Рахат АМАНОВА: “КЕСЕПЕТ”
Үйдүн ичин көңүлсүз карады. Көңүлүн ача турган нерсени алигүнчө таппай келет. Ата-энеси салып берген үйдүн ичи да, сырты да илгерки боюнча турат. Атасы алы-күчү барында, тээ немистер менен согуштан кийин салдырган үйдүн ичин да, сыртын да өзгөртөйүн деген жок. Жайкысын өзү жатчу сөөрүдө жууркан-төшөктөрү үстүнө жыйылган эски жабан менен кичине үстөл турат. Апасы жасаган шырдамалдар менен ала кийиздер, аялынын колунан чыккан сайма туш кийиздер менен таар, жер төшөктөр да эскирип бүткөн эле. Ушул кезге чейин шыбын ичинен жаптырган эмес, шыпка узунунан коюлган устундар менен үстүнөн кынаптап коюлган тактайлар арчадан болчу. Үйдө жаккан бир эле нерсе бар. Ал – ушул устундар менен тактайлардан келген арчанын жагымдуу жыты.
Муну келдиңби, кеттиңби деген киши болбойт. Кайсы маалда, кай жакка чыгып кетээрин деле эч кимге айтпайт. Үй оокаты менен да чатагы жок. Бала-бакырасы, аялы менен да чатагы жок. Бул дүйнө менен аласа-бересеси жок кайдыгер өмүр сүргөнүнө көп жыл болду. Эл койгон «Тирүүлөй дудук» деген каймана аты менен жашайт. Себеби мунун бирөө-жарым менен сүйлөшкөнүн эч ким көрбөйт деле. Оозун ачса «а-бу» деген кыска жооп чыгат, болду. Анысын да көп көргөнсүп сураган адамды муздак карап басып кетчү.
— Кызыңа өткөндөгү айткан кишилер куда түшүп келишиптир. Эмне дейли?
Астананы аттап киргендеги аялынан уккан жаңылыгы ушул болду. Эмне демек эле?
— Ой, ботом, бирдеме десең боло?
— Өзүңөр билгиле.
— Олда-аа, кокуй ай! Ушу сени киши деп бирдеме айткан кайран жан! Сага корогон кайран сөз! Ии, койчу сени!.. Күйгүзүп бүттүң го кишини!..
Көр оокаттын арабасын жалгыз өзү тартып жүрүп чарчап бүткөн аялы бугу чыккыча сүйлөнүп атты. Күнүгө ушинтип эртели-кеч сүйлөнөт. Ага жооп кайтарбайт. Унчукпайт.
Азыр да келип сөөрүдөгү төшөгүнө кулады. Күн кур калбай ичет. Бирок үйүнө ызы-чуу салбайт, «ичкенге бирдеме тап» да дебейт. Колунан көөрү төгүлгөн уста. Элдин баары там-ташына уста салаарда ушуну зарыгып күтөт. Колуна тийген ишти майын чыгара жасайт, сүйлөбөйт, бирок алдына келген оокатты тандап ичет. Ала турган акысын жумушуна жараша алат. Аялына чогулткан акчасынын жарымын карматып коёт, калганы чөнтөгүндө. Келет, сөөрүгө «күп» этип кулап, эртеси жуунуп-таранып алып тамагын ичип, атын токуп алып эч нерсе айтпай-дебей чыгып кетип, түнү же кечке маал кызуу болуп келет. Мунун ушинтип тынч ичкенине шүгүр келтирген үйдөгүлөр ооз ачышпайт эле. «Бир үйдөн бир жинди чыгат» деп өздөрүн соороткон үйдөгүлөр кошуна-колоңдун ичкич жиндилерин көрүп жүрөкзаада болуп калышкан, ошон үчүн буга унчугушпайт. Келсе тамагын белендеп беришет, кийим-кечесин жууп, үтүктөп, даярдап коюшат. Себеби бир-эки жолу тамак-ашы, кийим-кечеси ойдогудай болбой калып, тирүүлөй дудукка тил бүтүп, баарын сөгүп-сөздөп, үйдүн ичин талкалап канабайран салган болчу. Анысын көргөн аялы экинчи алешемдикти кайталаган жок.
