Е Шэн-тао: ТҮН

Автор тууралуу учкай маалымат: 1894-жылы соодагердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кесиби боюнча мугалим, элүү жылдан ашык билим берүү тармагында эмгектенген. 1914-жылдан тарта автордук чыгармалары адабий журналдарда жарык көрө баштаган. 1920-жылдан баштап адабий коомчулуктун алдында түзүлгөн реалист жазуучулар уюмуна мүчө болуп кирген. Чыгармачылыгынын гүлдөгөн доору өткөн кылымдын 20-30-жылдарына туура келип, жыл сайын автордук чыгармалар жыйнагы өзүнчө жыйнак түрүндө жарык көрүп турган. Чыгармаларында коомдун төмөнкү катмары эсептелген мугалимдин, окуучунун, дыйкандын, мандикердин турмушу баяндалып, коомдогу социалдык теңсиздикти, ич ара согуштарды кескин сынга алган. Адабияттагы сынчыл реализм тармагын өнүктүрүүгө салымы зор. 1928-жылы жаңычыл кытай адабиятына таандык ири көлөмдүү романы жарыкка чыккан. Коомдук иштерге активдүү аралашып, Гоминьдан революциялык комитетинде башкаруучу кызматтарды аркалап келген.

Негизги эмгектери:

  • Өгөй, 1922-жыл;
  • Өрт, 1923-жыл;
  • Горизонт астында, 1925-жыл;
  • Шаарда, 1926-жыл;
  • Ни Хуань-чжи, 1926-жыл;
  • Байыркы баатырдын таш айкели, 1931-жыл;
  • Кыскача аңгемелер жыйнагы, 1936-жыл;
  • Тандалма чыгармаларлар жыйнагы, 1936-жыл;
  • Тандалма ырлар жыйнагы, 1960-жыл.

аңгеме

Чаң баскан тар көчөдө жайгашкан жепирейген тамдын бөлмөсү столдо күйүп турган керосин чырактын жарыгына араң жарып турду. Бүлбүл жарыкта бөлмөдөгү буюм-тайымдар бозомук тартып, көзгө араң урунат.

Кемпир эки жашар бөбөктү бек кучактап стол чекесинде олтурду. Маңдайына түшкөн каат-каат бырыштар анын бул дүйнөнүн жыргалынан азабын көп тартканын айтып турат. Жүзүндө кандайдыр бир дүрбөлөңдүн изи бар. Кызарган көздөрү чарчаңкы тартып, эмне кылар айласын таппай, чаңырып ыйлап жаткан бөбөктү заманасы куурулуп тиктейт. Бөбөк чукуранып алганда, азыр эле тамылжып, ыраңына кирип турган анын кызыл жүзү купкуу тарта түшкөнсүп көрүндү.

Жарым жыл мурда эмчектен чыгарганда кандай ыйласа, азыр да эчтекеге ээ-жаа бербей ыйлап жатты. Бирөө токмоктоп жаткансып болгон күчү менен токтобой озоңдоп, жайкысын ызылдаган саратандай басылар түрү жок. Кемпир өз кызы бөбөк кезинде ырдап соороткон бешик ырын созолонтуп бөбөктү болушунча алдейлеп жатты. Же буга бөбөк бир аз жоошуп калсачы. Акыры ыйлай берип ал-күчүнөн тайыган бөбөк бир аз тынчтанып калды, бирок утур солуктай түшкөндө, жумулуу көздөрү бакырайып ачыла кетип жатты.

Кемпир бир аз жеңилдей тушту. Бөбөк уктап калса дегенде эки көзү төрт. Бир нече күндөн бери түнкүсүн уйку бетин көрбөгөн жаны бир аз уктап алганга зар. Иниси кайтып келгенде эмнелерди айтар экен дегенди ойлоп кыжаалат; кызым кургур кайда экен деп күнү да, түнү да ойлой берип санаасы санга бөлүнүп турган чагы.

