Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “КЫЗМАТ СҮРҮ”
(аңгеме)
Жай саратанга карабай үстүнө жапжаңы костюм-шым, аппак көйнөк кийген Жоробай жезде Оштун бир чекесинде авто-унааны күтүп олтурду. Жоробай жезденин чыкыйып кийинишинде бир мандем жатат: Кара-Кулжанын борборундагы тойканалардын биринде өткөн кайненесинин сексен жылдык маараке тоюна ат арытып атайын Бишкектен келгени. Бир жума алдын апасынын маараке тоюна камданганы кеткен жубайы дагы адатынча шалпыйып кийинип келсең, Кара-Кулжанын босогосун бастырбай туруп, түз Алайга кууп жиберерин айтып кулак-мээсин жеп таштады. Жашырганда эмне, Жоробай жезде аялынан корко турган, үйдө аялы башкарат. Болор-болбоско атыраңдап берген аялынан Жоробай жезде көбүнчө: “Куп болот, биздин өкмөт башчы” же “Кадырыңыз жан болсун, улуу урматтуу президент” – деп жагалданып кутулат. Ошого Кара-Кулжада өтө турган маараке тойго “улуу урматтуу президенттин” кадырын сыйлап жапжаңы костюм-шым, аппак көйнөк, жаңы саркеч туфли кийип, галстукту чыкыйа тагынып кирип келди. Аны көрүп, “президент” аялы тааныбай калса болобу.
Той болду, тойдун эртеси да болду… Аялы тойдун шылтоосу менен Кара-Кулжада он күндөй жүрүп кетмекчи болуп, айылда калды. Жоробай жезде кызматтан суранып келген жаны Бишкекти көздөй жалгыз жолго чыкмай болду. Ошко келер замат, ватсаптагы “Такси Ош-Бишкек” аталыштагы группага өз жагдайын билдирип кыскача маалымат кат жолдоду эле, көп өтпөй Бишкектен бир келин ватсаптан жеке өзүнө байланышка чыгып, күйөөсү айылдан борборду көздөй сапарга чыкканын, бир саат аралыгында Ошко барып каларын, Бишкекке жөн гана шерик болуп кетишке бир адам ала кетерин айтып, белгиленген жерде жылбай күтүп туруусун суранды. Авто-унаа маселеси чечилген соң, Жоробай жезде жүгүн жол боюндагы отургучка коё салып, дүкөнгө кирип кетти. Бажаны көргөндө, бажанын башы кычышат демекчи, маараке тойдон соң, Кара-Кулжанын борборундагы заманбап мончолордун биринде шагыраган бажалар ой-даа жыргап чер жазышкан. Ошого башы зыңылдап ооруп калыптыр, муздаткычтан бир бөтөлкө муздак шарапты алып жатып, ватсапты караса, “президент” аялынан мындай узуун кат келиптир: “Жолдо шалпыңдап ичип-чычпай, чыкыйып жакшынакай кет. Түзүк эле чардадынар, жетет ошол. УКМКнын кадырын түшүрбө, сен бүткүл УКМК коллективи аке деп сыйлаган аксакал адамсың, шилекейиң куюлуп жолдо мас болуп баратсаң, сени УКМКнын адамдары урматтаган адам деп ким айтат…”. Бул кылыгын аялы “түз эфирден” байкап тургансып, катуу коркуп кеткен жаны бир бөтөлкө муздак шарапты кайра муздаткычка салып, анын ордуна чоң желим бөтөлкөгө куюлган муздак пиводон бирди алды. Жол боюндагы отургучка кайтып келди да, муздак пиводон култ-култ ууртаганча маңдайына назар салып олтурду.