***
Той да өттү. Кызын көчүрүп барып келгендер жууп, үй бака-шака түшүп, той өткүчө суй жыгылып бүткөн эмелер башы тийген жерде уйкуга кетишти. Үй ээси ини-карындаштарын эшиктеги сөөрүгө чакырып сөз баштады:
— Бир сөз айтайын деп атайы күтүп жүргөм. Мен үйдөн кетейин. Уруксат бергиле?
— Үйдөн?.. Каякка кетесиз? Эмнеге кетесиз?
— «Каякка» дебегиле. Үстүмдөгү кийим менен чыгып кетем. Түшүнгүлө?
— Эмнени түшүнөбүз, кокуй? Баарыбызды шерменде кылган атасыз, ушунуңузду түшүнөлүбү? Кырктан ашып калганда эмне болду сизге? Биз эмне болобуз? Жеңем бечара эмне болот?.. Эл-журт эмне дейт?
— Менчи? Мени ойлойсуңарбы?.. Балдар бойго жетсе кетем деп жүргөм. Күтүп жүргөм! Каякка дейсиңер. Каякка болсо кетейин дегем. Эмне, ушинтип жүрүп өтүп кетейинби?..
Ини-карындаштары кыйлага чейин унчукпай отурушуп, улуу карындашы үн катты:
— Макул, кете бериңиз. Баарыбызды таштап кете бериңиз. Апамды да таштап кете бериңиз. Сизди сыйлагандан башка эмне жамандык кылдык эле биз? Кете бериниз. Башка сөзүбүз жок, сизге, – деген карындашы ызалуу тиктеп, калгандары ээрчип төркү бөлмөгө дасторкон жыйнаганы кирип кетишти. Эркектерден бир иниси гана унчукту:
— Аке, өзүңүз билиңиз. Сиз эмне десеңиз ошол. Биз киришпейбиз, -деди да, калгандары чогуу туруп чыгып кетишти.
Жалгыз өзү калды. Жайдын аптабы кайта элек маал. Түндү карады. Биртке туруп төркү үйгө кирди. Бул киргенде өз ара маанайы жок сүйлөшүп отурган карындаштары унчукпай чыгып кетишти. Көнүмүш адатынча төргө барып отурду. Дүйүм толо дасторконду карады. Жерге жайылган дасторкондун четинде олтургандардын ордун тиктеди. Ушуну сыйлап, той өткөрөбүз деп үч күндөн бери баары опур-топур кызмат кылып жүрүшпөдү беле? Качан болбосун жүгүрүп келип кызмат кылышат. «Аке» деп, бул канча ичсе да сыйлап турган күйөө балдары менен карындаштарын, инилери менен келиндерин эстеди. Баары алдынан кыя өтпөй, сулк ичип жатса дагы, сүйлөбөсө дагы, өмүрү бирөө-жарымынын көңүлүн алайын дебесе дагы «Акем билет! Акем төргө олтурат! Акем чечет!» деп турушат. Баарын көз алдынан өткөрүп ойго тунду.
Төрдө жалгыз өзү олтурду. Узакка олтурду. Анан туруп эшиктеги көкүнага барып, очокко от жагып, кара көрөгө чай койду. Кара көрө шарактап чыкканда эшикте сөөрүдөгү карындаштарын: «Келгиле, чай ичеличи?..» – деп чакырды. Сууланган көздөрүн аарчыган карындаштары акесинин чечимин түшүнүп, инилерин чакырып, сүйүнүп ээрчип киришти. Төрдө олтуруп, дасторкон четинде ини-карындаштарын сыдыра тиктеп билинер-билинбес жылмайды. Бир боорлорун таштап кайда кетмек эле?.. Кантип ушундай тамырын сууруп кетет? Кайда бармак эле?..
***
Көзүн ачып төбөдөгү арча устундарды карады. Күрөңкара түскө айланганы менен билинер-билинбес жагымдуу жыт уруп турат. Алгач жаңы үйгө киргенде жыты кандай сонун эле! Үйдүн ичи арча менен дубалдан чыккан топурактын каңылжаарды жарган жытына толуп турчу! Апасы беш жылдан бери жаңы үйгө салмакчы болуп жасаган жапжаңы ала кийиз, шырдамалдары, дубалга тарткан килем, туш кийиздери, жабанга керилте жыйган жууркан-төшөктөрү кандай көркөм эле! Айрыкча «төркү бөлмөдө келиним менен уулум жашайт» деп, апасы кезекке туруп, жүгүрүп жүрүп сары шифоньер менен күзгүсү бар тумба алып, кызыл жаңы жабанга жууркан-төшөктөрүн керилте жыйып даярданганын айт! Жүрөгүнө мөөр болуп калган жагымдуу кезди эстеди.
