Оскар УАЙЛД: “БУЛБУЛ МЕНЕН РОЗА”
— Ал мага кызыл роза алып келсең, сени менен бийлейм деди. Бирок менин бакчамда бир да кызыл роза жок, – деди капалуу олтурган жаш студент жигит.
Бул сөздөрдү эмен дарагында олтурган Булбулдун кулагы чалып, жалбырактардын арасынан таңгала тыңшап калды.
— Менин бакчамда бир да кызыл роза жок! — деп улантты студент, көздөрү жашка толуп. — Эх, бактың кээде кичинекей нерселерден көз каранды! Акылмандардын жазган китептеринин канчасын окуп чыктым, философиянын көп сырларын түшүндүм, бирок менин жашоом кызыл роза жоктугунан улам бузулду.
— Мына, акыры, чыныгы ашык болгон адамга жолуктум, — деди Булбул өзүнө. — Аны билбесем да, күнү-түнү мен ал жөнүндө ырдадым, күнү-түнү ал тууралуу жылдыздарга айтып бердим, мына эми акыры мен аны көрдүм. Анын чачы гиацинттей капкара, ал эми эриндери өзү издеп жаткан роза сыяктуу кыпкызыл; бирок сүйүү анын жүзүн пилдин сөөгүндөй кубартып, кайгы анын маңдайына мөөр баскан сыяктуу.
— Эртең кечинде ханзада оюн-зоок өткөрөт, — деп күбүрөнүп жатты жаш студент, — ага менин сүйүктүүм да чакырылган. Эгер мен ага кызыл роза алып барсам, ал мени менен таң атканча бийлемек. Эгер мен ага кызыл роза алып барсам, аны кучагыма кысып, ал төшүмө башын жөлөп, алакандарым менен анын ысык алакандарын таң атканча кармап, тегеренип бийлеп жүрмөкмүн. Бирок менин бакчамда кызыл роза жок, мен таң атканча жалгыз отурганга мажбурмун, ал болсо жанымдан карабай өтөт. Анын мага көз кырын бир да жолу салбасын ойлосом жүрөгүм кайгыдан жарылып кетчүдөй сезилет.
— Мына, чыныгы ашык болгон адам, — деп ойлоду Булбул. — Мен ырдаган нерсени ал башынан өткөрүп жатат; мен үчүн кубаныч болгон нерсе, ал үчүн азап. Чынында эле сүйүү — бул керемет. Ал изумруддан кымбат, эң кооз опалдан асыл. Бермет жана каухарга аны алмаштыра албайсың, ал базарда сатылбайт. Аны дүкөндөн сатып алууга же алтын берип алмаштырып алууга мүмкүн эмес.
— Залда музыканттар отурушат, — деп улантты жаш студент. — Алар арфада жана скрипкада ойношот, менин сүйүктүүм сыйкырдуу кылдардын күүсүнүн ыргагында бийлейт. Ал залда ушунчалык жеңилдик менен каалгып, буттары паркетке тийип-тийбей чимирилет, анын айланасында хан сарайдын жасана кийинишкен адамдары топтолушат. Бирок ал мени менен бийлебейт, анткени менде ага арнап берчү кызыл роза жок.
Жаш жигит чөпкө көмкөрөсүнөн жатып, колдору менен жүзүн жапты да, ыйлап жиберди.
— Ал эмне үчүн ыйлап жатат? — деп сурады анын жанынан өтүп бара жаткан кичинекей жашыл чаян кулагын делдейтип.
— Ооба, чын эле, эмне үчүн? — деп анын суроосун илип алды, күндүн нурун кубалап учуп жүргөн Көпөлөк.
— Эмне үчүн? — деп сурады Жылдыз гүл, назик үн менен коңшусунан.
— Ал кызыл роза үчүн ыйлап жатат, — деп жооп берди Булбул.
— Кызыл роза үчүнбү! — деп кыйкырып жиберишти баары.
— Ах, кандай күлкүлүү! Уят-сыят эмне экенин билбеген, бирөөнүн кайгысына кайдыгер, бетпактык иштерге жакын кичинекей Чаян, каткырып жиберди.
Бир гана Булбул Студенттин кайгысын түшүнүп, сүйүүнүн сырлары жөнүндө ойлонуп жатты.
