«Шаарчадагы жаз» – көркөм адабияттагы фешн (fashion)
Адабий сын – көркөм чыгармадагы турмуштук кырдаалды талдоо эмес, жазуучу тарабынан турмуштук кырдаал кантип чагылдырылгандыгын, кантип баалангандыгын талдоо экени кылымдардан бери адабият тармагында кабыл алынган эреже катары айтылып келет. Көркөм чыгармада ким, эмне, качан, кайсы жерде, ким менен эмне болгондугун тактоо эмес, автордун позициясын, чыгармачылыктагы ыкмасын, стилин түшүнүү, аны чечмелөө болуп саналары боюнча дүйнөлүк алкактагы адабиятчылар тарабынан аныктамалар берилип келгендиги талашсыз. Уникалдуу талант, поэзия-прозанын эки тизгин бир чылбырын бирдей кармап келаткан жазуучу-акын Махабат Саидрахманованын 2024-жылы жарыкка чыккан «Шаарчадагы жаз» прозалык китебиндеги аңгемелер жыйнагын окугандан кийин күтүүсүз ушундай бир пикир жаралып, аны ортого салып, окурман журту менен ой бөлүшүүнү туура көрдүм.
Фешн (fashion) – мода, (французча mode, латын тилинен modes – өлчөө, сүрөт, ыкма, эреже, рецепт) белгилүү бир чөйрөдө белгилүү бир убакта кабыл алынган адаттардын, баалуулуктардын жана табиттердин жыйындысы. (Фешн – мода, азыр модага кандайдыр бир каршылык көрсөтүп жатам, анткени мен сыртын көрсөтпөй, ичиндегини көрсөтөм.) Албетте, жалпы адамзат моданы бир эле саркеч кийимдерден же колдонгон буюм-тайымдардан кезиктиребиз, – деген түшүнүктү карманбасы анык. Маселен, фешн фотосүрөтү же мода фотосүрөтү – стилге, эмоцияга, моделдин жайгашуу абалына жана образдын кылдат иштелип чыгуусуна басым жасалган жанр. Бул коммерциялык фотосүрөттүн эң креативдүү тармагы. Моданын бул тармагы атайын журналдарда, түстүү басылмалардын веб-сайттарында жарыяланып, бренд – соода компаниялары, маркалары аларды өз продукцияларын жарнамалоо максатында колдонгонун турмуш чындыгы көрсөтүп келет.
Ал эми адабий көркөм чыгармада Махабат Саидрахманова кыргыз адабиятында салтка айланган прозалык чыгармалардын сүрөттөө ыкмасына кандайдыр бир каршылык көрсөтүп, белгилүү бир чөйрөдө белгилүү бир убакта кабыл алынган адаттардын, баалуулуктардын жана табиттердин жыйындысын көрсөтпөй, адам турмушунда анчейин байкала, көрүнө бербеген, күнүмдүк жашоонун ичиндеги маңызды көрсөткөнү менен окурманды интуитивдик ассоциациялашкан салаа-салаа ойлордун тутумдашуусуна, кайра алардын айрылышына кептеп, биздин адабиятта буга чейин кездешпеген фешн жасаганы байкалат. Автор өз чыгармаларында жандуу да, жансыз да каармандарынын психологиялык абалын, учур эмоциясын, туюм-сезимин, дүйнө таанымын, турмушта күн кечирүү образын кылдат сүрөттөө менен окурмандын табитине психологиялык интервенция жасаган учурлар кездешет. Психологиядагы интервенция – психотерапевттик кийлигишүү дегенди туюнтат. Бул адамды өзгөртүүгө жардам берген психотерапевттин кандайдыр бир психологиялык кийлигишүүсү, каарманга зарыл учурда ага эмне болуп жатканын түшүнүүгө жана мамилелердин психологиясын анализдөөгө жардам берген көрүнүш. Тагырак айтканда кылдат формулировкаланган сөз, суроо же билдирүү аркылуу коомчулуктун турмушуна таасир берүү. Махабат Саидрахманованын «Шаарчадагы жаз» прозалык жыйнагынан мына ошол адабияттагы психологиялык интервенция аркылуу жасалган фешнди кезиктирүүгө болот.
