О. ГЕНРИ: “КАРА КӨЙНӨК”

(аңгеме)

Бир жолу кечинде Энди Донован Экинчи авенюдагы бардык турмушка керектүү эмерктер менен жабдылган бөлмөсүнөн түшкү тамак ичүүгө келгенде, пансиондун кожойкеси миссис Скотт, аны пансионго жаңы келген мисс Конвей менен тааныштырды. Мисс Конвей жаш, жөнөкөй, жапалдаш бойлуу кыз болчу. Саргыч, тамеки түстүү көйнөкчөн кыздын бүт көңүлү алдындагы койдун эти салынган табакта эле. Ал башын көтөрүп Донованга уялыңкы көз жүгүртүп, аны менен сылык учурашып, кайрадан тамагын жей баштады. Мистер Донован коомдо, ишкер дүйнөдө жана саясат айдыңында ага дайыма тез ийгилик алып келчү өзүнүн эң бир сүйкүмдүү жылмаюсу менен аны карап, жүгүнүп койду да, дароо эле оюнда мисс Конвейди көңүл бурууга татыктуулардын тизмесинен чыгарып салды.

Эки аптадан кийин Энди эшиктин алдындагы тепкичте сигарасын чегип ырахатка батып олтурган. Аңгыча арт жагынан акырын шуудураган добуш угулду. Энди башын буруп артын карады да… ошол абалында катып калды. Эшиктен мисс Конвэй чыгып келе жаткан. Ал караңгы түндөй капкара креп де… креп де… Кыскасы, жука кара кездемеден тигилген көйнөк кийип алган экен. Башына кийгени да капкара жука калпак, калпактын кырынан желедей жука кара тор ылдый түшүп жүзүн жарым жартылай жаап турат. Мисс Конвэй үстүнкү тепкичте туруп алып колдоруна кара жибектен тигилген кол кабын кийип жатты. Анын кийген кийиминен кенедей да ак нерсени таппайт элең. Алтын түстүү коюу чачтарын жарашыктуу кылып желкесине түйүп алыптыр. Аны сулуу деп айтыш болбойт эле, бирок азыр ал аябагандай сүйкүмдүү көрүндү. Анын бакырайган моймолжуган кой көздөрүнүн каректеринде терең катылган кайгынын издери жатты.

Эсиңерде болсун, айымдар, чымкый кара көйнөк, – ал капкара креп де… о, крепдешин… ооба, ал кездеме дал ошондой аталат! Чымкый кара көйнөк, жана алысты карап телмирген көз караш, кара тордун ары жагындагы жалтырап турган чачтар… (алибетте, андай жалтырап туруш үчүн сиз ак саргыл чачтуу болушуңуз керек!). Өзүңүздү жапжаш кезиңизде турмушуңуз бузулса да, гүл бакчага сейилдеп келүүдөн качпай тургандай түр көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Анан дагы, эшиктен керектүү учурда чыгууга аракет кылыңыз! Ошондо… кайырмагыңызга кандай эркек болсо да илинерине ишене бериңиз. Алибетте, аза көйнөк тууралуу ушинтип айтканым уятсыздык, чынбы?

Мистер Донован күтүүсүздөн өзүнүн тизмесине мисс Конвэйди киргизе салды. Ал дагы сегиз мүнөткө жете турган сигарасын ыргытып, ордунан ыргып турду.

– Кандай сонун кеч, мисс Конвей! – деди ал.

Эгерде метрологиялык бюродогулар анын бул сүйлөмдү ушунчалык ишенимдүү айтканын угушса, анда алар өздөрүнүн божомолдорунда аны сөзсүз колдонушмак.

– Кимдер ырахаттана алышса, ошолор үчүн сонундур, – деди мисс Конвэй үшкүрүп.

Мистер Донован ичинде аба-ырайы жакшы болуп турганын тилдеп алды. Таш боор аба-ырайын кара! Мисс Конвэйдин маанайына караса, мөндүр түшүп, кар жаап, жаан-чачын болбойт беле!

