Түгөлбай Казаков: «Аянтка чыккандар академияны бүтүрүп келгендей болуп калды»

Элибизде көзгө басар мырзалар саналуу гана. Алардын бири Түгөлбай Казаков. Быйылкы жылы көйкашка агабыздын башына кут конуп, ишин Кудайым өзү оңгоруп, Маданият министрлигине келди. Ишинде ийгиликтер жаралып, кылган кызматынан баар табат деген үмүт-тилегибиз чоң. Биз министрликке келгенге чейин маектешкен элек, азыр ошол маекти коомдук ишмердин сөзү катары берели, кєз чаптырып, өзү дагы чыйралсын. Кудайым буйруса, алдыда министр катары кепке тартып, эмнелерди өзгөртүүгө белсенгенин билгенге аракеттенебиз.

Түгөлбай ага, улутун сүйгөн адам катары айтсаңыз, жаштардын, келечек муундун бараткан жолу Сизди канааттандырабы?

– Сурооңдон улам, айылдык бир жигиттин кыргыз жаштарын соруп бараткан секталарга жаны ачып кейип-кепчигени эске түшөт. Ал жигит ошондо «азыр Кыргызстандагы ондогон диний сектага кирген уул-кыздарыбызды жоготтук десек болот. Алар кыргызча сүйлөп жүргөнү менен жан дүйнөсүн башкага берип койду. Кээ бири жамандык-жакшылыкка катыштырбай жатат. Буга медреседе окуган жаштарыбызды да кошсок болот. Ал жакта окугандар абдан тартиптүү, ыйман жолуна түшкөн балдар деп сүйүнүп жүргөнбүз. Көрсө, алардын жан дүйнөсүн арабдар ээлеп алат турбайбы, Араб өлкөлөрүнө окуп келгени таптакыр эл, Мекен, улут деген түшүнүктөн кур жалак калыптыр» деген эле. Албетте, бул айныгыс турмуш далили. Чындыгында эле бүгүн биз далай муунубузду жоготуп койдук.

Диний секталардан сырткары, кыргыз-орус, кыргыз-түрк, кыргыз—америка, кыргыз—өзбек, кыргыз—кувейт ж.б. университеттерде билим алган жаштарыбыз да дилин бөтөн улутка оодуруп жаткан жокпу?

– Кайсы мамлекет болбосун жөн эле акчасын чачып, бөтөн бирөөгө билим берип, башка улуттун духун көтөрөйүн дебейт да. Ар бир мамлекеттин өз саясаты бар, ошону жүргүзөт. Алар адегенде эле тилден баштап жатышат. Көрсө, тил шак эле дилди алып коет турбайбы. Орусча окуган балдарга кыргыздар экинчи сорттогу эл катары көрүнүп жатканы ошондон. Аларды орус кылып да кабыл албайт. Анан кыргызга сиңбей же оруска батпай ортодо кала берет.

Эмне үчүн?

– Башка элдин аң-сезими менен тарбиялангандыктын кесепетинен. Билим алууда ага күч-кубат берген мисалдардын баары бөтөн улуттун тарыхынан келтирилгендиктен кулагына сиңип калат да, өмүрү өткөнчө алардыкы өйдө, бийик көрүнө берет. Эң негизгиси, сүйлөгөн тилиндеги бардык нерсе жакын туюлуп, ыр-китепти үйрөнгөн тилинде окуп-угууну пайда кылат. Ошондой жолдор аркылуу дилди талкалап коюшууда. Аны кайра кыргыз кылуу, өз уясына тартуу такыр мүмкүн болбойт экен.

Мындайды алдын алууга болобу?

– 1980-жылдары Казакстанда эки тилде сүйлөйбүз деген улуттук саясат башталган. Азыр казак интеллигенциясы таптаза орус жана казак тилдеринде сүйлөп жатышат. Эми үч тилде сүйлөйбүз деген ураан менен баратышат. Анын алгачкысы, Н.Назарбаев 100 баланы чет өлкөдөн окутуп келип, азыр ар кайсы тармакта тажрыйба топтотууда, алар үч тилде таптаза сүйлөйт. Бизде мындай кадр саясаты түшкө кирген жок. Бийликке келгени өз баласын мураскор кылам деп кызганып отуруп, убакыттан уттурушту. А чын-чынында зирек, таланттуу, идиреги бар балдарды айыл-айылдан даярдабаса, мыкты улуттук кадрлардын чаңы алыска чыкпашы бештен белгилүү.