Жазуучу каармандарын окурманга мактап же жек көрсөтүү ниетинде сыртынан приоритеттүү мүнөздөмө бербейт. Автордун чыгармаларындагы каармандары да адаттагыдай толук оң же терс мүнөзгө ээ болуп берилген каармандар эмес, кадимки турмуштагы эле, “периште” эмес, бирок реалдуу адамдар. Периште эмес дегендин да жөнү бар, адам деген адам, адам – сансыз карама-каршылыктуу, жаман-жакшы мүнөздөргө ээ. Эгер аны толук бойдон “оң” каарманга айлантсак анда бул да калп болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, пенде баласында “төрт тарабы төп келген” укмуш сапаттын болбостугунан улам тээ алмустактан дүйнө түшүнүгүндө “ пенде жана периште” деген карама-каршылыктуу түшүнүк жашап келе жатпайбы.
Кээде адабияттын негизги предмети болгон адам дегендин өзү Махабат Саидрахманованын аңгемелеринде баш каарман болбой калган учурлар кездешет. Бирок окурман окуп жатып автордун чыгармасындагы дүйнөгө аралашып, өзү негизги каарманга айланып кеткен абалды да көрүүгө болот. “Бөлмө,” “Кызгылтым дүйнө,” деген аталыштагы аңгемелеринде негизги каарман адам эмес, адам жашаган бөлмө менен көзгө көрүнбөгөн, түсү кызгылтым дүйнө. Мында окурман “Бөлмөнү” окуп жатып бөлмөнүн ээсинин образынан өзүн көрсө, “Кызгылтым дүйнөнү” окуп жатып Кызгылтым дүйнөгө айланып кеткенин байкабай калат. Автордун бул чыгармаларынан сейрек адамдардын турмушунда кездешкен синестезияны байкоого болот. Синестезия – белгилүү бир таасирде бир нече сезимдерди пайда кылуусуна себеп болгон неврологиялык абал. Ар кандай сезимдерге таасир этип, стимул жараткан синестезиянын позитивдүү, негативдүү көптөгөн түрлөрү бар. Синестеттер түстүн, үндүн даамын сезе алат. Же даамдын, үндүн түсүн көрө алат. Адамзат синестезияга байкоо жүргүзүп, 1870-жылдардан бери изилдеп келгени менен, окумуштуулар дагы деле ага толук аныктама бере элек. Пенде турмушунда синестезия өтө кеңири таралган эмес. Изилдөөлөр боюнча адамдардын 4 пайызы гана синестезия менен жашайт деп эсептелинип келүүдө. Эгерде биз позитивдүү синестезия менен жашаган адамдардын бири болсок анда бизде тынчсызданууга эч кандай негиз жок, анткени адамзат синестезия менен толук нормалдуу жашай алат. Ал эле эмес, бизди курчап турган дүйнөнү көп өлчөмдүү – призма аркылуу көрүп, сезүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Аргумент катары Махабат Саидрахманованын аталган жыйнагындагы “Бөлмө” аңгемесинен үзүндүнү чогуу окуйбуз:
“… Бөлмө алгачкы күнү ичиндеги боштуктан, тазалыктан жаны жай ала түштү. Өмүрүндө мынчалык эс алып көргөн эмес эле. Күндүз күн жамынган, түнкүсүн ай жамынган мемиреген тынчтыкта бейпил күндөр өтүп атты. Анткен менен көп узабай эле жарыкты сагынганын туйду, канчадан бери жарык күйө элек… Андан соң ээсин сагынды, а түгүл күттү, эшикти ачып кирип келип, терезесин ойлуу тиктеп, креслосунда чылым тартып отурушун самады. Ээси кайда, кандай бөлмөгө, эмнеге кетип калды экен? Ал бөлмө балким күңгөй бетте эместир, мынчалык жылуу да эмес чыгар? Ал бөлмөнүн ичи суук болушу да мүмкүн. Күнүрт да болсо керек. Анын терезесинен кызыл-тазыл жарыктары бар шаар эмес, чексиз талаалар, тээ алыстан мунарыктаган тоолор көрүнөттүр. Баарыбир ошол, кайда экени белгисиз бейтааныш бөлмө ээсин бул тааныганчалык таанып, бул күткөндөй күтпөсө керек!..”
