Тарыхың так, далилиң далилби?

САЛИЖАН Жигитовдун дүйнө салганына кечээ бир жыл толду. Даңазалуу окумуштуу адабиятчынын, акын, жазуучунун илимий, адабий мурастарын, айрыкча жарыяланбаган чыгармаларын издөө, табуу, жарыялоо аракети ушул тапта кыйгас жүрүп жатат. Ошонун шарапаты менен менин колума ушул интервью тийди. Аны өзүнүн эле шакирттеринин бири – А. Супатаева 2003-жылдын апрелинде алыптыр. Кандайдыр себептер менен жарыяланбай келген экен. Себеби деле ушул – кыргыздын чычалаактыгынан чочулоо болсо керек. Өзүңүздөр билесиздер, анын ар бир сөзү ар дайым талаш-тартыш жаратып, айрым патриоттордун ачуусун келтирчү. Бирок канчалык ачуу болсо да, а киши ойлогонун, түшүнгөнүн коркпой-үркпөй ачык айтууну принцип тутчу. Чындык, акыйкат деген а кишинин тутунган туусу эле. Ф. Достоевскийдин “Чындык Пушкинден да, Некрасовдон да, атургай Россиядан да улуу” маанисинде айтканы эсиңизде чыгар.

Чычалабай окуңуз: мүмкүн бул да чындыкты издөөгө дагы бир чыйыр болуп берер.

Алым ТОКТОМУШЕВ

С.А.: 1916-жылдагы көтөрүлүш туурасында тарыхый маалыматтар менен окуя күбөлөрүнүн пикирлеринде олуттуу айырмачылыктар бар экендигин айтып жүрөсүз. Ушул багытта сөз улайсызбы?

С.Ж.: — Козголоң эмнеге байланыштуу чыккан? Падышалык бийлик тылдагы иштерге, балким, окоп иштерине жергиликтүү элдерди чакырткан. Баса айтам, согуштун өзүнө эмес. Ошол эле учурда падыша өкмөтү Орто Азияны каратып алгандан кийин жергиликтүү элден аскер албайбыз деп убада берген. Анын чакыртканы жергиликтүү элге өөн учурап, ошол шылтоо болуп атпайбы. Ошентип, Орто Азиянын ар кайсы жеринде чатак чыкты. Тополоң болду бир аз. Бирок куралдуу көтөрүлүш чыгарганы, менин билишимче, Кыргызстандын сарбагыш, саяк уруулары болду. Мисалы, таластыктар, Ош жактагы кыргыздар тарабынан көтөрүлүштү анча деле колдоо болгон жок.

Анан Өктөбүр революциясы жеңип кетти. 1926-жылы көтөрүлүштүн 10 жылдыгын өкмөт белгилеген жок, бирок макалалар жазылды. Ошол эле Кытайга барып келген Ж. Абдрахманов жазды. Анан кыргыздар көтөрүлүштү саясатташтырууга өттү. Эмне деп?

Биринчиден, бул колониялдык эзүүнүн кесепети дешти. Келгин христиандар кыргыздардын жерин тартып алып, басым-кысымга алганын айныгыс факт катары кармашты. Жер тарып кетти десе, тарыхты карап көрүш керек. Ал убакта 800 миң кыргыз бар экен. Андан кийин бир жарым миллион орус келгенде деле батып атты го? Ушул эле жерге, туурабы? Логика кыргыздардын жөн эле шылтоо издегенин айтып атпайбы. Андан кийин жо-ок, бул оруска каршы эмес, падыша өкмөтүнө каршы болгон, ошонун эзүүсүнө чыдабай баатыр кыргыз эли көтөрүлгөн деп чыгышты. Азыркыга чейин ушундай пикир жашап атат. Себептерине келгенде бийлик да жалаң саясатка такайт. Кыргыздар ошол көтөрүлүшү менен жалпы революциялык агымга кошулган деп айрым патриоттор даңктайт.

