Болот АКМАТОВ: “Азыркы мезгил жана кыргыз повесттери”. 2-макала
Азыркы мезгилдеги кыргыз повесттеринин көркөм наркын аныктоодо стилдин орду
Азыркы мезгилдеги повесттердин жанрдык чегин ажыратып, алар биринен бири кантип айырмалана тургандыгын аныктап алуу үчүн ошол жерде өзөк боло турган проблемалардын башкыларына, негиздүүлөрүнө токтолбосок, жанрды айырмалоого кошумча критерий катары кирген майда-барат нерселер ар бир жанрда кездеше бере тургандыктан айтылуучу ой татаалдашып, анализге алына турган түшүнүктөр өзүнүн эстетикалык дөөлөттөрүн «жоготуп» жибериши мүмкүн болуп турат. Ырас, бир караганда баары маанилүү сыяктуу көрүнө бергендиктен, алардын арасынан эң башкысын табуу, же мына ушул эң маанилүүсү деп айырмалап бөлүп чыгуу мага кыйынга турду. Акыры келип кыргыз повесттеринин жанрдык чегин ажыратуу бул жазуучунун турмуш чындыгына карата мамилеси, өзгөчө ошол чындыкты берүү ыкмасы, же тереңдештирип айтканда, турмуш чындыгын көркөм кабылдоо менен аны берүүдөгү чеберчилигине жараша боло тургандыгы байкалды.
Демек, турмушту көркөм кабылдоо менен аны көркөм бере билүү чеберчилиги акыры келип жазуучунун жеке өзүнө таандык болгон башкы сапатка – СТИЛГЕ келип такала тургандыгы ачыкка чыкты. Анткени биз ар бирибиз ар түрдүү формада таанып билген бул турмуштун чындыгы баарыбызга бирдей. Бирок ар бир чыгармачыл адам мына ошол турмуш чындыгына карата мамиле кылганда, б. а., турмуш чындыгын көркөм аңдаштырууга келгенде бири экинчисинен айырмаланып турууга тийиш. Ал эми адабият искусствонун бир түрү катары турмушту «өз алдынча көрө билүү» чеберчилигин эске алуу менен ар бир чыгарманын бийиктигин же пастыгын, тереңдигин же тайыздыгын, жекелигин жана жалпылыгын, ал тургай кайсы агымга кирип, адабиятты кайсы багытта өнүктүрө ала тургандыктарын баарын жалпылаштырып келип, жазуучунун турмушту аңдаштыра билүү касиетине такап кароону азыркы адабий сындан талап кылып тургандыгын сездик.
Ошондой эле повесть жанрынын ички айырмачылыктары да турмушка карата мамиле менен аныкталууга тийиш экендиги көрүнөт. Эгерде ар бир повесттин ички жана көркөмдүк касиети мына ушундай турмушту көркөм кабылдоо менен айырмалана турган болсо, анда повесть жанрында эмгектенген жазуучулардын тигил же бул агымга кире тургандыгы, тигил же бул жанрда эмгектене тургандыгы, повесть жанрынын тигил же бул жанрына өз салымын кошкону да дал ушул «турмушту көркөм аңдаштыруу» жана аны сыртка алып чыгуучу жеке баам-туюмга стилге көз каранды болуп эсептелет. Тактап айтканда, азыркы мезгилдеги повесттердин бири-биринен болгон айырмасын, алардын көркөмдүк наркын, жазуучунун чеберчилигин аныктоо барып-келип кандайдыр бир жалпы касиет, же бардыгына бирдей коюлуучу талаптар менен аныкталышы керек болсо, ал жазуучунун чыгарманы жаратууда маанилүү кызмат кылган жеке МЕНин алып чыгуучу стилдин өзүнө байланышкан айрым ойлорду тактап алуу зарыл болуп турат.