Мында “Бөлмөнүн” ээси аял же эркек экени белгисиз, бирок чыгарманы окуп жаткан окурмандын өзүн аргасыздан ошол бөлмөнүн ээси катары сезүүгө алып келген психологиялык абал жаралат. Мында бөлмө, өзүнүн ичинде күйүүчү жарыкты сагынат, ээсин сагынат, тааныйт, күтөт, терезесин ойлуу тиктеп, креслосунда чылым тартып отурушун самайт. Биздин адабиятта мода катары калыптанып калган маани-маңызы, форма-сюжети, коёндой окшош тажатма аңгемелердин калыбын бузуп, талкалап өтүп психологиялык интервенция аркылуу синестезиялык фешн жасап, адамдын эмес, адамды курчап турган айлана-чөйрөнүн, адам баласы жансыз деп эсептеген предметтердин учурдагы абалы аркылуу, адам пенденин жашоо турмушунун сыртын көрсөтпөй, психологиялык интервенция аркылуу ички абалын абдан мыкты чеберчилик менен эч кимди кайталабай ачып бергенин көрүүгө болот.
Ал эми “Кызгылтым дүйнө” деп аталган аңгемесин окуганыңда, адам-пенде өзүнүн улуулугун сезбей, көр дүйнөнүн кулу болуп жашап келатканын көрөбүз. Сөзүбүз куру болбос үчүн “Кызгылтым дүйнө” аңгемесинен кыскача үзүндүнү чогуу окуйбуз:
“… — Эч кимге керексиз кезиңде мага да керегиң жок! – дегенди туюндурду буга өзүнүн кызгылтым дүйнөсү.
— Кантип?… Кызгылтым дүйнөм? Мен сен үчүн, сага ишенип баарынан кол үздүм го? Баарын жоготтум го? Өзүң айтчу элең го “ишен” деп! Мен сага болгон дүйнөм менен ишендим го…
– Эч ким сага ишенбей калган кезде, жада калса сенин өзүң-өзүңө ишенбей калган кезиңде кантип менин мейкиндигимди байырламак элең?! Сен өзүңө өзүң ишенген учурда! Айланаңдагылардын баары сага ишенген учурда! Сенин ишеничиң сага канат болмок!!! Анткени мен да сени ошондой учуруңда өз мейкиндигиме алып кете алчумун. Карачы? Канаттарың жок… Эми кантип алып кетем? Эми сен эмнеге керек болмок элен мага…
– Демек сен алдадын беле мени?..
– Алдаган эмесмин. Мен алданууну, алдоону да билбейм. Болгону Кызгылтым дүйнөнү сен менден эмес, мен сенден издеген болчумун! Сендеги кенебеген бейпилдик, сендеги бейкапарлык, сулуулук… Өзүнө-өзү ишенген эрктүүлүк, сенде көп нерсе бар эле го? Таптым деп ойлогом. Эми карачы, чачырап кеткен эсиңди карачы, сынып түшкөн ишеним-канаттарынды карачы? Сенин канаттарың мага да канат эле! Кайда алар?!!
– Кызгылтым дүйнөсү мунун аң-сезимин тундура кадимкидей чаңырып жиберди. Анан кунары качып, кубаңдаган бир элеске айланып кеткенсиди. Жок болуп кетти. Аң-сезиминде анын акыркы айткандары тынбай жаңырыктап турду. Көптө барып бир нерсени түшүндү. Түшүндү да ошол нерсени түшүнө алганына сүйүнүп, жер бетинде бар экенине сүйүнүп, али эч нерсеге кеч эмес экенине сүйүнүп эчкирип ыйлады. Кызгылтым дүйнө кетти… Бирок көп нерсени туюндуруп анан кетти…
“Ал кызгылтым дүйнөнү менден издеген экен да?! Менден. Менден издеп, тапкан экен. Демек мен – кызгылтым дүйнөнүн өзүмүн!..”