Кеч кирсе, таңдын атышы азап. Бөбөктүн ыйы кулагында чуулдап, чырактын бүлбүл жарыгында көзүнө бирдемелер көрүнгөнсүп кетип жатты, кээде алдынан кызыл-ала так көрүнөт. Бул эмнеси? Кыпкызыл кандын изиби? Көчөдө гүүлдөгөн унаа үнүнөн улам, кемпир экөөнү баскан сайын шыгыраган чынжырга кишендеп байлап, унаага жүктөп кеткен күндү эстеди. Бир аздан соң сырттан бирөөнүн шырп-шырп баскан үнү угулганда, денеси муздай түшүп, ордунда селейди: эми аны менен небересин алып кеткени келишкен окшойт деген жаман ой кетти. Коңшу үйлөрдүн эшиги кокустан кыйч ачыла калса, жүрөгү жарылып кетчүдөй дүкүлдөйт. Карыган кезде уйку качат эмеспи, түнкүсүн элдин баары уйкуга кеткенде, жан дүйнөсү андан бетер алай-дүлөйгө түшүп эзилип чыгат. Жок жерден башыма балээ таппайын деген ойдо чырактын билигин бийик көтөрүштөн да коркконун айт. Көзүнө улам көрүнө берген батып бараткан кыпкызыл күндөй тактардан тажап, уйкуга кеткен бөбөктү калтырай кучактады…

Бөбөктү тиктегенде, анын келечегин ойлоп аңгыраган ичи андан бетер эңшерилип кетти. Эми кандай күнгө калдың экен, чырагым? Маңдайыбызга тагдыр дагы кандай азаптарды жазды экен? Кемпир тагдыр буйругуна баш ийип жашап калганына көп болгон.

Эми мындан аркы азаптуу жашоосунда таянары али тили чыга элек ушул бөбөк. Жалгыздык курусун! Ардемени ойлой берип башы карайлаган жаны үнү каргылданып небересинен сурады:

– Да-нань, чырагым, тегиң ким?

– Чжан, – деп шарт жооп берди бөбөк. “Апа” жана “ата” дегенди кандай шыр айтса, улам уга бергенден маанисин түшүнбөсө да, бул сөз бөбөк үчүн жат болуп калган.

– Жок, жарыгым, андай эмес! – деди кемпир жүзүнөн нур тамылжып. Мындан да бир кесепет чыкпасын деген ойдо кемпир анын тегин өзгөрткүсү келген. Жаңы ысымды айтканга бөбөктүн тили келбей кыйналды. – Сенин тегиң Чжан эмес. Сен эми Сунь тегисиң. Эстеп кал, каралдым, Сунь, Сунь.

Да-нань таэнесинин айтканына көндү; кемпирге жүзүн буруп, ал айтканды кайталашка аракет кылып жатты:

– Су-у-нь.

Чарчаган кемпирдин көздөрү үргүлөп кетип жатса да, жүзүнөн көп санаанын издери байкалат. Үн чыгарбай көкүрөгүндө өксөп ыйлап жаткансыйт.

– Туура айтасың, садагаң кетейин. Сен эми Сунь тегисиң. Эгер бирөө тегиң ким деп сураса, эмне деп айтасын?

– Сунь, – деди бөбөк шок колдорун сербеңдетип. Кемпирдин чачында салаңдаган чач сайгычты тарткылап ойноп кирди.

– Жарык күнүм менин, садагаң кетейиним, – кемпир ичи элжиреп аны бооруна бек кысты. – Бирөө тегиңди сураса, Сунь тегимин деп айт. Мен Сунь теги болом дегин… – кемпир сөзүнүн аягына чыкпай бышактап жиберди.

Кемпирдин чачында салаңдаган чач сайгычты кармалап ойноп жаткан бөбөк бир маалда дагы ыңаалап ыйлап кирди, денеси калчылдап, көзүнүн жашы он талаа. Бул көрүнүш ар түнү кайталана берип, кемпир буга көнүп деле калды. Бейпил түн дегенди унутканы качан.