Себеп дегенде «жазуучунун стили» десе эле кыргыздын адабиятчыларынын көпчүлүгү окурмандын акылы жете бербеген, аны андаштыруу үчүн ашыкча филологиялык билим керек деген сыяктуу пикирди жаратып келе жатышат. Эмнегедир окурман журт да «жазуучунун стилин» адабиятчылар аныктап түшүнө турган, ал эми аны жиктеп айырмалап түшүнүүгө өзүнүн кудурети жетпей тургандай кабылдашууда. Стилге карата мамиленин мындай болуп калышы, биринчи кезекте, түшүнүктүн өзү кыргыз адабият таануу илиминде толук такталып, маанисине жеткирилип бериле электиги менен туюндурулат. Ага кошумча совет мезгилинде коммунисттик идеология адабияттагы ар бир чыгармачыл аракетине, же турмушту көркөм аңдаштыруусуна толук эркиндик бербегендиктен улам, ар бир чыгармада болуп жаткан ички жана тышкы жаңыланууларга сөзсүз түрдө «саясий мазмун берүү» аракетинен жаралган өзүнчө ыкма болуп калгандыгы байкалат.
Чынын айтканда, муну кыргыз адабият таануу илиминдеги гана кемчилдик катары кароого болбойт. Анткени мындай мамиле, жазуучунун чыгармачыл көз карашын чектөө ошол мезгилде СССРдин курамында турган азыркы КМШ өлкөлөрүнүн бардыгына мүнөздүү көрүнүш. Эгерде окурманым бул түшүнүктү тактап алгысы келсе, стиль маселеси совет мезгилинде күн тартибине коюп, бул түшүнүктүн маанисин чечмелеп, аткарган «кызматын» тактоо маселесине көптөгөн окумуштуулардын (1) изилдөөлөрүнө көңүл буруп, анан натыйжасында өзү текшерип алуусун сунуш кылаар элек.
Марксизм-ленинизмдин идеологиялык түшүнүктөрү «методологиялык» жактан ошол учурда изилдөөлөрдү канчалык кысымга албасын, алардын арасынан кызыктуу жана маанилүү изилдөөлөр жаралгандыгын эскертпей коюуга болбойт. Албетте, ал мезгилде айтылган ойлор «эскирди» деген күндө да, бүгүн бизди өзүнө тартып, кайрылтып турган маанилүү ойлор бар. Айрымдары стилдин номинативдүү түшүнүгүн тактоого, маанисин конкреттештирүүгө басым коюшса, окумуштуулардын кээ бирлери өз эмгектеринде стилге аныктама берүүгө аракеттенишкен. Негизинен алар стилге мүнөздүү сапаттарды толугу менен эске алып, стиль бул көркөм чыгармадагы көптөгөн компоненттердин биримдиги, жыйындысы экендигин мүнөздөп берүүгө, ал ойлорун аргументтештирүүгө умтулушкан (2).
Окумуштуулардын аталган эмгектерде айтылган көз караштарын түп орду менен танып коюуга болбойт. Бирок ал көз караштарды да турушу менен туура катары кабылдоо да талапка ылайык келбейт. Анткени аларда толук жана жеткиликтүү ой пикир, же так-таасын берилген аныктамалар жокко эсе. Ошол себептен азыркы кыргыз повесттери жөнүндө анализ кылууда аларга басым коюу, ал жерден айныгыс чындыкты издөө, илимий баа берүүгө карата эталон кылып алуу учурдун талаптарына туура келбейт. Бирок ошол мезгилдеги адабият таануу багытындагы ошол эмгектер кетирген кемчилдиктерди жоюу менен ар бир чыгарманы анализдөө, б. а., учур талабында турган адабий-эстетикалык критерийлер менен кароо гана азыркы мезгилде жарык көргөн же кайталанып чыккан повесттерге туура баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрү анык.