Куйкалаган аптаптан ордолуу Ош шаары саргыч тартып кыйла жүдөй түшүптүр. Жолдун аркы өйүзүндөгү оюн аянтчасында ысыктын күнүнө карабай кулун-тайдай оюн салып жүрүшкөн мотурайган бөбөктөрдү карагандан көз тойбойт. Оюн аянтчасы эскилиги жетип, селкинчектин отургучу сынган, бөбөктөр үчүн коюлган отургучтардын тактайын бирөөлөр чыгарып кетиптир. Тамтыгы чыккан футбол аянтчасында төрт-беш жеткинчек сапырылган чаңга карабай топ тээп жүрүшөт. Аянтчанын бир бурчуна коюлган таштанды челек акыр-чикирге үйүлүп калыптыр. Оюн аятчасынан отуз-кырк кадам арыда эскилиги жеткен имарат жайгашкан. Бейтапкана окшойт шекил, имараттын кире беришиндеги күнөстүү жерге коюлган узун отургучта бир нече боюнда бар аялдын карааны көрүнөт. Айрымдары коляска түртүп ары-бери басып жүрүшөт. Боюнда бар, бөбөк жетелеген аялдар көлөкөлөп серүүн олтурганга кенен жай салып коюшса кана. Кирерге көлөкө таппай, колундагы китепче менен төбөсүн күндөн калкалап бейтапканада кезек күтүп турушкан аялзатын көргөндө, адамдын зээни кейитет. Пиводон култ-култ ууртаганча аларды карап турган Жоробай жезденин буга ичи эңшериле түштү: Эгер колунда байлыгы жетиштүү күркүл ишкер болгондо, заңгыраган мечит, намазкана эмес, эң оболу улут келечеги – жаны жай албай чурулдап ойногон бөбөктөр үчүн заманбап оюн аянтчасын куруп, бейтапкана астына боюнда бар, эмчек эмизген аялдарга бардык шарты менен ыңгайлуу жай курмак. Ушуга окшоп каралбай калган жайлар өлкөдө миңдеп саналар. Муну ойлогондо кыялкеч жаны дагы адатынча кыялга берилип кетти: Тигине Жоробай ишкер оңдоп-түздөп берген балдар үчүн жаркыраган оюн аянтчасы! Бөбөктөргө бардык шарттар түзүлгөн. Андан арыда турган бейтапкана короосунда Жоробай соопчулук катары салып берген заманбап салкын жайда бейтапканада кезек күткөн аялдар олтурушат. Ал жайдын бир бурчунда аялдар чаңкоосун кандырганы чон идишке булактын муздак суусу толтурулган, кондиционер тынбай иштеп турат. Оюн аянтчасы менен бейтапкананын айланасына толтура жашыл бак тигилген… Эх, бири кем дүйнө!.. Эгер колунда болсо, Жоробай жезде мындай соопчулук иштердин далайын жасайт эле.
Ушундай таттуу кыялга магдырап олтурган маалда арыдан бирөөнүн кыйкырганы угулду:
— Ээй, киши, бери бас!
Жоробай жезде карай салса, жолдун аркы тарабынан авто-унаа терезесинен бирөөнүн башы кылайып көрүндү. Аны көрөр замат сумкасын көтөрө авто-унаа тарапка бет алды. Баасы жүз элүү миң долларды чапчыган жапжаңы лексус авто-унаасын айдаган ээгинде биртке сакалы бар, башына топу кийген кара тору жигит Жоробай жакындап барар замат күңк этти:
— Жоробай деген сенсиңби?
— Ассалом-алейкум, тууган! Ии, ооба, мен.
— Түш кеттик.
Авто-унаа ичине олтурган соң, Жоробайдын жаны жыргай түштү. Унаа ичинде кондиционер иштеп, сырттагы куйкалаган күнгө карабай ичи жанга жагымдуу салкын. Түшкөн адам тозоктон качып, бейишке тушугуп калгандай эле болот. Авто-унаа зуулдаган бойдон Бишкекти көздөй жөнөп кетти. Кенен орундукка чалкалай олтурган Жоробай колундагы муздак пиводон култ-култ тартып баратты, ортодо дале үнсүздүк. Айдоочу жигит сөзгө сараң көрүнөт. Бир аз жүрүшкөн соң, айдоочу жигит Жоробайдын колунан пивону унчукпастан сууруп алды да, унаанын ачык терезесинен ыргытып жиберди. Буга Жоробай селт эте түшүп, көз кырынан капкара көз айнек тагынган жигитти карады: кара торусунан келген, бука моюн, буура сан жигит экен. Чыпыйган спорттук кийиминен булчуңдары буркуюп көрүнөт. Бул турушунда эки-үчөөнү жалгыз өзү жөн эле торойто чапчудай. Буга сестенген Жоробай анын орой мамилесин байкамаксанга салып кутулду. Алдыда бараткан унаа жигиттин жолун тороп, кыйла убайымга салды окшойт, эми жигит алдындагы унааны кууп өтүп, алдынан тороп, бир топтон кийин жол боюна кысып токтотту. Унаанын ачык терезесинен токтогон авто-унаага карап кыйкырды:
— Эй, келесоо! Көзүң барбы?! Карап айдабайсыңбы!
— Мен правила менен эле келатам – авто-унаа ичинен бирөөнүн үнү угулду. – Өзүңөр правиланы сактабай жатпайсыңарбы!
— Менби?! – жигит күркүрөп берди.
— Оме-ей, тууган! – айдоочунун шаштысы кетти. – Анан менби?
Жигит жооп берген жок, булкуна авто-унаасынан атып чыкты:
— Энеңдурайын! Чыкчы мындай, сүйлөшөлү.