– Алдей, алдей, ак бөпөм… Уктап калчы, ак бөпөм… – кемпир небересин алдейлеп кирди. – Шумкар канат наристем бек болсунчу деп тилейм, Эли-жерин коргогон эр болсунчу деп тилейм…

Бөбөктүн сооронуп калар түрү жок, апалап токтобой солуктайт:

– Ап-аа, ап-аа!..

Муну укканда кемпирдин заманасы тарып, көкүрөгү тикенек сайылып калгансып ачышты. Коңшулар бир нерседен шекшип калышпасын деген ойдо жүрөгү оозуна кептелди.

– Ыйлабачы, каралдым, апаң азыр келет, – деп небересине жалдырайт, бөбөктүн ыйлаганы андан бетер күч алат. Арман күн, ай, ыйлап жатып да бөбөктүн эшик тарапты үмүт менен караганычы, апасы эшиктен азыр эле кирип келе кала тургансып тиктейт. Басылбай ыйлаган бөбөктү алдейлеп ырдап, бөлмөдө ары-бери басып жатты. Басыгы оор тартып, араң жан кыймылдайт, акыркы күндөрү бир топ жылга заматта карып кеткенсиди.

Бөбөктүн басылар түрү жок, кемпирдин көзүнө бөлмөдөгү буюмдар титиреп жаткансыды, чырак жарыгы оттой алоолонуп кеткенсип, Кудай сактай көр, бир маалда кыпкызыл кан дубалга жаба чачылгансып көрүндү. Кемпир чылпак баскан чарчаңкы көздөрүн ойлуу жумду, кайра ачыштан коркот. Капчыгайда жаңырган үндөй бөбөктүн ачуу ыйына кулагы тунуп, каны катып калыптыр.

Бир маалда эшик күтүүсүз жерден тыкылдаганда, ирегеде үргүлөп жаткан куу машке чаңкылдап үрүп кирди. Селт чочуган кемпирге тааныш үн угулду, бир тууган иниси кайтып келгенин билгенде, эшик тарапка жүткүндү. Сырттан эркек киши кирип келди. Ичкери кирер замат сырттан аңдыган бирөө аны менен кошо кирип келе тургансып, дароо эшикти ичинен илди.

– Ии, эмне жанылык? – деп сурады санаасы тынчыбаган кемпир. Андан бир кабарын уккуча ордунда олтура албай чый-пыйы чыгып кетти.

Э бөлмөгө кирди, эки жагын каранып, олтура кетти да, бүткүл кайратын жыйды. Кырк жаштагы соода-сатык менен алектенген киши эле. Көзү жүлжүйгөн, бучук мурун; көзүнүн айланасына түшкөн майда бырыштардан улам бир караган адамга жылмайып тургансып көрүнөт. Чекесинен муздак тер шырылдайт. Солуктап турган бөбөктү көрөр замат чөнтөгүнө сала келген момпосуйду эстеди да, чөнтөгүнө колун салып, момпосуйду ага сунду:

– Ме, момпосуй же.

Да-нань ыйлай берип алы куруган жаны момпосуйду көрөр замат солуктай ыйлап колун сунду. Кемпир стол четине олтура кетти.

– Мен аларды көрдүм, – деди Э чыкыйын укалаганча шалдырап.

– Көрдүңбү? – деп сурады кемпир. Көзү чоң ачылып, жүрөгү мыкчылып кетти. Каран күн, ай, шордуу!

– Ооба, азыр ошол жактан келдим.

Кемпир инисин түртө салып, сыртка атып чыгып, аларды өз көзү менен көргүсү бар, бирок коркунучтан апкаарый түшүп, деми кысылып кере-кере дем алып, өзүн араң карманды.

– Эже, сен мага адамдар азыр таш жүрөк болуп калган деп көп айтасың. А мен бүгүн дал ошондой таш жүрөк менен жолуктум.

