Кыргыз “Шукшини”
Шекербек Калыков Шапа ака, чолок көчөдөгү ар бир үйгө баш баккан почточунун аты тууралуу майин, ширин аӊгемелери аркылуу окурман журтунун жүрөгүнөн капкачан эле орун тапкан. Анын аӊгемелеринин күчү кыскалыгында жана калемпир, мурч аралаштырып, күлкүлүү жаза билгендигинде. Аны “Кыргыз Шукшини” дегендер жаӊылышкан эмес. Ырасында эле, ал талашсыз талант. Болгондо да төрт аягы төп жорго. Шекенин колуна аккордеон алып, үн созуп ырдаганын укту белеӊиз. Уксаӊыз, кайран талант филармонияга барбай, фейсбукта эмне отурат демексиз. Уккуӊ эле келет. 20дан ашуун керемет обондору бар. Эч бир обончунун кайрыктарына окшобогон кайрыктар жүрөгүӊө дүрт этип от тамызарын бөркүӊүздөй көрө бериӊиз.
Артынан кубалап, таш көчүк болуп кадалып отурбаса да курч окуялуу повесттерди жазып жүрөт. Бул жанр бизде жаӊыдан гана өнүгө баштаганын эске алсак, каалайбызбы же жокпу анын ысымы качандыр бир бул жанрдын баштоочуларынын катарында айтылары шексиз. Бирок, ал деле анын чыгармачылыгындагы “алтын казык” эмес.
Биз билгени Шекербек Калыков көп жылдардан бери ыр калемин түшүрбөй узанып келатат. Ошол көп жылдык эмгегинин үзүрү катары 2023-жылы “Жүрөгүӊдүн көзү курч” ырлар жыйнагы да жарык көрдү. Ырас, ыр жыйнак техникалык жана тематикалык жактан көзгө бир аз комсоорок көрүнөт. Антсе да, анда окурманды кайдыгер калтырбай турган ырлар арбын.
“Жүрөгүӊдүн көзү курч” ырлар жыйнагы үч бөлүмдөн: “Сандыкта сакталган ырларынан”, “Обондуу ырларынан” жана жаӊы ырларынан турат. “Обондуу ырлары” – жалпысынан 12 ыр, 9уна өзү обон чыгарган экен, үч ырынын текстине А.Бедияров, Б.Созокбаев, Мурзабдиллаев обон чыгарыптыр. Эки обону тууган жерге арналуу ырлар, калганы сүйүү лирикалары. Адатта, обондуу ырлардын текстти жеӊилирээк болушу керек деп жүрүшөт.
Шекербек Калыковдун “Жагып тураты” (сөзү, обону автордуку) олуттуу эле жазылыптыр. Окуп көрөлү:
Кайда азыр кездешчү алтын булак,
Кырды ашып кылактайт жаштык курак.
Жаш селки от бүркүп сезимдерге,
Жайнаган көздөрүң жагып турат.
Үшкүрүк үн катпай талып турат,
Үмүтүм үзүлбөй жанып турат.
Билгизбей балтырың сылаган, эй,
Бомбаркут көйнөгүң жагып турат.
Мезгилдер токтобой агып турат,
Мээримиң дүйнөмдү жарык кылат.
Сейилдеп жайкалып бараткан, эй,
Сен баскан көчөң да жагып турат.
Бомбаркут көйнөктүн бактысына суктанган автордун тапкычтыгын караӊызчы, эч нерсе дей албайсыӊ. Көздөр, көйнөк, көчө аркылуу кырды ашып кылактаган жаштык курактын кайталангыс образын түзүп жатпайбы. Негизи ыр дегенибиз мына ушундай, түшүнүктүү жана элестүү болушу керек эмеспи.
“Сандыкта сакталган ырлары” да саналуу – 50–55 ырдын айланасында. Тематикасы да ченелүү. “Туулган жерге”, “Бойдоктукка”, “Селкиге”, “Эжейлерге”, “Алга” командасына”, кыздарга, “Классташ кызга”, “Курбуга”, “Тентек сайга”, “Досторго”, “Калемдеш курбуга”, сүйүүгө, селкиге, турмушка, энеге, дагы эки ыры согуш, бир ыры тынчтык, бир ыры турмуш темасына арналган. 1981–1991-жылдар аралыгында жазылган бул ырларда акын Шекербек Калыковдун калеми такшалып калганы, кандай темада болбосун уйкаштыгын келиштирип, мазмунун да кынтыксыз кынаптап жаза ала турганы көзгө дароо урунат.
“Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар” дегендей, бул эски малдын көзүндөй көзгө жылуу урунган ырларда окурманды бах дедирте турган уйкаштыктар, көркөм салыштыруулар, өзгөчө бир эстетикалык табит, жаӊылык жок эмес. Бар.
ДОБУЛДА
Чагылган чарт-чурт этип отун чачып.
Бир паста добул каптап жашыл төрдү.
Козулар энесине башын катып,
Жашоонун эң алгачкы жазын көрдү.