Армиядан күздө келген. Жаз ортолоп калганда ата-энеси элден бата алып, усталарды алдырып, үйдү быйыл бүтүргөнгө көптөп киришти. Атасы менен апасы баласын армиядан келээри менен үйлөндүрөбүз деп, үйдүн жерпайын мурдагы жылы куйдуруп коюшуптур, былтыр жарым кышын куйдуруп тизип коюшкан эле. «Жаңы үйгө келин киргизебиз» деген ата-энесинин, «жеңелүү болобуз» деген бир туугандарынын ошондогу кубанычында чек жок болчу. Баш кошууга шерттешкен бийкечин эстеген сайын өзү да кудуңдап, жардам бергендерге баш-көз болуп, усталар менен чогуу ишти баштады. Бир туруп ылай чылап челектеп ташып аткан, бир туруп кыш куюп аткан, бир туруп арчаларды тээ жайлоонун төрүнөн алып келип жонуп аткан, бир туруп тактай тилдирип аткан, дегеле жаны тынбаган маанайы ачык уулун ары-бери өткөн сайын атасы жылмайып, сыймыктанып карайт. Уулунун жумушка шымаланып киришкен жоомарт маанайына ата-энеси жетине албай кудуңдайт. Апасы да таң атканда туруп, усталарга чоң кара казанга атала, жарма асат да, аны чоң жыгач челектерге куюп, катыктап, көлөкө жерге коюп, кайра күйпөлөктөп очокко үч маал ысык оокат жасайт. Күн алыс тандырга нан жаап, жайлоодон кымыз түшсө ысык боорсок жасап, ара күндө уста көрүп келгендерди да тосуп, апасынын кабагы да алдемедей ачык эле. Атасы да уста бакканга малын аяган жок. Жайлоодон күн алыс чанач-чанач айран, кымыз артынып келген атасы, салынып жаткан жаңы үйдү көргүсү келген кичинелерин ары-бери ташып убара.
Уулунун бир да жолу «чарчадым» дегенин же маанайы бузулганын көрүшкөн жок. Себебин да билишет. Биринчи курсунда бир айлык практикага келген кыз менен уулунун көңүлү табышып, үч жылдан бери кат алышып жүргөнүн уулунан угушкан. Кудайдын айтканыбы, же кандай, кызды окуунун чоңдору мугалим жетишпеген ушул айылга жөнөтүп, азыр мугалим агасынын үйүндө жүрүп иштеп аткан эле.. Уулу ошол кызга үйлөнмөк.
***
Бактылуу ошол күндөрдү көп эстейт. Класстын айнегинен кызды бир көрүп алганы мектеп жакка ашыгып барып келет. Айнекти акырын чертип кол булгаса, кыз уялып, бөрсөйгөн эриндерине ничке аппак сөөмөйүн тийгизип, «кетиңиз» дегендей ишаара берет. Ал окуткан биринчи класста карындашы бар. Агасы: «Менин келгенимди эч кимге айтпа, ээ?»- деп убадалашкан үчүн, экөөнү алмак-салмак күлүп тиктеп, карындашы тыпыйып тартип сактап олтурат. Кызга кээде китеп алып келет, кайра аны алып кеткенге шылтоо да даяр. Бирок мугалимдерге уят кылбайын деп бат эле кетип калат.
Май айынын этегинде мугалим кыз окуучуларын айылдын өрдөшүнө ээрчитип кетип атканын көрүп, ылай чылап аткан жеринен шарт жөнөдү. Бери жакта бекинип алып, кызыгып көз салып турду. Үстүндө кызыл чыптамасы узун мала кызыл көйнөгүнө куп жарашкан кыз бойтойгон биринчи класстын окуучуларын ойнотуп, улам барып бирин кучактап өөп, оюндан жеңилип калганын сооротуп, балдар күлсө кошо күлөт. Бойтойгон он беш чакты мадырабаш менен секелектер «эжекелеп» аркасынан калбай ээрчип, булактагы сууга эжейи бети-колун жууса баары жууп, эжейи боорсок, момпосуй таркатып берсе козу-улактай ызы-чуу салып, айланасында кол чаап жүрүштү. Олтуруп алып жомок окуп берип, кыздардын чачын өрүп берип, ыр ырдатып, балдардын көңүлү менен болуп атты.