Мүмкүн окурман бул аңгемени диний-мистикалык агымдагы эстетикалык парадигмаларга таянуу менен сүрөттөгөн, деп кабыл алуусу мүмкүн. Жок бул мистикалык кубулуш эмес. Адам баласынын жашоосунда мындай учурлар көп эле кездешет. Символикалык түрдө биз айтып келген он сегиз миң ааламдын кубулуштарынын баары адамзаттын көз алдынан өтөт. Кээде биз жаныбызда жок жакындарыбызды, балалык курагыбызды же туулган жерибизди сагынганда, аларды эстегенибизде, өзүбүздөн башка эч кимге көрүнбөгөн элеси көз алдыбызга тартылып, ичибизден алар менен сүйлөшүп алган учурлар көп эле болот. Пенде баласы улуулукка, ааламды алаканына салып турган улуу кудуретке, жада калса өзүнө-өзү ишенбей калганда – эч кимге кереги жок алсыз нерсеге айланары, ал эми ишеним менен Кудайдан кийинки мүмкүнчүлүккө ээ экенин жеткиликтүү, мыкты сүрөттөгөн. Мында авторго табигат тарабынан берилген өзгөчө сезимталдык, аналитикалык ой жүгүртүү мүмкүнчүлүк ченемсиз кенен ыйгарылганы көрүнүп турат.
“Кызгылтым дүйнөнүн” негизги каарманы ким? Ал ким менен сүйлөшүп жатат? Аны эмнеге “Кызгылтым дүйнө,” деп атап алды? Мына – бул биз жогоруда сөз кылган окурмандын аң-сезимине таасир эткен психологиялык интервенция аркылуу синестезиялык фешн тартуулоо. Мында автор адабияттагы психологизм принциптеринин аналитикалык да, динамикалык да ыкмаларын өтө бийик деңгээлде колдонуп, каармандардын мүнөзүнүн психологиялык өсүп-өөрчүшүн окурмандардын көз алдына даана тартып, ички, тышкы монологдору, диалогдору аркылуу өздөрү-өздөрүнүн психологиясын ачып берген мейкиндикке чейин чебер көтөрүп чыккан. Анан да каармандардын иш-аракети, ой жүгүртүүсү автордук сүрөттөөлөрдө биздин адабиятта кездешпеген ыкма менен сүрөттөлүп берилген.
Андан ары, автордун “Шаарчадагы жаз” аңгемесине назар салып көрөлү:
“…Бирок… Кудайдын мээрими түшкөн бир ажайып күнү сүрөтчүнүн эшиги тыкылдады. Каалганы какканынан эле ким экенин тааныды. “Ошол, ошол…” – деди калдастап. Ордунан атып туруп, эшикке жетип барганын бир билет. Каалганы ача салып, маңдайында турган кызды бекем кучактап калды. Же ал өзү бой таштадыбы, акылы ажырата албайт. Аны ушунчалык сагынган экен көрсө! Кудум бир боорун, жан досун, ата-энесин зарлап күткөн адамдай кусаланыптыр…
— Келдиңби…
Алар бирин-бири көргөнүнө сүйүнүп, эреркеген каректери жаш чайыган бойдон саамга тиктешип турушту.
— Биротоло келдим, – деди кыз анан. Башын көтөрбөй, башын көтөрсө эле камдап келген сөзүн айталбай калчудай болуп, пас үнү менен:
— Сени ушунчалык сагындым, сага болгон меникиндей сагыныч менен бөлөк бирөөнүн жанында жашоого мүмкүн эмес экен… Мага сенден бөлөк эч кимдин кереги жок.
…Алдыда кандай ызы-чуу, чуулгандуу окуялар күтүп турганын баамдаса да ушул жолу сүрөтчү кызга баштагыдай акыл айткысы келген жок, андан көрө, өзүнө караганда кыздын акылдуурак экенине чын дилинен ишенгиси келди. “Баарына чыдайм, бир гана сени кайра узатууга эмес… Сүрөтүбүз да тартылып бүтө элек, оюма койсо мен ал сүрөттү өмүр бою тартып отура берүүгө даярмын” деди ой түпкүрүндө.
