Кубантай ЭРНАЗАРОВ: “ЭГЕН ЭҢСЕГЕНДЕЙ”

(аңгеме)

(Акутагаваны туурап)

Эген аны бири-бирине сырдаш жандай кыналып, саамайлары жуурулушкан кош мажурум тал астында күтүп жатты.

Арча жыттанган жаздын кечи карагай-кайыңдуу кара бактын арасынан ары-бери өткөндөрдүн карааны анда-санда булак этип көрүнө калып жатты. Колдоруна өрүк гүлүн кармап, таш төшөлгөн жолдон өтүп баратышкан этек-жеңи шамалга делбиреген узун көйнөкчөн эки аялды көргөндө, алардан өзүн төмөн сезип Ай булутка жашынды. Мажүрүм тал саамайын аяр сылап чыгыштан сыдырым жел токтоосуз астейдил согуп турду.

Туптунук шор булактын этегинде жайгашкан чакан көлмөгө бакалар чулк-чулк секиргенде, ичине миң жылдыктын сырын каткан кечки жымжырттык четинен тырс-тырс сынып жоголуп бараткансыйт. Калың бактын арасына жашынган долонодон сүтактын муңдуу үн салганы тынымсыз угулуп жатты. Сүтак үнүн тыңшаган Эген бир саамга дейре ордунда селейип катыды. Бир маалда бак арасынан кимдир бирөөнүн майда-майда аяр басып келатканы угулуп кеткенсиди. Эген зор үмүт менен дабыш чыккан тарапка назарын таштады. 

Анын келатканы көрүнбөйт… 

Жаз да кетти… Жашыл көктөмдү узатып чымчыктар ыйлап жатканын көрүп, мажүрүм тал мөгдөп көзгө жаш алды. Арчанын жытын искеп, батар Күндүн кыпкызыл ыраңын, атар таңдын аппак ажарын эңсеген Эген жайлоо тарапка жөө жетип келди. Коргон-Жардын ичинде бөдөнөнүн бытпылдык атканы, Тосмо тараптан келген тынымсыз булбул үнү, жер бетин каптап өскөн сапсары жоогазындар анын көңүлүн өзүнө бурду. Гүлдөр бажырайып ачылбаса, түркүн куштар сайрабаса, сүйүү кайдан келмек, илхам кантип жаралмак. Кечкисин туптунук асман бетин кыпкызыл өрткө боёгон Күн батып бараткан кезде Коргон-Жардын так төбөсүндөгү жапжашыл тегиз майсада Эген аны жалгыз күтүп олтурду. 

Жанай жайлоосу тарапка жай келгени, Таканын жака белин байырлаган жашыл көктөм, кабылан байырлаган айыл этегиндеги тептегиз тунук көлдү айланчыктап өскөн жыш камыштын шуудураганы, капкара кабылан шердин асманга сызып баратканы Эгендин түшүнө тынбай кирчү болду. Коргон-Жардын капталына жармашып өскөн арчанын арасынан кечкисин сүтактын муңдуу үнү кез-кез мурдагыдан да кайгылуу, сырдуу угулуп жатты. Сыдырым желден башка, Эгенге шерик болор айланада бир жан жок. Көз байланып бараткан маалда айыл этегинде жайгашкан камыштуу көлдү бойлоп чуркап бараткан кабыландын, ботосун ээрчиткен боз ингендин карааны көрүндү. Тосмо тараптан илек-илектин чыйылдап ачуу сайраганы тээ алыстан анда-санда угула калып жатты. Эген бар үмүтү менен Чал-Кыштоо тараптагы жалгыз аяк жолго назарын таштады. 

Анын келатканы көрүнбөйт… 

Жай да кетти… Күзгүсүн саргайган беде гүлү, чыгыштан Ай сустайып, батыштан Күн кызарып батып баратты. Эген аны Бак-Арчанын түзүндө жалгыз күтүп олтурду. Жай күзгө тогошуп жаткан маалда Эген күтүүсүз жерден ооруп да калды. Ооруп жатканда, Төө-Карын тараптагы аңгыраган ээн талаалар менен уңулдап соккон шамал түшүнө аян берип кирчү болду. Күрс-күрс жөтөлсө да, жалгыздык жан шеригим деп жапжалгыз жата берди. Саргайган күздө Бак-Арчанын айланасы жымжырт. Маңдайда аска-зоо турат үнсүз, саратан чырт-чырт сайрайт тынбай. Керсары жалбырактар шуудурап туш тарапка кулап жатты. Угулбай куштун ыры, угулбай булбул үнү, кызыл-тазыл гүлүн төккөн гүлкайырдын башына бар ааламдын түштү муңу. Сыркоолоп турган Эген бар кайратын жыйып, бир учугу Кызыл-Суу тарапка кеткен, эки тарабынан калың арчаларга кысылып калган жалгыз аяк таштак жолду өчпөгөн үмүтү менен карады.

Анын келатканы көрүнбөйт… 

Апакай кыш. Саалалап жааган жаанга ар дайым жүзүн чайынып турчу ак кайыңды калың кар басып, балбалактап жааган кар көмдү тышты. Музга тоңгон мажүрүм тал саамайына аяздан чачбак тагып, бозоруп аткан ак таңда, бой тиреген чынар бак ак кыроо баскан аяздан күмүш сөйкө такканда, кыбаңдап жааган ак карда, бозоруп туруп ак таңда, Эген аны Кызыл-Белес тарапта күтүп олтурду.