Баятан кино көргөндөй кызыгып карап олтуруп, кызга гүл терип сунгусу келди. Бирок балдар бар да?! Бала деген бала! Балапандай болуп, чоң адамды көрсө таттуу берет деп үмүттөнөт эмеспи! Бая ашыкпай чөнтөгүнө бирдеме сала келбептир да! Ушуну ойлоп, бекинген жеринен шарт туруп ылдый үйү жакка жүгүрдү. Муну аркасынан көргөн кыз айраң-таң калып карап койду. Барып эле апасынан сандыктын ачкычын алып, анда мейманга деп бекиткен шириндиктерди баштыгы менен алып жетип барды. Балдар шириндиктерди алып чурулдашып, эжейин этектеп, так секирип атышты. Балдардын көзүнчө тартынып акырын «ырахмат» деген кыздын колуна баштыкты кармата салды да, «мен барайын» деп коюп, кайра аркасына жүгүрүп кетти. Балапандай чурулдаган үндөрдөн улам караса, узун эки өрүм чачы алдына түшүп, кызгылтым көйнөгү менен кызыл чыптамачан гүлдөй кулпурган кыз жылмайып күлүп кол булгалап, чурулдап ырахмат айтып кол булгаган балдардын арасында туруптур. Жашыл төрдө, наристелердин арасында, кызгалдактай кулпуруп кол булгалап турган кыздын ошол элеси эсинде өчпөс болуп калды.
Кыз жайкы каникулда айылына кеткен эле. Колу бошой калса эле коңшу айылга атты токуп, түнү менен болсо да чаап жетип барат да, үйү жакты акмалап тиктеп, айланчыктап жүрө берет. Кээде оң келип калса жүгүрүп чыккан кыздын колдорун кармап учурашканына сүйүнөт. Андайда бийкеч ток ургандай дирилдеп, колдорун сууруп алып, сунган катты алып, уялыңкы көздөрүн өйдө көтөрө албай жүзү албырып, «жакшы калыңыз» деп кайра чуркап кирип кетет. Баёо кыз кат жазганда жакшына жооп жазат эле, бирок мындай жолугууга келгенде уялып дирилдегени калбады. Үлбүрөгөн кыздын уялганынан өзү ансайын сүрдөйт.
Коңшу айылдын балдары менен бат эле дос болуп алды. Экөөнүн үч жылдан бери кат алышып жүргөнүн билген үчүн алар кызды коруп мушташкан жок. Тескерисинче, кимиси болбосун кат ташып берип, экөөнү жолуктурганга аракет кылышат. Жайлоодон жакага түшкөн балдар менен түндөсү эшикте олтуруп, кыздын үйүн айланчыктап, улам ал жаткан терезени карап, качан жарыгы өчкөндө кеткиси келбей атып араң кетет. Бир жолу гана кеңири сүйлөштү. Элдин баары жайлоодо. Кыз дайра бойлоп сейилдеп келгенге араң макул болду. Экөөнүн таттуу кыялы эле Фрунзеде окуу, анан жигиттин армияда көргөндөрүн кыз уккусу келе берет. Бул сөздөр каттарда канча жолу айтылса деле, кээде жолукканда сөз болсо деле кызга жомоктой кызык болчу.
— Эмки жылы буюрса Фрунзеге кетебиз, ээ? Апам «силер каалашыңарча окуй бергиле, балдарыңарды өзүм багып берем» деп атат. Атам «жашай турган үй таап койгом, таанышым бар» деди.
«Балдарыңар» деген сөздү укканда кыздын апакай жүзү албырып, ансайын уялып кетти.
— «Балдарыңар» дебеңизчи, коюңузчу…
— Мен политехке тапшырам, инженер-куруучу болом. Сен педучилища менен калып кетмек белең? Институтка тапшырышың керек.
— Сиз армияда жүргөндө инженер-куруучу болом деп чечкенсиз да, ээ?