Ал эми 1916-жылды көзү менен көргөн, барып келген, кордукту башынан кечирген эл башкача айтат. Мисалы, Тазабек Саманчин деген адабиятчы болгонун билесиңер. Өзү түрмөгө да отуруп келди, улутчул аталып. Ошо киши айтчу: “Пишпек уездинин башчысы орус болчу, менин атам ошону тартчу дейт. Ошол киши күн сайын келип: “Ай, шайтан кыргыз, кой! Тиякка (козголоңчуларга – А.С.) барбагыла. Ушу Жети-Суудагы орулбай калган жерлерди оргула” деп атам айдаган араба менен кыргыздарды кыдырып жүрдү дейт. Жакшы орус эле дейт, көтөрүлүш чыгып кеткенден кийин үй-бүлөбүз, туугандарыбыз менен кошо “Кой эми, качкыла. Биерде жүрсөң, өлтүрүп коёт” деп Кеминге жеткизип, трашманкесин өзү айдап кетти” дечү.

Атактуу профессор Х.Карасаев да ошондой пикирде эле. “Үркүн” деген китепке козголоңду өзүбүздүн эле элдин ээнбаш, шоктору чыгарган деп жазды. Өзү да минтип айтчу: “Жолдо Кытайга баратсак, карып калган атам бар эле, чатак чыгарып, көтөрүлүшкө демилгечи болгондордун бирөө эки бутун үшүк алып кетип баса албай калып: “Абалар, мени да ала кеткиле, мен деле мал болом” десе, атам кайрылып: “Менде эмне күнөө, бала-бакыра, кемпир-кесекте эмне күнөө, кой десе болбой силер шорлотподуңарбы” дептир.

Санжар Данияров деген тарыхчы болгон, ыраматылык өтүп кетти. 1948–49-жылдары тарых факультетинин студенти экен. Айылга чыгып Академия үчүн атайын сурамжы жүргүзүп, эскермелерди жазганбыз дейт, орустардан да, кыргыздардан да. Көтөрүлүштү көргөн кишилер өлө элек эле да ал убакта. Ошол кишилердин бирөөнүн оозунан уккан жокмун дейт, көтөрүлүш туура болду деп. Кур бекер элди кырып алдык, кур бекер элди азапка кириптер кылдык дептир алар бир ооздон.

Көтөрүлүш себептерине келгенде, бирөө да өз алдынча ой жүгүртпөйт. Негизги себеби эмне? Тылга жумушка алабыз деп орустар да жакшы түшүндүрө алган эмес. Кыргызың да, өзбегиң да, казагың да, бүт баары эле аскерге барбай калган 40–50 жыл бою. Тынчылык өкүм сүргөн. Падыша режими тылга күч сураса деле коркуп атпайбы, өлүп калабыз деп. Башкасын билбейм, кыргыздар аскерге баргандан зырылдап коркот. Мына мен өзүм көрүп калдым. 1955-жылга чейин айылдардан аскерге ыйлап атып, боздоп атып кетишчү, өлүмгө кеткендей. Кечээ эле Баткен согушу болгондо, кыргыздардын баары зырылдап качты го. Алиги райондук аскер комиссариаттарында иштегендер ошондо элден пара алып байыды. Өзбектердин, уйгурлардын балдары барган жок, алып калды.

С.А.: Кечиресиз, көчмөн элдин миңдеген жылдар бою калыптанган патриархалдык-уруулук салтында эркек балдардын уруусунан алыс чыгарып көнбөгөнү да таасир эткен жокпу?

С.Ж.: — Уруусу-муруусу менен деле эч кимдин иши жок. Жөн эле аскерге баргандан эмдигиче коркот. Совет доорунда да пара берип алып калчу. Туура, 16-жылы алар согушка эмес, бери барарын түшүнүшкөн эмес, түшүндүргөн да эмес. Ошондой маанилүү жагдайды эч ким эсине албай атпайбы. Эми кээ бирөө айтат, эки үйдөн бир киши деп, кээ бирөө айтат, алты үйдөн бир киши деп, кээ бирөө айтат, тогуз үйдөн бир киши талап кылган деп. Аны да тактап көрүш керек.