Бул маселени кантип жолго койсок болот?

– Кадр даярдоо бизде тезирээк ишке ашышы керек, ансыз бизде өнүгүү болбойт. Мына, биздин жашыбыз 60тан ашты. Журналистикада аздыр-көптүр билген нерселерибизди жаштарга үйрөттүк. Мамлекет башында отургандар беш жылдын ичинде жок дегенде беш баланы даярдап койсо болмок. Назарбаев жанагы айткандан сырткары дагы жыл сайын ар кандай адистикте 200 баланы чет өлкөдө окутаарын билдирди. Ар бирине жыл сайын 50, 60 миң евродон төлөшөт экен. Казактын ал балдары жөнөкөй окуу жайларда эмес, дүйнөдөгү эң мыкты деген университеттерде билим алышууда. Алар мыкты билимге ээ болгон соң, келишимге ылайык кайра Казакстанга келип иштешет. Элестетип көрүңүз, үч тилде мыкты сүйлөгөн экономист, юрист, менеджер, программист ж.б. сыяктуу беш жыл мурунку 100, анан жыл сайын 200дөн бүтүп келип кошулуп жаткан кадрларды. Эмне деген кадр саясаты. Бул Казакстандын эртеңи бар дегенди билдирет. Дүйнөлүк саясат кайда баратканын, глобализация эмне болоорун анализ кыла билген балдар менен мамлекет пайдубалын бекемдешүүдө. Бизде революцияда чогуу жүрсөң болду, бир жерди баса жыгыласың. Көк мээ болсо да министр кылышат. Аянтка кошо чыкты деген академияны бүтүрүп келгендей болуп калбадыбы?

Чет өлкөдө окугандардын билиминен сырткары, аң—сезиминде өзгөрүү болобу?

– Четөлкөдө окугандар айылда же Казакстанда жүргөндөн айырмаланып, жердешчилик деген оорудан бийиктейт. Улуттук аң-сезимге көтөрүлүп, мамлекеттик деңгээлде ой калчаганга үйрөнүп келишет. Башка өлкөдө жүрүп патриоттук сезими ойгонуп, өз эли, өз жери менен сыймыктанганга жетишет. Ал бийиктикке жеткен соң, адам кайра ылдый түшпөйт. Тилекке каршы, биз ошондой бийиктикке жеталбай куурап жатпайбызбы. Бирөөгө барып таанышсаң эле «Кайсы жерденсиң?» дейт. Анан сага ошол жериңе жараша мамиле кылат. Биздин кемчилигибиз ушунда.

Жолубузду табалбай жатканыбыз ушунун айынандыр?

– Кээде идеологиябыздын жогунан ушундай болуп жатабыз деген сөздөр чыгып жатпайбы. Айтаарым, улуттук саясат менен мамлекеттик идеология эки башка нерсе. Кедейге да, байга да бирдей иштеп кете турган идеология болбойт. Экинчиси идеология жок деп атабыз. Анда бирөө мына деп сунуштабайбы? Жок деп какшагандарды чогултуп, кыргыздарды дуулдатып ээрчиткен идеология тапкыла, 2 миллиондон беребиз десең бирөөсү да табалбайт.

Себеби?

– Себеби идеология — идеядан, чакырыктардан турат. А чакырыкка ишенген кыргызды таппайсың. Миң балакет чын деп какшаба, кыргыздар ишенбейт. Алданып жатып оозу күйүп бүттү. Элдин ишеничин тебелеп-тепсеп отуруп ушуга жеткиришти. Жыйырма беш жылдын ичинде шылуундар караламандын үмүтүн уурдап кетишти. Мисалы, мен ишенбейм. Коммунизмге жетебиз деп отуруп, союз алдады. Швецария ж.б. айтып ооз көптүргөндөр, андан беркилери эле бизди үч-төрт жолу алдашты. Ошондуктан мен мамлекеттин ишке аша турган программасына да ишенбейм.