— Ооба. Армияда үч жыл кызмат кылбадымбы. Моряк болдум. Кемеде жүрүп деңизди көрдүм. Кооз шаарларды көрдүм. Фрунзе, Ошту өзгөртүп кургум келет.
— Деңиз аябай чоң да, ээ?
— Ооба. Деңиз деген көк мелжип турат, учу-кыйырына көз жетпейт.
— Мен Фрунзеде окугум келет. Биолог болгум келет. Бирок Фрунзеге баргандан корком. Аябай корком, тартынам…
— Коркпо. Мен эл-жер көрөйүн деп, армияга өзүм арыз жазып кетип калбадымбы. Военком атамдын досу болот, «армиядан алып калам» деген эле.
— Өзүңүз арыз жаздыңызбы?
— Ооба. Атам «армиядан калдың, барбайсың» дейт. Эртеси арыз жазып кетип калгам. Барбасам досторума уят болбоймбу, өлүм да!
Сөздүн кызыгына батып, ээрчишип сейилдеген ошол күн эсинен чыкпай калды.
***
Окуу башталганда кыз мектепке кайра келди. Үйдүн чатырын жаап жатып, оозуна тиштеген мыктын улам бирин какканча кыздын мектепке келип-кеткенин акмалап караганын усталар көрүп тамашалашат, ага өзү да макул болуп күлөт.
Атасы тилек айтып, бата берип үйдүн каргысын өзү кармап берди. Үй да бүттү. Акиташ менен ичин актап, жыгачтарын сырдап чыкты. Жайлоодон түшүп келген чоң атасы бата берип, элден бата алып үй тойду өткөрүп алышты. Атасы кирип-чыгып үйдү сыртынан карап бактылуу. Жаңы үйдүн ичин жаркыратып жасаган апасынын, үйдүн ичинде так секирип ойногон ини-карындаштарынын кубанычында чек жок.
Бир гана баарын ойлондурган нерсе – ата-энеси «балабызды мугалим кызга үйлөндүргөн атабыз» деп карыяга айталбай коюшту. Карыя «окуган кызды келин кылып албагыла» дечү. «Аял киши убуртуп-чубуртуп төрөп, бала карап үйдө отурсун» дечү. Ал кезде шаарга окуган кыздар көзгө өөн көрүнүп, аркасынан ар кандай айың кеп ээрчийт эле. «Жатаканада жашаган кыздар менен балдар өз билгенин кылып ээн баш болот экен, кой-ай дегени жок эки-экиден жетелешип түнү басып кетет экен, кыздарды качырып кетет экен» деген сөздөрдү уккан элеттин эли айың кептен коркуп, кыздарын окууга жөнөтпөгөнгө аракет кылчу. «Кыздар эркек балдар менен ээрчишип жүрүптүр» же «кызы күйөөгө качып кетиптир» деген шумдук бир бүлөнү, урууну сөзгө сөлтүк кылган чоң айып болчу.
Ата-энеси «алгач мугалим кызга куда түшүп, сөйкө салгандан кийин чоң атаңа айтабыз, ошондо айласыз макул болот да» дешти. Маңдайы жарыла кубанган атасы менен апасы уулун үйлөндүргөнгө ашыгып, баарын тездетишти. Кыздын ата-энесинин алдына түшүп, той боло турган күндү болжоп, кызга сөйкө салып келип туугандарды той өткөргөнгө масилетке чакырышты. Жайлоодон чоң атасы да келди. Келгенде жаалы катуу келди. Айткан тилди албай мугалим кыз алып беребиз деп, жашыруун куда түшүп келген уул-келинене каары кайнады.
— Мен айткан кызды алат балаң! – деди карыя. – Азыр жолумдан жакшы киши чыкса, бойго жеткен, окубаган кызы болсо куда түшүп келем! Балаң ошо кызды алат! – деп айтканынан кайтпай койду.
Уул-келини алдына түшүп суранса да болбоду. «Батаны бузбаңыз, тойду болжошуп, кызга сөйкө салып койдук эле» деп суранышса да ынабады.
— Маалим катын уулуңу ээрчитип шаарлап кетет дегем! Менин тилими албай жашырып, маалим катын алып берем деп! Көргөн-билген жердин кызын алып берем балаңа! – деп, атына минген чал жанына эки кишини алды дагы, шарт бастырып кетти.
