Белгилүү акын, журналист Жолдошбек Зарлыкбеков дүйнөдөн кайтты

Чоң акын, чыгаан публицист катары таанымал Жолдошбек Зарлыкбеков узак оорудан кийин дүйнөдөн кайтыптыр. Бул суук кабарды “Азаттык” билдирди.

2011-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси чыгарып келген “Journalist news” гезитине ырларын сурап Жолдошбек байкени издеп үйүнө атайын бардым эле. Компьютерге али териле элек айрымдары колу менен жазылган, калгандары машинке менен терилген ырлары чогултулган бир нече папкесин берип жатып, каалаганын гезитиңе ал, сайтыңа да чыгарып кой деген эле. Бир жума убакыт берди.

Мүмкүнчүлүгүмө жараша ырларынан жаккандарын терип чыктым. Бир канчасын гезитке жарыялап, терилгендердин бардыгын бул сайтыбызга Жолдошбек Зарлыкбековдун өздүк адабий баракчасына чыгарып койдум.

Ошондо, китебим жакында чыкканы жатат деп кубанычы менен бөлүшкөн эле. Андан бери 5 жыл да өтүп кетиптир. А кайран киши, китебин көрбөй да калыптыр.

Бирок китебиңер чыкпаса да биз сизди Чоң акын катары билебиз. Анткени чыныгы поэзияга эч ким, эч нерсе жолтоо боло албайт, окурмандын жүрөгүнө баары бир жолду табат.

Жаткан жериңер жайлуу болсун, Жолдошбек байке.

Ырларынан

ТЫНЧТЫК ЖОК!

Мобул шамал шарактаган шакардай,
Эмне кайнайт бутактарда миң үндөп.
Мобул жолдор барар жагы базар жак,
Неге чаңдайт жөө тумандап, ириңдеп.

Бели ийри отургучтар береги,
Көтөрдү эле кимдин семиз салмагын.
Көлөкөсүн сүйрөп булут кебээрсип,
Эмнеге учат самсааланып-сандалып.

Мобул суулар кыларкандай суналган,
Эмнеге эшет толкундарын күнү-түн.
Мобул коңшум, ашмүшкө чай суранган,
Чаап жүрөт кай шумпайдын кылычын.

Акебайым! Байкап турсам тынчтык жок.
Өлгөндөр да тынч жатышпай көрүндө,
От жагышат алоолонтуп фосфорлоп,
Түшкө кирип, сесимди алат түнүмдө.

Мобул шаардын мүштөк ТЭЦи бургутуп,
Неге жай-кыш оозу — очок, мурду — көө.
Мобул Акүй сай-саясат былгытып,
Мобул Көкүй неге жай-кыш Чырдөбө.

Азы эркек, көбү айгыр катындар
Пикет жыйып, абийир төгөт кармасаң.
Гутенбергдин темир зооту такылдап,
«Агымды» ачсаң хайлайт «Хайл-Сайракан».

Кумурскадай быкылдаган таңатпай,
Тоодак көчүк машинелер жолдогу,
Айкалышта, ишке шашып баратсам,
«Пипилдетпей» өтүп кетсең болбойбу?!

Оштон келген, төштөн келген асылзат,
Насвай саткан, сагыз саткан жолдогу,
Жетишкенсип, кайта-кайта чыкылдайт…
Чемичкеңди чакпай койсоң болбойбу?!

Жаш чагымда такылдагы жакчу эле,
Асылдардын асфальт жолдо такасы.
Эмне минтип «тык-тык!» этип кайта эле,
Мээм чукуп ары-бери басасың!

Үйүмдө да тынчтык жок кымындай.
Чорго суусу жети атамды ататып,
Эмне мынча «тып-тып!» этип тыйылбай,
Мээм чукуп тамып-тамып жатасың!

Акебайым! Төрт тушумда тынчтык жок.
Оорукана, базар, вокзал гүрү-гүү.
Аз-аз ары Чымкоргонго түшчү окшоп,
Нервим бошоп, оозум кыйшак, жиними…

 

* * *

«Экөөбүз…» деген сөздө канча жыл бар?
Канча эргүү! Канча күтүү, канча кумар.
Кылчайсам артта жылдар айдыңында
улгайып барат улам кубанычтар.

Аттигиң!
Ушул сөздүн эпкининен
жел тийген барик окшоп титиребейм,
кусадар болбойм эми өзүңө мен.

А бирок, кээде жаным кыстаганда,
көңүлүм көк музданып муздаганда,
бук-зарым буураланып буктаганда,
жонумдан бүт жылдарды силкип, сага
бой урам жылаңаяк чуркаганга!

Ошондогу тумаксыз чыккан кыштай,
о, көпкө-көпкө келдиң эстен чыкпай.

Калдык биз, караңгалгыр, калдык мына,
кар жаабас, издер түшпөс бир уюлда,
тагдырдын акыл жетпес туюгунда,
жылдардын айнектелген мис-кырында,
жүрөктүн чоочун көрбөс булуңунда,
күндөрдүн колдон түшкөн сыныгында,
чындыктын чырактандай бир ырында.

 

СҮРӨТТӨГҮ ӨСКӨН ЖЕР

Жол кетет. Жолду жээктеп талаа кетет,
талаанын арты, билем, дагы талаа.
Кеткен жол илкип-салкып араң жетет
суу кечип, Боом өрдөп Тянь-Шанга.

Алкагы өрүк жыгач, буудай түс сыр —
эргүүдөн бүткөн сүрөт. Ойго тунам,
жанымдын дабаасына жазылган ыр
жаралган өңдүү жайсыз чындыгымдан.