– Баягы өзүң издеген киши мененби?

– Ооба, дал өзү. Ашканада тамактанып олтурган жеринен тутуп алдым. Аны менен чын көңүлдөн баарлашып, экөөнүн жайын айтып бердим. “Экөө тең көрчүсүн көрдү”, – дедим. – “Азыр эми алардын тирүү экени деле күмөн, эч болбосо өлүгүн бир көрсөтүп койгулачы” – деп бутун кучактагыдай болуп жалбардым.

Э кабагын түйүп олтуруп калганда, жүзүндөгү бырыштар көбөйүп кеткенсиди. Айласы түгөнгөн адамдай желкесин кашыды, кемпирге андан аркысын кантип айтып беришти билбей амалы куруду, бирок көргөнүн айтып бербесе дагы болбойт.

– Анын ачуусуна тийип албайын деп абайлап түшүндүрдүм. Аял, эркегине карабай баарын жайлап бүтүшкөн шекил. Кайсы бирин айтайын?! Же өлүгүн көрсөткөнгө уруксат беришпесе бул иттер. Аны тапкан соң, кур кол кетишке дагы болбойт! Ага дагы жалдырадым: үйдө кемпир менен небере жалгыз калышты, небере кургур күн-түн дебей апалап ыйлап жатат, эч болбосо карыган кемпир менен бөбөктү аягылачы, бай болгурлар дебеске аргам калбады. Анын жибитиш үчүн бутуна чөгөлөшкө да даяр элем.

Кемпир мунун баарын тизесинде уктап калган небересин кайгылуу карап укту. Бөбөк момпосуйду колуна кармаган бойдон уктап жатат.

– Акыры анын таш жүрөгү бир аз жибиди бейм. Адам менен сүйлөшө билиш керек, жиндинин да эптеп тилин тапса болот, – деп мактана сөзүн улады иниси. Жүзү тамылжый түшүп, бирок заматта кабагы түнөрө түштү. – Кыйладан кийин бир аз жумшарып, мени менен көп текеберленбей кеп-сөзгө келди акыры. Мерээз жүрөгү бир аз эзилип: “Бөбөк курган кантти экен?! Ата-энесиз калган жетим, ай! Аяп кеттим курганды. Макул, алардын табытын көрсөтөйүн. Бир жакшынакай адамдар эмнеге мындай ишке илээшет десең, катыгүн, пай, пай…” – деп кейип жиберди. Мен мага окшогон алып сатарга андай окумал адамдардын жашоосу менен көз карашы караңгы дедим. Балким…

Кемпир оор үшкүрүнүп алды, деми кысылып чыкты. Иниси сыңар кемпирге да кызы менен күйөө баласынын жашоосу менен көз караштары белгисиз эле. Бир билгени: адамдык сыпаттан кетип, киши өлтүрүп түрмөгө түшкөн кылмышкер эмес алар. Экөөнүн кандай адамдар экенин кемпир эң сонун билет. Түрмөдө экөөнө кудум баш кесер каракчыны жазалагандай мамиле кылышканы эмнеси? Ушуларды ойлой берип кемпирдин башы деле катып бүтө турган болду.

– Мени кечки саат алтылар чамасында жол боюндагы бурулуштан күтүп тур деди, – иниси кеп баштады. – Ага өлгүдөй кулдук уруп кошоматтанып, айткан убактысынан эрте келип, күтүп турдум. Туура саат алтыда үй кийимчен басып келди да, ээн талаага ээрчитип жөнөдү, жолду катар сүйлөшүп бардык.