Менин айтайын дегеним, кийинки экинчи дүйнөлүк согушта деле орус немис урушту. Мурункуда 6 түтүндөн же 9 түтүндөн бир киши алса, кийинки согушта бир үйдөн 10ду алганда деле кыргыздар каршылык көрсөткөн жок да, туурабы? Ушул жагына келгенде, чындык айтылбайт. Сарбагыш менен саяк боздотуп отуруп бугуну кошо ала кетти, бугулар барбайбыз десе болбой. Айласы жок, согуш чыгып кеткенден кийин Кытайгабы, башкасынабы, качат да. Башка кыргыз уруулары сураганын берип кутулду. Башка элде андай куралдуу көтөрүлүш болгон жок, качкан жок элинин баары, мал-жаны аман калды, тынч калды. Бул туура көтөрүлүш болсо, тигилердин жасаганы туура эмеспи?..

16-жылдын ушундай жагдайларына көбүрөөк басым жасап, идеологиядан чыгарса эле, башка тыянакка келет ар кандай илимпоз. Бирөө 16-жылы кыргыздын 30%ы кырылды дейт. Эми кырылса ага ким күнөөлүү? Илимий көз менен объективдүү караш керек, ошондон элге тыянак, сабак чыгарыш керек.

С.А.: Алдаш Молдо 1916-жыл жөнүндө жазган “Ахвали кыргызия” деген эмгегине “Алын билбеген алек болот” деген макал келтирген экен…

С.Ж.: — 16-жыл ошол эмгектин ичинде да бардыр, аны караш керек, Абылкасым Жукеевдин поэмасы бар, Ы. Шайбековдун “Кайран элине” үндөш.

“Кой десе болбой желденип, Кытайга келдик сенделип” – деп жазылат анда. Академиянын кол жазмалар фондунда сакталуу. Анан дагы Эмил Тагаев дегендин поэмасы бар. Ошол саясатташа электе кыргыздар кантип жазган, ошолорду изилдөө абдан маанилүү.

С.А.: Илимий тарыхнаамада көтөрүлүш кош эзүүгө каршы болгон, келгендердики – бир, жергиликтүү бай-манаптардыкы – эки деген түшүнүк жашайт. Муну менен жергиликтүү бай-манапты зулум, тоногуч көрсөткөн эмеспи?

С.Ж.: — Эми зулум, тоногуч делген андагы кыргыз төбөлдөрүнүн азыркы акимиат, салык, бажыканада иштегендерден эмне айырмасы бар? Булар деле тоноп атпайбы. Милийса элди тоногон жокпу? Кыргыз чоң болсо эле адилетсиз. Азыр до ошондой. Совет заманында деле ошондой болгон. Коркконунан адилет көрүнүүгө аракет жасачу. Азыр элден сурап көрчү. Бир чоңду жакшы көрөбү? Баарын жаман көрөт. Себеби, баары – эзүүчү тап. Мамлекет өзү эзүүчү тап болуп атпайбы. Илгери старчын, болуш, манап болгондор орустарга пара берип бийликке жетип, ошону менен элин эзген да. Кыргыздын чоңдору эч убакта эли жөнүндө ойлогон эмес. Россия шайлоо киргизген. Ошондо да элге пара берип, азыркыдай эле ун тараткан. Осмонаалы, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж.б. деп сыймыктанып жүрөбүз. Бирок алардын бирөөнүн да кыргыз уруулары бириндеп, чачырап, бирикпегенине арман кылып кейип койгон сөзү жок. Кадыресе кабыл алган. Ал убакта урууну эл деп эсептечү. Кечээ жакынга чейин эле элиң ким деп сураса, кыргызмын деп айтчу эмес, уруусун айтчу. Уруусун эл деп эсептечү. Эми анын чынын жазыш керек. Кыргыздар кыйын болгон, Мойту аке чыккан, Садыр аке чыккан деп санды чапкандан пайда жок. Мойту акең алиги 2–5 миң жыл мурда гректер айткандын бирин айта алган жок. Капкараңгы болгонбуз. Эч ким жогунан эми ошолорду бетибизге кармап атпайбызбы. Эчтемебиз жогунан “Манас” жомогун, орусча жазып жүргөн Чыңгыз Айтматовду бетибизге кармап атабыз, туурабы? Элибизге кызмат кылган, элди бир кичине алдыга жылдыралы, элди агарталы-көгөртөлү, акылдуу кылалы деген киши эмдигиче жок.