Ал кара канаттарын жайып, асманга учуп чыкты. Токойдун үстүнөн көлөкө сыяктуу учуп өтүп, калың бадалдын ортосунда өсүп турган Розанын бутагына барып конду.
— Мага кызыл гүлүңдөн бер, — деп кайрылды ал, — мен сага өзүмдүн эң мыкты ырымды арнап ырдап берейин!
Бирок Роза Багы башын чайкады.
— Мен ак гүл ачам, — деп жооп берди ал, — алар деңиздин көбүгүнөн да, тоонун чокусундагы кардан да ак. Эски күн сааттарынын жанына өскөн агамдан сурап көр, — балким, ал сага сураган нерсеңди берет.
— Мага кызыл роза бер, — деди Булбул, — эски күн саатынын жанында өскөн Роза багына барып, — мен сага өзүмдүнэң мыкты ырымды ырдап берем!
Бирок бул Роза Багы да башын чайкады.
— Менин гүлдөрүм сары, — деп жооп берди ал, — алар янтарь тагында отурган канышанын чачындай сары, алар чабындыда кулпуруп өскөн алтын гүлдөн да сары. Студенттин терезесинин жанына өскөн агама кайрылып көр, балким, ал сага сураган нерсеңи берет.
Булбул Студенттин терезесинин жанына өскөн Роза Багына учуп барды.
— Мага кызыл гүлүңдөн бер, — деди ал, — мен сага арнап өзүмдүн эң мыкты ырымды ырдап берейин!
Бирок Роза Багы башын чайкады.
— Ооба, менин розаларым кызыл, — деп жооп берди ал, — алар көгүчкөндүн шыйрагынан да, океандын түбүндө чайпалып өскөн маржандан да кызыл. Бирок менин каным кыштын суугунда тоңуп токтоп калды, муз менин бутактарымды сындырды, бороон менин бутактарымды талкалады, ошондуктан быйыл менде кызыл гүл жок.
— Бир гана кызыл роза — менин сураганым бир гана кызыл роза, — деп жалдырап жиберди Булбул. — Бир гана кызыл роза! Аны алуу үчүн кандай жол барын билесиңби?
— Билем, — деп жооп берди Роза Багы, — бирок ал өтө коркунучтуу, мен аны сага айтууга оозум барбайт.
— Айта бер, — деп өтүндү Соловей, — мен коркпойм.
— Эгерде сен кызыл роза алгың келсе, — деди Роза Багы, — сен аны айдын нурунда жаралган ырың аркылуу жаратууга тийишсиң, сен аны жүрөгүңдүн каны менен боёп алышың керек. Мага арнаган ырыңды менин тикениме көөдөнүңө кысып, түн бою тынбай ырдап бересиң, ошондо менин тикенектерим жүрөгүңдү тешип, сенин жандуу каның менин каныма аралашып, менин тамырларыма агып кирет.
— Өлүм — бир кызыл роза үчүн кымбат баа, — деп кыйкырып жиберди Булбул. — Ар бир жандык үчүн жашоо кымбат! Жашыл токойдо, жалбырактуу бутакта отуруп алып, көк асмандагы ак булуттарды аралап бир калыпта жылган күндү, жылдыздуу көктө шашпай сүзгөн айга суктанып, ырахат алуу кандай бакыт. Токойдогу, өрөөндөгү жана тоолордо өскөн жыпар жыттуу гүлдөрдүн, жапайы ит мурундардын кооздугу кандай сонун.
Бирок Сүйүү жашоодон кымбат, жана бир канаттуу куштун жүрөгү адам жүрөгү менен салыштырганда эч нерсеге татыбайт!
Булбул кайрадан кара канаттарын жайып, асманга учуп чыкты. Ал токойдун, калың бадалдын үстүнөн көлөкө сыяктуу учуп өттү.
Студент дагы эле баягы Булбул аны таштап кеткен жерде, көзүнүн жашы дагы эле кургабай ыйлап жаткан.
— Кубана бер! — деп кыйкырды Булбул. — Сүйгөнүңө сүйүнчүлө! Кубанычыңды аны менен бөлүш, сенде кызыл роза болот. Мен аны ай нуру чайыган ырымдын үнүнөн жаратып, жүрөгүмдүн ысык каны менен боёп берем. Менин суранарым — сенден бир гана нерсе: сүйүүңдү сактап, анын баркта, анткени Философия канчалык акылман болсо да, Сүйүүдө Философиядан көбүрөөк акыл бар, — ошондой эле Бийлик канчалык күчтүү болсо да, Сүйүү бардык Бийликтерден күчтүү. Анын канаттары жалындын түсүндө, денеси да жалындын түсүндө боёлгон. Анын оозу балдай таттуу, деми жыпар жыттуу.