Тигиниси мунун кебетесин көргөндө, жүрөгү түшүп калды окшойт, жигит авто-унаадан түшө калганынан пайдаланып, алдыга зуу айдаган бойдон көздөн кайым жоголду. Ызырынган жигит авто-унаага олтуруп, айдап жөнөдү. Анын кейпин көргөндө, бул жакта турган Жоробайдын оозуна келме кирбей апкаарый түштү, жаалданган арстандан бетер, бул жигит жинине тийгенди эки чайнап, бир жутуп салчу эрен көрүнөт. Жалал-Абадга жакындап калышкан. Кан жолдун ушул тушу оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, асфальт жолдун бети оюла түшүптүр. Авто-унаа өпөңдөй жүрүп бергенде, Жоробай жигиттин ачуусуна тийип албайын деп, бир чети жигиттин жүз элүү миң долларлык жапжаңы лексус авто-унаасын аяп, майин түрдө үн катты:
— Өкмөт коррупция менен катуу күрөшүп, салыкты көзөмөлдөп, жолдорду оңдоп койсо болот эле. Ишкерлерден түшкөн салыкты туура пайдаланып, эч кимге жедирбей, анын эсебинен карапайым элдин айлыгын, пенсия, пособиени көтөрүп койсо кана эле. Мунун айынан канча кыргыз сыртка тентип кетти. Мындай кетиште карапайым элге…
— Аны менен силердин ишиңер канча, – жигит сөздү жула тартты. – Тим эле Америкада жүргөндөй сүйлөйсүңөр да. Жакпаса, Америкага кеткиле анда.
Ойдо жок жерден жигиттен жаш баладай кагуу жеген Жоробайдын осолу он пул болду бейм, шөмтүрөгөн жаны андан бетер шөлбүрөп, буга жооп катары моюндагы галстугун түздөмүш болду. Үстүнө кийген костюм-шымы чоң келе түшкөнсүп, шалбырай түшкөнсүдү. Ортодо дагы жымжырттык.
Жалал-Абаддын кире беришиндеги “Мухаммед ажы” кафесине жакындаганда, айдоочу жигит жүрүшүн сээлдетип барып, жол жээгине токтоду да, Жоробайга кайрылды:
— Мен шам намазын окуп, анан биртке тамактанып алайын. Силер да тамактанып алгыла. Жолдо башка токтобойбуз.
— Макул, иним. Сиз айткандай болсун.
Экөө унаадан тушуп баратып, Жоробай сумкасын көтөрө түшмөкчү болду эле, авто-унаасын кулпулап жаап жаткан жигит кыйкырып берди:
— Ошол жаман сумкаңды ким уурдамак эле! Коюп кой ордуна. Тура берсин.
— Аа, мейли, иним. Сиз айткандай болсун.
Маараке тойдун шылтоосу менен алыс-жакындан келип топтоло калышкан бажалар менен үч-төрт күн удаа катуу майрамдап койгону, Жоробайдын тамакка табити анча тартпады, кафенин ичине кирген жок, болгону сыртка коюлган сөрүгө олтуруп, болгону бир самса менен бир чайнек көк чай ичти. Мындайда пиво жаныбар көздөн учат. Андан соң акырын авто-унаа тарапка басып келип, кафеге кирип кеткен айдоочу жигитти күтүп, жол боюнда ары-бери басып жүрдү.
Бир маалда айдоочу жигит чыгып келди. Маанайы негедир бир аз көтөрүңкү, баягы бети салаңдап үңүрөйгөн жигит жок, кара тору жүзү тамылжый түшүптүр. Чоң жолго түшкөндө, Жоробайга жайдары кайрылды:
— Кандай тамактандыңыз, байке? Баары жайында?
— Жакшы, иним, жакшы.
— Аа, түзүк. Жакшы эле болсун.
Түштүк тарапта күн кечтеп баратат. Жолоочу катары Жоробай жезде жигитти сөзгө тарткысы келди. Жининен тийип албайын деп астейдил сурады:
— Кайдан келатасың, иним?
— Айылдан, – дей салып жигит дагы жым бойдон жүрүшүн улантты.
Бир аздан соң жигит ичиндеги бирдемесин сыртка чыгаргысы келди бейм, өзү кеп баштап калды:
— Айылга мечит салып келатам, аке.
— Оо, түзүксүң, иним! – Жоробай жигитке жалт карады. – Жалгыз өзүң салдыңбы?
— Ананчы, – жигитке бул собол жага берди окшойт. – Жаз алдын курулушун баштап, жайды аяктатып бир сезондо эле бүтүрүп таштадым.
— Жараткан ыраазы болсун, иним. Сонун иш кылыптырсың.
— Машалла, аке. Аллах ыраазы болсун.
— Айылыңарда башка мечит жок беле?
— Айыл борборуна мындан беш-алты жыл илгери арабдардан спонсор табылып, жапжаңы мечит салынган. Мен да алардан калышпайын деп, өзүбүздүн көчө тарапка чоңдугу дал ошондой мечит салып таштадым.
— Кудай ниетине жараша, тапканыңды берекелүү кылсын, иним.
— Машалла, аке. Аллахтын көзү түз болсун.
— Айылыңарда мечит болсо, сен дагы мечит салбастан, анын ордуна балдар ойногонго аянтча куруп, тамтыгы чыккан төрөткана, бейтапкана сыяктуу жайларды ремонттоп берсең, мындан да чоң сооп болот беле дейм да, – Жоробай жигитке карады.