Э үн-сөзү жок туруп калды. Болгон чындыкты айтса, эжесин тирүүлөй өлтүрүп салгыдай. Адам үрөйүн учурган көрүнүштөр көз алдына тартылды: Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда экөө ээн талаада баратышат. Жылт эткен жарык жок. Айсыз караңгыда ээн жердеги бирин-серин дарактардын карааны кыймылдап жатышкансып көзгө сүрдүү көрүнөт. Кээде абада калкыган жарык коңуздар кудум шайтан көзүндөй жылтылдап туш тараптан жыбырап көрүнөт да, тээ аркы дүйнөдөн угулуп жаткансып жүрүп бараткан унаанын гүүлдөгөн доошу, иттин үргөнү болор-болбос, араң угулат. Алар бараткан жердин жашоосу такыр башкача, туш тараптан белгисиз шуудураган үндөр угула калат. Эрте менен жамгыр жаап, мындан улам тайгалактан абайлап баспаса, киши оңкосунан сайылат. Э менен бараткан киши тамеки тартканча буларды күңкүлдөп айтып берди: “Экөөнүн жаалы кайнап турса да, баары бир эч кимге зыяны жок адамдар экени жүздөрүнөн байкалып турду. Алар бири-бирине тике карашты, бирдеме айткылары келди окшойт, бирок үндөшпөдү, баштарын шылкыйтып гана тим болушту. Алтургай колго мылтык кармап атышып көнгөн биздей адамдарга да мындай асылдарды атканга колуң барбайт. Согуш талаасында атышкан башка – душман алыста турат, атылган ок ага барып тийип-тийбегени сага белгисиз, кимди атканыңды да билбейсиң. Бирок бет алдыңда кол-буту байлоодо турган адамдын жүзү ушунчалык ысык көрүнүп, атканга колуң барбай кыйнайт экен. Экөө бирөөгө жамандыгы жок жандар экени кебетесинен эле байкалып турат, арыктап, жүдөп калышыптыр, бир ок менен тынчыйт кургандар. Атууга буйрук берилгенде, желдет атканга даай албай бир топко дейре арасаат чайналып турду да, бирок баары бир атып жиберди. Ок жаза тийип, эркектин колун чарпып өткөндө, ал солк эте түштү. Ошондо мен аларды карашка батына албай жүзүмдү тескери буруп кеттим, аял коркконунан эс-акылдан ажырап калгандай кыйкырганда, үстөкө-босток аткылап жиберишти. Тынчый түшкөндө, бери бурулсам, экөө өз кандарына чыланып жерде жатат”.

Э буттары шалдырап чарчап чыкты, ага карабай киши артынан калбай энтеңдеп баратты.

Э бир чекитти тиктеген бойдон ойго батты. Иниси бир нерсени айта албай кыйналып жатканын кемпир ичинен сезди, көөнү чыдабай инисин такып сурады:

– Дагы эмне деди? Экөөнү кантип жайлашканын көрбөптүрбү?

Сансыз ойлордон карып деле бүтө турган болду курган кемпир. Сунулган мылтыктар… Жалтыраган капкара найлар. Полиция кызматкерлери желдеттердин коштоосунда экөөнү далыдан сүйрөп келатышат. Кызы менен күйөө баласы атылган октон өз ажалдарын таап кете бериштиби?… Муну эч элестете албады, буга ишенгиси жок. Көз алдына экөөнүн сүйкүмдүү элеси тартылды. Бечараларды кай жагына атты экен? Чачыраган кан… Эми алардын жүрөгүндө мен жокмунбу? Алардын жүрөгү эми сокпой калдыбы? Мунун баары аян түш сыңар бүдөмүк бойдон калды. Кызы менен күйөө баласы тирүү бойдон сезилет. Бир күнү сырттан алардын шыңгыр күлкүсү угулуп, эшик кыйч ачылып, экөө кучагын жая күлүп-жайнап кирип келчүдөй туюлат. Бирок бул сезимдер коюу туманга чулганып калгансып элес-булас бойдон калды.

– Жок, көрбөптүр, – деп иниси кебин улады. – Атылар алдында эркек апкаарып турса да, башын бийик көтөрүп, татыктуу турду деп айтты. Үстүндөгү кийимин чечип бериптир; мага шымы тийди дейт, кийип жүрөт.