— Тентек, тентегим менин! Үшүдүңбү? Кирип ордуна олтурчу, үшүп кетипсиң. Азыр мен сага ысык чай менен таттуу…
Берерге ашын, айтарга сөзүн таппай калдаңдаган кишинин сүйкүмдүү турпатын карап туруп, кыз өзүнө мындан ашкан бакыттын кереги жок экенин сезди ушул саам…”
“Шаарчадагы жаз” аңгемесиндеги кыз – өзүн акыл менен башкарбаганын, ал өз сезимдеринин сүйүүгө суусаган аялдык табиятына баш ийүү менен ошол кадамга барганын сүрөттөгөн. Автор аялзатынын ички абалын, жандуу-жансыздыкты, андагы оксюморондук карама-каршылыктардын айкалышуусун өзгөчө чеберчилик менен сүрөттөгөн. Ата-энесиз өскөн, таянары жок кызбы же өзүн аристократ – ак сөөк сезген төркүндүү кызыбы, айтор кандай кыз болбосун өз сүйүүсүн, өз сезимдерин ушундай чечкиндүү кадам менен коргой алган болсо, андай аялзаты жалпы коомчулуктан колдоо табары талашсыз. Мында автор аудиториянын психологиялык кабылдоосун, жалпы коомчулуктун ички табитин анализдеп жазып отурган эмес. Тек гана эч кимдикине окшобогон табигат тарабынан берилген оригиналдуу таланттын ыргагы менен жүрүп отурганы байкалат.
Махабат Саидрахманованын “Төрт бурчтук бакыт” деген аңгемесинин мазмунунан да, аталышынан да адамдарда ар дайымкы кеңири кабыл алынган “бакыт,” “бактылуулук” түшүнүгүн автордун “четке кагуу” же “тануу,” “кабыл албоо” прицибин байкоого болот. Чыгарманы толук окуп чыккан соң бир нерсени түшүнөсүң. Адамдар, же болбосо адамдардын көпчүлүгү “бакыт” түшүнүгүн чындап эле “төрт бурчтуу” алкакта кабыл алышат экен, себеби, аңдай келсең, турмушта көпчүлүк адамдардын болгон аракети эле үй-бүлө куруу, үй куруу жана байлык жыйноо, аброй күтүү менен ченелет өңдүү… Мисал катары чыгармадан бир үзүндү, тагдыр чечилип жаткан учурдагы жашоонун ак-карасын таанып бүткөн акылман деген аялдардын сүйлөгөнү бул:
“… — Өз багыңды чанба! Ырыскыңды теппе… Мына, күйөөң болчу бала эмгекчил, бир жаны тынбай иштеген мээнеткеч жигит, үстүңдө үй, эми өзүң кирип-чыгып тирилигиңди жасай бер, анан бала-чакалуу болосуңар! Ана, төрт тарабың төп келип жашай бересиңер! Мындан артык эмнени издейсиң ботом???
— Өзүң деле бир жакшынакай тың кыз экенсиң го чырагым, мына эми үй десең үй, күйөөң ана, корооңор малдан куру эмес, багың ачылып отурасың!
— Башыңа келген бакты кесир кылба! Баш аттаган болчу эмес…
— Баш аттаган болбойт.
Оо, ушу улуулардын кеп жүйөсү! Ошентип атышып төрт тарабы төп турмушка көндүрүшпөдү беле кызды, же бир жигит күтүп, сүйүп көрбөптүр…”
Мында, психологиялык жактан анчейин өсүп жетиле элек адамдардын турмуш куруп алып өзүн да, өзгөнү да кыйнап, жалпы коомчулук алдында адам баласынын жашоосуна терс таасирин тийгизген абалды, андай адамдар үчүн бакыт деген түшүнүк эмне экенин терең анализдеп ачып берген. Ал эми бакыт – кимдир бирөө үчүн төрт бурчтук дубал, же бир үй-бүлөө бүтүндөй өмүрүн сарптап жүрүп араң куруп бүткөн үй. Андан ары ашып түшпөгөн жашоо максатынын төрт бурчтук алкактагы чарпалек сыяктуу алпурушуусу… Ошол төрт дубалдын ичинде камалып өткөн жашоо. Андай түшүнүктөгү адамдар бакыт, – деп эсептеген нерсени адам баласынын жашоосундагы башка эч бир баалуулуктарга алмаштырбоо. “Алдыңда ашың, үстүңдө үйүң бар, шүгүр, деп отура бер…” деген адам баласын бейүмүт, аракетсиз ыкшоо жашоого багыттаган, караңгылыкка кептеген коом турмушунун типтүү образын ашкере сүрөттөгөн. Келиңиз окурман, айтып жаткан оюбузду бекемдөө үчүн “Төрт бурчтук бакыттан” үзүндүнү чогуу окуйбуз:
“— Мен кетишим керек – деди аял дуулдаган шамалдын үнүн тыңшап, тептегерек айды тиктеп отуруп. Ушул да жашообу…
— Каякка кетесиң? Кимге?
