Бурулкан САРЫГУЛОВА: “ТАГДЫР”

 

аңгеме

Кеч күз эле. Айжаркын жумуштан эртерээк чыгып, бир курсташынын чыгармачылык кечесине катышканы келаткан. Имараттын босогосун жаңы аттаганда кесиптеши чөнтөк телефонун шыңгыратты:

— Профессор Сүйөркул Сатарович каза болуп калыптыр. Эртең көз көрсөткөнү биздин жамаат да бара турган болдук…

Жүрөгү булкуп алды. Кесиптешинин андан аркы сөзүн уккан жок. Шарт бурулуп кайра эшикке чыкты да, терең-терең дем алды. Ичи туз куйгандай ачышып чыкты. Сыртта кар аралаш жаан жаап жаткан. Асман түнөрөт. Адатынча кеч кирген сайын шаардын борбордук көчөлөрүндө автотыгын күчөп, ширелген машинелер бирин-бири тебелеп кетчүдөй демитип, сиркеси суу көтөрбөйт. Айжаркын жаанды да, кечки кымкуутту да элес албады. Баскысы келди. Алай-дүлөй ойлоруна кадамдары кошо жарышып, өзүнөн өзү шилтенип баратты. «Коштошкон экенсиң го, кайраным!» Улутунду. Терең улутунду…

Экөө сый мамилеге өтүп алышканы качан… Чочугансып бир апта мурун түн жарымына жакын телефон чалган. Минтип чалбай калганы канча болду эле деги…

— Беймаал чалганыңа жол болсун. Жайчылыкпы?

— Жайчылык. Догдурда элем. Бүгүн чыктым. Кайра-кайра эсиме түшө бергениңден кабарлашайынчы деп…

Көптөн бери байланыш үзүлгөнгөбү, анын үнүн Айжаркын кош көңүл эшитти. Догдурда экенин укпаптыр. Жакында эле бир конференцияда күпүлдөп сүйлөп жатканын телевизордон көргөн.

— Ден соолук жакшы болбой жатабы? – кайдигер суроо салды.

— Силер жүрөк оору кылбадыңарбы, – деп баягы тамашасына салып, анан сөзүн оңдоп койду, – Бир аз чикерттеп, дарыланып чыктым. Өзүңдө жашоо жайындабы? Балдарың жакшыбы?

— Жакшы. Ар кими өз тиричилиги менен. Өзүңдүкүчү?

Айжаркынга кызык деле эмес болчу. Көңүл улады. Сүйөркул ушул эле суроону күтүп тургансып үй-бүлөсүнүн жайын төкпөй-чачпай айта баштады:

— Кызымдын жашоосу жакшы. Кичүүсү ошол эле калыбында. Чоң уул баягы алган колуктусу менен ажырашып, башкага үйлөнүп алган. Аялым «ажыраштырбайм, неберемди тирүүлөй жетим кылбайм» деп чырылдады. «Жайына кой. Өздөрү чечет. Экөөбүздүн тагдырдын кайталанышын каалап жатасыңбы?» деп токтотком. Байкасам, уулум жашоосуна ыраазы. Азыркы жаштар бактысы үчүн күрөшө алышат. Биз анте алган жокпуз…

Сүйөркул каргылдана түштү. Айжаркындын жүрөгү мыкчылды. Экөөнүн тең ойлору тээтиги кумардуу жаштыкка кетти. Алар таанышкан кезде экөө тең үй-бүлөлүү эле.

 

*   *   *

— Атаңар кызуу келди. Мындай абалда келиши биринчи эмес. Кантип баланы ишенип бере алам?

