Менин университеттерим: Назым Хикмет

*   *   *

Gelsene dedi bana
Kalsana dedi bana
Gulsene dedi bana
Olsene dedi bana
Geldim
Kaldim
Guldum
Oldum

Nazim Hikmet 1963

 

*   *   *

Келсеңиз деди мени,
Калсаңыз деди мени,
Күлсөңүз деди мени,
өлсөңүз деди мени.
Келдим.
Калдым
Күлдүм
өлдүм

Белгилүү түрк акыны Назым Хикмет ак сөөк үй-бүлөдө төрөлгөн. Анда черкес менен грузиндин да, поляк менен немецтин да каны бар. Атасы Хикмет бей Осман империясынын тышкы иштер министрлигинин аппаратында иштеген. Апасы генералдын кызы. Билимдүү, сүрөтчү аял болгон. 

Алгачкы “Атажурттун ыйы” аттуу ырын 12 жашында жазган.

Стамбулдагы мыкты лицейлердин биринен билим алган Хикмет Биринчи дүйнөлүк согуш тууралуу гезиттерден окуган. Согушка колуна курал алып катышпаса да, өз көзү менен көрбөсө да, согуш апааты анын муунундагылардай эле жаш Хикметтин жүрөгүн да жаралап өткөн. Мүмкүн согуштун таасиридир 17 жаштагы Хикмет аскердик-деңиз академиясына тапшырып, “Хамидийе” аскер крейсеринде офицер болуп кызмат кылган. Бирок, ооруп калат да, ден соолугуна байланыштуу флоттогу кызматынан бошотулат. 

1921-жылы достору менен боштондук үчүн согушка катышуу үчүн интервенттер басып алган Стамбулдан Анатолийге барышып, социалисттик маанайдагы уюмдар менен байланыш түзүшөт. Тагдырдын буйругун кара, досу Вала Нуреттин экөөнө Анкарадан Түркиянын көзкарандыгы үчүн чет элдик аскердик интервенцияга каршы күрөштүн башында турган Мустафа Кемаль Ататүрк менен жолугушуу бактысы буйруйт. Бул жолугушуу жаш акынга кандай таасир калтырды, эмнеси менен эсинде калды, ал тууралуу маалымат жок. Улут лидери катары бышып жетилген Ататүрк эки достон түрктөрдү көзкарандысыздык үчүн күрөшкө биригүүгө чакырган ыр жазуу үчүн өтүнүчү менен кайрылганы анык. Акындар ал өтүнүчтү чын көңүлдөн аткарып, бул ыр улуттук кыймылдын жетекчилерине жагып, жаштарды да катуу таасирлентет. Ошондон улам аларды фронтко жибербей, лицейде мугалим кылып калтыруу чечими кабыл алынат.

Хикметтин солчул көз караштары улуттун көзкарандысыздыгы үчүн баш отун сайган улутчул күчтөргө жаккан эмес. Ошондон улам, Нуреттин экөө аларга көз карашы жакын Октябрь революциясынын бешиги болгон советтик Россияга аттанышат. Алгач Батумиге (1921-ж.), андан ары Октябрь революциясынын ысык деми менен таң атырып, күн кечирип жаткан Москвага (1922-ж.) барышат. Бул анын адамдык жана акындык тагдырына бурулуш жасаган сапар болгон. Бул мезгилде Москва революциянын гана бешиги болбостон, орус адабиятынын күмүш доорунун да бешигине айланып, не бир таланттар биринен бири өтүп, шакардай кайнап турган. Хикмет өзүнүн кайра жаралуусун башынан кечирип жаткан орус поэзиясы, ал аркылуу авангарддык поэзия менен таанышат. Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинен окуйт. Алгачкы «28 Kanunisani» ырлар жыйнагы чыгат.

1924-жылы Стамбулга кайтып келет да, түрк компартиясынын легалсыз “Айдынлык” күн сайын чыгуучу журналында иштей баштайт. 1925-жылы журнал жабылып, журналдын кызматкерлери кармалып, соттолот. Назым Хикмет камактан качып, Измирге барып из жашырат. Аны сыртынан 15 жылга соттошот. Ошентип кайрадан Москвага (1925-ж.) келет. 