Адамына жараша болушу мүмкүн да…

– Албетте, эң биринчи адамга карайбыз. Басып өткөн жолуна көз чаптырып, тазабы, жокпу, алдамчыбы же түзбү дейбиз. Экинчиси, ишке ашырууга каражаты барбы деген маселе чыгат. Анан акча бар жерде коррупция бар. Коррупция болгон жерде иш алдыга жылбайт. Жыйынтыгында баягы эле эл күйүп, кутургандардын бирөө, экөө сыртка качса, калганы тайраңдап кала берет. Азыр ар бир кыргыздын көкүрөгүндө ушул нерсе турат.

Демек кыргыз көчү теңирден тескери жакка баратат дейсизби?

– Эл бийликтин «рычагын» өз колуна алганда гана көч түзөлөт. Себеби бизде материалдык мүдөө руханий мүдөөнүн үстүнө чыгып кеткен. Элдин баары материалдык мүдөөнү көздөп калганда Мекен, эл, улуттун тагдыры деген нерселер тебелендиде калат.

Парламенттик башкаруу менен бийликти эл колуна алган жокпу?

– Бизде мыйзамдар иштебейт. Акчаң болсо болду, өлкө мыйзамын тебелеп, Конституцияны өзүң каалагандай өзгөртсөң боло берет деген түшүнүк жашап жатат. Партиялар өз менчигиндей мамлекетти бөлүп алат деп ким ойлоптур. Маселен, бандиттер зонаны же аймакты бөлүп алат. Анан мамлекеттик органдарды бөлүп алат деген шумдукту мен биринчи көрүшүм.

Башка жол барбы, кандай багытты көрүп турасыз?

– Учурда Кыргызстандын кризистен чыга турган жападан жалгыз жолу бар. Ар-намысын ичип-жеп койбогон, түз жүргөн мекенчил уул-кыздар курултайга келсе, алар акылды бир жерге үйүп, мамлекетти туңгуюктан сууруса болот. Анткени азыр бийликтегилерден эч ким отчет бербейт. Каалаганын жасап жатышат. Менимче, курултайдын алдында баары отчет бериши керек.

Сөзүбүздү улуттун ушул күңгөй—тескейине бурсак. Эмнелерден аксап жатабыз?

– Паспорттон «улуту» дегенди алабыз деп жатат. Кыргызстанда титулдук улут болбош керек, кыргызстандык деген гана жашашы зарыл дешүүдө. Өкүнүчтүүсү, бул саясатты улутчулмун дегендер жасоодо. Эл унчукпагандыктан, «бирөөлөр» саясатын тымызын жүргүзүүдө. Мисалы, улут деген нерсе жоюлуунун үстүндө. Улуттук гвардия, Улуттук телерадиокомпания дегендер жоголду. 1971-жылдары Москвадан «ак калпак, кыргыз жер, кыргыз эл, Ата Мекен, Ата Журт» деген сыяктуу сөздөрдү колдонбогула деген жашыруун токтом келген. Ошол нерсе бүгүн кайталанууда. Союз жоголду, бирок «кимдир бирөөлөрдүн» саясаты уланып жатат. Демек кыргыздар жөн жатпай ойлонушу керек. Анткени «ошолор» кыргыздарды ХИПК деген тузакка иле албай ызасы ичинде калган.

Силкинүүгө убакыт жеттиби?

– Индиядагы Cаи бабанын жазганы чын болсо, бүт дүйнөдөгү адамзаттын тазаланышы кыргыздардан башталат. Ушундан улам тазалануу апрелден кийин башталдыбы же али алдыдабы деген суроо туулат. Эгер алдыда болсо кандай өңүттө келет? Кыргыздар бир жерге этти кайнатып, тазаланып басып кетебизби же көкөйдөн кеткис формасы күтүп турабы? Ал азырынча белгисиз. Бирок мурункуну кайталабагыныбыз дурус. Эл толкуганда баш бербестигин эки жолу көрдүк. Экинчиден, бизге тышкы башкаруу кирүү коркунучу да турат. Бирок улут тагдыры бычак мизине коюлуп турган маалда төө кушчасынан башты кумга тыгып тура албайсың. Мекенин ойлогон адамдар үчүн алдыда өтө катаал сыноо турат. Акыры башта бир өлүм болгон соң, ошого барыш керек. Антпесек болбойт.

Зулпукаар Сапанов, “Де-факто”, 04.01.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.