Баласынын бакчадан убагында алынбай калганына кыжалат болуп, шаша-буша кирип келген Айжаркынды сустайган тарбиячы ушинтип тосуп алды. Ал жерден баласын жетелеп кичирип, ызалуу чыкты. Күйөөсү кайра ичип алыптыр. Эртең мененки «Бүгүн баланы мен алып коем. Кам санабай иштей бер» дегенине ишенген. Көнгөн адат калбайт экен го… Ойго батып келатып жолдо бирөөнү жөөлөп кеткенин сезе калып, чочуп кетти. Артына кылчайып кечирим сурады:

— Кечириңиз…

— Эч нерсе эмес.

Эркек киши экен. Бешик араба сүйрөп өтүп баратыптыр. «Муну кайдан көрдүм эле?» деп ичинен бүшүркөгөн бойдон баласын жетелеп жолуна түштү.

Экөөнүн жолу бир кезде ушинтип кесилишкен. Кийинкисинде Ататүрк паркында жолугушту. Анда күйөөсүнүн ичкенинен жадаган Айжаркын эжесиникине көчүп кетип калган. Парк үйдүн жанында болгон үчүн дем алуу күндөрү уулун ушул жакка чыгарып ойнотуп калчу. Анын үстүнө боюнда да бар. Күйөөсү кайра ичип баштаганда алдырып салайын деп догдурга барса түйүлдүк чоңоюп кетиптир деп уруксат бербей койгон.

Айжаркындын алдына түшүп чуркап келаткан уулуна бешик арабада отурган бала жакшы көрүндү окшойт, жетип барып, колун кармалап калды. Жанында атасы туруптур.

— Баягыда уулум экөөбүздү жөөлөп кеткен сиз белеңиз, чоң кыз?

Күлө багып турган жайдары жигитти көргөндө Айжаркындын да жарпы жазылып, күлүп жиберди.

— Эми таанышып алалы. Менин атым Сүйөркул. Уулум экөөбүз сейилдеп жүрөбүз.

— Биз да кээде ушинтип сейилдеп калабыз, – деди Айжаркын таанышып жатып.

Көрсө экөө бир эле университетте бир эле учурда үч курс айырма менен окуп, «Студенттик жаз» фестивалы, «Мыкты студенттердин слету» өңдүү иш-чараларга, жалпы жыйындарга катышкан сүрмө топтун арасында чогуу эле жүрүшкөн экен. Студенттик куракты, жалпы тааныштарды эске салып, анда далайга кобурашкан.

«Сөзгө чечен, тамашакөй жигит турбайбы. Кесиби экономист болуп туруп, философияга, адабиятка, баарына кызыкканын карасаң…» Ушундай ойлорго жетеленип, ал күнү эжесиникине шайдоот кайткан.

 

*   *   *

— Жолуксак болот эле. Ичиме бук толуп кетти.

Сүйөркулдун телефондогу үнү Айжаркындын алыска кеткен оюн бузду. Кекээр суроо узатты:

— Эмнени сүйлөшөбүз?

Суроону атайылап кулагынын сыртынан кетирди белем, Сүйөркул сөзүн токтотпой улай берди:

— Өткөн жумада эжем догдурга келиптир, мени көргөнү. Чачымдан сылап, бетимден өөп эркелетсе, илгери беймаза кылган учурумду эстедим. Сага айтып бердим эле го…

 

*   *   *

…Ал кезде Сүйөркул Айжаркынга ашык болуп калып, убагында жолуктурбаган тагдырына таарынып жүргөн кези эле. Кез-кез ичип да алчу болгон. Бир күнү жаңы жылдык салтанаттан кызуу чыгып, үйүнө барбай, эжесиникине кетип калган. Биртуугандарынын ичинен аны менен башынан ынак болчу. Ошондонбу, айтор ал күнү эжесине эреркеп, тизесине башын жөлөп алып буркурап ыйлаган, сүйүүгө кабылганын, айла таппай жүргөнүн айткан, биртуугандарына таарынычын төккөн:

— Аял албасам эле ата-энем багылбай калат беле, айтчы эжеке, – деген анда, – эмнеге кыйнадыңар эле мени? Эмнеге бир көргөн кызга үйлөнгөнгө мажбур кылдыңар эле ошондо? Эмнеге сиз «Сүйөркул жаш, азыр эрте» деп айтканга жарабадыңыз эле? Менин бактымды эч кимиң ойлогон эмессиң! Ата-энемди мага түртө салыш баарыңарга оңой болчу да анда! Эми кантем, айтыңызчы? Мен ансыз, Айжаркынсыз кантип жашайм?!