Минтип сурарын сурап алып, Жоробайдын дагы куйкасы курушту. Оозунан жаңылып калганын дароо сезип, өгүздөй күркүрөгөн жигит буга дагы кандай жооп кыларынан чочуп, дагы шөмтүрөй түштү. Бирок кудай жалгап жигит кагып-силкип жиберген жок, бир топ ойлонуп туруп, анан жооп берди:
— Бул айтканыңыз да туура. Бишкектеги белгилүү аалымдар менен чогуу чай ичишип турам. Алар мечиттен башка жай салгандын сообу азыраак болуп каларын, мечит салган момунга Аллах акыретте бейиш карыз болорун айтышты.
— Аа, туура, иним. Мечит салган деле өтө сооптуу иш. Көрүнгөн адам эле мечит сала бербейт да.
— Ананчы, аке.
Булар аркы-беркини сүйлөшкүчө, авто-унаа Кара-Көлгө жетип келди. Шаарчаны аралай өтүп баратышканда, Жоробай жигитке акырын суроо узатты:
— Өзүң эмне жумуш кыласың, иним?
— Жыгач жана мебель бизнес, аке.
— Ишкананы Бишкекте ачтыңбы?
— Жок, ишкана ачкан жерим жок, – жигит күлүп жиберди. – Казакстандан жыгач, мебель ташып бизнес кылам.
— Казакстанда токой деген жок да, – Жоробай таң калды. – Анан ушулар сыртка жыгач, мебель чыгарышат бекен?
— Ошону айтпайсызбы, – жигит каткырып күлдү. – Жыгач менен мебель Казакстанга Россия менен Белорусиядан келет. А биз бул жакта “Сделано в Казакстане” деп уруп сатабыз.
— Эмнеге?
— Себеби Россия дегенде, бажы салыгы кымбатка түшүп калат. Казак бауырлар бизге жалган декларация менен товардын суммасын ит бекер көрсөтүп, көлөмүн документ кагазда эки-үч эсе азайтып берет.
Айдоочу жигитке өзү тууралуу айтып берген жагат шекил, чырагына май тамып бизнеси тууралуу Жоробайга бир топ нерселерди божурап кирди:
— Кыргызстандын бажысында өзүбүздүн братандар иштейт. Аларга долясын таштайбыз, бажыдагы братандар шефтердин, ИИМдин жетимдерин, прокуратура – ушунун баарынын ооздорун өздөрү жабат.
— Антпей эле, мыйзамдуу түрдө кылсаңарчы? – кеп кызыгына кирген Жоробай суроо узатты.
— Баарын мыйзамдуу түрдө кылсак, анда Кыргызстан мамлекетинин бажы салыгы бизге бир топ кымбатка түшүп калат. Мындай жол менен алып өтсөк, бажы салыгы катары Кыргызстанга арзыбаган “копейка” акча төлөйсүң. Жолдо да эч ким текшербейт.
— Аа, түзүк, иним. Бизнесиң жакшы экен. Жараткан сага эселеп берсин.
— Иншаалла, таксыр. Айтканыңыз келсин.
Авто-унаада экөөнөн башка жан жок. Айдоочу жолдо божурап сүйлөшүп келгенге гана бир жүргүнчү алып, жолго чыккан шекил. Анын ниети кабыл болуп, экөө бир топко дейре божурашып келишти. Айдоочу жигит өзүнүн бизнеси, жыгач менен мебелди кыргыздын бажы кызматына ит бекер салык төлөп, кандайча алып өтсө болор схемасын шашпай айтып берди. Андан тышкары Жоробайга ыйман, дин тууралуу, адал менен арам, Кудай тууралуу көпкө масала айтты. Бир аздан соң айдоочу жигит Жоробайга суроо узатты:
— Кайда иштейсиз, аке?
— УКМКда.
— Ыя?! – жигит чочуп кетти. – Кайда дейсиз?
— УКМКда, – деп Жоробай жезде дагы кайталады.
— Аа, түзүк, аке. Түзүк…
Жоробай жезде Россиядагы ишкер бажасы тартууга берген кымбат баалуу саатын чөнтөгүнөн алып чыгып, оң колуна такты. Шымынын чөнтөгүн аңтарып, кызыл тыштуу кызматтык күбөлүгүн кармалап көрүп, төш чөнтөгүнө салып койду. Мунун баарын айдоочу жигит көз кырынан байкап келатты. Анан Жоробайдан жигит майин-жумшак сурады:
— Ош тарапка иштер менен келдиңизби, байке?
— Жок, келбейт деле болчумун. “Президенттин” жеке тапшырмасы менен атайын келдик да, – Жоробай жезде күлдү.
— Мурда кайда иштедиңиз эле, байке? – айдоочу жигит абайлап сурады.
— ИИМде “особый отделде” иштедим, кийин шеф УКМКга өзү которуп алды. Бул жакта да өзүм иштеп көнгөн “особый отделде” иштеп жүрүмүн, солай энди, бауырым – Жоробай айдоочу жигитти эмне дейт экен дегенсип сынай тиктеп, кытмыр күлдү.