С.А.: Акелер жөнүндө сөз болуп калды. Карап олтурсак, Түндүк Кыргызстандан эле алты аке чыккан экен. Бул ошол патриархалдык-уруулук психологиянын негизинде ар уруу бирден аке көтөрө бергенби же?..

С.Ж.: — Ысык-Көлдөн эле чыккан. Ошол уруулар бири-бири менен атаандашып, бизден чыккан Мойту аке, силерден чыккан Сарт аке, тигинден чыккан баланча аке деп эле… Эми азыр акимдер чыгып атпайбы. Мисалы, Сааданбеков. Эми ушу Сааданбековдун деңгээлинде кыргыз жокпу? Эми аны да Жумагул аке деп көтөрөсүңөр. Алар жеп-ичкенден башка ысык-көлдүктөр үчүн да иш кылган жок. Көлдүктөр эми Тыныстановду көтөрүп атышат. Анысы жакшы. Анын бала-чакасы бар экен. Анын жанында Сыдык Карачев деле турат. Жүз жылдыгы өттү. Китеби чыкпайт, ал жөнүндө жазган киши да жок. Туугандары, бала-чакасы жок экен. Ошондой кишилерди көтөрүү керек эле. Элдин акылына жарык берген кишилер булар. Элди илимге, жарыкка сүйрөгөн кишилер.

Ормон хан деп какшашат. Хандыгы жок да хан болчу беле? Хан деген түшүнүк таптакыр башка. Мисалы, 1916-жылы көтөрүлүш болгондо ак кийизге салып Канаат ханды көтөрүп ийиптир. Биерден Мөкүштү дейт. Бирок кимдин ханы? Хан болуш үчүн хандык керек. А жөн эле уруунун манабы десе бир жөн, түшүнүктүү болмок. Хандык дегендин атрибуттары бар. Борбору кайсы жер? Ордосу барбы?

С.А.: Көкүрөк кагып эле өз улутун мактай бергенден көрө, анын кемчилигин да көрсөтө жүрүү келечек муунга сабак болот дегениңизби?

С.Ж.: — Тарыхтан, 1916-жылдан сабак алыш керек. Мына кийин эле Ошто өзбек менен кыргыз урушуп кетти, 16-жылдын ошондон айырмасы жок. Кыргыздар көбөйүш керек, интеллигенциясы, жазуусу, тили өсүш керек, өз эне тилин бекем, таалим-тарбия тили кылыш керек. Анүчүн ар бир кыргыз иштеш керек. Чатактын кереги жок. Революция да чыгарбаш керек. Кыргыз эли мисалы, азыркы режимге каршы революция чыгарса да болот, бирок анын да кереги жок. Еврейлер дүйнө жүзүндө басым-кысым, куугунтук ичинде жүрүп өзүн сактап калды, кайсы жерге барса, бүт дүйнөнү бийлеп аткан ошолор. Өзүнүн өлгөн тилин тирилтип, илимдин тилине айлантты. А кыргыз тирүү тилин өлтүрүп атат.

Биздин билермандар кыргыз Россияга кошулганын прогрессивдүү деп келет. Бирок алар ушу кыргыз артта калган эл экен, кокуй, бечараларды кичине билимдүү кылалы, прогресс жолуна чыгарып коёлу деп келген жок да. Ушул жерде пахтасы бар экен, жери жакшы экен, сырьё алабыз, биз үчүн рынок болот, ашык элибизди көчүрүп отурукташтырабыз, жергиликтүү элин арзан жумушчу күчү кылып пайдаланабыз деп келди. Ошону биринчи айтыш керек да. Экинкиден, жалаң эле орустар келген жок, татарлар келди, өзбектер келди. Мисалы, Нарын шаары, Кочкор дагы өзбектердин кыштагы болгон. Токмокто дагы, Пишпекте дагы өзбектер көп болгон. Пржевальскиде татарлар басымдуулук кылчу. Уйгур келди, дунган келди, алардын баары эле тигилерден айырмасы жок, кыргыздардын жүдөө экенин, энөө экенин, жоош экенин көрүп эзди да. Эгер ошол келгендин анча-мынча пайдасы тийсе, рынок экономикасына, сүткорлук соодага тартып, ал кыргызга анча-мынча жугуп атса, ошолор каалаган үчүн эмес, объективдүү процесстин үзүрү.