– Жакын туугандарыңыздан эместир?.. – деп акырын сураганга батынды Донован.

– Ач ажал менин сүйгөнүмдү колуман жулуп кетти ,– деди мисс Конвэй чечкинсиз, – тууганым эмес дечи, бирок ал адам… Мен өзүмдүн кайгымды сизге таңуулагым келбейт, мистер Донован.

– Таңуулапбы? – деп каршы болду Донован. Коюңузчу, мисс Конвей! Кайра мен кубанып турам, аны мага айтпай койсоңуз абдан өкүнүчтүү болмок… Айтайын дегеним, сиздин кайгыңызды менден артык эч ким бөлүшө алмак эмес…

Мисс Конвэй акырын жылмайып койду. Оо, кудай, анын күлкүсү, анын кайгысын ого бетер күчөтүп жиберди. – “Күлсөң – дүйнө сени шылдың кылат; ыйласаң – сага күлкү менен жооп берет” – дешет эмеспи, мен муну иш жүзүндө көрдүм, мистер Донован. Бул шаарда менин досторумда, тааныштарым да жок. Бирок сиз мага тунук сезимиңизди билдирип жатасыз, мага жасаган мамилеңизди жогору баалайм.

– Нью-Йоркто жалгыз калган өтө жаман, – деди Донован. – Айтыңызчы, мисс Конвэй, гүл бакчага чыгып келсеңиз кандай болот? Бул сиздин капаңызды бир аз да болсо таркатаар эле! Эгерде сиз макул болсоңуз мен…

– Сизге ырахмат мистер Донован. Эгерде сизге жүрөгүн терең кайгы чулгап, үтүрөйгөн кебетемди коштоп жүрүү оорчулук кылбаса, сиздин сунушуңузду кубануу менен кабыл алам.

Алар темир тор менен тосулган короонун дарбазасы аркылуу, бир учурларда тандалма коомдун мүчөлөрү сейилдеп жүрчү эски гүл бакчага чыгышып, ээн жердеги олтургучка барып отурушту.

Жаштар менен карылардын кайгыларынын айырмасы бар. Жаштар кайгыны жеңил көтөрүшөт, анткени алардын кайгыларын сөзсүз бирөөлөр бөлүшүп турат, ал эми карыган адамдар өз кайгылары менен жалгыз калышат.

– Ал менин жигитим болчу, – бир сааттан кийин мисс Конвэй өз кайгысы менен бөлүшө баштады. – Эмики жазда баш кошмокпуз. Мени мактанып жатат деп ойлобоңуз, мистер Донован, бирок ал чыныгы граф эле. Анын Италияда ээлеген жерлери, сепили бар болчу. Ал өзүн граф Фернандо Маззини деп тааныштырган. Мен ага теңдеш элеганттуу адамды эч жерден жолуктура элекмин. Атам алибетте, биздин баш кошуубузга каршы чыккан, ошондо биз качып кеткенбиз, бирок ал баары бир бизди кууп жетип артка кайырган. Мен атам Фернанда менен дуэлге чыгарына көзүм жетип калган.

Менин атам Покипси аттарын убактылуу пайдаланууга сатат, балким билээрсиз?

Атам акыры жумшарып, биздин үйлөнүүбүзгө макулдугун берген. Биз келерки жазда баш кошмой болгонбуз. Фернандо өзүнүн титулун жана байлыгын далилдөө үчүн Италияга барып, биз жашаганга сепилин даярдоо үчүн кеткен.