А жамгыр төгөт дале басылбастан,
Жазгы жел кытыгылап айдайт муңду.
Сырларын ак жамгырдан жашырбастан,
Кыз-жигит тал түбүндө көпкө турду.
Өзөндөн суулар ташып буркан-шаркан.
Гүл бакта түркүн куштар безеленди.
Жаз бүгүн сулуулукка муюп жатты,
Ойготуп козгоп бейкут делебени.
26.04.86-ж.
Ырдын аягындагы көрсөтүлгөн датага караганда, ал бул ырды 20-21 жаш курагында жазган окшойт. Биринчиден, мындай куракта көп жазмакерлер ырды уйкаштыруунун техникасын али биле беришпейт. Аларга салыштырмалуу Шекенин калеми кадыресе такшалып калганы дароо көзгө урунат. Экинчиден, бул ыр көркөмдүк жактан кынтыксыз жана укмуштуудай салыштыруулар болбогон менен, автор добул же подтекст аркылуу эки жаштын делебе козгогон сезимин көрсөткүсү келгени “бали” деп айтууга татырлык. Үчүнчүдөн, анын “Сандыкта катылган” эски ырларында башка акындарды тууроочулук же өзүн өзү кайталоо жок.
Жаӊылбасам, өткөн жылы болсо керек. Шекербек Калыков фейсбук баракчасына:
Жалбырактар түркүн түстүү,
Жайнап күлгөн бурак кыз.
Добул жулган бутактарын,
Жалгыз дарак турат суз…
Жайды узатып таң азандан,
Тереземде турат күз, – деген алты сап ырын коюп, мен: “Акындар көп. Бирок, табияттын сүрөтүн тамшандырарлык жазган акындар аз. Сөз менен, болгондо да ыр саптарында табияттын сүрөтүн тартуу кыйын. Дүйнөлүк адабиятта деле саналуу акындар гана табиятты сүрөттөп жазышкан. Себеби, жалгыз эле. Табиятты сүрөттөө жеӊил-желпи нерсе эмес.
Акын Шайлообек Дүйшеев “Аптап” аттуу алгачкы ыр жыйнагында, жаӊылбасам: “Токтогул. Тоолук. Тоодогу ай. Топудай жерде чөмөлө” деген сыяктуу элестүү ыр саптарын жазып, таасын сүрөтчү катары таанылган.
Табияттын ажайып келбетин атүгүл кыл калем чеберлеринин баары эле ошол ажайып келбетинде тарта алышпайт. Алар деле саналуу.
Орустун улуу сүрөтчүсү И.Шишкиндин жаратылыштын кайталангыс ажайып кооздугун өзүнөн да көркөм, кооз тарткан картиналары бар. Акын Шекербек Калыковдун күздүн алгачкы күнүндө жазган ыры Шишкиндин картиналарын эске салды.
Жалбырактар түркүн түстүү,
Жайнап күлгөн бурак кыз.
Добул жулган бутактарын,
Жалгыз дарак турат суз…
Жайды узатып таң азандан,
Тереземде турат күз.
Эмне деген ажайып картина. Акындын ыры Шишкиндин картиналарынан ашса ашат, асти кем эмес. Бали, Шеке – “5”! – деп жазганым бар.
Ш.Калыков кийинки жылдары акын катары такшалып калганын жогоруда мен мисал келтирген ыры далилдеп турат. “Жүрөгүӊдүн көзү курч” ыр китебиндеги жаӊы ырларын да буга четинен мисал кылсак болот. Анын кийинки мезгилде жазган ырларынын “тузу” – “Чыпалак саптарында”. А “Чыпалак саптардын” күчү Шекенин Шапа ава тууралуу ширин аӊгемелериндей кыскалыгында, орошон айтылган ойлордогу сарказм, юмордо, а сарказма менен юмор – олуттуугунда. Окуп алып, же күлөрүӊдү, же кандай ойдо калаарыӊды билбей, нес болосуӊ:
Чыпалактай саптар
***
Тангам баарын… болгум келбейт ээрчиме…
Тапан жүрөк, баш ийбеди эркиме…
Туралбады шертине.
***
Бал сезимди канча катам үкөктө?
Болду жетет… бугум кайнап түтөтпө!..
Бүгүн чыгам пикетке…
***
Кайран күндөр… көөдөнүмө толот бук,
Жаштык кезди күлкү-шаңга ороп бүт.
Стакандап короттук…
***
Вальс бийлейт бариктери жалт карап,
Булбул таңшыйт, шаңга муюп чар тарап…
Сахнасы карт дарак…
***
Актан мейли, миң кубулуп жалган айт,
Адамдар эй, айтар сөзүң тандап айт…
А көздөрүң алдабайт.
16.07.2021-ж.
***
Көңүл чайыт, дилде намыс-ар барда,
Дүйнөң түгөл үйдө сүйгөн жар барда…
Жашоо чиркин, парварда…
***
Убакытка укурук сала албайсыӊ…
Кайкып учкан, бир келген жагалмайсыӊ…
Башатыңа баралбайсыӊ.
