесинде,
отурат кызым ыйлап,
ушул күндүн аппак таӊында,
Дамаск фонтандарынын шылдыраган назик үнүнө,
кулак төшөп, мен отурам,
кургак нандан улам сугуна.

Султан мейманканасы,
Дамаск, 2005

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.