Юсуф ИДРИС: «ООРУНУН ТИЛИ»

Юсуф Идрис 1927-жылы 19-майда Аш-Шаркия губерниясынын Бейрум айылында төрөлүп, 1991-жылдын 4-августунда каза болгон – египет жазуучусу. Ал Каир университетинде медицина тармагында окуп, өзүн толугу менен адабиятка арнаганга чейин бир аз убакыт алган кесиби менен иштеген. 1959-жылы «Аль Гумхурия» гезитинде журналисттик ишке өткөн. Студенттик жылдарында аңгеме жаза баштаган. Биринчи жыйнагы – “Эң арзан түндөр” 1954-жылы жарык көргөн. Жалпысынан Ю.Идрис он аңгемелер жыйнагын, бир нече повестерин жарыкка чыгарган. Ал египеттик «Аль-Ахрам» гезитинде дайыма басылып турган. Новелла жазуунун чебери деп эсептелген.

 

ООРУНУН ТИЛИ

Анын түн ортосунан көп өтпөй укканынын чаңырык деп айтууга да болбойт эле. Бул үн адамдан, жадакалса жаныбардан да чыккан добушка окшобойт. Тескерисинче, бир зор күчкө ээ, боору ооруганды таптакыр билбеген кандайдыр бир акылга сыйбаган алптын колу менен сөөктөрдүн кычырап сынганына окшош болчу. Үн күтүлбөгөн жерден караңгылыктын кучагындагы бейпил жаткан жайлуу үйдүн жымжырттыгында жаңырды. Уйкуда жаткан бул үй өзүнүн өзгөчө түнкү жыты менен, башка үйлөрдөн айырмаланып турчу. Үй терезелери, көчө жарыктары акырындап өчүп, айланадагылардын баарын үргүлөтүп барып терең уйкунун кучагына тартып кетчү шаардын эң бир кооз, тандамал бөлүгүндө жайгашкан. Бул жерге шаардын борборунан чыккан тынымсыз ызы-чуусунун алсыз жаңырыгы учуп жетип, эмне айтып жатканы билинбей күүлдөп турчу.

Мына ушул бейпилчиликте жаткан тынчтыкты кайдан-жайдан, балким башка дүйнөдөн, капысынан, далыга бычак сайылыгандай, кырылдаган, тамакты жарып чыккансыган, уккан адамдын кулагы чыдагыс жапайы, түшүнүксүз чаңырык бузду.

Бирок үйдө жана бүтүндөй кварталда бул чаңырыкты ал гана жалгыз уккандай сезилди. Көзүн жумуп, жарым эс болуп, уйку-соонун ортосунда жатты. Үн күтүлбөгөн жерден чыккандыктан, ал эмне экенин дароо түшүнгөн жок. Бирок, кийинки көз ирмемде денеси белгисиз шектенүүдөн улам титиреп чыкты. Бул бир гана көз ирмемге созулганы менен, уйкусу умачтай ачылып, аны бир күнөөлүү сезим, бул чаңырык менен өзүмдүн кандайдыр бир байланышым бар, бул байланышты өзүм жараттым жана ага мен гана жооптуумун деген деген түшүнүксүз, бүдөмүк адам чыдагыс тынчсыздануу басып алды. Эми ал акырына чейин баарына чыдашы керек.

Башын буруп аялын карады. Аялы ойгонгонбоптур. Ал кыймылдаганда аялы бир нерсе деп күбүрөнүп, экинчи капталына оодарылып жатты. Кудай жалгап, чаңырык анын уйкусун бузган жок. Ага эч ким тоскоол болбосун түшүнгөндө көңүлү бир аз жайлана түштү. Өзүнүн алапайын табалбай турган учурда аялынын бул жерге аралашканынын кажети жок эле.

Бул эмне деген чаңырык, ал кайдан чыкты?

Ошол замат анын оюна миңдеген божомолдор келди, ал корккон жападан жалгыз нерседен башкасы. Үйдө да, кварталда да, бүт дүйнөдө да эч нерсе өзгөргөн жок. Албетте, бул күтүүсүз үн чоочун, бул жерге бөтөн, жат адамдан чыккан, бирок ага болгон акыл-эси, жан дүйнөсү менен ишенгиси келбей турду. Ал мындан ары ойлонгусу келген жок. Бул жөн эле үн болчу. Эң башкысы, кайра кайталанган жок. Бир аз убакыт өттү. Бир көз ирмем, бир мүнөт, бир нече мүнөт өттү. Түнкү жымжырттыкта ​​эч нерсе угулбайт. Үмүт пайда болду.

Бирок капысынан күңгүрөгөн үн чыгып, ал тик жерден шаркыратма кулап түшкөнсүгөн күркүрөккө айланды. Жанакыдай эле сынган сөөктөрдүн кычыраганы туюк түтүктүн ичинде жаңырып, күңгүрөп жаткандай сезилди. Аңгыча түтүктүн оозу ачылып, андан жардамга чакырган ачуу, көпкө созулган, бүтпөчүдөй чаңырган үн чыкты. Чаңырып жаткан неме унчукпай токтоп калгандан коркуп жаткандай: ал үчүн үн чыгарбай коюу өлүм менен барабар сыяктуу. Мына. Кайра башталды.

