Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “ОКУУГА САПАР”
Быйылкы жылдын жазы жаанчыл, ал эми жайы кургакчыл болду. Жайлоодон от качып, Жанайдын ташы чыгып, айтор жайлоо мезгили жылдагыдан кыска болчудай. Кимдики экени белгисиз, кечээ жайлоодон качкан бир үйүр жылкы өөндү аралай чубап өтүп, түз эле Катта-Көлдүн түзүнө бет алды. Эгер Катта-Көлдүн чөбү бир жумада орулбаса, туш тараптан качып келген үйүр жылкы заматта майкандап салары бышык.
Бир жагынан жайлоо калбаасы, экинчиден чөп орук мезгили, ошого чөпкана аталган Борду тарапта кумурскадай жайнап, тытынган эле адам. Жайчылык учурда орулган чөп чөмөлө бойдон күзгө дейре турар эле. Быйыл Бордунун кире беришин мал талаганы, чөптү оруп, чөмөлө кылар замат унаалап өөнгө ташып кетишке туура келди. Төбөдө күн куйкалап, сайлар какшып, Бордунун оозундагы унаа жол кызыл ашыктан сапырылган топуракка айланды да, калды.
Кең-Жылганын оозундагы Сабыттын короосу тушта, суу жээгин аралай өскөн чычырканактын көлөкөсүн качырып келип, уктаган Талип көзүн ачса, ала көлөкө самсып калыптыр. Отко коюлган косилканын эки аты ичтерин чампайта тоюп, бири-бирин далыдан тиштей кашылап тал көлөкөсүндө жуушап турушат. Талиптин иниси Бекбол эми эле ойгонгон шекил, дөшүнү жерге комдоп, чалгысын тергенге камынып калыптыр. Иниси Күнгөй Ничке-Жылганын ат косилка жүрбөгөн тик жерин чалгылап жаткан. Талип эки күндөн бери Күнгөй Ничке-Жылганын ак чөбүн ат косилка менен жүрүп, алдыда ашып барса эки күндүк жер калды. Кечки салкында ишти арбытып алыштын каргытында аттарды косилкага саздап кирди. Бир маалда жолдон жогору өтүп бараткан атчан Талипке артынан кыйкырды:
— Ой, Талип!… Иш илгери болсун! Түз өөнгө жөнө.
— Ыракмат, тууган! – Талип атчанга карады. – Тынчылыкбы деги?
— Тынчылык эле, – деди атчан. – Жаанбай аяш атаң окууга кетиптир. Барып, узатып кой.
— Качан кетиптир?
— Бүгүн.
Муну укканда, Талип ушул турган өөнгө жөө эле түшүп кетүүнү чечти. Косилкага салганы, минип жүргөн атыңды деле атаңды аягандай аярлап, көзүн карап калат экенсин. Сууга салынган кол чаначты алды да, муздак аталадан бир гардим тартып жиберип, тамеки түтөттү да, кетип баратып иниси Бекболго кайрылды:
— Бүгүнкүгө иш тамам. Сен Жапаштын аңыз тушун чалгылап койсоң эле болду.
— Эмнеге? – капталдай жатып чалгы терип олтурган иниси башын көтөрдү.
— Жаанбай аяш атам окууга кетиптир. Барып, жакшы бар деп коштошуп келейин.
Бекбол макул дегенсип башын ийкей салып, чалгысын чыкылдатып терип кирди. Талип чоң жолго жөө түшкөндө, Ничке-Жылганын тушуна барып калган баягы атчан Жалпакты көздөй чалгысын далыга артып бараткан, үстү белден жогору дырдай жылаңач калпакчан бирөөгө кыйкырды:
— Ээй, Ибраим! Кудум илгерки Сыдык жылаңач баштанып, дырдай жылаңач кайда жөнөдүң?!
— Жалпактын чөбүн оргону да! – дырдай жылаңач жооп берди.
— Жалпактын чөбү эч жакка качпайт! Кийингин да, түз өөнгө жөнө.
— Эмнеге?
— Жаанбай аяш атаң окууга кетиптир! Барып, коштошуп кой.
— Качан кетиптир окууга?
— Сенин ишиң эмне! Кийин да, тез жөнө!