Чоң атасы айылдын ылдый жагына жеткенде биринчи учурашкан кишиден «кызың барбы, шаарга окубайбы» деп сурап, үйүнө түшүп кудалашып келди. Атасы менен апасы эртеси барып, карыя куда түшкөн кишинин кызына сөйкө салып, той өткөрүп, бир аптада келиндүү болуп калышты.
Үкүлүү топусунан беш көкүл чачы сербейген окуучу кыздары үйгө кирип, апасына жарыша сүйлөп ыйлап атышты:
— Сулуу эжекебиз бүгүн кетип калды, үү-ү-ү!.. Бизди бетибизден өөп кучактап ыйлады, үү-ү-ү!.. Бизге эжекебиз жеңе болбой кетип калды үү-ү!..- деп ыйлаган кыздарын көрүп эненин жүрөгү тилинди. Баласы үйлөнгөндөн бери эч ким менен ооз ачып сүйлөшпөй койгон эле.
***
Келин жакшы чыкты. Колунан баары келген ыманы ысык келинди ата-энеси да, алыс-жакын туугандары да жакшы көрүп калышты. Бир туугандары турмак, айылдагы бала-бакыра да «жеңелеп» турушат. Бир гана жигит кайдыгер боюнча калды. Келинчегине катуу айтпайт, бирок мамилеси суз. Карапайым, бешенеси ысык келин мунун көңүлүн табайын деп эле турат. Бир айылда турган үчүн, жаштайынан жактырып жүргөн жигитке кокусунан турмушка чыгып бир чети бактылуу, бир чети күйөөсүнүн көңүлүн таппай ызага уугуп, көз жашын көрсөтпөй төгөт. Күйөөсү дегеле эч ким менен маңдайы жаркып сүйлөшпөй калды. «Бара-бара мугалим кызды унутуп коёт» дегендери бекер болуп чыкты, тескерисинче, жылдан-жылга бардыгына кайдыгер тартып, унчукпас болуп кетти. Ата-энеси неберелүү болгон сайын маңдайы жарыла сүйүнүп, келиндин көзүн карап, үйү балага толуп бапырап атышса да кайдыгер боюнча калды.
— Айланайын, балам. Укчу? Мынча түнөрөсүң?.. Кабагың эмне ачылбайт? Айтчы, эмне керек?! Төрт тарабың түгөл. Кесир кылба! Бир кыздын айынан ушинтип каласыңбы? Бул эминең, балам?.. Аялың жакшы чыкты го? Жакшы аялдын убалында калба, балам?!
— …
Ушинтип айткан ата-энесинин сөзү жоопсуз калат. Унчукканда эмне дейт? Айта турган сөздөрү да белгилүү. Жооп берсең эмне чыгат? Эч нерсе. Муну башкалар түшүнөбү? Жок. Андан көрө унчукпай кутулган оң. Ушинтип жүрүп акырындап иче баштады, алгач бекитип ичсе, кийин күнүгө ичкенди адат кылып алды. Ачуу суу жанын жай таптырган бирден-бир көңүл дабаасына айланды.
***
Бир күнү түнү менен үстү-башы суу болуп, кызуу кирип келди. Отуздан эми өткөн курагы. Кеч күздүн суугун өзү менен кошо ала кирди. Муздак жамгыр нөшөрлөп төгүп аткан. Баласын жамгырда калды деп күткөн эне, келсе тамагын ысытып берейин деп, сөөрүдө чырактын жарыгында жүн тытып олтурган. Келини чөбүрөгөн балдары менен алышып атып чарчап, бая эле уктап калган.
Баласы бир башкача болуп кирди. Суу болгон кийимин чечпей сөөрүгө олтуруп, апасын тиктеди. Жигит мурдагысындай менменсинип турду. Эненин жүрөгү алдамедей өзгөргөн уулун карап, он жылдан бери өчүп калган көздөрүндөгү отту көрдү. Уулунун көздөрүндө үмүт да, колдоо күткөн сураныч дагы, кечирим сураган ниет дагы, анан чечкиндүүлүк да бар эле. Баарын айттырбай түшүндү. Өзүнөн колдоо күтүп, үмүттөнгөн баласына карап, эки ортодо күйгөн эне араң бир ооз сөзгө жарады:
— Кагылып кетейиним ай!.. Балдарың эмне болот, балам?.. Балдарың?..