Ушинтип ичкиликтин күүсү менен барган Сүйөркул ал күнү ошол үйдө калган. Эртеси чайга отурганда инисинин кабак-кашын көрүп, кечээгиси кызуулуктун кеби эмес экенин түшүнгөн эжеси минтип кобураган:

— Эмне кыл дейсиң эми? Ажыраш анда. Сүйгөнүңдү ал кайра. Эми деле кеч эмес.

— Эмиби? Кантип? Үч баланы эмне кыл дегени турасыз? Тиги оорукчан баланы менчелик кимиң карайсың? Тиги жакшы көргөн келиниңиз менсиз чырпык башын да сындырайын дебейт. Мени түшүнбөйсүңөр силер! – деп шарт туруп, үйдөн чыгып кеткен.

 

*   *   *

— Экөөбүздү ошол эжем гана түшүндү, – деди Сүйөркул. Анан бир аз тыныгып, сөзүн улады, – Эсиңдеби, баягы биринчи таанышкандан кийинки карпа-курпа жолугушуу? Ооруканада жолукканыбыз. Анда делдейип туруп калган мени карап да койгон эмессиң. Өмүрү көрбөгөн кишидей мостоюп жанымдан өтүп кетпедиң беле. Менин жанымда аялым, колумда оорукчан балам, сенин жаныңда – күйөөң, балаң. Кош бойлуу экенсиң. Ошондо келбетиңе эрип кете жаздагам. «Кош бойлуу аял да ушундай сулуу болобу?» дегем ичимден. Күйөөңдөн кызганганымды айт!

 

*   *   *

Айжаркын ал учурду кантип унутсун. Анда күйөөсү менен кайра элдешип жашап калган кези. Көп ичкени болбосо, тиричиликке бүйрө, ак жүрөк жигит эле. Ала качып алса да, байланып жашап калышына, балким, ушул мүнөзү жардам бергендир. Бирок, жашоо баары бир кыялындагыдай болбой, эзилип, буулугуп жашабадыбы.

…Анан бир күнү уулун жетелеп үйдөн чыгып кетпеди беле. Күйөөсү болсо артынан калбай койду. Кечирим сурап, бучкактап жүрө берип өзү да жүдөдү. Уулунун атасына кусасын сезген сайын андан бетер ичи эңшерилет. Акыры «Бир эмес, эки балалуу болгону калдым, булар атасыз чоңоебу эми, кой, жарашайын, оңолоор» деген бүтүмгө келген. Күйөөсү ичкилигин азайтып, көзүнүн агы менен тең айланып жүргөн кезде тигинтип Сүйөркул кайра жолугуп отурбайбы… Аны көргөндө курсактагы баласы тепкиленгени же өзүнүн жүрөгү булкуп алганы белгисиз, чайпала түшкөн. Ушул жигит эбак эле көңүлүнө кыттай орноп, сезимин бийлеп алганын ошондо түшүнгөн. Жолукпай койсо эмне…

Бири-бирине тартылуу ошондон баштап күчөбөдүбү. Телефон чалат жолугуунун жолун издеп, кээде кызуу болуп чалат арманын төгүп, ыйлайт, кат жазат. Деги койчу, жанын жай алдырбай сары изине түшүп алды го. Шек билгизбегени менен өзү да аны күтүп, эңсеп жашап калбады беле. Ошентип Күкүк менен Зейнеп болуп бири бирин унута албай же табыша албай жүргүчө арадан эки жарым жыл өтүп кеткенин экөө кийин, жолукканда эстешпеди беле.