Жалпакты көздөй бет алган жылаңач караан Талиптин классташы Ибраим экен. Буудай аңыздын этегиндеги ак чөпкө кечээ түштүм деп жаткан. Дырдай жылаңач Ибраим атчандын айтканына маани бербеди, жолунан кайтпай Жалпакты көздөй кете берди. Бирок кайра ойлонду окшойт, чоң жолдо жөө бараткан Талип артын караса, Ибраим жолунан кайтып, суу көздөй кетип баратыптыр.
Атчан адам кыбырап олтуруп, Узун-Жылганын ичине кирип келди. Күнгөйүндө деле, тескейинде деле кумурскадай жайнап, тытынган адамдарга кызыгып карап коёт. Узун-Жылгадагы Абылгазы оргон беттин бир жак ныптасында ондон ашуун адам менен чалгылап чөп чаап жаткан Абидин назарына илинди. Көпчүлүктүн иши баары бир көпчүлүк… Суу этектей кеткен солдон башталган чөп чабык чөп орчунун тээ төбөсүнө жакындай түшүптүр. Эки-үч күн алдын Абидин чөп чабышка ашар кылганы өөндө адам топтоп жүргөнүн көргөн. Демек ашардын убакты-сааты бүгүн табылган экен. Узун солдун этегине жакындап калган ашарчыларга куржундун эки көзүн муздак атала менен тамак-ашка толтуруп, куржунду мүрүсүнө артынып жонго жакындап калган Абидинге атчан адам кыйкырды:
— Ээй, Абидин!… Иш илгери болсун!
— Ыракмат, тууган! Айланайын көпчүлүк, неңдискей көпчүлүк дейт, – Абидин атчанга күлүп жооп кайтарды. – Көпчүлүктүн барында ишти арбытып албасам болбойт.
— Ашарыңды жыйнаштыр да, түз өөнгө жөнө! – атчан адам кыйкырды.
— Ии? – Абидин ага суроолуу карады.
— Жаанбай аяш атаң окууга өтүп кетиптир. Аяш атаңды узатып кел.
— Эмне дейсиң? – Абидин кайра сурады.
— Жаанбай аяш атаң окууга кетиптир дейм! – атчан дагы кыйкырды. – Аяш атаң картишка көөлагани кетиптир!
— Качан?
— Бүгүн.
Атчан адам андан ары Узун-Жылганын ичи менен жүрүп берди. Улуктун чөп орчусу аркылуу кеткен кыя жол менен капталдай жылып, Катта-Көлдүн тумшугуна жеткенде, артын караса, атчан өөнгө бет алган Абидин көрүндү. Чалгысын такымга кыскан атчан андан ары Катта-Көлдүн түзүнө кирип кетти. Ошол тарапта жатып чөп чаап жүрүшкөн адамдарга бараткан шекил.
Узун-Жылгадан өөнгө жөнөгөн Абидин атчан бараткан классташы Ибраимди Оро-Башынын тушунан кууп жетти. Бордунун оозундагы Азимкулдун кашаасы туштан чаң жолдо жөө бараткан Талип жолукту. Талип Ибраимге учкашты да, Кара-Күчүктүн көчөсүн аралай өөнгө кирип келишти.
Үйүнө келген Талип үстү-башын чоң казандагы саратан күнгө жылып турган сууга бир сыйра чайканып жиберип, биртке шам-шум этимиш болду да, түз мектеп тарапка жөнөдү. Окууга өтүп кеткен аяш атасын узатканы классташтар баары мектептен жолугушмак болушкан. Төрт-көчө тушка келгенде, Абсамат иштеткен дүкөндөн бир куту тамеки алды. Балким кереги тийип калар деген ойдо биртке акчасын көкүрөк чөнтөккө катты да, мектепке бет алды. Аринбайдын үй тушуна келгенде, дүкөндөн ручка, жука дептерден бирди алып, жанына салып койбогонуна өкүндү. Мындайда балким кереги тийип калар беле.