— Сөзсүз эле бирөөгө эмес… эркиндикке кетем.
— Балдарыңчы…
— Балдарым…балдарым үчүн тирүүнүн тозогунда жашап атам! Ушул жерде! Аларды алып кетем.
— Кесир кылба. Шүгүр келтиргенди билбеген үчүн ушунча азап тартып атасың. Сендейлер кудайга да жакпайт.
— Тажадым сенин акылдуулугуңдан… – аял чарчаңкы үн катты. – Кайдыгерсиң… ушу ахыбалымды көрүп туруп да түтөсүң ошого, мен тирүүнүн өлүгү болуп баратам. Сага эмес, өзүм өзүмө эле керек экемин.
— Эч нерсеге өкүнбөйм! – ызырынды эркек, – Мен үчүн бул дүйнөдө баарынан улук, баарынан ыйык нерсе энем! Түшүндүңбү??? Калганын урганым жок! Энем үчүн баарын садага чаптым!!!
Далай ирет уккан ушул сөз, азыр аялдын ачуусун келтирген жок, тек гана сөз тууралуу чындап ойлонду, түшүнгүсү келди, а түгүл береги бетинен жаалы чыккан эркекке да чын пейилинен түшүндүрдүргүсү келгени…
— Максатың эле энеңе кызмат кылуу болсо, чын эле сага андан бөлөк улуу да, ыйык да иш жок болсо… анда эмнеге буга мени аралаштырып алдың эле??? Мен бу дүйнөгө сага кошулуп алып сенин энеңе кызмат кылуу үчүн келген эмесмин да? Түк да каалаган эмесмин мындай нерсени! Жадагалса жакшы деле көрбөйм да сенин апаңды? Менин башка да максаттарым бар экенин сен жакшы билчүсүң…
— Энем үчүн баарын садага чабам дедим го!
— Садага чапмактан чаба бер апаңа, өзүңдүн башыңды! Буга менин тиешем жок…
— …Сен менин аялымсың!
— Эмне экен? Энеге кызмат кылуудан бөлөк бир да максатың жок болсо, жок болсо… анда эч качан үй-бүлө күтпөш керек элең! Мен сен болсом ошентмекмин. Өз максатыңа башкаларды аралаштырбаш керек!”
Мында үй-бүлө курган эки адамдын дал келбөөчүлүгүн, үй-бүлө башында турган каармандын инфантилдүүлүгүн байкоого болот. Инфантилдүү адамдар – өнүгүп жетиле элек адамдар. Алардын жаш курагы боюнча жүрүм-туруму ага карата курактык талаптарга жооп бербейт, инсандын калыптанышында кечигүү, өз алдынча чечимдерди кабыл алууга жөндөмсүздүк, өз аракеттери үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала албоосу байкалат. Акыркы учурларда үй-бүлө башчысы болгон эркектердин чечкинсиздигинен эки ортодо эркектер өзүлөрү чайналып, бирде зайыптары, бирде өзүлөрү тирүүнүн өлүгүнө айланып, анын кесепетинен эчендеген үй-бүлөлөр бузулуп, тирүүлөй жетимдин муңу, жесирдин ыйы көбөйгөнүн коомчулук арасынан көп эле кездештирип келебиз.