 

*   *   *

…Анда жаз баралына келип, жан бүткөндүн жашоого кумарын арттырып турган маал. Айжаркын кичүү баласын бакчага берип, өзү ишке чыгып, илимий ишине батыл киришип калган. Ал күнү Бишкекте өтүп жаткан Экология боюнча эл аралык илимий конференцияда доклад жасамак. Үйдө эртең мененки бакчага, ишке даярданмай ызы-чуу менен убакыттан уттуруп койгонуна оңтойсуздана конференцзалга шашып кирди да, четтеги бош орундардын бирине демин басып отуруп калды. Аңгыча алып баруучунун: «Сөз кезеги эксперт, экономика илимдеринин кандидаты…» деген жарыясына удаа эле кафедрага элпек басыш менен Сүйөркул чыга келди.

Ушул жерден көрөм деп ойлогон эмес экен. Ансыз деле кечиккенине кыжаалат болуп отурган жаны өзүн кайда катарын билбей, жүрөгүнүн дүкүлдөгү бүт залга угулуп жаткансып шаштысы кетти. Өзүнө өзү батпай колундагы блокнотуна эңкейип, ар нерсени чиймелей берди. Байкабай калса экен деп тиленди ичинен. Сүйөркул сөзүн аяктап, элдин арасындагы ордуна кайтканда бир аз жеңилдей түштү.

Бир саамдан кийин телефонуна кат келди: «Экөөбүздүн жол дагы кесилишти, көрдүңбү? Конференция бүткөндө жолугалы. Баш тартпа, суранам!» «Жок! Эмне кереги бар?» деди ичинен. Катка кайра үңүлдү. Ойлору уйгу-туйгу. «Дегдеп, күтүп жүргөнүң канча болду? Качанкыга чейин качып жүрө бересиң?» деп азгырды бир ою. Эки анжы абалдан чарчап кетти. Доклад жасап бүткөндөн кийин эле билгизбей чыгып кете берүүнү чечти акырында, бирок, андай болгон жок. Имараттын чыга беришинде Сүйөркул күтүп турган эле.

— Качып кетериңди сезип, тосуп чыкпадымбы, – деди күнөөлүү жылмайып.

Ушул саамда Айжаркын Сүйөркулдун кучагына кулагысы, кучактап алып көз жашын көлдөтө төгүп ыйлагысы келди. Шек алдырган жок:

— Качкан жокмун. Айылдан туугандар келмек, ошого карап эрте кетип бараттым эле…

— Айжаркыным, жаркырагым, качан мага убакыт бөлөсүң? Качан деги?

Бул суроону Сүйөркул шаабайы суугандай үмүтсүз узатты.

— Жекшембиде. Жекшембиде жолугалы…

Оозунан бул сөз кандайча чыгып кеткенин Айжаркын өзү сезбей да калды.

 

*   *   *

Телефон байланышында турган Сүйөркул Айжаркындын жанагы суроосуна эми жооп кайтарды:

— Экөөбүз эскерчү күндөр көп да. Ошолорду эстеп, кайра бир кыялданып көрбөйлүбү? Азыр жолугалыбы? Силердин үйдүн капталындагы ресторан тынч, жалгыздап отурчу бөлмөлөрү деле бар эмеспи. Машине менен ошол жерге бара калайын.

«Зарылдыгы эмне? Өткөн өттү да.» Айжаркын бул сөздү ичинен кайырды.

— Кеч болду. Үй-бүлө бар. Чыга албайм, – деп салкын жооп берди.