Ал бөтөн жер, бөлөк элде эки жолу үйлөнгөн. Анын түрк кызы Нюзет Ханым менен никеси көпкө созулган эмес. Кийин орус кызы врач Елена Юрченкого үйлөнүп, 1928-жылы Түркияда жарыяланган мунапыстан пайдаланып, Хикмет өз өлкөсүнө кайтмай болуп, жүрөгү өрөпкүп турганда, жубайы көз жумат.

Тилекке каршы, аны өз өлкөсүндө жылуу тосуп алышкан эмес, сагыныч жана кусалык менен кайтып келген Хикмет сегиз айга түрмөгө камалган. Түрмөдөн бошогон соң, адабиятка баш оту менен кирип, “835 сап”, “Джоконда жана Си Я-у” ыр жыйнактарын чыгарат. Интеллектуалдык чөйрөнүн зор кызыгуусун жараткан «Resimli Ay» авангарддык журналында иштей баштайт. Ошол мезгилде болочок өмүрлүк жубайы Пирайе Алтыноглуга таанышат. Бул анын кайгылуу жана эң бактылуу сүйүүлөрүнүн бири болгон. 

Назым Хикмет өз өмүрүндө көп аялдарды сүйгөн, көп жолу үйлөнгөн, ошолордун арасынан Пирайе Алтыноглунун орду өзгөчө. Алардын мамилеси 20 жылга созулган. 1930-жылы экөө алгач жолуккан убакта Хикмет 28де, Пирайе 24 жашта, экөө да үй-бүлөлүү, Пирайенин эки баласы бар эле. Назым Хикмет аны бир көрүп эле сүйүп калат да, ага үйлөнүү үчүн аялы менен ажырашууну чечет. Бирок, алардын баш кошсок деген кыялы беш жылдан кийин гана ишке ашып, Хикмет менен Пирайе ата-энелеринин каршылыгына карабай, баарынан жашырын никеге туруп алышат. Алардын үй-бүлөлүк бактысы көпкө созулбайт. 1938-жылы Хикмет камакка алынып, 28-августта аскердик-деңиз трибуналы 20 жылга түрмөгө кесет. 

Эгер ошол эле жылдын 10-ноябрында Мустафа Кемаль Ататүрк дүйнөдөн өткөнүн эске алсак, түрк элинин улуу лидери көзү тирүүсүндө Назым Хикметтин түрмөгө камаларын же камалганын билди бекен же билген эмеспи деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Бул өтө принципиалдуу суроо. Эгер ал билсе, дагы жашап турганда, экөөнүн көз караштары дайым эле дал келе бербестигине, жолу бир эместигине карабай, Хикметтин талантын сыйлап акынга кол сунмак беле деп ойлойбуз. 

Түркиянын бүгүнкүдөй гүлдөп өскөн мамлекетке айланышынын башатында азыркы Түрк мамлекетининин негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн ошол жылдардагы артка жангыс реформалары турат. Түркиянын азыркысына ошол жылдары жол чабылган. Тилекке каршы, коммунисттик идеяларга берилген, кыялкеч Хикмет ал реформаларды кабыл алып, жетик баа бере албастан, “коммунисттик кыялдарынын” барымтасында калган. Түркия мамлекети үчүн бурулуштар жылдарында Хикмет улутчул күчтөрдү колдобостон, коммунисттик идеяларды ырдап, башка өйүздө туруп, атажуртунун тагдыры үчүн тынчсызданып ыр жазган. 

Ататүрктүн Назым Хикметке ачуусу келгени ушунчалык: “Аны кармап, дарга асуу керек да, анан анын бутуна жыгылып, жер муштап ыйлоо керек” – деп айткандыгы тууралуу аңыз айтылат. Ким билет, акындын коммунисттик көз караштарын акылына сыйдыра албаган түрк лидери өзү талантын сыйлаган түрк акыны улам эле кыйшаңдай бергенинен айтса айткандыр, а балким, адабиятчылардын оюнан жаралган уламадыр. 

Бирок, кандай дегенде да экөө да түрк элинин тарыхында улуу адамдар бойдон кала берери шексиз. Баарын тарых өз ордуна коет.

Хикмет турмуштун ачуу-таттуусун эч кандай жымсалдабай, кандай болсо дал ошондой жазган ачуу чындыкка сугарылган ары муңдуу, ары жалындуу ырларды жазганы үчүн ал карапайым элдин сүймөнчүк акынына айланган. Анын ар бир ыры оттой дуулдап, жалындай жанган. Ошол үчүн бийликтеги улутчул күчтөр тарабынан анын артынан аңдуулар көп болгон. Алар анын коммунисттик идеяларды карманган, элди козголоңго чакырган ырларына, карманган позициясына, көз караштарына көз жумуп кое алган эмес. Ал көз караштары жана ырлары үчүн 20 жылга кесилип, акындын күлгүндөй жаштыгынын 12 жылы Бурсанын, Анкаранын, Стамбулдун түрмөлөрүндө өткөн жана анын эң мыкты ырлары да ушул мезгилде жазылган.

Назым Хикмет мага ырларында өз тагдырын ырдап салгандай туюлат. Оо, ар бир адамда сөзсүз каталыктар кетет, жаңылышат. Акындын катачылыгы ал турган-турпаты менен романтик болгон. Ал кыялдар дүйнөсүндө жашаган. Эгер анын адамдык тагдырында, баскан жолунда каталыктар, жаңылыштыктар кеткен болсо, түрмөдө жатса, анда анын баарына кыялкеч мүнөзү, ишенчээктиги, бир идеяга берилсе, анүчүн артка кайтпай, акыр аягына чейин турган кежирдиги, ийилбестиги, көктүгү күнөөкөр. Башка эч ким.

*   *   *

Деңиздердин эң тереңи,
Биз али сүзбөгөн деңиз.
Балдардын эң татынасы,
Ыктан чыкпаган бала.
Эң сонун күндөрүбүз,
Али жашала элек күндөр.
Мен сага айткым келген
Сөздөрдүн эң сонуну,
Али айтыла элек сөздөр,

 

*   *   *

Самое лучшее море:
то, где еще не плавал.
Самый лучший ребёнок:
тот, что еще не вырос.
Самые лучшие дни нашей жизни:
те, что еще не прожиты.
И – прекраснейшее из слов,
Что сказать я тебе хотел:
То, что еще не сказал я…

Кайран акын түрмөнүн муштумдай терезесинен сыртты карап, сүзө элек деңиздерин, жашала элек күндөрүн, айтыла элек сөздөрүн көз алдына элестетип жазган окшойт. 

Дагы бир ырында “Менин балам сүрөттөрдө чоңоюп келатат” – деп жазганы бар. Түрмө анын акындык тагдырына терең из салган. Акын менен Пирайенин 12 жылдык кат алышуусу да ушул жылдарга туура келет. Алар качандыр бир кайрадан жолугабыз деген ой менен өздөрүн сооротушат. Экөөнүн кыялы түрмөдө отурган Назым Хикметтин башка бирөөнү сүйүп калышы менен кыйраган.

Өзүнөн 16 жаш кичүү Мюневверди жактырып калган Назым Хикмет анын башка бирөөнүн ак никелүү жары экенине карабай, Пирайеден баш тартып: “Сен мага жакын адам бойдон каласың. Эң жакын досумсуң. Сенин балдарың – менин балдарым. Бирок, экөөбүзгө эки башка тандап алууга туура келет” деп кат жөнөткөн. Түрмөдө жаткан күйөөсүн күтүп, жакырчылыктын чеңгелинде жашаган аял үчүн бул кат оор тиет. Оор тийген менен, эмне айла кылмак, эмне колунан келмек, ал түрмөдө жаткан күйөөсүнүн жашоосунда башка аял пайда болгонун билген.