Жигит лам деп ооз ачкан жок. Бир топко дейре алдыны ойлуу тиктеп айдап келди да, Жоробайдын ачуусуна тийип албайын деп, кыйтыр сурады:
— Кай жерден болосуз, байке? (“Кай жердин азаматы болосуз?” – деп сурабапмын деп ичинен өкүнүп калды.)
— Алайдан.
— Аа, түзүк, түзүк! – айдоочу жигит кубанып кетти. – Мага тага болот экенсиз. Менин ыраматылык чоң энем: “Түпкү тегим Алайдан” – деп айтып калчу эле.
— Сен анда мага жээн болот экенсиң.
Ошол маалда Жоробай жезде терезеден жол боюн караса, “Өзгөн пивосу” деген жазуу көзүнө урунду. Пиво көзүнөн учкан жаны оозунан ушул сөз кантип чыгып кеткенин билбейт:
— Ай, жаныбар өзгөн пивосу! Бир кружканы култ-култ тартып жиберсе…
Жигит ушуну күтүп тургансып чукул токтоп, Жоробайга кайрылды:
— Пиво ичесизби, тага? Ичиңиз, тага, иче бериң.
Жоробай чукул токтогон унаадан түшмөкчү болду эле, жигиттин чый-пыйы чыгып кыйкырды:
— Олтура бериңиз, тага! Өзүм айдап барам.
Катуу ылдамдыкта пиво саткан күркөдөн бир топко узап кеткен авто-унаасын арты менен айдап келди. Жоробай жезде жигитти жолдо кармагысы келбеди, бир бөтөлкө өзгөн пивосун идишке куйдуруп, авто-унаага кайтып келип, жайына олтурду.
— Мен азыр келем, тага.
Жигит авто-унаадан ыргып түшүп, пиво саткан күркөгө чуркап кирип кетти. Бир аздан соң колуна он литрлик идишке куюлган пивону, беш-алты даана ышталган балык көтөрүп жетип келди да, баарын Жоробайга сунду:
— Бул жээниңизден Сизге падарке, тага. Бишкекке жеткен соң, дос-жарлар менен жыргап ичип коюңуз. Азыр пивону карандай ичпей, мынабул балык менен ичиңиз.
— Аай-иий, жээним! Жөн койсоң деле болмок. (“Ушуну ырас кылдың да!” деп аз жерден айтып жибер жаздап, кайра сөзүн оңдоп кетти.)
Жолду катар бөтөлкөдөгү муздак пивону ышталган балык менен сугунган Жоробайга жол азабы, көр азабы деле анча билинбей калды. Чычканга киргенде жээни Жоробайга кайрылды:
— Жүрүңүз, тага. Биртке шам-шум этип алалы.
Тага-жээн унаадан түшүп, ээрчишкен бойдон кафеге кирип кетишти. Жоробай жезде сыртта турган сөрүгө олтуруп биртке эле тамак ичерин айтса, ага көнбөгөн жээни болбой жатып кафенин тээ төрүндөгү жабык кабинага жетелеп кирди. Жоробай жезде бети-башын чайкап, кабинага кайрылып келсе, жээни тамакка буюртма берип салыптыр. Бир аздан соң эки-үч официант кыз буйрулган тамакты көтөрүнүп, кабинага кирип келишти. Тамактын түрү жайнайт: казы-карта, чучук басылган беш бармак, козу шорпо, шишкебек, суусундуктар. Жоробай жезде ичинен таң калып койду, сыягы жигит тең жегенди теңирим сүйүптүр деген жан көрүнөт, өзүнө буюрган тамактан Жоробайга да айттырган тура. Жоробай жезденин шашма жаны тамактын акчасын алдын-ала төлөгөнү ирик беш миңдик акча сунду эле (шылтоо менен майдалатып алайын деп да ойлогон), жээни колун жаңсап:
— Жөн эле коюң, тага. Мен баарын төлөп койдум.
Жоробай жезде буга ичинен чын акам таң калды. Көзүмө көрүнчү көрүнүп, азыткы азгырып жаткан жокпу деген да ой кетти. “Тамагыңыздар таттуу болсун” деп коюп, чыгып бараткан официант кызга айдоочу жигит кайрылды:
— Коньяк жок беле, чоң кыз?
— Бар.
— Анда тагам экөөбүзгө бир коньяк.
— Жарайт.
Кетип бараткан официант кыз бир нерсени эстегендей, артына кылчайып, айдоочу жигитке айтты:
— Бирок эскертип коёюн, байке. Бизде коньяктын эң арзаны бир жарым миң сом.
— Таза коньяк канчадан? – айдоочу жигит сурады.
— Баары эле таза, – деди официант кыз. – Жакшылары эки миң сомдон.
— Анда бизге эки миң сомдуктан бирди.
— Жарайт, байке.
— Батыраак болсун, чоң кыз.
— Макул, байке. Баары Сиз айткандай болот.