Экинчи чаңырык ушунчалык үрөй учургандай чыкты, бирок бул жолу анын булагын так билсе дагы, денесиндеги титирөө коркуудан эмес, чаңырыктын артында катылып жаткан коркунучтуу белгисиздиктен улам чыгып, ал дагы эле калтыраганын баса албай жатты. Ал ушунчалык чочуп, дал боло түшкөндүктөн, аялы ойгонуп, кантип керебеттен баш көтөрүп олтуруп калганын байкабай калыптыр, аны ага бурулуп, коркуп шыбырап суроо бере баштаганда гана көрдү:

— Бул эмне? Оо, Кудай, тезирээк айтчы, тыякта эмне болуп жатат? …Кудай үчүн бол тез, тезирээк карачы…

Ал эмне деп жооп берерин түшүнө электе, аялы оюна келе калган коркунучтуу шектенүүдөн теңселе түшүп, эрине жекире карады:

— Бул жанагы немеңби?

Күйөөсүн оозун ачканга үлгүртпөй ажылдай баштады: Мен сага айттым эле го. Жакшы эле какшагам. Ушундай болорун билгем…

Ооба, ал чындап эле айткан, талашкан. Жанагы болгондун баары анын эркине жана макулдугуна каршы болгон. Албетте, эми ал ошол айтканын караманча унутпайт, айла канча, ага чыдап, тынчтандырыш керек. Анткени, бул жөн гана түш. Баары өтөт. Баары жакшы болот. Баары мурункудай болот.

Эми баары мурункудай болушу мүмкүнбү? Атүгүл сөздөр, атүгүл эң жөнөкөй тыбыштар да өзгөрүп кеткенсиди. Бул ашыкча кептердин азыр кереги барбы? Көп сөздөр айтылды. Бул анын позициясында таң калыштуу деле эмес. Сулуу аял, азыр эле сахнага чыкса да жарашат. Сандарын карабайсыңбы, ал тургай караңгыда да үлбүрөгөн түнкү көйнөгүнүн ичинен тысырайып адамды азгырып турат. Бир гана өкүнүчтүүсү, азгырганга эч ким жок. Жада калса төшөктө жатса да кийгени жарашыктуу көйнөк, денесине шыбаганы жыпар жыттуу косметика. А жанында жан дүйнөсү карып, чачтары түшүп, көздөрү мурдагы курчтугун жоготуп дайыма тыбырчылап уктай албай жаткан күйөөсү. Мындай шартта сөздөрдүн көбү кайра-кайра кайталанып айтыла берери таң калыштуу деле эмес. Адатта, анын өзүнүн ою жок болчу.

Эми экөө тең үчүнчү чаңырыкты чыдамсыздык менен күтүп калышты, күйөөсү кайра кайталанбайт деп ишендирди, аялы сөзсүз кайталанат деп тажаалданат.

Бир маалда ашканадан, – ооба, ошол жактан, бул жолу эч кандай шек жок, – мышыктын айласы кеткен мыйлоосун эске салган чаңырык угулду.

Ал аны ооздуктоого аракет кылып, бүт эрки менен каршылык кылса да, сыртка жарып чыккансыйт. Сыягы, ал киши болгон күчүн чогултуп, кандай гана болбосун үнүн сыртка чыгарбоону чечкен окшойт. Бул жан чыдагыс, азаптуу, муңдуу, боздогон үн, айласыздан жардам сураган: «Аа, аа-аа-аа, аа-аа!» – деген кыска-узун, созулган-тарсылдаган, укмуштуудай бийик жана жапыз, эрктин күчү менен басаңдаган, кансыраган, кыпкызыл чокко салгандай, жаңы жарага йод куюп жибергендей үндөрдүн аралашмасы эле.

Ою туура чыкканына көзү жеткен аялы коркконунан оозу ачыла түштү. Ал тиги чаңырыктын бүтүшүн эле күтүп, өзү кыйкырууга даяр болчу. Бирок ый аралашкан чаңырык токтогон жок, ал айласыздан тыңшап калды. Оозу дагы эле жабылбай ачык бойдон. Бүткөн бою титиреп, эринин колун мыкчый кармап, ага жабышып алган. Дал ошол учурда, ал чыдабай бакырып жибере турган абалга жеткенде, тигил боздогон үн аны чыгарып жаткан кандайдыр бир аппарат бузулуп калгансып тык токтоду.

Кереметтүү, ооруну басып, айыктыруучу бальзамдай болгон бузулбас жымжырттык. Эгерде жымжырттык дал ушул маалда келбесе жана мынчалык бузулбас болбосо, жинди болуп кетүүгө мүмкүн эле.

Көпкө унчукпай отургандан кийин аялы:

— Мына, көрдүңбү Хадиди!

Ал араң угулган шыбыры менен жооп берди:

— Афат, суранам сенден…

Бирок аялы анын өтүнүчүнө кулак салган жок. Акырын, бирок өжөрлүк менен кулагына ызылдап жатты:

— Мен жөн гана билгим келет… Суранам, мени жинди кылба… Мен аны эмне үчүн мейманканага жайгаштырбаганыңды билгим келет?” Эмнеге туугандарыныкында калтырган жоксуң? Эмне үчүн мындай кылдың? Эмне үчүн? Мени жинди кылуу үчүнбү?

Эмне үчүн мындай кылганын өзү билбесе, ага кантип түшүндүрөт.

 

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.