Студент башын көтөрүп, чыканагына таянып, аны угуп жатты, бирок Булбулдун айтканын түшүнгөн жок; анткени ал болгону китептерден окуганын гана билчү.
А Эмен баарын түшүндү жана кайгыга батты, ал өзүнүн бутактарында уясын салган бул кичинекей кушту абдан жакшы көрчү.
— Соңку жолу мага ырдап бер, — деп шуудурады ал. — Мен сени эч качан унутпайм.
Булбул Эменге ырдай баштады, анын ыры күмүш кумарадан куюлуп түшкөн тунук суунун шылдырын эске салды.
Булбул ырдап бүткөндө, Студент ордунан туруп, чөнтөгүнөн карандашын, жазуу дептерин алып, үйүн карай, өзү менен өзү сүйлөшүп бара жатты:
— Ооба, ал өз ишинин устаты, муну эч ким тана албайт. Бирок анда сезим барбы? Менимче, жок. Чындыгында, ал көпчүлүк сүрөтчүлөргө окшош: көптөгөн чебер иштери бар, бирок бир да чындык жок. Ал эч качан өзүн башкалар үчүн курмандыкка чалбайт. Ал болгону музыка жөнүндө ойлойт, ал эми искусство өзүмчүл экендигин ар бир адам билет. Бирок, моюнга алыш керек, анын кээ бир кайрыктары укмуштуудай уккулуктуу. Тилекке каршы, аларда эч кандай маңыз жок жана практикалык мааниге ээ эмес.
Андан кийин ал өз бөлмөсүнө барды да, тар төшөктө жатып, сүйгөнү жөнүндө ойлонду; көп өтпөй ал уйкуга кетти.
Асманда ай жаркырап чыкканда, Булбул Роза Багына учуп келип, анын бутактарына отурду да, тикенектерин төшүнө кысты. Түн бою ал токтолбой ырдап чыкты, муздак хрусталь ай анын жүзүн карап отурду. Түн бою ал ырдады, ал эми тикен анын көөдөнүнө тереңдеп кирип, андан жылуу кан тамчы-тамчы болуп агып турду.
Алгач ал жигиттин жана жаш селкинин жүрөгүнө сүйүүнүн кандайча кирип келгенин ырдады. Роза Багынын эң жогорку бутактарында керемет роза гүлү ачыла баштады. Ыр уланып — желекчеге желекче кошулду. Алгач роза, дарыянын үстүндөгү жеңил туман сыяктуу ак эле, бара-бара аткан таңдын шоолалары сыяктуу күмүш түсткө ээ болду.
Розанын күмүш күзгүдөгү чагылышы, мелтиреген тынч суудагы чагылышы — Роза Багынын эң жогорку бутактарында ачылып жаткан роза мына ушул сыяктуу эле.
Ал эми Роза Багы Булбулга, аны тикенине төшүн мындан да бекемирээк кысууну өтүндү.
— Бекем кыс, сүйкүмдүү Булбул, күн чыкканча үлгүрбөсөң, роза кызарбай калат!
Булбул тикенекке төшүн бекемирээк кысып, ырдаган сайын анын үнү күчөгөндөн күчөп, эркек менен аялдын жан дүйнөсүндөгү кумарлануунун жаралышы тууралуу ырдап жатты.
Розанын желекчелери жигит селкисин алгач ирет эриндеринен өпкөндө жүзүндө пайда болгондой, назик кызгылт түскө боёлду. Бирок тикен Булбулдун жүрөгүнө сайылган жок, розанын жүрөгү ак боюнча калды, анткени Булбулдун жүрөгүнөн чыккан жылуу кан гана розанын жүрөгүн өз түсүнө боёй алмак.
Кайрадан Роза Багы Булбулга кыйкырып, аны тикенегин дагы да бекемирээк кысып турушун өтүндү.
— Бекем кыс, сүйкүмдүү Булбул, болбосо күн чыкканча үлгүрбөсөң, роза кызарбай калат!