– Ачык боз түстө бекен? Өткөн жылы жайында тиктирип кийген болчу, – деди кемпир чырак жарыгында көзүн жүлжүйтүп.

– Билбейм, караңгыда байкай албадым. Баткак жолдо өзүм араң басып бардым. Бактыга жараша, булгаары өтүгүм чоң ишке жарады. Акыры бир жерге келгенибизде, жеттик деди. Бир нече дарактын карарган карааны көрүндү, дарак алдында бозоруп бирдеме жатат, табыт экен.

Э башын шылкыйтты, маңдайы чырак жарыгына жарый түштү. Коштоп келген кишиси табытты ээги менен жаңсап көрсөтүп: “Он жетинчи жана он сегизинчи номерлер. Таанып ал!” – деп айтканын, табытты ачып тиктегенде адам үрөйү уча турган көрүнүштү эжесине айткысы келбеди, аны айтып берип эжесинин жүрөгүнө өмүр бою айыкпас кара так салып коюштан чочулады. Тамтыгы чыккан сөөктөр чирий баштаптыр. Кудай сакта, пай, пай!… Адамды акылынан айнытып салар шумдук көрүнүш: көкүрөктөрүн ок тытып кетиптир, буттары сынган, бешенеси жарылып, ок тийген маңдай тиштери талкаланып кеткен. Бир аздан соң коштоп келген кишиси табыттарды жаап жатканда, Э маркумдар табыттан тура калышып, кишини жулмалап кетчүдөй коркуп, денесин калтырак басты.

Коркунучтан анын буттары тушалып калгансыды. Коштоп келген киши удаа-удаа ширеңке чагып, андан дагы тактап сурады: “Он жетинчи жана он сегизинчи номерди көрдүңбү жакшылап?”. Ширеңкенин бүлбүл жарыгында өлүктөр жыландай ийрелеңдеп жаткансып, кыймылдап кеткенсиди. Табыттардын бооруна “17” жана “18” деп жазылган. “Кош, карындашым. Жаныңар бейиште болсун” – деп акырын шыбырады Э. Андан соң буддага сыйынып, экөөнө бейиш тилеп келме келтирди. Табытта жаткан экөөнү акыркы ирет бир тиктеп алышты каалап, бирок батынып тиктегенге чечкинсиздиги жол бербеди. Шарт артка бурулуп, келген жолуна түштү. Кетип баратып: “Муну эжеме айтпай эле койгонум дурус” – деп чечти.

– Ар бир табытка номер гана жазылган, – деп сөзүн улады Э. – Экөөнүн табыты он жетинчи жана он сегизинчи экенин гана эстеп калдым. Муну жакындан даана көрдүм.

– Кургандарым, ай, кургандарым! Он жети жана он сегиз! – кемпир күйбөгөн жери күл болуп кыйкырып жиберди.

Кемпирдин сай-сөөгү сыздап, жай чайган көздөрү тумандап баратты. Экөөнү үйдөн кармап кетишкен ошол каргашалуу кеч көз алдына даана тартылды. Кемпирге асман аңтарылып, жер оюлуп кеткенсип туюлду, таянар тоосу урап, заманасы куурулуп, ичи бопбош аңгырай түштү. Эми аларды эч качан көрбөйт, эч качан! Кемпир үчүн жашоонун кызыгы таркап, казыл-тазыл боёгу оңуп кетти. Жаркылдап күлүп, сырттан колтукташа кирип келчү элеңер, жарыктарым! Болор иш болуптур, боёсу каныптыр. Эми баары бүттү, аска-зоолорум урады. Таянар тоомдон айрылганым ушул эмеспи. Бооруна “17” жана “18” деп жазылган табыттарда ысымы да аталбай өлүп кетишет деп ким ойлоптур. Кемпирдин жүрөгү алоолонгон отко шишкебектей куйкаланып жаткансыды, жаш чайкан көзүнөн  заарын чачып кыйкырды:

– Өмүрдөн эч жакшылык көрбөй өткүлө, менин жашыма жетпей калгыла, мыкаачы канкорлор!