Автор “Төрт бурчтук бакыт” аңгемесинде антонимдердин айкалышынан, биригишинен жасалган стилистикалык каражаттар аркылуу оксюморондук карама — каршылыктарды айкалыштыруу менен жалпы коом таанууга психологиялык интервенция жасап өткөнүн көрүүгө болот. Сүрөткер татаал идеялар менен эмоцияларды жеткиликтүү берүү үчүн символизмдеги метафораларды чебер колдонуп мистикалык-философиялык идеяларды, образдарды, сезимдерди терең чагылдырууга жетишкен. Караңызчы,
“…Ошондон көп күндөн кийин аял мышык менен коштошту, адатынча алдына алып отуруп башынан сылады. Ичинен ага көп нерселерди сүйлөдү “камтама болбо… келе тургандар, алар мышыкты пайгамбар да сыйлаганын билген, пайгамбар тууралуу көп сүйлөгөн адамдар экен. Сени капа кылышпас деп ойлойм… Мен пайгамбар тууралуу жакшы билбейм чын, бирок мышыкты сыйлаганын көп уккандыктан, кең пейил, боорукер, баарынан да сулуу адам болгонун көп уккандыктан жакшы көрөм аны. Сен жаңы кожоюндарыңды да өзүңдүн ойноок көздөрүң менен, кызыктай адам таанымың менен, төрөпейил мүнөзүң менен таңдандыра алсаң экен э! Мага сүйкүмдүү болгондой эле, аларга да сүйкүмдүү көрүнө алсаң экен. Алар, мышыкты сыйлаган пайгамбар жөнүндө көп сөз кылган адамдар экен. Мен болсо сени мага ишенгениң, унчукпай, түшүнгөн немече сыр бербей уга алганың үчүн сагынарымды билем.» Ушунун баарын ичинен, купуя гана айтты аял…”
– деп сүрөткер “Төртбурчтук бакыт,” “Кызгылтым дүйнө” аңгемелеринде каармандарынын символдошкон образы аркылуу алардын турмуш шартынын түз маанисинен алда канча тереңирээк түшүнүктөрдү ачып берген.
Ал эми “Актриса” деген аңгемесине келсек, актриса менен күзгүнүн ички-тышкы монолог-диалогдору менен каармандын психологиялык абалын абдан ийине жеткире анализдеп, тасмадан көрсөткөндөй таасын сүрөттөгөн. Келиңиз чогуу назар салып көрөлү:
“…Аял үйүнө бир топ кызымтал келди.
Кире бериштен өтүп баратып, адатынча күзгүдөгү өзүнө бир ирет көз чаптырып койду. Көздөрү күлмүңдөп, тээ илгеркидей нурданып турган экен. Азыр – деди күзгүгө карап:
— Азыр келем.
Көп өтпөй эле моюнуна алтын чынжыр тагынып жетип келди. Капкайдагы буюмдарынын тээ түпкүрүндө катылып жаткан чынжырын издеп таап чыкты. «Карасаң… Дагы эле жапжаңы бойдон, бир тамчы көз жаштай болгон илинчегин кара.» Көөдөнүндөгү качанкы кусалыгы калкып чыгып, бакырып ыйлап жибергиси келип турду.
— Жарашпайт! – деди күзгү, карачы, моюнуң азыр баягыдай эмес. “Ишиң болбосун. Жарашпаса да мага кымбат бул буюм. Бардык буюмдарымдан кымбат”. Мелтирей каяша айтты күзгүсүнө.
— Хм! Кымбат имиш. Кымбат деп жүрүп кымбат өмүрүңдү жалгыз калтырдың. Эмне таптың айтчы?! Эмне таптың?!
— Сүйүү таптым. Бир өмүргө татый турган керемет сүйүү таптым. Өмүр бою сүйдүм. Кусалыктан куурагыча сүйдүм. Ыйлап да, жыргап да сүйдүм. Аял жашка чайылып мөлтүлдөй түшкөн өзүнүн каректерине тигилип турду күзгүдөн. Көздөрү сулуу эле ушул тапта. Сымаптай тунук көз жашын колу менен сүртүп келип моюнундагы чынжырды сылап алды. Акыркы эстелиги ушул болгон, ушуну алып келген күнү аябай сырдашып анан экөө коштошкон. Ал кеткен.
…Шуулдаган шамалдай, алоолоп күйгөн оттой, эр көкүрөк, өзүнө батпай ашып-ташып төгүлгөн, келберсиген жигит болчу сүйгөнү. Ал жаркылдап күлсө айлана кошо күлүп жиберчү эле го. Аны сүйбөй коюу мүмкүн эмес эле. Ал да аялды сүйгөн. Эч кимде жок сүйүү менен сүйгөн. Андай сүйүүнү ага чейин да, андан кийин да жашоосунда кездештирген жок. Көңүлүн эзген бир нерсе ушул, кээде адамга сүйүүнү башка максаттарга алмаштырууга туура келет экен. Бирин-бири сүйгөн жандардын баары эле максатташ, тилектеш, пикирлеш боло албайт экен го аттиң ов! Анын баарын эстегенде, өкүнгөндө эмне эми?..