С.А.: Ушу күнгө чейин 1916-жыл тууралуу тарыхта такталган маалымат жок болсо, анын көркөм жалпылаштырылышы кандай багытта жүрдү?

С.Ж.: — Эми 1927-жылы “Ажар” жазылды. 16-жыл тууралуу биринчи чыгарма. 1926-жылы 10 жылдык түрткү бериши мүмкүн Баялиновго. Кытайга барган кыздын тагдыры аркылуу башынан окуяны туура чагылдырган. Баялинов өзү деле карыганга чейин Кытайды сураса эле ыйлап ийчү, сатылган балдарды айтып. Кийинки 1929-жылы Сатыбалды Нааматов “1916-жыл” деген пьеса жазып, ал ошол убакта эле согулган. Аны караган, изилдеген киши жок. К.Жантөшев “Алым менен Мария” деп жазганы бар, ал да жок. Балким, Жантөшевдин архивинде калгандыр. Анан 1939-жылы А.Токомбаев “Кандуу жылдарды” жазды. Ж.Турусбеков “Ажал ордуна өмүр” деген пьесасын жазса, аны “Ажал ордуна” деп оңдоп атпайбы оңбогон кыргыз. Андан кийин К.Маликов “Азаматтар”, Р.Шүкүрбеков “Тоо элинин балдары” деген повестин жазды. Мунун баары саясатка такап жазылды.

Демек, алгач 16-жыл изилденип, эскерүүлөр баш болгон бир топ көркөм китептер чыккан. Аларда 16-жыл – Октябрь революциясынын карлыгачы деп саясатташтырылган. Кийин 1946-жылдан баштап 1916-жыл реакциялык кыймыл деген чыкты. Ошондон кийин эч нерсе жазылган жок. Жазылса да сейрек жазылды. Б.Жакиевдин “Алтын аяк” деген пьесасынын бир бөлүмүндө 16-жыл жөнүндө учкай айтылат. Ө.Даникеевдин ошол жактан келе жаткан бирөөнү жазган бир кичине чыгармасы бар. Андан башка К.Баялиновдун “Кыйын өткөөл” деген эскерүүлөрү бар. Эсенбек Медербеков дагы “Кызыл жалын” деп бирдеме жазып жүрдү.

Ушул убакка чейин ошол 1916-жылды чындап жарык кылалы аракетинде бир да чыгарма жазылган жок. Жазылгандары майрамдоого, расмий белгилөөгө байланыштуу жазылды. 1946-жылы 30 жылдыгын белгилесе, 1956-жылы 40 жылдыгын белгиленсе, жазат болчу баары. Ал убакта ага тыюу салынган үчүн, ушу теманы козгобой эле коёлу деген үчүн эчтеме жазылбады. Тарыхта кандай ачык, так чагылбаса, адабиятта дагы ошондой. М.Элебаевдин очерк сыяктуу “Узак жол” деген романы бар. Ал да саясатка такалат. Өзүн кедей, бечара кылып сүрөттөйт. Атасы деле бий болуп жүргөн экен, таякелери деле өлгүдөй бай экен. Иниси менден окуган, ошол эле күлүп атчу: “Мукай жөн эле жаза бериптир, Мамаразин деген өлгүдөй жакшы киши болчу, багып калды” деп. Элебаев деле китебин чыгарыш үчүн тап көзүн карап жазган да. Менимче, 1916-жыл жөнүндөгү жакшы эскерме Б. Солтоноевдин “Кызыл кыргыз тарыхында”. Ошондо жазып атпайбы, “жадагалса казактар биз да чыгабыз деп колтугубузга суу бүркүп коюп, өздөрү чыкпай отуруп алды” деп. Бул – бечара элдин трагедиясы. Акыл айланткан киши мындан башка жыйынтыкка келбейт. 1916-жылды жазам деген кишиге материал көп, бирок чийки материал.

Альфира СУПАТАЕВА,
“Агым”, №483, 20.02.2007-ж.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.