Булбул төшүн мурдагыдан дагы тикенекке бекем басканда, анын учу акырында анын жүрөгүнө жетти, анын денесин бир заматта катуу оору ээлеп алды. Ооруу улам күчөгөн сайын, Булбулдун ыры дагы да күчөдү. Ал Сүйүү жөнүндө ырдады, ал Сүйүүнү өлүм жеңе албасын, Сүйүүнүн мүрзөдө өлбөсүтүгү тууралуу ырдап жатты.
Роза чыгыштагы таңдын жарыгындай керемет кызыл түскө боёлду. Анын желекчелери кызыл түстө, а жүрөгү болсо рубин сыяктуу кара кочкул кызыл түстө болчу.
Акыры Булбулдун үнү акырындык менен алсырап, анын канаттары диртилдеп, көздөрү туманга толду.Үнү тамагынан кысылып чыга албай жаткандай сезилди.
Бирок ал бүт күч-кайратын топтоп акыркы кайрыгын кайырды. Ак түстүү ай аны укту да, таңдын чыгышын унутуп, асманда токтоп калды. Кызыл роза анын үнүн угуп, ырахаттана желекчелерин ачып, таңдын салкын желине жайды. Жаңырык бул кайрыкты таңдын кызыл боёгуна чайынган тоолорго чейин алып барып, ал жерде уктап жаткан малчыларды ойготту. Кайрык дарыянын жээгинде өскөн чөптөрдү аралап өтүп, деңизге жетти.
— Кара! — деп кыйкырды Роза багы. — Кызыл Роза гүлүн ачты! Бирок Булбул эч нерсе жооп бербеди. Ал узун өскөн чөптө өлүп жатты, анын жүрөгүндө сайылган тикен көрүнүп турду.
Түштөн кийин Студент терезени ачып, бакка карады.
— О, кандай бакыт! — деп кыйкырды ал. — Мына, кызыл роза. Мен өмүрүмдө мындай кооз розаны көргөн эмесмин! Анын, балким, узун латынча аталышы бардыр.
Ал терезени ачып, розаны үзүп алды.
Андан кийин ал калпагын кийип, Профессордукуна жөнөдү, колунда кызыл роза бар эле.
Профессордун кызы эшиктин алдында көк жибек жипти түйдөктөп отурган. Бутунун алдында Кичинекей ити жатты.
— Эгер кызыл роза алып келсеңиз, сиз менен таң атканча бийлейм деген убадаңызды унуткан жокмун! — деди Студент. — Мына, дүйнөдөгү эң кызыл роза. Кечинде аны жүрөгүңүздүн тушуна тагып алыңыз, биз бийлегенде ал менин сизге болгон сүйүүмдү эскертип турат.
Бирок кыз кабагын бүркөдү.
— Бул роза менин көйнөгүмө жарашпайт деп корком, — деди ал. — Андан тышкары, казына башчысынын жээни мага чыныгы асыл таштарды жиберди, ал эми асыл таштар гүлдөрдөн кыйла кымбат экенин элдин баары билет.
— Сиз жакшылыкты баалай албайт экенсиз! — деп нааразы болгон Студент розаны жерге ыргытып жиберди.
Роза жолдун ортосуна түшүп, унаанын дөңгөлөгүнө тебеленип калды.
— Жакшылыкты баалай албайт дейсизби? — деп кайталай сурады кыз. — Чынында, сиз кандай жаман адамсыз! Деги сиз кимсиз, акыры? Болгону бир студент. Казына башчысынын жээни белек кылгандай асыл таштар сизде жок деп ойлойм.
Ал жумшак үстөлдөн туруп, бөлмөгө кирип кетти.
— Бул Сүйүү дегениң кандай акылсыздык, — деп ойлонду Студент, үйүнө кайтып келе жатып. — Анда Логикадагы пайдалуу нерселер жок. Ал эч нерсени далилдебейт, дайыма мүмкүн болбогон нерселерди убада кылат жана мүмкүн болбогон нерселерге ишенүүгө мажбурлайт. Анын практикалык мааниси жок, биздин доор — практикалык доор болгондуктан, мен Философияга кайтып, Метафизиканы окуйм.
Ал бөлмөсүнө кайтып, чоң чаң баскан китебин алып, окуй баштады.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