Менин атам аябай намыскөй адам, Фернандо менин себимди камдоо үчүн мага бир нече миң доллар бермекчи болгондо, ал жинденип, аны жаман сөздөр менен тилдеп, алдырбай койгон. Ал тургай Фернандонун мага белек кылып алып келген кымбат баалуу төш мончокторун да алганга уруксат берген эмес. Фернандо пароход менен кеткенде, мен Нью-Йоркко келип кондитердик фабрикага кассир болуп орноштум. Мындан үч күн мурда Италиядан кат алдым. Катта Фернандонун кайык менен бара жатканда өлтүрүп кетишкенин кабарлашыптыр.

Мына, ошондуктан мен аза күтүп жатам. Менин жүрөгүм, мистер Донован, түбөлүккө аны менен кошо көмүлдү. Мистер Донован, мени азыр эч нерсе кызыктырбагандыктан, мени менен олтуруу сиз үчүн өтө деле көңүлдүү эмес экенин түшүнөм. Мен сизди өз досторуңуз менен көңүл ачуулардан алагды кылгым келбейт. Балким үйгө кайтканыбыз жакшы болуп жүрбөсүн?

Эми айымдар, эгерде силер кааласаңар, жаш жигиттин, сиздин жүрөгүңүз башка эркек менен кошо көмүлгөнүн укканда, канчалык тездик менен колуна күрөк ала чуркаганын көрө аласыздар. Жаш жигиттер өздөрүнүн жаратылышында өлгөн адамдарды тоногонду жакшы көрүшөт. Бул жөнүндө жесир аялдардын кимисинен болсо да сурап көргүлөчү. Кара крепдишин кийген периштенин көмүлгөн жүрөгүн сактап калыш үчүн, бир нерсе жасаш керек да! Кайсы жагынан карсаң да, алибетте өлгөн адамдын эле өз шору.

– Мен сизге аябай боорум ооруп турат, – деди Донован үнүн мүмкүн болушунча назик чыгарып. – Жок, үйгө кайтууга али эрте. Бул шаарда досторум жок деп айтпаңыз, мисс Конвэй. Менин сизге боорум ооруп жатат, мен сиздин мага ишенишиңизди каалайм, мен сиздин досуңузмун, мага ишенип коюңуз, чындыгында эле сизди чын дилим менен аяп жатам.

– Бул медальондо анын сүрөтү бар, – деди мисс Конвэй көзүнүн жашын жүз аарчысы менен аарчып. – Мен аны эч кимге көргөзгөн эмесмин, бирок сизге көрсөтөм, анткени мен сиздин чыныгы дос экениңизге ишенем.

Мистер Донован мисс Конвэй ага ачып берген медальондогу сүрөттү көпкө чейин кызыгуу менен карап олтурду. Граф Миззининин жүзү анын кызыгуусун туудурду. Сүрөттөн аны акылдуу, сулуу адам карап турган. Мындай адам оңой эле эл башкарган, элди ээрчите билген жолбашчы болуп алмак…

– Менин бөлмөмдө аны кашекчеге салынган чоң сүрөтү бар, – деди мисс Конвэй. Барганда аны сизге көргөзөм. Мага Фернандодон ошол гана нерсе эстеликке калды. Бирок ал менин жүрөгүмдө түбөлүккө калат окшойт.

Мистер Доновандын алдында чоң иш турду, – мисс Конвэйдин жүрөгүндөгү бечара графтын ордун ээлөө керек эле, ал ошого бел байлады, анткени чындап эле аны жакшы көрүп калган. Коюлган милдеттин оордугу аны тынчсыздандырган жок. Ал өзүн боорукер жана көңүлдүү дос катары көргөзүүнү чечти, бул оюн ийгиликтүү ишке ашырды, жарым саатка жетпей алар эки порция бал муздак жеп отурушту. Жаш жигит мисс Конвэйди канчалык алаксытып, көңүлүн ачканга аракет кылып жатса да, анын бакырайган кой көздөрүндөгү кайгынын изи азайган жок.