Көп өтпөй официант кыз бир шише коньякты эки ыстакан менен көтөрүп келип, столго койду да, коньяктын оозун ачып, чыгып баратып экөөнө дагы жайдары кайрылды:
— Тамагыңыздар таттуу болсун. Келип туруңуздар.
Саартан бери оозуна түзүк наар албаган Жоробай жезденин тамакка табити эми араандай ачылды. Беш бармактан шашпай жеп, шишкебектен ооз тийгенче алдыга келген коньяктан алып олтурду. Маңдайында коньяк куюп олтурган айдоочу жигитти астыртан карап коёт. Бир таң калганы: алгач көзүнө букадай көрүнгөн арстан айбат жигит эми көзүнө кичирейип кеткенсип бүжүрөп көрүндү. Эмнеден улам экени түшүнүксүз, муну ичке кирген коньяктын кубаты деп ойлоду, адам ичкенде, шер тартып калат эмеспи.
Жоробайды астыртан тиктеген жигит бир нерсеге ичинен өтө таң калды: Кызмат сүрү, мансап сүрү деген такыр башка тура. Үстүнө костюм-шым кийип, галстук тагынган кишини алгач көргөндө, катардагы эле адамдын бири деп ойлогон. Азыр эми төрдө шишкебектен жеп, коньяктан шашпай ичип олтурган бейтааныш кудум эликтин башын кажып олтурган тажаал арстандай туюлду. Көрсө, кызматтан кызматка көтөрүлгөн, чокусун жеген кексе бирөө тура. Жоробайды таз башы андан бетер сүрдүү көрсөттү: чачын бекерден жеди дейсиңби, бул бир чокусун жеген кексе чекист да. Саатты сол колго эмес, оң колго тагынганы эле эмнени каңкуулап турат, жөнөкөй адам эмес кыскасы. УКМКнын адамы эч качан тааныш-тунуш менен ичимдик ичпейт. Ичиндеги сырды айтып салыштан коркот, булар ушинтип жалгыздап ичишет. Бул жетимдер сенин бир тууган жээн, карын бөлө, куда-кудагый экениңе да карашпайт, адамдын ичин аңтарган кишилер. Кишиге жакшылыгы жок, кыскасы. Айдоочу жигит бир күн ушул таз баштын алдында шөмтүрөп сурак берип олтурганын элестетип, заманасы куурулуп, денеси дүркүрөй түшүп, чекесинен муздак тер кетти.
Тамак желип, коньяктын шишеси бошой түшкөндө, Жоробай жезденин чекеси нымшып тердеп, калжыңдап сүйлөп да, ырдап да чыккысы келди. Бирок “президент” аялынын жолго чыгарда ватсаптан: “Жолдо шалпыңдап ичип-чычпай, чыкыйып жакшынакай кет…” – деген сөзүн эстеп, айдоочу жигиттин мечит салган такыбалыгын эске алып, азыраак сүйлөп, өзүн салмактуу кармагысы келди. Бул ирет бажаңдап көп сүйлөгүсү келбеди, сыр бербеген тыңчы сыңар өзүн мизирейип бир сырдуу кармоого белсенди. Анткен сайын жанындагы жээни андан бетер кичирейип, эчтекеге арзыбаган чекитке айланып, жоголуп бараткансып туюлду.
Кафеден чыгышкан соң, Жоробай авто-унаа тарапка сүзүлө басып келди. Жаны жер тартып, көзү үргүлөп баратты. Авто-унаага келсе, айдоочу жигит орундуктарды жаткырып, кенен төшөк салып коюптур. Жоробай төшөктө кеңири жатып кетмей болду. Унутуп кала электе деп шашкан жаны жигитке жол кире акысын сунду эле, жигит Алланын ыраазычылыгы үчүн бекер алып кетерин айтып, сунулган акчаны албай койду. Башы жаздыкка тиер замат чарчаган жаны корулдап уйкуга кетти. Анын уктап жатканынан пайдаланган айдоочу жигит, кафенин артына өтүп, аялына телефон чалып кирди:
— Туут-тут-туут…
— Алло, жаным – телефондон уйкусураган аялдын үнү угулду. – Тынч-аман келатасыңбы?
— Алло, Жайнагүл. Уктай элек белеңер? – аялынан сурады.
— Жатканыма үч сааттан ашты, – деди аялы уйкусурап. – Эмне болду?
— Сен бул кишини кайдан таптың эле?
— “Оштон Бишкекке кетем, бир адам” деп ватсап группага өзү жазган. Эмнеге?
— УКМКда иштейм дейт ко?
— УКМКда иштесе эмне экен? УКМКнын адамы жаныңды сууруп алмак беле. Алып келе бер жөн эле.
— Мен келесоо буга Казакстандан кантип темный ход менен товар алып кирерибизди төкпөй-чачпай баарын айтып берип жатпаймынбы.
— Ыя?! – аялы чочуп кетти. Уйкулуу көздөрү умачтай ачылды. – Бок жегени айтасыңбы, көк мээ!
— Мунун УКМКда иштерин билди дейсиңби, – деди жигит бүшүркөп. – Айтарын айтып алып, эми өзүмдүн жүрөгүм түшүп жатат.