Сүйөркул ушул жоопту угарын билген. Ичи сөгүлдү… Өткөн күндөр кайталанбайт… Кеч болду…

 

*   *   *

Анда экөө убадалашкан боюнча таң эрте жолугушуп, Сүйөркулдун машинеси менен шаардын үстүндөгү жашыл төргө чыгып кетишкен. Түркүн түстүү чөптөр менен гүлдөрдүн аңкыган жыты каңылжаарды жарат. Күндүн табы абаны мелмилдетип, айлана магдырайт. Экөө күнү кечке жаратылыш коюнунда бирге болушту.

— Сага жолуктурган тагдырыма ыраазымын. Миң мертебе ыраазымын, Айжаркыным! – деди бир маалда Сүйөркул ашыгын бооруна бекем кысып, – сени кандай эңседим, кандай гана күттүм! Ишенесиңби, сен макул болгондо өзүмдү жоготуп койдум. Жаш баладай толкудум го, чиркин!

— Мен да өзүмө түшүнбөй калдым. Үйдөн кандай шылтоо менен чыгарымды да ойлонбогон жүрөгүмдүн тоосун карабайсыңбы. Жүрөгүмдү эчак эле ээлеп алган турбайсыңбы, көрсө, – деп, Айжаркын жайдарылана Сүйөркүлдун моюнуна колун ороду. Анан экөө үй-бүлөсүнө айтып чыккан шылтоолорун эстешти. Оңдой берди болуп ал күнү Айжаркындын иштеген жамааты тоого барышмак. Күйөөсү «барып эс алып кел, балдарды өзүм карап турам» деп мурда эле айтып жаткан. Сүйөркул үй-бүлөсүнө эл аралык конференцияга келген конокторду узатышам деп чыккан.

Ошентип, бул маалда экөөнүн дүнүйөсү түгөл, бактысы толтура эле. Биринен бири сөз талашып, кубанычын, санаасын, өкүтүн бөлүшүп, бирде жаш баладай кубалашып суу чачышып ойноп, эркелешип, айтор, каалагандай чер жазышты, арзуунун эркинде болушту. Чарчашты көрүнөт, түш оогондо шам-шум этишти да, көк чөпкө төшөлгөн килемченин үстүнө сулап жатып калышты. Айжамал бир маалда күнөөлүүдөй аяр үн катты:

— Экөөбүзгө эмне болду? Эл эмне дейт? Ушундай жорук жарашабы деги…

Бакытка балкып турган Сүйөркул муну уккусу келбеди.

— Биз биргебиз! Жанашабыз! Биз сүйүүгө жарашабыз!

Айжаркын анын жүзүнөн аяр сылап эркелетип, бир топко ойлуу жатты да, кайра үн катты.

— Кечиктик э…?

— Кечиктикпи…?

Суроолор абада жоопсуз илинип калды. Экөө булутсуз асманды тиктеп, чегирткелердин чырылдагы менен суунун шылдырын угуп тээ далайга үнсүз жатышты.

Сүйөркулдун оюна даун синдрому менен төрөлгөн кенже уулу түштү. Алты жашка чыгып калды. «Апасынын шайын кетирип жаткандыр?» деп койду ичинен. Бош убактысын адатта ушул баласы менен өткөрөт, айрыкча жекшемби күндөрү. Аялы ал күнү үй тиричилиги менен алек болот. Экөөнүн ортосундагы суз мамиле ушул уулу төрөлгөндөн кийин ого бетер начарлап кеткен. Аялы ачуулуу. Өзүңдө деле чыдам жок. Кайым айтыштар көп болот, бирок, кайра эле балдарын көргөндө алаксып кетишет. Сүйөркул институттагы негизги ишинен тышкары илимий изилдөө иштери менен алек болот. Акы төлөнгөн дарстарды окуйт. Антпесе балдар чоңойгон сайын чыгым да көбөйдү. Дагы жакшы, ата-энесинен калган турак-жайды биртуугандары толугу менен Сүйөркулга ыйгарышкан. Ушундай. Көртирлик менен күн өтүп жатат… Ушул бүгүнкү бакытты тагдыр эмнеге эртерээк буюрбады десең…