— Өкүнбөйсүңбү?- күзгү шектене тиктеди аялды.
— Эмнеге өкүнүшүм керек?
— Мм… Мисалы коколой баш экениңечи? Театр… – деп жүрүп аягында соксоюп жалгыз куурап баратканыңачы?
— Былжыраба! Алгач аялдын үнү шыбырай чыгып, өз үнүнөн өзү чочуп кетти. Бирок кайра шердене түштү да катуурак чыгарды үнүн.
— Сен бар го! Мупмуздак бирдемесиң. Сени ошон үчүн күзгү дейт. А мен – үнү кээкер чыкты. Аял өзүн кадимки театр сахнасында тургандай элестетти, анан өзүнүн жаңы ролун ийинине жеткире ойноду…”
Автордун “Актрисасын” адабияттагы фэнтези жанрына ыйгарсак туура болчудай. Фантастикалык жанр ойдон чыгарылган дүйнөнү түзүү үчүн жаңы технологияларды жана илимий жетишкендиктерди колдонсо, фэнтези жанры сюжетти ишке ашыруу үчүн автор тарыхый жагдайга басым жасап, бирок жанрдын стилин берүү үчүн сыйкырчылыктагы фантастиканын элементтерин колдонуп кетет эмеспи. Автор бул алакандай аңгемесине бүтүндөй бир өмүрдү, андагы аристократиялык-аксөөктүк жашоодогу ийгиликтер менен кемчилдиктерди, адам өмүрүнө алмашкыс аруу махабатты, кайгы-кубанычты, аны менен катар кадимки карапайым адамдын турмуш-тиричилигин, адам тагдырындагы таргикомедияны, көр оокаттын артынан жүрүп өткөргөн өмүрдү Актрисанын күзгүсү – жансыз предмет аркылуу, күзгүдөн көрсөткөндөй абдан таасирдүү сүрөттөп берген.
Дүйнөлүк адабиятта объектилер адамдарды көргөн, алардын кулк-мүнөзүн, адаттарын билген, ал тургай абалын сезип, сырдашкан чыгармалар көп кездешет. Маселен, француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин – “Маленький принц” (Кичинекей ханзаада) деген чыгармасында роза – Кичинекей ханзааданын мүнөзүн жана анын мээримин туюп сезгени баяндалат. Ганс Кристиан Андерсендин – “Андерсендин жомоктору” чыгармасында “Стойкий оловянный солдатик” – оюнчук сүйүүнү, берилгендикти сезгени, “Снежная королева” – күзгү дүйнөнү башкача абалда көрүп, адамдын кабылдоосун өзгөрткөнү, “Красные башмачки” – сыйкырдуу бут кийим кыздын каалоосун сезип, бирок моралдык жактан кетирген кемчилдигин көрсөтүп, азапка салганы баяндалат. Ал эми Махабат Саидрахманованын – “Актрисасында” Актриса менен күзгүнүн, “Кызгылтым дүйнөдө” кейипкерлердин бири-бири менен болгон диалогу адам өзүнүн ичинде жашаган адам менен, карама-каршы дүйнө менен чындыктын аянтчасына чыгып ачык сүйлөшкөнүн көрүүгө болот.
Сөзүбүздү жыйынтыктап айтсак, Махабат Саидрахманова кыргыз адабиятынын бүгүнкү адабий процессинде – эксперименталдык идеялардын, концепциялардын, агымдардын негизинде өзүнүн жаңыча көз карашы, аракети менен чыгарма жаратып келе жаткан сүрөткерлердин катарындагы авангард жазуучу деп эч ойлонуп-түйшөлбөй айтууга негиз бар. Анын учур адабиятындагы өзгөчө үнүн угуп, эч кимдикине окшобогон оригиналдуу – нагыз жүзүн көрүү үчүн “Шаарчадагы жаз” прозалык жыйнагын окуп чыгуубуз керек. Авторго чыгармачылыкта зор ийгиликтерди каалап, дагы да мыкты чыгармаларды жаратып, дүйнө элдеринин окурман журтуна тартуулашы үчүн бакубат, бактылуу узак өмүр тилейбиз.
Бахпурбек АЛЕНОВ,
“Эркин-Тоо”, 20.02.2025