— Чала болот сага! – аялы кыйкырды. – Эми тилиңден сүйрөп барып, камап салсын! Шүмүрөйүп сурак берип жата бересиң, эшек!
— Мени кечирип койчу, Жайнаш.
— Ай, мээси жок келесоо! – аялы булкунду. – Өзүң айылга мечит салсаң, аз өтпөй УКМКда уурулукка шектелип кармалып, түрмөдө жатсаң, ушул кылганың жакшыбы эми?
— Албетте жакшы эмес, – деди жигит бүжүрөп. – Мен деле эптеп тиричилик кылып жүргөн бир бакырмын да.
— Э, тиричилигиң көтүңдө калгыр! – аялы ажылдап берди. – Түрмөгө өзүң кетсең да мейли эле, өзүң менен кошо товар ташыган эки ажы кайнагаңды, беш убак намаз окуган бир тууган иниңди кошо ала жатасың! Биздин урукту элге бүт уят кылып тынасың, келесоо! Угуп жатасыңбы мени?! Кайнатаң менен кайненең ажыга барып келген такыба адамдар!
— Иий, неңдискей турмуш, ай! – муну укканда жигиттин күйбөгөн жери күл болуп түтөп кетти. – Неңдискей куу турмуш, ай! Ит турмуш, ай, неңдискей шум турмуш!…
— Тилиңден көр, тантык! – телефондон аялы кыйкырды.
— Жайнаш, мени уксаң, – жигит аялынын жинине тийип албайын деп майин үн катты. – Бул киши Алайлык, мага тага болот экен.
— Тагаң болсо, эмне кылайын!
— Сен кыйкырбай, сөздү ук, жаным. Мен эрте менен саат ондорго үйгө барып калам. Биз баргыча үстүнкү кабаттагы VIP-залга дасторкон даярдап койчу.
— Дасторконго сенин тилиңди туурап коёмунбу?!
— Жок, жаным Жайнаш. Биздин барышыбызга бүтүн козу-гриль заказ кыл. VIP-залдын кондиционерин иштетип кой. Алайлык тагам ичимдик ичкен киши экен. Ошого жаныбыздагы соода борборуна бар да, коньяктын эң кымбатынан эки-үчтү ал.
— Жарайт, – деди аялы.
— Мени бир жолу кечирип койчу, жаным. Коньяктын арзанынан эмес, эң кымбатын ал. Уктуңбу, алтыным Жайнаш?
— Туут-туут-туут… – аялы жооп бербестен, телефонун өчүрүп таштады.
Жоробай жезде көзүнө шоолдоп тамган жарыктан улам ойгонуп кетти. Көзүн ачса, авто-унаа ичине салынган кенен төшөктө жатыптыр. Төшөккө кандайча жатып калганын билбейт. Акырын башын көтөрүп сыртты карады. Өмүрү көрбөгөн ээн талаада баратканын сезгенде, жүрөгү шуу дей түшүп, оозуна тыгылды. Акырын башын буруп алдыны карады. Кара торусунан келген өгүздөй жигит алдыны тиктеген калыбында авто-унааны зуулдата айдап баратат. Бул жигитти кайдан көргөнүн көпкө эстей албай жатып, бир топтон кийин араң тааныды. Кечээ ушунун авто-унаасына олтуруп, борборду көздөй жол тарткан. Айдоочу жигит жолдо эмнелер тууралуу айтып бергенин бүт эстеди. Жоробай бир укканын эч унутпай турган. Бир аздан соң тээ алыстан карарган айылдын карааны көрүндү. Жоробай жөтөлүмүш болду эле, жигит күзгүдөн ага жылмайып кайрылды:
— Кутман таң, тага! Жакшы эс алып турдуңузбу?
— Ой, мен кайда жатам? – Жоробай түшүнбөгөндөй суроо узатты. – Кайда баратам деги?
— Ха-ха-ха… – буга жооп катары кара тору топучан жигит шаңдуу каткырды. – Сизди кыйналбай, жатып кетсин деп, төшөк салып бердим да. Астыга, менин жаныма өтүп алың, тага.
Авто-унаа жол боюндагы соода имараттардын бирин өбөктөй барып токтоду. Жоробай жезде имараттын ичине кирип кетип, ажатканасында бети-башын бир сыйра чайканып, кайра чыгып келди. Сокулук айылын аралап, Бишкекке жакындап калышкан. Айдоочу жигит кеп баштады:
— Сураша келсе, кыргыз кыргызга тууган чыгат дейт. Сиздей тагамды тапканыма кубанычтамын.
— Аа, ыракмат, жээним. Өркүнүң өссүн.
— Эми бир тилди алың, тага, – айдоочу жигит собол таштады.
— Ии, жээним, кулак сенде.
— Үйгө дасторкон даярдатып койдум эле. Кадырлуу коногум болуп кетпесеңиз, Сизге таарынам, тага.