Чалкасынан жаткан Сүйөркулдун көзүнүн жашы кулагын көздөй шашпай агып баратты. Айжаркын аны аяр сылап, аарчып койду…

 

*   *   *

— Түшүнөм. Байланышпай калды деп таарынып жүрөсүң мага. Турмушуң кургур ушундай турбайбы. Жүрөккө гана кыйын болду… – деди да, бир аз тыныгуудан кийин кайра жалооруду, — Мейли эми, бүгүн болбосо башка күнү деле отуруп баарлашпайлыбы. Көзүңдү, өзүңдү, сөзүңдү сагындым, чын айтам.

Ушул сөзү боюн балкыттыбы же арзыган адамынын үнү тереңге төнүп кеткен сезимдерди кайра козгодубу, айтор, Айжаркын жумшара түштү, жүзүн жылмаюу аралады. Анысын Сүйөркулга сездирбегенге аракет кылды:

— Макул, ошентели, – деди муюгандай жайбаракат, – Азыр эс ал эми. Догдурга ишенбей, ден соолугуңа өзүң да сак бол.

 

*   *   *

…«Көзүңдү, өзүңдү, сөзүңдү сагындым, чын айтам…» Айжаркындын кулагында ушул үн кайра, кайра жаңыра берди. Ушул акыркы үнү, акыркы сөзү экенин билсе гана! Коштошуп жатканын билсе гана! Өзүн өзү жанчып баратты…

Ошондо эмнеге жолугуудан качты? Сүйүүдөн куралган бакыт үйүндө жашай албай калгандын ызасы, кеги го… Кечигип келген арзуу аны кандай гана отко-сууга салбады… Же сезимден кутула албай, же балдарын кыя албай эзилип жүрүп күнү өтпөдү беле. Ыгынан чыкпаган, балдарын жанынан артык көргөн күйөөсүн отко салып коюп кетип калганда бактылуу жашайт беле? Анте алмак эмес…

Сүйөркулда эмне күнөө эле. Айжамал тарткан азапты ал да тартканы жалганбы? Оорукчан баласын айтканда заманасы куурулуп кетчү эмес беле… Тагдырдын алдында алсыз экенин сезгенде, тагдырдын тегирмени күкүмгө айландырып баратканын туйганда айласы куруп, окчундай баштаганын, аралыкты атайылап алыстата баштаганын түшүнбөдү дейсиңби… Ошону түшүнүп, билип туруп таарынды.

…Арзышкан экөө тагдырдын буйругу менен эки жээкте калса да, тирүүлүктө бири-бирин аралыктан эш тутуп жашап келишкенине Айжаркындын акылы эми жетти. Ааламда жапжалгыз каңгып калгандай сезип баратты өзүн…

 

*   *   *

Эртеси Сүйөркулга көз көрсөткөнү илимий чөйрө менен чогуу барды. Элдин катарында боз үйгө кирип, жакындарына көңүл айтты. Жубайынын, карындаштарынын катарында инисин жоктоп отурган эжеси Айжаркынды көргөндө буркурап үн-сөзсүз далайга ыйлады… Бүлбүлдөгөн көздөрүндө арман, бырыш баскан жүзүндө өкүт толуп турат. Боз үйдүн капталында кырка тизилген аялдар кирип-чыккандардын каш-кирпигине аста көз салып, кобурашып отурушат:

— Жубайына кыйын болбодубу… Оорукчан баласы менен кантээр экен эми…

— Ошону айтсаң. Түйшүгүнүн баарын Сүйөркул тартчу эмес беле, ыраматылык…

— Ой, сонун эле күн көрөт. Балдары турат тирелип. Өлгөн эле өзүнүн шору болбодубу! Эмне деген асыл жигит эле…

Айжаркындын ичи ысып-күйүп жатты. Бирок ыйлаган жок…

Бурулкан САРЫГУЛОВАНЫН адабий баракчасы

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.