Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “Асан дөө”
аңгеме
Толукшуган жаздын ысык күнү Пазыл эшик алдындагы сөрүдө олтурду. Анын маңдайында өзүнчө бирдемелерди кобурап токсондон ашкан апасы олтурат. Эшик алдындагы кечээ трактор айдап кеткен аңыз топурак жыттанып, айланасында Пазылдын неберлери чуру-чуу түшүп ойноп жатышты. Бүгүн басып чыгарган сапсары жөжөлөрүн ары-бери чуркап, чурурдашкан балдардан кызганган чаар тоок кабагын карыш сала куркулдап, жөжөлөрүн канат астына эмес, ичине батырып алгысы бар. Сөрүдө чай ичип олтурган Пазылдын көзүнө тээ төрт көчөнүн кесилишиндеги бурулуштан бери көздөй жол менен бир болуп келаткан жээни Асандын тоодой карааны урунду.
Жээни көчө менен уруп-согуп арышты кенен таштап, кандайдыр бир зор максат менен келатканын Пазыл бир көрүп туйду. Асан дөөнүн бою эки метрден ашат, кырк сегизинчи өлчөмдө бут кийим кийсе керек, кыскасы буга чак келген бут кийим Хираттан да табылышы кыйын, болгону Ошто бир гана жерде өтүкчү чал бут кийимдин таманын улаштырып, кайыштан өтүк ултарып берет. Ошого жалгыз кайыш өтүктү Асан дөө талаага койго барса да киет, шаарга тойго барса да киет. Бул өтүк менен Асан дөө кыштан да, жайдан да чыгат. Башка эмне кылмак эле. Күрөктөй колунун манжалары айрыдай соксоюп, Жараткан буга өгүздөй кара күч берген да, жашырганда эмне, бирок акыл-эсинде бир аз маселе бар. Кудай бир жагынан ашыра берсе, башка жагынан кемитет тура, бири кем дүйнө. Он жыл алдын туугандары кеңешип, өзүнөн төрт жаш улуу, атасынын үйүндө көпкө олтуруп калган коңшу айылдык чыканактай кара далы кызга үйлөп салышты. Бою узун, сөөк-саактуу жубан болсо да алып бериштен туугандары бир алдын чочулашты. “Кичине дебеңиз мени, көтөрүп чабамын сизди” деген сыңар бою Асан дөөнүн ичинен араң келген келин бала тиричиликке тың чыкты, экөө бир кыз, эки уул көрдү. Асан дөөнү эр тутуп, эл катары бирге түтүн булатып, турмушун улап кеткенине Пазыл биринчи кезекте келин балага ичинен аябай ыраазы, ага көп ыракматын айтып келет. Пазыл ушуларды ойлонгуча жээни да кирген суудай күркүрөп-шаркырап, арышын кенен-кенен таштап эшик алдына омуроолотуп кирип келди.
– Ассалом-алейкум! – Асан дөө Пазылга салам берди. – Жээн келгиче, жети бөрү келсин деп келип калдым, тага!
– Алейкум-салам, – Пазыл сөрүдөн түшө калып, алик алды. – Кел, жээним.
Андан соң Асан дөө сөрү чекесинде чөкчөйүп олтурган кемпирге бакандай узун кулачын жайып кайрылды:
– Дамдүү олтурасызбы, таене?!
Асан дөө күрөктөй колдору менен таенесин эпсиз кучактай калганда, өпөйгөн жеңил кемпир сөрүдөн учуп кете жаздады. Асан дөө куурчакты кучактай калгансып, чүкөдөй кемпир анын кучагына араң илешет. Кемпир небересин көпкө таңыркай тиктеп, андан бир ооз сураганы:
– Кимдин баласы болосуң, каралдым?
– Об-боо! Ошентип да сурайбы, бусурманым, – Асан дөө күлдү. – Кимдин баласы болмок элем, күйөө балаңыз Орокбайдын баласы болом.
– Атаң орок сурадыбы? – керең кемпир дагы сурады.
– Тууй, ата! – деди Асан дөө айласы куругандай. – Өлгөн турбайбы бул жагы, ат десе, төө деп…
Кемпир ушул кышта токсон бешке келди. Кайсы жылы туулганы эсинде жок, жылан жылы чилде эми чыккан апкыт маалында төрөлгөмүн деп айтып калат. Укпай калганына беш-алты жылдан ашып, эки жыл илгери катуу ооруп, эсин да жоготуп алды байкуш, өтмүшү эсинде жок, эч кимди тааныбайт. Адамдын эс тутумунда таң калычтуу жагдайлар кездешет: кичинесинде өзү багып чоңойткон небереси Зайырбек жана элүү үч жашында оорудан улам кайтыш болуп кеткен Оштогу кенже уулу Жалил гана эсинде калыптыр. Пазылдын уулу Зайырбек эки баланын атасы болуп калды. “Жалил Оштон бир басып келип, менден кабар алып кетсе болот эле…” – деп калат кээде кемпир кургур анын эчак өлгөнү менен иши жок. Кээде өзүнчө сар-санаага батып: “Мени Ошко алып барып, Жалил менен бир жолуктуруп келсеңер боло. Курганымды сагындым…” – деп Пазылга мусаапырдай жалдырап, эмшеңдеп ыйлайт. Анда баласы ар шылтоону айтып, кемпирдин көөнүн эптеп жайгарат да, буга өзү ичтен түтөп, кабыргасы майыша түшөт. Бирге жашаганына карабай, Пазылды тааныбайт. Кээде ара-чолодо алдынан чыга калган уулунан: “Кел, чырагым. Кимдин баласы болосуң?” – деп сурай берет. Анда Пазыл: “Пронтто согушуп келген ыраматылык Акбарали чалыңыздын жаман баласы болом” – десе, керең кемпир: “Аа, түзүк, түзүк… Ата-энең дамдүү отурабы?” – деп дагы адатынча бирдемелерди булдурап сүйлөп кирсе, Пазыл буга карсылдап күлүп калат.