Калың бактын чеке белине өскөн долонодо соксоюп жалгыз олтурчу сүтак кышкысын жылуу коңулга кире качып жоголгондой. Кыштын таңы жалгыз жылаңач бутакта жапжалгыз конуп олтурган карга Кызыл-Белестеги Күнгөй тарапка кеткен жол этегин карап олтурган Эгендин жапжалгыз караанын көргөндө, анын абалын сезип тургансып: “Карк-карк!” – этип ачуу каркылдап алды. Эген улуу үмүткө жетеленип борошолоп кар учурган Күнгөй тарапты карады.

Анын келатканы көрүнбөйт…

Жаз, жай, күз жана кыш. Кайрадан жаз. Салаалап жааган жамгырлуу кечте Эген аны Төрт-Көчө тараптагы көпүрө астында күтүп жатты. Жааган жамгыр Эгендин жүзүнөн көз жаштай салаалап сарыгып жатты. 

Көпүрөдөн анда-санда гана жайлоого карай жол тарткан ат-эшекчендин, жөөнүн карааны кылактап көрүнө калып жатты. Азыр көпүрөдөн өтүп бараткан бир жан жок жымжырт. Ал кечки иңирдеги туш тараптан угула калып жаткан белгисиз үндөргө, суунун жай шарпылдаган доошуна кулак сала жападан жалгыз ары-бери басып жүргөн маалда анын так төбөсүнөн капкара асманды чагылган жарк эте жарып өттү. Алды жагында обочо турган үйлөрдүн биринен чырак жарыгында мастын таш жарган каткырыгы үзүл-кесил угулса, каптал жакта кыйла ыраакта турган, терезесинен бүлбүл шамдын жарыгы тамган үйдөн жаш баланын ыңаалап ыйлаганы дыбыраган жамгыр үнүнө жуурулушуп араң угулат. Бир маалда Эген тык токтоду: ылайлуу суунун жээги акырындан жогору жылып, кечки жаандан улам айыл ичин аралай аккан суу кирип баштагандай.

Ачуудан кабагы түнөрүп үтүрөйгөн Эген көпүрө астындагы күңүрт жээкте тез-тезден баса баштады. Эми жамгыр бүткүл кыштакчаны кучагына алып, токтоосуз дыбырап, алыстан жаап келди. Кечки иңир улам жерге ылдыйлап, салаңдап турган сур булут айыл үстүнө капкактай жабылып калгандай көрүнөт. Алыстанбы, же жакынданбы, айтор, дыбырап жааган жамгыр үнүнө аралаш чыккан сүтак үнү Эгенге: “Мен мындамын” – деп үн каткан сыйкырдуу үмүттүн өз доошуна окшоп угулат. Ал убакта кирген суу жээкти улам акырындан өз кучагына алып, жээкти көздөй ташкындап баштаган. Эгендин таманы таза суу астында калган муздак баткакка малынды. 

Кечки иңирде көпүрө астында жапжалгыз турган Эгенди көрүп, көктөм да токтоно албай жашып кетти бейм, эми салаалап тамган жашы өткүн жаанга айланып, мындан улам жаалданып кирген суу чай кайнам убакытка жетпей анын тизесине, андан соң көкүрөгүнө, кийин ээгине дейре жете түштү. Ташкындап кирген сууга карабай, бир ордунда былк этпестен турган Эген бүлбүлдөп бараткан үмүттөн дагы бир ирет күдөр үзбөй төбөдө турган көпүрө тарапты тиктеди.   

Анын келатканы көрүнбөйт…

Түн ортосу жамгыр токтоп, асман ачылып, ортосун суу аралай аккан чакан кыштакча ай нуруна жарып турган маалда сыдырым жел жана кирген суунун агымы акырын шыбырап Эгендин денесин айыл этегиндеги кабылан менен бото ээрчиткен боз инген байырлаган айдың көлгө аярлап алып жөнөшкөндө, ашыктык менен күтүүнүн азабын далай тарткан Эгендин жаны көккө көтөрүлүп, асмандагы суйкайган Айды көздөй сызып баратты. Анын жаны Жерди таштап, көктө сүзүп баратканын көрүп, саамайынан жамгырлуу жашын салаалатып саамай чачын сеңселткен кош мажүрүм тал, жапжашыл арчалар ыйлады, чакан кыштакчаны байырлаган түркүн чымчыктар ыйлап жатты. Миң жылдыктын кайгы-муңун ичине каткан сүтактын чыйк-чыйк муңдуу үнү Жерден улам алыстап, топтоголок толгон Айга кетип бараткан Эгендин жанын кайгылуу узатып кала берди.

Ошол адам жаны бир нече миңдеген жылдар бою чексиз сандагы түрдүү жандык-болмуштардын: куштун, сүтактын, шамалдын, арчанын, жамгырдын, чымчыктын  жанына бир эмес, бир нече жолу айланып олтуруп, маңдайына кайрадан адам жанына айланышы буюрган экен. Азыркы менин жан-дүйнөм дал ошол Эгендин жанын өзүнө батырып жүрү. Андан бери канча суулар акса да, Эгенге окшоп менин да эчтекеге шыгым жок. Бир мезгилде жай-кышы, күнү деле, түнү деле кыялында эңсеген ашыгын эч кандай куулук-шумдугу жок, кардай таптаза, булактай туптунук аруу дили менен үмүт үзбөй күткөн экен Эген жанибар. Эч качан келбеген ашыгын күтүп жүрүп өлүп кеткен Эгенчесинен кыялымда жашаган кимдир бирөөнү күтүп, күдөр үзбөй жол карап өттү өмүр колдой узун, жеңдей кыска.

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.