— Аай-иий, жээним. Жөн эле койчу ушуну.
— Жөн эле коё албайм, тага. Үйүңүзгө дейре өзүм жеткирип коём.
Жоробай жезде көңүлчөөк жан эмеспи, муну каалабай турса да, “чакырган жерден калба” деген оюна кылт этип, баш тартып коё албады. Жигиттин көөнү үчүн гана бир-эки саат олтуруп, кайтууну чечти. “Бул жигитке менин эмнем жагып калды экен? Же жөн гана жылдызыбыз келишип калдыбы?” – ушуну ойлой берип, башы катыды.
— Сизде бир ишим бар, тага, – бир маалда жигит алдынан көз албай айдап баратып, ага дагы кайрылды.
— Ии, жээним. Коош, кулак сенде.
— Жакында Казакстандан крупный товар алып киребиз. УКМКда иштейт экенсиз. Башкага бергенди Сизге берип, бул жагын Сиз аркылуу сүйлөшсөк кантет? Долясын жакшы чыгарып берем, – жигит Жоробайга үмүт менен карады.
— Ой, жок, жээним. Бул менин колумдан келбейт, – Жоробай дароо баш тартты.
— Эмнеге, тага? – айдоочу жигит ага жалдырай тиктеди.
— Мен УКМКда лөкүйгөн кызматта иштесем, анда бир жөн эле. Короо шыпыргычтын колунан мындай иш келмек беле?
— Ыя?! – жигит чочуп кетти. – Короо шыпыргыч дейсизби?!
— Ооба, УКМКнын короосун шыпырып иштейм.
— А Сиз мурда ИИМде “особый отделде” иштегем деп айттыңыз го?
— Ооба, ИИМде да бак сугарган кароолчу, кийин короо шыпыргыч болуп иштедим. Кийин шеф ИИМден УКМКга которулганда, менин кызматымды жактырып, өзүнүн жанына – УКМКнын башкы имаратына которуп алды. ИИМдин, УКМКнын адамдары бизди тамашалап “особый отдел” деп тергешет, – Жоробай жигитке карап жылмайды.
— Президенттин жеке тапшырмасы менен Ош тарапка келдим деп айткандай болдуңуз эле.
— “Президент” деп мен аялымды айттым. Жеңеңди тамашалап “президент” деп тергеп коём.
— М-м-м… Түшүнүктүү.
Андан ары жигит лам деп ооз ачкан жок. Жоробай жезденин ак көңүл жаны буга түтпөй, анын көңүлүн калтыргысы келбеди окшойт, төш чөнтөгүнөн кызыл тыштуу кызматтык күбөлүгүн алып чыгып, жигитке ачып көрсөттү:
— Мына, жээним. Калп айтсам, өлөйүн.
Айдоочу жигит үңүлүп караса, күбөлүк ичине Жоробайдын сүрөтү чапталып, чоң тамгалар менен “БИШКЕК ШААРДЫК ТАЗАЛЫК КЫЗМАТКЕРИ” деп бадырайта жазылып турат. Үстүнөн оор жүктү түшүрүп салгандай жигит өзүн жеңил сезип, жаны жай ала түштү. Баш тамыры чыңалып калганы өзүнө эми араң сезилди. Аңгыча сапар карып, авто-унаа “Ош” базары тушка келип токтогондо, айдоочу жигит Жоробайды карабай туруп үн катты:
— Келдик, жолдош УКМК.
Авто-унаадан түшөр алдында Жоробай жезде жолду катар сыйлап келген жигитке ичи жылып, алакан жая көпкө эбиреп-жебиреп батасын берди. Андан соң сумкасын алып, жолдо айдоочу жигит сый катары алып берген он литрлик пивону көтөрө түштү. Көңүлчөөк жаны артына бурулуп, авто-унаанын ачык терезесинен жигитке дагы кайрылды:
— Ишиң ар дайым илгери болсун, жээним. Эки тоо көрүшпөйт, эки адам…
Айдоочу жигит анын сөзүн аягына дейре укпастан, баасы жүз элүү миң долларды чапчыган жапжаңы лексус унаасын зуу айдап жөнөдү. Ал узап кеткен соң, Жоробай жезде бир нерсеге катуу өкүндү: ыраазычылык катары айдоочу жигитке кайненеси салып берген сары майдан бир бөтөлкө, кышкысын эзип ичкенине түйүнчөктөгү куруттун жарымын берип коюшту унутуп калыптыр. Эй, эсиңе жара чыккырдыкы!
Айдоочу жигит өзү үйүнө конокко чакырып алып, кайра унчукпай койгонуна капа деле болгон жок. Бирок жолду катар пиво, тамактан бери алып берип сыйлап, жөн алып келбей, төшөккө жаткырып, бекер алып келген меймандостугуна такыр эле акылы жетпей койду. Эмнеден улам минтти экен? Балким мыйзамдуу, туура жол менен күн кечирген, жүрөгүндө ыйманы бар жан чыгар. Айылына мечитти бекеринен салды дейсиңби.