Э бүшүркөй баш чайкады, бар күчүн жыйып, эжесине кайрат бергиси келди:

– Кайрат кыл, башка эмне дейбиз. Табыттары кенен жасалыптыр.

Бирок бул кайраты деле алоолонгон отко күйүп жаткан кемпирге жардам бербеди окшойт. Бир маалда оюна арсар ой кетти: Ал киши номерден адашып кеткен жокпу? Бирок буга карабай жүрөгүнө тикенек сайылгандай көкүрөгү ачышып чыкты.

– Мага эми эчтекенин кереги жок, – деди кемпир тиштенип.

Уктап жаткан бөбөк чукуранып алып, бирок ойгонбоду, бир капталына оодарылып жатты. Кемпир бөбөктүн кийимдерин түздөгөнчө сүйлөнүп кирди:

– Кудай мени эмне албайт! Ошолордун ордуна мени алып кетсе не! Жапжаш бойдон кетишти да бешенеси тар кургандарым!… – анан инисине акырын күңкүлдөп айтты: – Атасы өлгөндө, карындашың атадан беш жашында калганын билесиң да. Аны жесир жүрүп араң чоңойттум эле… Ушунусу аздык кылдыбы? Кийин турмушка чыкты. Кудай жалгап күйөө балам чынчыл, тиричилигине тың чыкты. Анан кызым мына козуну төрөдү, – кемпир уктап жаткан бөбөктү башынан сылады. – Экөө тең мектепте сабак берип, уруш-талашы жок тынч эле жашап жүрүшкөн. Мына эми, ысымы да аталбай, белгисиз табытта тырайып жатып калышты. Экөөнүн астында мен кетсем болбойт беле! Бул ишке кайдан жүрүп илээшип калышты десең? Ушуну билгим келген. Экөө тең ооз ачпай, сырларын ичине катып туруп алышты. Такып сураганымдан эч пайда чыкпады. Эми эмнеден коркмок элем. Корко турган эчтекем калбады! Мен Чжандын кайненеси, Ин-Чуандын апасы болом! Көчөгө чыгып, кыйкырам азыр. Эмне кылып аласыңар мени?!

Алдынан чыкканды жара тартып, арттан келгенди тээп салчудай жаалданган кемпир болушунча кыйкырып жатты. Андан соң уктап жаткан бөбөктү таптап кирди.

– Кереги жок! – деп кыйкырды кемпир. – Баламдын тегин Сунь деп өзгөртө албаймын. Да-нань чырагым, сен Чжан тегисиң. Тегиң Чжан экенин эч качан унутпа! Сенин тегиң – Чжан! Ошол мыкаачылар колума түшсө, терисин тескери сыйрыйт элем!

Эжесинин кейпин көрүп өң-алеттен кеткен Э аны тиктеген барабар оозу ачылды. Көчөдөгүлөр угуп калышпады бекен деген ойдо терезе тарапты бир тиктеди да, эжесине секин шыбырады:

– Кой, ач отурсаң да, тынч отур. Кийин муну да кодулап чыгышпасын. Сунь теги болуп, суук көзгө илинбей көптүн катарында жүрө берсин. Сага эптеп аман-эсен эр жеткени эсеп. Ии, баса, унутуп кала жаздаганымды кара…

Бир нерсени эстей калып, чөнтөгүнө кол сунду. Коштоп барган кишиси тигилерден аманат кат экенин айтып бырышкан кагаз берген эле. Күйөө баласы Чжан атылар алдында жазган алакандай аманат кат экен, тигил киши муну берип коюшту унутуп калыптыр. Э муну алар замат, кудум маркумдун өз колунан алып жаткансып денеси дүркүрөй түшүп, чөнтөгүнө салгыча шашып, карайлап жүдөп турган жаны коркуп кеткен.