Асан дөө башына кийген казандай калпагын ала койду эле, ичинен бир куту чай менен акча чыкты. Жерге түшкөн акчаны алып, үйлөй салып, Пазыл тагасына сунду:
– Мына, сураган эки миң сом акчаңыз, тага.
Пазыл жээнинен акча сурагандай болгон эмес, бирок анын көөнүн кыя албай, сунулган акчаны алды. Жээнинен акча сурап-сурабаганы такыр эсинде жок. Асан дөө бир куту көк чайды сөрүдө аны аңкайып тиктеп калган кемпирге ыргытты:
– Мына, айттырган көк чайыңыз, таене!
Бир куту көк чай ыргып барып, кемпирдин алдына топ эте түштү эле, кемпир бир куту чайды кудум олжосу тырмагына илинген куштай лып эте ала коюп, коюнга кысты. Cунулган чоң гардим аталаны бир тартып жиберип, калбыйган эрдин жеңи менен аарчынганча Асан дөө кеп баштады:
– Өткөндө түшүмдө Сиз экөөбүз Гүлчөнүн базарында жолугуп калат имишпиз… Тага, угуп жатасызбы мени?
– Ии, угуп жатам, жээним. Анан?
– Сиз менден эки миң сом карызга акча сурап жатасыз, а менде кашайып чөнтөгүмдө бир тыйын акча жок. Түшүмдө Гүлчөдөн келсем, таенем мага бир куту көк чай ала келгенге жарабадыңбы деп ыйлактап жатат имиш, тооба.
– Ии, – деди Пазыл тагасы иштин жайын эми түшүнгөндөй. – Ошондой де.
– Чынын айтсам, ошол кезде менде чындап акча жок эле, тага, – деп сөзүн улады Асан дөө актанып. – Ошого Сизге жолобой, көчөдөн көргөнүмдө, Сизден уялып качып жүрдүм. Кийинки базар кой сатканда, тагам кайра түшүмө кирип, сураган акчасын алып кетер деген үмүттө түнкүсүн эки миң сомду, бир куту көк чайды жаздыктын астына катып уктап жүрдүм. Бир жума күтсөм, жоксуз. – деди да, тагасына нааразы тиктеди. – Эмнеге келген жоксуз?
– Иий, жээним, – деди тагасы буга чындап кейигендей түр көрсөтүп. – Картишка эгип жүрүп, унутуп калган турбаймынбы, каап десе…
– Оозуңуз бош айтат, тага, калп айтасыз, – деди Асан дөө чындап демитип. – Түшкө кайра бир кирип, сураган акчаңызды алып кетишке жарабадыңызбы?
– Капа болбо, жээним, – деди Пазыл тагасы анын көңүлүн жайгарып. – Ак чөп башта. Кийин акча сурасам, түшүңө кирбей эле, түз өзүңө барбасам. Уктап жаткан адамдын түшүнө кирип акча сураган мен акмак.
– Мейли, – деди Асан дөө буга көңүлү жай. – Кантсе да тагамсыз… Жаман болсоңуз да, жакшы болсоңуз да, өзүмдүн тагамсыз.
– О, бали, жээним! Бул башка кеп.
– Сураган чайыңызды алып келдим, таене! – Асан дөө төрдө андан дале көз албай тиктеп калган керең таенесине кыйкырды. – Мага капа болбоң эми.
– Суракматтын баласы болосуңбу? – деди кемпир.
– Иий, бетим! Эми өлбөдүбү, – Асан дөө уялгандан бетин жапты. – Бечара таенем ойду-тоону айтып түзүк эле алжып калыптыр.
Ошол маалда Асан дөөнүн төш чөнтөгүндө жаткан телефону чырылдап жиберди. Асан дөө кетмендей колу менен телефонун алды эле, колуна араң илээшкен телефон ыргып кете жаздады. Телефонду алар замат Асан дөөнүн келинчеги кыйкырды:
– Каякта жүрөсүң, сөйрүк?!
– Тагамкына келдим эле.
– Тагаңкында балээ барбы! Мына тууганы калган кашка бээни эмнеге талаага айдайсың, келесоо!
– Кашка бээ мага бүгүн тууйт элем деп айтпады, – деди Асан дөө эчтекеден камырабай. – Мен талаага оттосун деп айдап жибердим.
– Сени ким айда деди! – келинчеги кыйкырды. – Талаада тууп салыптыр.
– Кашка бээ тууптурбу?! – Асан дөө сүйүнүп кетти.
– Атаңдын башы! – деп келинчеги айкырды.
– Мага кыйкырганды коюп, туулган кулунун бир карап келсең боло, – деди Асан дөө жоошуп.
– Карап келдим, башы жок.
– Иэ?! – Асан дөөнүн буга чындап оозу ачылды. Калбыйган эрдин шалпыйтып келинчегинен сурады: – Башы жок болуп да кулун туулат бекен? Башы жок кулун кийин энесин кантип эмет болду экен, аа?
– Туут-туут-туут… – келинчеги телефонду өчүрүп таштады.
Пазылдын үйү тараптан кыраан-каткырык үндөр угулуп, сөрүдө олтурган Асан дөө бирдемелерди тынымсыз божурайт. Анын айтканын угушканда, сөрүнү айланчыктап ойноп жүрүшкөн беш-алты жашар неберелерден бери каткырышты го, чиркин. Жалгыз гана чүкөдөй керең кемпир Асан дөөнү аңкайып тиктеген бойдон олтурган жеринде селейип, казыктай катыды.