Бул кечте, алар өз бөлмөлөрүнө кетээр алдында мисс Конвэй үстүнкү кабаттагы бөлмөсүнө жүгүрүп барып, жибек шарфка оролгон кашекчеге салынган сүрөттү көтөрүп келди. Мистер Донован сүрөттү унчукпай жана көңүл кою менен карап турду.

– Ал бул сүрөтүн мага Италияга кетип жаткан кечте берген эле, – деди мисс Конвэй. – Мен ушул сүрөттөн медальонго салгыдай кылып чыгартып алдым.

– Сулуу жигит экен, – деди мистер Донован чын жүрөгүнөн. – А сиз кандай ойлойсуз, мисс Конвэй: кийинки жекшембиде Кони-Айленд аралына бирге барып мени бактылуу кыла аласызбы?..

Бир айдан кийин алар алар турмуш курууга убадалары бүткөнүн миссис Скот жана пансиондун башка жашоочуларына жарыя кылышты. Мисс Конвэй аза көйнөгүн дагы эле чечпей жүрдү.

Бул окуядан бир апта өткөн соң, алар эски гүл бакчадагы баягы эле олтургучта экөө олтурушту, желге дирилдеген жалбырактар айдын жарыгында аларга түшүнүксүз көлөкөлөрүн түшүрүп турду. Бирок бул кечте Доновандын маанайы жок, үңүрөйүп унчукпай олтурган. Ал көпкө чейин сүйлөбөгөн соң, колуктусу чыдабай кетти.

– Сага эмне болду, Энди, эмнеге мынча маанайың чөгүп турат?

– Эч нерсе болгон жок, Мэгги.

– Бирок мен көрүп жатпаймынбы! Сенин мындай абалыңды эч качан көргөн эмесмин. Эмне болду?

– Көңүл бурбай эле кой, Мэгги, эч нерсе деле болгон жок.

– Жок, бир нерсе болгону көрүнүп турат, мен билгим келет. Мелдешкенге даярмын, сен башка бир кыз жөнүндө ойлоп жатасың! Абдан жакшы. Эгер кааласаң ага эмне барбай олтурасың? Убадаңды кайрып ал да, каалаган жагыңа бара бер, мен каршы эмесмин!

– Макул эми айтайын, –деп жооп берди Энди, – бирок сен мени түшүнбөйт болушуң керек. Сен Майк Селливан тууралуу уктуң беле? Аны бардыгы “Чоң Майк” деп коюшат.

– Жок, ал жөнүндө уккан эмесмин, – деди Мэгги. – Ошонун айынан капаланып жатсаң ал тууралуу уккум да келбейт. Ал ким эле?

– Ал Нью-Йорктогу эң ири адам, – деди Энди дээрилик аны сыйларын билгизкен үн менен. – Ал саясий ишмерлердин кимиси болсо дагы, каалагандай калчайт. Ал кол жеткис бийик турат. Чоң Майк жөнүндө байкабай жаман сөз айтып алдың дегиче өлдүм дей бер, – эки секундка жетпей сага миллион адам каршы чыгышат. Ал бери жагы эле!

Жакында ал Европага барып келди, аны көргөн королдор коёндордой болушуп, уяларына кире качышты. Мына ошол Чоң Майк – менин досум. Мен бул райондо жөнөкөй эле адаммын, бирок Майк белгилүү адамдарга да, жөнөкөй адамдарга да бирдей мамиле жасайт. Мен бүгүн аны Бауэриден жолугуп калдым, билесиңби ал эмне кылды? Ал жаныма келип, менин колумду кысты. “Энди – деди ал – сенин ийгиликтериң менен кабарым бар. Сен бокста бир нече мыкты соккуларды жасадың, мен сени менен сыймыктанам. Ичкиң келеби?” Ал сигарасын алды, а мен – бийик чөйчөккө куюлган коктейль ичип олтурдум. Мен ага эки жумадан кийин үйлөнөрүмдү айттым. “Энди – мага чакыруу жибер! Ошондо мен үйлөнүү тоюңа унутпай келем”. Чоң Майк мага ушинтип айтты. Ал убадасын дайыма так аткарат.