– Сага аманат кат жазып кетиптир, – деди Э.

– Кат дейсиңби?!

Селт этип чочуп кеткен кемпирдин башы чыңалып чыкты. Эшиктен кирип келчүдөй үзүлбөгөн үмүттүн шоокуму дайрадай шарпылдап жаткансып, кызы менен күйөө баласынын коңгуроодой шыңгыр күлкүсү кулагына угулуп кеткенсиди, алардын үнүн акыркы жолу укканына он күн боло элек, бирок бул мезгил кылымга тете узак туюлду. Кемпирди эзип-жеп салган ойлорго азыр каттан жооп келет, жүрөктөр жүрөккө жалгашып согот. Ушунусу эң маанилүү!

Э катты чөнтөгүнөн сууруп чыкты. Кат тамекинин бош кутусуна жазылыптыр. Кат сыртында кир манжа издери жүрөт, ичине болгону бир-эки ооз бирдеме жазганга үлгүрүптүр. Э чыракты өзүнө жакын тартып, көзүн жүлжүйтүп катты окуп кирди: “Бизди өлүм күтүп турат, бирок биз буга эч өкүнбөйбүз. Биз үчүн кайгырып ыйлабагыла…”

– Түшүнсөм өлөйүн! Биз буга өкүнбөйбүз, бизге ыйлабагыла деген эмнеси?! – кемпир инисин суроолуу тиктеп үн катты.

Э дагы окуду: “Апа, күчүгүбүз Да-нанды жакшы караңыз. Биз аны Сизге аманат калтырдык. Биздин ордубузду басар жалгыз ошол”.

Алдыңарда кетейиндерим! Ажал оозунда туруп да уулун ойлогон садагаларым! Ордубузду ошол бассын деген үмүтүңөрдөн силердин! Да-нань козум чыныгы адам болуп жетилсе, үмүтүңөр акталар бекен, кургандарым? Бирок биз эчтекеге өкүнбөйбүз дешкени кемпирге өлөр-өлгүчө түшүнүксүз бойдон калды.

– Берчи мындай – кемпир инисине кайрылды.

Кемпир иниси сунган аманат катты колуна алды. Өмүр бою издегени эми колго тийгенсип катты бий сыйра шашпай карап чыкты. Бирок сабатсыз жаны катты окуй албады.

Бөлмө ичи тунжурай түштү. Бөбөк акырын чукуранып алды. Кемпирдин сабатсыз жаны катты окуй албаса да, кызы менен күйөө баласы катта дагы эмнелерди айткысы келгендигин көкүрөгү менен сезип туйду. Кайратына кадимкидей келе түшүп, буга жүрөгү эмнегедир жылып чыкты. Чырак жарыгында айланада тургандын баары көзүнө жыбырабай, даана көрүндү. Бир нерсеге кулагын тыңдап туруп калды, дубал сыртында түнкү өлүү жымжырттык өкүм сүрүп турду, көчө тараптан музыкалык аспаптын коштоосунда бирөөнүн ырдаганы тээ алыстан араң угулат.

– Да-нань, берекем, жүр жаталы.

Кемпир ордунан туруп, уктап жаткан бөбөктү башынан көпкө жыттады, андан соң аманат катты бөбөктүн чөнтөгүнө бекем кыстарды да, небересин көтөргөн бойдон тепкич аркылуу ичкери бөлмөгө жөнөдү. Кайгылуу көздөрүнөн энелик мээримдин нуру шоолдоп, эми белди бекем бууп кайратына келди. Жакшыдан калган медеримди канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып алышка кудуретим жетет деп ишенимдүү ойлоп баратты.

– Аа-а… – тултуйган бөбөк көзүн ачпастан, уйку-соонун арасында муңдуу ыңаалап апасын чакырып ыйлап жатты: – Ап-аа, ап-аа!..

1927-жыл

 

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.