Көркөм чыгарманын чыныгы наркын издөөдө ХХ кылымдын экинчи жарымындагы теориялык адабияттарга эмне үчүн басым коюлуп жатканын баамчыл окурман өзү деле сезип турса керек. Биз азыр «азыркы мезгил» деп өзүнчө бөлүп талдоого аракеттенип жаткан учурда адабий процессти кыймылга келтирип, адабияттын «барасын» айландырып турган «улуу муундун» өкүлдөрүнүн чыгармачылыгынын калыптанган, ал тургай «такшалган» мезгили ошол доорго барып такалгандыктан, алардын кийинки жылдарда жазылган повесттерине калыс баа берүү аракети ошол мезгилдеги адабият таануу илиминин фундаменталдуу изилдөөлөрү менен айкалыштыра кароону талап кылып турат. Маселен, ХХ кылымдын 90-жылдары жарык көргөн, улуу муундун калеминен жаралган повесттерге токтолсок, Т.Сыдыкбековдун «Өмүр тамыры» (1990), Ч.Айтматовдун «Ас- када калган аңчынын ыйы» (2001), Ө.Даникеевдин «Кыздын сыры» (1997), 3.Сооронбае ванын «Астра гүлү» (2006), А.Стамовдун «Кышында чардаган бакалар же кызыл гүл баяны» (2001), К.Жусубалиевдин «Муздак дубалдар» (1991), «Жети сөз жана Конфуций» (2003), Ж.Мавляновдун «Кайрымсыз жылдар» (1994), Ж.Саатовдун «Ак дил» (1990), Б.Сексенбаевдин «Август кечтери» (1990), Ш.Эсенгуловдун «Көч» (1991), К.Бердикеевдин «Капсалаң» (1995), «Чоң атамдын жомогу» (1998), Х.Бапаевдин «Көңүл дабасы» (1992), М.Мамазаированын «Жаңгак гүлү» (2007), К.Сыдыгалиевдин «Өлүп тирилген адам» (1998) ж. б. ушул сыяктуу повесттерди мына бүгүнкү күндүн талабы менен кароого болбойт. Анткени алар өткөн доордун «үнүн» чыгарып, өткөн доордун талабын, ошол мезгилдеги окурмандардын табитин эске алуу менен жазылган. Бирок аталган чыгармалар советтик доор кулап, Кыргызстанга эгемендүүлүк келгенден кийин жарыкка чыгып (кээси кайра басылып чыгып), азыркы мезгилдеги адабий процесске коюлуп, жаңы повесттер менен бирге асылдыктын «мөрөйүн» талашып, окурмандын баасына коюлуп жатканы талашсыз.
Бул жерде келтирилген повесттердин бир тобу мурда жарык көрүп, окурмандарга кайрадан сунуш кылынган чыгармалар экендигин адабият күйөрмандары билип турушса керек. Бирок эмне үчүн же кандай себептен улам кайрадан басылып чыккандыгын аныктаган киши жок. Ырас, адабий салтта бар, мурда жарык көргөн чыгармалар ушунчалык окумдуу болсо, же алгачкы нуска окурмандардын колуна жетпей калып, алар кайрадан сураса, андай чыгармалар бир эмес, бир нече басылыш менен чыга бере тургандыгы белгилүү көрүнүш. Эми суроо коюлат, мына бул жерде кайталанып басылып жаткан повесттер чынында эле доор алмашса да өз кудуретин жоготпой сактап кала берүүчү классикалык повесттерби?..
Аталган повесттердин баарын классика, ошондой эле колго алгыс чыгармалар деп кескин пикир чыгаруу туура болбойт. Алардын канчалык классикалык экендигин аныктоо үчүн көптөгөн критерийлер керек болсо да, биз бул жерде ошол критерийлердин өтө маанилүүсү – стилге байланыштырып кароо менен ар биринин өзүнө баа берүүнү туура көрүп отурам. Себеп дегенде мурдатан калыптанган көз караш боюнча «коомдун тигил же бул проблемасын көтөрүп чыккам, эмнегедир адабиятчылар аны көргүсү келбей жатат» деген пикирлер сөзсүз айтылышы мүмкүн. Ошондуктан повесттерге анализ жүргүзүүдө чыгарманын көркөмдүгүн аныктаган критерийлерге артыкчылык бериле тургандыгын, ал эми көтөргөн проблемасы кандай идеологиянын кызыкчылыгын көздөп жатканы эсепке алынбай тургандыгын эскерте кетейин.
Ар бир чыгарманын, ошол эле мезгилде жазуучунун жеке чыгармачыл стили жөнүндө кеп боло баштаганда, Ө.Даникеевдин «Кыздын сыры» (1997), 3.Сооронбаеванын «Астра гүлү» (2006), А.Стамовдун «Кышында чардаган бакалар же кызыл гүл баяны» (2001), Ж.Мавляновдун «Кайрымсыз жылдар» (1994), Ж.Саатовдун «Ак дил» (1990), Б.Сексенбаевдин «Август кечтери» (1990), