Күмүш кемердин сыры жана кыргыз рухунун чагылдырылышы
Ар бирибиздин жеке табиятыбызда, жүрөгүбүздө адам адам болуп жаралгандан ушу күнгө чейинки эчен сыноодон өтүп, түптөлүп бүткөн «жашоо эрежелеринин» кайсы бир тарабына, багытына болгон урматыбыз, сүйүүбүз, колдообуз бар. Биз ага тилибиз менен, дилибиз менен, калемибиз менен, эң арга кеткенде ниетибиз менен да астейдил күйөрманбыз (жашоодо эрежелер жашап эле келе жатат жана жок болбойт, демек алардын жер бетине керектүүсүн, баалуусун жандандыруу, колдоо – ар бир адамдын милдети). Рахат эженин бул прозалык жыйнагына кире турган ондон ашык чыгармаларын окуп отуруп автордогу ушундай бир чоң сүйүүнүн, колдоонун, күйөрмандыктын бар экендигин сездим. Себеби бул чыгармалар бүтүндой турган турпаты менен элеттин, тоолук элдин жашоо-турмушун эске салып, андагы бирине-бири окшобогон кызыктуу каармандардын образдарын көз алдыңа тартат. Турмуштагы дайыма боло бербеген өзгөчө көрүнүштөрдү, окуяларды объектиге алып, андан көркөмдүктү жаратып, бирок ой жыйынтыгын окурмандын өзүнө калтырат. Ар бир чыгармасынын чордонунда кыргыздын көөнөрбөс нарк-насилин даңктоо биринчи орунга чыккан. Окурмандын сынына түшкөн бул китептеги чыгармалардан улам Рахат Аманова – өз өмүрүндө кыргыздын байыркыдан бери баалуулугун, кунун жоготпой келе жаткан каада-салтынын, нарк-насилинин күйөрманы, даңктоочусу, сактоочусу, керек жерде актоочусу да экен деген ойго келдим.
Улуттук табиятыбыз даанышмандыкка, акылмандуулукка жана күчтүү рухка жуурулушуп, кылымдар бою жашап келе жатат дегенибиз менен бүгүнкү дүйнөлөшүү доорунда көп баалуулуктар, асыл касиеттер уламдан-улам унутулуп баратат. Демек, мындай шартта улуттук руханий дөөлөттөрдү сактап, алардын улуулугун жаңы муундарга жеткирүү милдети биздин доордун акын-жазуучуларына жүктөлгөн. Учур адабиятынын таланттуу, жаңы жазуучусу Рахат Аманова эжебиз ушул «Күмүш кемер» аттуу прозалык жыйнагы менен бул асыл иштин улантуучусу катары таанылат деген ишенимдемин.
«Күмүш кемер» жыйнагы – бул кыргыз улуттук нарк-насилинин жана элеттик турмуштун эстетикалык чагылдырылышы. Бул жыйнактагы чыгармалар кыргыз коомундагы ар бир катмарды, анын ичинде аялзатынын чыдамкайлыгын, тоолуктардын туруктуулугун жана турмуштук акылмандыгын өзгөчө чеберчилик менен ачып берген. Тоолук элдин турмуштук сырларын чагылдыруу аркылуу жазуучу адам менен табияттын байланышын жаңы деңгээлде көрсөткөн.
Өзгөчө «Адиш бакшы» аңгемесинде сүрөттөлгөн кыргыз элинин унутулуп бараткан бакшылык өнөрү окурманды таң калтырат да, тамшандырат. Түпкү аң-сезимиңди кайсы бир доорлордун тереңине жетелеп кетет. Бул чыгарма аркылуу автор кыргыз руханий дүйнөсүнүн тамырларын кайрадан жандандырып, анын табышмактуу сырларын ачып берген. Бакшылык – бул кыргыз элинин табиятка болгон терең урматы жана аалам сырларын, аалам күчүн тааный билиши. «Адиш бакшы» аңгемесиндеги каармандар аркылуу автор ошол байыркы доорлордун ажайып атмосферасын кайрадан жаратып, унутулуп бараткан руханий дөөлөттөрдү азыркы окурмандын жүрөгүнө жеткирүү милдетин өтөгөн. Жыйнакта дал ушундай, ата-бабаларыбыздын ажайып жомокко окшош кечээги турмушун баяндаган аңгемелер орун алган.
Жазуучунун дагы бир ийгилиги – өз чыгармаларында каармандарды идеалдаштыруудан алыс. Алар – турмуштун сыноолорунан өткөн, өзүнүн кемчиликтерин да, күчтүү жактарын да сактап калган кадимки адамдар. Көпчүлүк каармандары кыргыз салтындагы улууларга урмат көрсөтүү, адептүүлүк, наркка баш ийүү сыяктуу баалуулуктарды бекем сактоо менен эле чектелбестен, өз чындыгына бек турган көктүгү менен да айырмаланат. Башкача айтканда аларда чыныгы тоолук кыргыздардын мүнөзү бар. Дал ошол табигый мүнөздөрдүн чагылдырылышы аркылуу автор адам өмүрүнүн өзөгүн түзгөн баалуулуктарды ачып берет. Автор – элет турмушунун маңызын чечмелеп, адамзат баалуулуктары менен байланыштыра алган чебер жазуучу.
Мисалы үчүн, «Күмүш кемер» аңгемеси коомдогу каада-салт менен ички эркиндиктин кагылышын баяндайт. Адам кээде билип-билбей жасаган ар бир курмандыгынын, аракетинин аркасынан келе турган рухий кесепеттерди түшүнүүгө чакырат. Чыгарманын башкы каарманы болгон келиндин образы – албетте, чечкиндүүлүктүн символу. Ошол эле учурда өзүнүн сүйүүсү үчүн жасаган аракеттери – каада-салтка каршы чыгуу жана жеке бакытты тандоосу. Бирок анын айынан башка адамдардын жабыркап жатканы келиндин ички конфликтин күчөтөт. Бүбү кемпир – көптү көргөн даанышман, олуя, кыргыз энелеринин бейнесин чагылдырган образ. Келиндин Кудайга сыйынганы жана Бүбү кемпирдин айткандары окурманды адамдагы эркиндик менен жоопкерчиликтин ортосунда карама-каршылык жөнүндө ойлонууга чакырат. Кызыгы, дайымкы чыгармаларда даңкталып бүтпөгөн «сүйүү үчүн күрөш», сүйүү «Күмүш кемер» ангемесинде да адамды бактылуу кылганына карабастан, андан азап тапкан башка адамдардын трагедиясы, андан келип чыгып сүйүү ээсинин кесепетке кабылганын баяндайт. Демек, адамдын ар бир чечими – чоң сыноо болгон соң, сүйүү үчүн курмандыкка барууда да адамдын алдында руханий маселелер турат…
Жыйнакта элеттеги кутман жаштагы чоң ата, чоң энелердин образдары кенен орун алган. Алардын бири – «Мишканын ити» аттуу аңгеме. Аңгемеде ит атарлар өкмөттүн буйругун аткарып жатышканы менен алардын адамдардын суранычын, боорукерлик, сүйүү сезимдерин жана өтүнүчтөрүн тоготпогону бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды көрсөтөт. Алар үчүн мыйзам гана маанилүү, ал эми мыйзамдын артындагы адамдардын сарсанаасы, жашоосу, убалы эске алынбайт. Бул аңгеме коомдогу таш боордук менен бюрократиялык мамилени сынга алат. Ит атарлар каратып туруп атып салган ит бала үчүн чоң мааниге ээ болчу, себеби ал анын жакын досу, коргоочусу жана ооруларынын «дарылоочусу» болгон. Жолборстун өлүмү баланын аң-сезимине терең жара калтырып, анын адамга, коомдогу адилеттүүлүккө болгон ишенимин жокко чыгарып салышы толук мүмкүн эле.
«Кылдырек» аңгемесинде автор бир нече социалдык маселелерди козгойт. Аңгемеде жаш үй-бүлөнүн материалдык абалы сүрөттөлөт. Атасы уулуна оюнчук жасаш үчүн эски колясканын дөңгөлөктөрүн жана зымдарды пайдаланат, анткени даяр оюнчук сатып алууга каражат жок. Үй-бүлөнүн өзүнүн турак жайы жоктугу, батир акысын төлөө, үй сатып алуу же салуу жөнүндө кыялдары – алардын жашоо шартын чагылдырган негизги көйгөйлөрдүн бири. Бул көйгөй азыркы коомдогу көптөгөн үй-бүлөлөргө тиешелүү. Үй-бүлөнүн Орусияга акча табыш үчүн баруу жөнүндө ойлонушу, бирок балдарын таштап кетүүгө даяр болбой жатканы бул кыргыз жаштары үчүн «мигрантчылык» өз турмуш-тиричилигин түптөөнүн кадыресе жолу болуп калганынан кабар берет. Бирок жазуучу турмушта материалдык байлык эмес, үй-бүлөлүк мамиле жана балдардын бактылуу көз ирмемдери чыныгы бакыттын негизин түзөрүн көрсөтөт. Жубайлар балдарын кымбат оюнчуктар менен эмес, жакшы көрүү жана көңүл буруу менен бактылуу кылат.
Буюрса, бул прозалык жыйнак менен Рахат Аманованын адабияттагы алгачкы миссиясы аткарылды деп билели, урматтуу окурман. Анткени келечекте Рахат Аманова чоң бир тарыхый чыгарма жазаарына ишенем. Буга анын тарыхчылык кесиби да, чыгармачылык шыгы да, жарандык позициясы да түрткү боло турган жайы бар. Эже тарыхчы, мугалим катары да кандай учур, кандай шартта болбосун кайратынан жазбай эл кызматында, агартуучулук ишин аркалап келе жатат. Тарыхчылык – эженин кесиби болсо, жазуучулук жана адабиятчылык өнөр – Рахат эжеге Улуу Жараткан тарабынан берилген тубаса таланты, белеги.
Мен Рахат эжени эң алгач 2019-жылдарда адабий талкуулардан кезиктирдим. Сөзү мурч, калеми курч бул эжеден өз чыгармачылыгыма да кеп-кеңеш алдым. Жазгандарыма кээде ачуураак сын пикир айтса чын дилден кабыл алып, кайра кеңеш сурап, мүчүлүштүктөрүмдү жоюп жүрүп отурдум. Кийин Кыргыз Эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына карата өткөн адабий талкууда кезиктиргем. Адабиятка болгон ынтаасы ушунча күчтүү экен, тээ Оштон бери учуп келип, ошол талкууну кызыктуу алып барды. Эженин кесиби эле тарыхчы болбосо өзү АДАБИЯТ ААЛАМЫНДА жашайт. Аны адабий чөйрө билет. Бир ирет:
— Эже, сиз тарыхчысыз да, бул жазуучу үчүн утуш эмеспи. Сиз чоңураак тарыхый чыгарма жазсаңыз кантет? – деп чын дилден сурадым.
— Махабат, жадымдан эч кетпеген, чоң энем, таенем айтып берген илгерки укмуш таржымал, тарыхтар бар. Ошолорду чыгармага айлантып жазып чыгарбасам мен үчүн кадимкидей көкүрөктөгү «жүк» болду. Мен ошол кемпир-чалдарды жазып бүтөйүн, анан чоң чыгармага киришем, – деген эле. Андыктан Рахат эжеден күтөөрүбүз али алдыда.
Ал эми ушу тапта колубузга тийип жаткан «Күмүш кемер» кыргыз элинин турмуштук наркын, акылмандыгын жана руханий байлыгын жаңы муундарга алып барган көпүрө болот деп ишенебиз. Рахат Аманова өзүнүн бул эмгеги менен бүгүнкү кыргыз адабиятына жаңы дем берип, анын эстетикалык чектеринин кеңейишине өбөлгө түзүп жатат. Бул жыйнак ар бир окурманды кыргыз элинин терең маданий жана руханий дүйнөсүнө саякат жасатары шексиз.
Махабат Саидрахманова, жазуучу