Сен, алибетте түшүнбөйсүң, Мэгги, мен Майк Селливандын биздин тоюбузга келип катышып бериши үчүн, колумду кесип бергенге даярмын. Бул менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күн болмок. Эгерде ал кимдир бирөөнүн үйлөнүү тоюна барса, күйөө бала келечегинен кам санабай эле койсо болот. Мына ошондуктан мен капалуумун…

– Аны чакыруу сен үчүн өтө маанилүү болсо, анда эмне үчүн аны тойго чакырбай жатасың? –деп сурады Мэгги.

– Мен аны чакыра албайм, – деди Энди капалуу. – Биздин тоюбузга аны чакыра албаганымдын себеби бар. Сен аны сурабай эле кой, Мэгги! Баары бир аны сага айта албайм. – Оо, мен ага кызыкпайм деле! –деди Мэгги. – Анын саясий себептери болсо керек. Бирок ал сенин мага жакшы мамиле жасашыңа жолтоо болбошу керек!

– Мэгги, – деди Энди бир паска ойлонуп тургандан кийин, – мага жашырбай ачыгын айтчы, сен мени өзүңдүн… граф Маззиниңди сүйгөндөй сүйө аласыңбы?

Ал бир топко чейин жооп күттү, бирок Мэгги жооп берген жок. Анан капыстан эле анын ийине башын жөлөп алып, ыйлап жиберди. Ал аны колунан бекем кыса кармап, денеси титирегиче шолоктоп, крепдешин көйнөгүн жашка чылап ыйлап жатты.

– Болду, болду, болду! – Энди өз кайгысын унутуп аны соорото баштады. – Эмне болуп кетти? Дагы эмне болду?

– Энди, – деди токтоно албай шолоктогон Мэгги. – Мен сени алдагам! Мен качантан бери аны сага айтам деп, айта албай жүрөм. Эч кандай граф болгон эмес! Менин өмүрүмдө эч кимди сүйгөн эмесмин. Сүйлөшкөн жигитим да жок болчу. Башка кыздар ар дайым жигиттери тууралуу айтышып, мактанышчу! Алар ошентип мактанышкан сайын, жаш жигиттер алардын артынан калбай жүгүрүшөрүн байкагам.

Анын үстүнө, Энди, кара көйнөк мага аябай жарашат, – аны сен өз көзүң менен көрбөдүңбү. Ошондуктан сүрөтчүгө барып, бул сүрөттү сатып алдым. Ага ылайыктуу медальон жасаттым. Аза көйнөк кийгенге шылтоо издеп, граф тууралуу окуяны ойлоп таптым… Калпычыны эч ким сүйбөсүн билем, Энди, эми сен мени таштап кетесиң, мен уятыма чыдай албай өлүп бара жатам. Оо, Энди мен сенден башка эч кимди сүйгөн эмесмин. Болгону ушул!

Бирок Энди аны өзүнөн алыстатып түртүп салгандын ордуна, өзүнө тартып бекем кучактады. Мэгги аны карап, жүзүндө кайгынын изи да жок, бактылуу жылмайып турганын көрдү.

– Сен мени… сен мени кечире аласыңбы, Энди?

– Алибетте, – деп жооп берди Энди. – Баары жайында. Граф көрүстөнгө кете берсин. Эми баары түшүнүктүү болду, Мэгги. Мен сени тойго чейин айтат го деп үмүт кылып күтүп жүргөм.

– Энди, – деди Мэгги, анын кечиргенин көргөн соң, уялыңкы жылмайып – сен менин граф тууралуу айткандарыма ишендиң беле?

– Кандай айтсам… өтө деле ишенген эмесмин! – деди Энди портсигарын чөнтөгүнөн алып жатып. – Анткени сенин медальонуңдагы сүрөт Майк Селливандыкы болчу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.