Жашыган апасына тике карап акырын үн катты:
— Менчи, апа?.. Менчи? Мен ушинтип өтүп кетемби, апа?!
Эне кургур уулунун жүрөгүн неберелери үчүн курмандыкка чапканына ичи ачышып, жүрөгү канап турду. Колдорун кармап турган уулу колун шарт тартып алды. Көз оту өчүп бараткан уулу муздак карады да, теңселе туруп эшикти ачык коюп чыгып кетти. Чырактын үрүл-бүрүл жарыгын айланып учкан кунарсыз жетим көпөлөктөрдү тиктеген эне эсин жыя албай эндиреди. Суук шамалдын эпкини чырактын жарыгын жалп өчүрүп, эне караңгыда калды. Катуу шамал ары-бери булкуп-жулкуп кыйчылдатып аткан эшикти жапканга киши жок эле.
***
Жылдар билинбей өтө берди. Атасы эрте өтүп кетти. Үйгө өмүр бою баш-көз болгон апасынын орду бир жылдан бери бош. Бир да жолу буга катуу айтпаган, бирдеме тап дебеген, ашыкча сөз сүйлөбөгөн тейинде, өмүрүндө бир саат төшөккө жатып бактырбай кайран эне уктаган боюнча созулуп кете берди. Сөөрүдөгү апасынын ордуна олтуруп, маңдайдагы төштү, жолду караганды адат кылып алды. Анан коңшу айылдагы кемпир-чалдан кабар алгысы келе берет. Тууганчылыгы жакын кемпир-чалдын жупуну эски үйүнө киргенде атасы менен апасын көргөндөй сагынычы тарап калат.
Кемпир-чал уктоого камынып, чал чырак менен паңыздын айнектерин кагаз, кургак чүпүрөк менен тазалап, анан күкүрт чагып билигин күйгүзүп, айнектерин идишине кийгизейин деп атканда айнек тыкылдап калды. Ким экен? Беймаал эч ким келчү эмес эле?.. Тынчылык эле болсо экен! Ушинтип айтып чочулап турган кемпир-чал эшикти ашыга ачышты. Босогодон таяк кармаган тирүүлөй дудук өрүндү.
— А кокуй, сен белең? Деги тынчылыкпы?! Эмне болду аа?..
Кемпирдин чебеленген сөздөрүнө кызымтал эме күңк этти:
— Жак-кшы эле ба-аары. Тынч-чылык…
— Анан эмне беймаал жүрөсүң, ботом?..
— Мен-нби? Ме-ен жөн эле жүрөм. Абама табылг-гы таяк апкедим эле да!
Сөздөрү түшүнүксүз булдурактаган эмени төр жакка олтургузушту. Жарыкты өчүртүп койду. Уялды окшойт. Карыя чыракты кайра күйгүздү.
«Уктап алайын» деди булдуруктап. Кемпир ичкериден жаздык, жууркан-төшөк алып чыгып, башына бийик коюп, эки жагын кымтылап жапты. Карылар муну «жакшылардын насили, жакшылардын аманаты» деп жакшы көрүшөт эле. Биртке уктап турду. Эшикке чыгып муздак сууга шашпай бети-колун жууп, сергип кирди. Кыйла соолуга түшүптүр. Жарыкты өзү жандырып, төрдөн орун алды. Аны-муну сурашкан болуп коюшат. Анан унчукпай олтуруп чалды карады.
— Аба, мени жаман көрбөйсүңөрбү?
— Жо-ок, садага кетейиним. Сени эмнеге жаман көрөт элек?
— Мен баарын кыйнап койдум. Атам бечара эрте өтүп кетти. Апам дагы жашап турса болот эле. Бечара апамы аябай кыйнап койдум…
— Жо-ок, балам. Апаң сенин карааныңа кагылып жүрүп, «уулумдун алдында кетейин» деп тилеп жүрүп кетпедиби. Сенин колуңан топурак буюрсун деп жатса-турса тилейт эле бечара.
— Силердин үйгө келип жүргөндү апам жакшы көрөт эле аа? Айлап-күндөп жүрө берет эле. Силер дагы кетиргиңер келбейт эле?