Эми Назым Мюневверди күйөөсү менен ажыраш деп айныта баштайт. Мунапысты күткөн акын түрмөдөн чыксам эле сүйүктүүсүнө үйлөнөм деп кыялданат. Мюневвер Назымдын түрмөдөн чыкпасын билип, күйөөсү менен ажырашпастан, тек гана акындан кол үзөт. Акын кайрадан Пирайеге кайрылып, кечирим сурап кат жазууга аргасыз болот. Бирок, өкүткө жана өкүнүчкө жык толгон катка жооп болбойт. 1950-жылы Хикмет түрмөдөн чыгат, 1951-жылы Пирайе менен ажырашат. Мюневвер экөө кайрадан табышат.

Назым Хикметтин тагдыры – акындын тагдыры. Анын жашоосу карама-каршылыктарга жык толгон. Мезгил өзү ошондой эле. Социализмдин гумандуу идеяларына сугарылган акын… Европага терезесин кенен ачып, коммунисттерге кыйшык көз менен карап, батыштын баалуулуктарына таянып, улутчул светтик өлкө куруу жолундагы Түркия… 

Ал ошентип ошол мезгилде дүйнөдө өкүм сүргөн эки системанын, эки башка баалуулуктардын ортосунда, тагыраагы барымтасында калган. Түрк эли оор жүргөн реформалардан кыйналгандай, акын баалуулуктардын карама-каршылыгынан катуу кыйналган, чайналган. Акындын ырларында ошонун баары чагылдырылган. 

Анын акындык жашоосу андан татаал. Ал сүйүүгө тойбой, ачкөз мамиле жасаган. Улам бир аялды сүйүп, аны үй-бүлөсүнөн ажыратып алып, аны менен жашап, анан кайра эле башканы жактырып, ага кетип, аны да үй-бүлөсүнөн ажыратканын башкача түшүндүрүү мүмкүн эмес.

Назым Хикметтин түрмөдө 17 жыл жатканы, көз карашы үчүн куугунтуктоолор, чет жерде жашаган жылдары анын өз өлкөсүнө, өз элине болгон сүйүүсүн жок кыла да, мокото да алган эмес. Анын аялдарга болгон сүйүүсү туруксуз болсо да, атажуртка болгон сүйүүсү туруктуу кала берген.

ДАГЫ ДА АТАЖУРТУМ ТУУРАЛУУ

Атажурт, атажуртум,
Калбады колуң тийген баш киймимен,
Жолуң баскан бут кийимден
Бурса кездемесинен тигилген күрмөм да,
Эскирди ийинимен.
Сен эми чекемдеги бырыштасың,
Жүрөгүмдөгү жаңы жараатсың
Чачымдын актарындасың,
Атажуртум, атажуртум менин.
Атажуртум, сенден менде эмне калды,
Бөтөн жерде эмне мени жылытат?
Мен эми жаш баламын,
Чөлдө өскөн жалгыз даракмын.
Менде тумак да, өтүк да жок,
Сенин колуң тийген эч нерсе жок.
Баскан жолдун чаңы калган,
Боштук гана аңыраят. 

Күн көзү көрүнбөгөн түрмөлөрдө эрксиз өмүр кечирген акын бөтөн жерге качып чыгууга аргасыз болгон. Ал атажуртунан качкан эмес, акын түрмөдөн, кайрадан да түрмөгө отуруп калуудан качкан. Эгер ал дагы бир жолу түрмөгө отурса, ал жактан тирүү чыкпасын билген. Бир жыл болобу, бир күн болобу, бөтөн жерде бөлөк элдин арасында жашаса да, эркин дем алгысы, күндү көрүп жашагысы келген. 

Ооба, ал өмүрүнүн акыркы жылдарында күн көрүп жашаган менен, атажуртка болгон сагынычтын, кусалыктын туткунунда кала берген. Кусалыктын “түрмөсүндө” жашаган. 

Атажуртка болгон кусалык, ызалык тууралуу Назым Хикмет жазса жарашат. Анткени, ал кусалык эмне, сагыныч эмне, ызалык эмне, өз башынан кечирген.

Ошон үчүн атажурттун жыты сиңген, атаконушта издери калган баштагы баш кийим да, буттагы бут кийим да атажуртту эстеткен аялуу нерсе. Ал жөн эле кездеме же булгаары эмес, атажурттун бир бөлүкчөсү. Демек, ал атажурту, Түркиясы өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин акындын жүрөгүндө жашаган десек болот.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.