Мектеп короосуна кирип келгенде, туш тараптан жетип келишкен классташтары көзгө урунду: Ибраим, Абидин, Калык, Токтосун, Токо, Тиллаш, Нажимидин, Турат, Аттокур, Калматай… Окууга кеткен аяш атасын узатканы мектеп короосуна топтолушкан классташтарын көргөндө, Талиптин ичин жагымдуу кубаныч аралады. Отуз сегиз жыл илгери 1-сентябрда так ушул жайда биринчи класска айылдын туш тарабынан келишкен мотурайган балдар эле. Эми минтип кыз узатып, уул үйлөп, бир кездеги мотурайган шок балдардын алды небере көрүп, чоң ата, таята болуп калышты. Алгачкы балалык сүйүү отун жандырган классташ кыздары азыр эми балпайган чоң энелер, небере жыттаган таэнелер. Өкүнүчтүүсү бала, небере жытын жыттабай, бул жарыктан эрте кеткен классташтары да бар. Талип биринчи класска келгенге дейре классташ балдардан болгону Ибраим менен Абидинди, кыздардан Акперини тааныйт эле. Калганын биринчи класска келгенде, мектептен тааныды. Классташ кыздардан алгачкы балалык сүйүүсү жакшы окугандардын бири, класстын тазалык сектору – бадачылык Элмирага арналды. Эх, балалык сүйүү, мүрөк суусундай туптунук болсочу. Элмирага бергени эшик алдындагы алмуруттун төбөсүндө эзилип бышканын тандап үзүп, сумкасына аярлай салып келет да, бирок бир да жолу бергенге даай албады. Албай коёбу деп чочулайт эле. Сабак бүткөн соң, мектеп артындагы арык жээгинде алмурутту жалгыз жеп, буга ичи туз куйгандай эңшерилип үйүнө кетет. Азыр мектеп короосуна топтошкон классташтарын көргөнү, алтын доор окуучулук мезгили көз алдына дагы бир сыйра кинодой тартылып өттү.
Мектепте топтолушкан классташ балдар Кызыл-Таштын боюндагы чоң жол менен Күнгөйгө түз жөнөштү. Бир жагынан жайлоо, бир тараптан чөп чабык, ошого классташ балдары өңдөн азый түшүптүр. Ага карабай бири-бирин көрүшкөнү, баарынын көңүлдөрү жаш баладай куунак, окууга өтүп кеткен Жаанбай аяш атасы тууралуу кеп салып баратышты.
— Тынбаган жаным Көк-Көйнөктөгү арпаны оруп жатсам, аяш атамдын окууга тапшырганын карасаң, – деп сөз баштады Тиллаш. – Бир жума коё турса өлөбү.
— Элдин баары Бордуга чөпкө жөнөсө, аяш атам окууга жөнөгөнүнө жол болсун, – деп сөздү бура сүйлөдү Токо.
— Ушинтип аяш атабыз да окууга кетип калды.
— Мен Такадагы жайлоого иштерим менен кетсем, артымдан эле аяш атаң картишка көөлагани окууга кетти деген кабар жетти.
— Быша элек картишканы саал коё турбаптыр да, каап десе… – деди Нажимидин буга кейигендей түр көрсөтүп. – Күздө жыйын-терин бүткөндө казса деле болмок.
— Күнгөйдүн картишкаси эчак бышкан, – деп туурадан чыкты Калматай. – Тим кой, көөлай берсин.
— Көөлап бүтүптүр.
— Картишкасин көөлап бүтүрүп, ороого салып коюп, анан окушка кетиптир.
— Ха-ха-хааа!… – бул сөз жапырт каткырык менен коштолду.
Кызыл-Ташын дөңүн аша бергенде, Күнгөй айылынан ый угулду. Эми классташтар азил-тамашасын тык токтотушуп, Күнгөй айылына шыпылдай түшүп келишти да, Жаанбай аяш атасынын үйүнө жакындап калганда, жапырт өкүрүк салышып, аяш атасынын үйүнө каптап кирип келишти:
— Эсил кайран аяш атам, оой!…
— Аяш атам оой, аяш атам! Эми кайдан көрөлү!…
— Аяш атам, оой, аяш атам!…
Мейит жаткан бөлмөгө өкүрүп киришип, мейит жанында боздоп турган классташы Таалайды кучактай бир топко өкүрүп турушту. Аяш атасынын үстү мата менен жабылып, жүзүн ачып коюшуптур. Башында аталап ыйлап үч кызы олтурат. Кыз баланын жакынга түшкөнү деле жакшы экен. Мейит башында олтурган улуу кызы айылдагы Курулуш маалага келин болгон. Экинчи кызы ушул эле Күнгөйгө түшкөн. Үчүнчү кызы кошуна айыл Арпа-Тектирден жетип келгенге үлгүрүптүр. Бир кызы Лейлек тарапка түшкөн деп калышчу эле, анысы азыр көрүнбөдү. Жаанбай аксакал өлгөнгө деле окшобойт, жөн гана өкүрүк үнүн тыңшап, күлүмсүрөп уктап жаткансыйт.