О, айтпа, түшүндүрбө! Өскөн жердин
көгүндө күмүш канат булут шашып,
төрүндө дүйүм чөбү тамыр жайып,
жээгинде шамал дуулап, толкун ташып

жол келет. Жолду жээктеп талаа келет,
берилеп, улам жылган сайын дагы,
берилеп… илкип-салкып араң жетет
апамдын сөөгү жаткан айылга бу.

 

КАРА КУЖУР

Асмандын бир тарабы жайдак калып
чаалыккан булуттун кербендери.
Августтун күнү үргүлөп салмактанып,
шылкыят боз адырдын эрмендери.

Дарыя күмүш үнүн жашыралбай,
аркайган арык жонун каржактатып,
сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,
тынымсыз өзүн өзү жатат ташып.

Кыялай чайыр жолдо жалгыз аяк,
ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө.
Кыраңда ак жоолукчан апам калат,
муңайым сагынч катып көздөрүнө.

Жанында кичүү иним жаңы баскан,
быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.
Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,
өмүрдө узун-кыска аралыкты.

Автобус узап кетип. Чоң калаадан
кат жазам “…аман жеттим, силер кандай?..”
Ортодо булут ташып тынчсыз асман,
ортодо суулар үнүн жашыралбай…
1975-ж.

 

* * *
Тоо беттеп төрү агарган,
баратат караан арылап,
жайма-жай өр таянган,
жайды-кыш мингич арык ат…

Шыбырайт ак жаан жайма-жай.
Караанды тиктейм артынан.
Жайды-кыш коюн айдаган,
жашоодон өттү канча жан?

Кырдагы жалгыз боз үйдөн,
булгалайт жоолук бир караан.
Тоо-тоолоп отун өчүрбөй,
турмуштан өттү канча жан?

Кара жол. Колдо чамадан.
Кыйлага турам жол тосуп.
Шыбырайт ак жаан жайма-жай,
шыбактан тамчы мөлт этип.

Кылчая калып артка улам,
бир атчан кайкы кыр ашып,
акчага келген аптага
студент уулун узатып…

 

* * *
Гүл көркү өчтү терезе оту өчкөндөй,
Күүгүм кирди күлкүсүнө толкундун.
Тагдырымдын жээгине жеткендей,
Тиземе ээгим таяп үнсүз олтурмун.

Күн нуру өчтү, каптап кара шоолалар,
Айсыз асман ным дубалдай салмактуу.
Алы курган периштедей жөө-жалаң,
Эстен чубайт таарынычтар алгачкы:

“…Мен каткырсам сен карарып түн болдуң,
Мен түнөрсөм сен жаркырап нур болдуң.
Кырк чачылып, кырк тушумдан жыйылып,
Жортуп-жортуп бөртүп бүтпөй тим болдум.

Көмөкөйдөн кургап чыккан үн болдум,
Көңүлүңө төп келбеген ыр болдум.
Кырк томсоруп, кырк тушумдан жасылып,
Айтчумду бүт айтып бүтпөй тим болдум…”

Гүл жаркыды күн нуруна өрттөнгөн,
Шоола кирди шыбырына толкундун.
Түндө бирөө мени унутуп кеткендей,
Бугум муунуп дале кырда олтурмун.

 

* * *
Жалгыз тамчы шүүдүрүмдүн жүзүндө,
Көрдүм көктүн түбү чөгүп жатканын.
Жалгыз тамчы кирпигимден үзүлбө —
Жерге тамып калбаса дейм асманым.

Жалгыз тамчы бетиндеги көгүш төр,
Көк асмандын чагылышкан түбүдүр.
Көз чанагым көөмп турган кайсы көл?
Жалгыз тамчы – шүүдүрүмүдүр сүйүүнүн.

 

БУЛ ӨМҮР – БЕРЕР ЖООБУ КЕЧЕҢДЕГЕН…

Тянь-Шань, кең асманың толо жылдыз.
Төккөн ай нурун ундай. Көөшүйт кыштак.
Желаргы. Токум булут сүзөт изсиз,
дайранын мээлүн күүсүн үзүл тыңшап.

Жетелеп сансыз майда толкундарын,
дайра агат бейпилдикти бузуп-бузбай.
Мелтейет Күңгөй-Тескей, олтургансып
эки чал маңдай-тескей унчугушпай.

А бул жол – алда неге сунулган кол,
арылап, аң-сезимде андан да ары.
Төбөдө тетир түшкөн Саманчы жол —
жылдыздар – жылдыз курттай шамалдагы.

А бул жол кеткен өрдөп тоо-талааны,
жээгинде чаалыгышкан чаңдан чийлер.
Бу жолдо ээсиз издер канча дагы,
бу жолдо артка кайтпай өткөн кимдер?

Кырка тоо – кудум кырк төө үргүлөгөн,
сан ойдун салбыратып чуудаларын.
Жол жутат жолоочуну түн жиреген,
басаңдап бабыргандын ыйлаганы.

Сен мага… түшүндүңбү? Туура түшүн,
же мейлиң, эчен-токон көзөлдөрдөн
өттү өмүр – жеңдей кыска, колдой узун,
өттү өмүр – берер жообу кечеңдеген.

 

АЛЫСКЫ ЖААН

Суу болуп дарактардын жалбырагы,
суу болуп көк көйнөгүң, саамай чачың.
Жолуктук жоодур кечти узатканы,
жоогазын жыттуу жоодур карындашым.

Шатырап эс-көөнүмдө куят жамгыр.
Канча жыл өттү арадан? Канчанчы жаан?
Капилет кездешчүдөй туюласың,
жамгырлуу ошол күндүн далдасынан.

Билбегем үмүт мынча тереңдигин,
туйбаган күтүү мынча алыстыгын.
Кез-кезде ырыскыдай түшкө кирет,
шатырап жамгыр куйган алыскы күн.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.