***
Мезгил өжөр, өктөм тура ашынган,
Балалыгым издейм, таппай башым маң…
Бедезарга жашынган.
***
Таберигим… түк сездирбейт ооруну,
Табы жылуу, сылагансып жонуму…
Апакемдин жоолугу…
***
Бал аарынын, кандай укмуш мээрими?..
Соруп койсо атыр гүлдү – перини,
Чыкты албырып эрини…
***
Ырксыз ойлор тушап, матап максатты,
Ыбырсыган күндөр тооруп жаш чакты…
Ыкшоолугум аксатты…
Бишкек шаары. 15.06.2020-ж.
Бул үч саптарда күрүлдөп аккан турмуш жана анын карама-каршылыктары, жан адамга айтуудан чочулап жашырган сезим сырлары да, баары бар. Эӊ башкысы жан бар. «Чыпалак саптардагы» ак менен каранын мына ошол түбөлүктүү кармашы жеӊил окулат, жүрөккө түз жетет.
Бул ырлар анын Шапа ака тууралуу ширин аӊгемелериндей эле ширин, ойчул, юморго бай. “Чыпалак саптарды” формасы жагынан Шекербек Калыковдун азыркы кыргыз поэзиясына апкелген жаӊылыгы катары бааласак да болот.
Шекербек Калыковду акын катары тааныгыӊыз келсе, эч комментарийсиз эле “Чыпалак саптарын” таап окуӊуз. Андан кайнаган турмушту, анын оомал-төкмөл чындыгын, ар качандан бир качан көкүрөгүӊүздү кытыгылап келаткан тааныш жана бейтааныш ойлорду табабыз.
Чыпалак саптар
***
Шум заман эй, нарк-насилди жалмап кетти,
Таратты ыркты бузар калмак кепти…
Үмүттү алдап кетти.
***
Шум заман эй, тегиз тийбей жарык сынды.
Жойпу сөз төрдү ээлеп… анык чынды,
унчукпас балык кылды.
***
Шум заман эй, пикетиң мода болду,
Кызматың кол жоолуктай соода болду…
“Кет!” деген ода болду.
***
Шум заман эй, кашаңды тулпар деген,
карганы каркылдаган шумкар деген…
Бүлүндүргөн бунтарь белең?
09.12.2021-ж.
***
Күн ойготсо алкымыңан өпкүлөп,
Көкүрөгүң көкөлөйт ов, көк тиреп…
Кылгырганың өлтүрөт.
***
Күлгөнүңдөн жахан шаңга бөлөнүп,
Кирпик-жебең как жүрөккө төөнөлүп…
Турам алсыз жөлөнүп.
***
Элжиреткен гүл бакчада булбулдай,
Эриндериң кызыл манат, кулпунай…
Элик мүчө тулкуң ай.
***
Карыз өңдүү кетпей такыр санааңан,
Шарап сымал өнө бойго тараган…
Эсиңдеби ал адам?..
14.10.2018-жыл
***
Терезеңде бүл-бүл жанган чырагың,
Терметкендай, сенин күлгүн курагың…
Дале тиктеп турамын.
***
Кийип жүргөн күнгө күйгөн чапанын,
Карыялар суюлууда катарың…
Көңүл чөгөт, капамын.
***
Cүйлөй келсек, акылдуубуз – Бакайбыз,
Ак үй көрсөк, чабуул койгон Чапайбыз…
Качан ты-ып тынч жашайбыз?…
***
Мыгын койбой, талап-тоноп качышат,
Мансап үчүн акча аябай чачышат…
Абактарда жатышат…
24.09.2021-ж.
Анча болду айтпай кетпесек болбостур, Шеке жарык дүйнөгө келген Базар-Коргондун Бай-Мундуз айылынан: айтылуу санжырачы Абдишарип Тургунбаев, Манас Бердибеков, Чубак ажы сыяктуу бири-бирине көз караштары да, ойлогон ойлору да, жашоо образдары да окшобогон, санжырачы, куудул, диний ишмерлер чыккан. Анын башкы каарманы керемет Шапа ака да ошол айылдан.
Анын чыгармачыл адам катары ар тараптуулугунун, сөз өнөрүндөгү калемпир, мурч аралашкан юмордун төркүнүн да ушул жактан издесеӊиз болот.
Экөөбүз көп жылдар үзөӊгүлөш келатабыз, чогуу иштеген, чогуу ичкен да жылдарыбыз болду. Качан, кайда болбосун, бир сырдуу, өжөр, беттегенин бербеген, мокобогон, ийилбеген, көшөкөрлөнүүнү билбеген мүнөзүнөн жанбай келатат. Чыгармачыл адамдагы өжөрлүк менен көктүк ийгиликтин жарымысы эмеспи. Андай болсо, ийгилик Шеке!
Фейсбук баракчасынан алынды