— Болду, токтоткула ыйыңарды! Болду дейм, эй! – сырттан кирип келген абышка кыйкырды. – Андан көрө жүргүлө, балдар! Силерге иш бар.
Аяш аталап өкүрүк салган классташтар жабыла сыртка чыгышты. Абышка аларга иш бөлүштүрүп кирди. Эшик алдына боз үйдүн керегеси тирелип, түндүк көтөрүп, уук сайып жатышыптыр. Ибраим, Талип, Турат, Калык төртөө жайчыларга жардамга жөнөтүлдү. Калгандары тажияга союлган жылкыны кармалашып, отун жарып, суу ташып, үйдөгү ишке салынды.
Жай казылып бүтүп, жайчылар көрүстөндөн кайтып келишкен маалда күн кечтеп калган. Ал жактан келишкен соң, классташтар тээ бир оокумга дейре эртеңки тажияга даярдык көрүшүп, жандары жай алган жок. Бир аздан соң эшик алдында топурагандардын карааны сээлдеп, жалаң классташтар калды. Таалайга чай ичирип коюшуп, эртең саарлап кайра келмек болушту. Тиргилик кокодон алып турса да, классташы Таалайдын ариетин кылып, эки күн ушерде тик туруп кызмат кылып коёлу деп чечим кабыл алышты. Мындайда досуна чай ичирүү – айылдык эркектердин салты. Кадимки чай бергенден башка, эл кеткен соң, жакынын жоготуп кайгыга муунуп турган досун там артына алып өтүп, көңүл айтып, ачуу суудан биртке куюп берип коёт. Болгон ырымы, жол-жобосу ушул.
Эл жаткан соң, Таалайды аңыз башына чакырып чыгышып, чай ичиришти. Жаанбай аяш ата сексен жети жашында акка моюн сунду. Ага карабай баскан-турганы түзүк эле. Чай ичирип жатышкан маалда Таалайдын айтуусуна караганда, атасы өлөрүн билгенсип, бир күн алдын эшикте турган чоң казандагы күнгө жылыган сууга там артына өтүп, өзүн шашпай чайканып чыккан экен. Бүгүн бешим намазын окуп бүтүп, биртке куш уйку салайын деп жаткан барабар эч кимге байкатпай үзүлүп кетиптир. Үйдөгүлөр аны уктап жатат экен деген ойдо, иш менен алаксып жүрө беришиптир. Өткөн жума кой союп, Таалайды ээрчитип мечитке келип, жума намазга келгендерге эхсан катары бир койдун этин өз колу менен бүт таркатып бериптир. Айтор аяш атанын жаны кыйналбай, ысыктын күнүндө, бышыкчылык маалда жеңил өлүм менен кете бериптир.
Бул Жалганда ый менен күлкү, өлүм менен азил жанаша жүрөт эмеспи. Сексенден ашып акка моюн сунганды айыл эли “той өлүм” менен узаптыр деп коюшат. Ырас, бул жашка жеткен да, жетпеген да бар. Кара ашына союлган малдын этин үй-бүлөсү менен ооз тийип жатышып: “Жайы жаннатта болсун жарыктык кишинин. Кудай сүйгөн пенде экен, сексенден ашык жашап, өлүмү минтип той болду. Бизге да ушундай жашты насип кылсын” – деп дуба кылышат. Сексенден ашык жыл жашап, акыркы жылдары көпкө төшөктөн туралбай, кыйналып жатып калган адам өтүп кетсе: “Бу бечаранын өлүмү да той болду окшойт. Бир чети карыганда Кудайым төшөктө кыйнабай, бир жаңсыл тынып алганы да жакшы болуптур” – деп калышат. Мындай “той өлүм” менен узаган адамдын кайтыш болуп кеткенин угузганда да, айыл жаштары бири-бирине жөн угузбай, “Баланча аксакал окууга өтүп кетиптир” же “Түкүнчө кемпир картошка көөлөгөнү кетиптир” деген шакаба менен угузат. Ал эми жаштын өлүмүндө мунун бири да айтылбайт.