— Ооба да, дадагаң кетейин, баары эсиңде турбайбы. Апаң кемпир экөөбүзгө тең жакын тууган болсо, бир чети бир уруктан болсок, биз жакын болбой анан? Кемпир экөөбүз да апаң келсе кетиргибиз келбей, өзү да кеткиси келбей жүрө берет эле.
Сөзгө эми кемпир аралашты. Булардын сөзүнө баятан ичи чыкпай араң турган экен, саймедиреп кирди. Кемпир өткөн-кеткенди айткан сайын бетинин отунан нур чыгып, үчөө бирде күлүп, бирде көзү өткөндөрдү эстеп черлери жазылды. Маңдайы жаркып кемпир-чалды улам алмак-салмак тиктеп, ата-энеси тирилип келгендей болуп, оозуна тил бүтүп, көздөрү нурданып, жан кирди.
Кемпир бар тапканын алдына коюп, дасторконун жайып таштады:
— Ботом, чөбөгө жесең? Анабу сары майга көөнүң келбесе каймак жечи? Жарманы шыпкап жутуп ийчи элең го? Эмне ичпей атасың? Нанды баятан бери кактап ысытып койдум, каймак кошуп жечи?
— Жеп атпайынбы?.. – деп күйпөлөктөгөн энени карап чын дилинен күлдү.
— Эттен алсаң!.. Ээк! Кем наар болуп, бир ичеги болуп калган турбайсыңбы! Азыр таш чайнар маалың! Элүүдөн эми аштың. Ушу бир табак күлчөтай менен бир кесе шорпону ашказанга бир көңтөрүп коё турган маалың, ботом! Азыр ысык чай демдейинчи,- деп бул бирдеме жеген сайын сүйүнөт.
Ким буга ушинтет эле? Апасы ушинтип маспы, сообу дебей тегеренип, качан болбосун тамагын ысык белендеп, бар тапканын оозуна тутуп турчу эмес беле?.. Карыянын мээримдүү көзү менен караганы, баятан өзүнө айланып, тегеренген сөздөрүчү! Ким ушинтет эле? Атасы гана бул эмне айып кылбасын, катуу айтпай ушинтип мээрим төгүп турчу!.. Сөз кызып кыйлага чейин олтурушту. Сүйлөгөн кемпир эле болду. Карыя экөө коштоп күлүп, арасында карсылдап каткырып, кээде сөз кошуп коюшат.
Сөз да түгөндү. Баятан маңдайы жаркып отурган түнкү коноктун жүзүнө көлөкө түшүп, унчукпай жер тиктеп мелтиреди. Кемпир-чал да унчукпай калышты. Анан кыйлада туруп учкай карап үн катты:
— Аба, мен ушинтип калдым… Ушундай болуп калдым, аба… – деп башын кайра жерге салды.
«Ушундай болуп калдым…» Бул сөздө айласыздык менен алсыздыгына багынган күйүт бар эле. Анан, дагы эле моюндап түз айткысы келбеген, бирок атасы менен энесинен сурап үлгүрбөгөн кечирим бар эле. Кыраакы кемпир-чалдын дили баарын туйду. Бир ооз ушул сөз карылардын карт жүрөгүн тилип кетти. Зээни кейиген кемпир жашып, көйнөгүнүн этеги менен көзүн сүртүп, анан эстегендей кара баркыт кемзелинин чөнтөгүнөн жүз аарчысын алды да, бырыш баскан жүзүн жууган жашын аарчып кирди. Эгерим анча-мынчага көз жашы кылбаган кемпир азыр жашын тыялбай турду.
Кандай панардай бала эле! Кандай чырактай жигит эле!.. Аттиң!.. Карыя жанында жаткан табылгы таякты колуна алып кармалап туруп, анан эң аялуу буюмундай аспиеттеп дубалга жөлөп койду да, «ат-аа…» деп үшкүрүндү.
Үчөө унчукпай тунжурап олтурушту. Баятан жер тиктеп олтурган конок ордунан туруп, эшикке чыгып баратып кемпирди кылчайып карап алды. Кемпир жаштуу көзүн ирмеп, башын ийкегилеп, бышактаган тейде узатты. Аркасынан чал чыкты. Атына минип камчы салып кетип атып, дагы бир жолу көрүп алайын дегендей кылчайып карыяны саамга карап алды да, караңгыга сүңгүп кетти.
23.08.2024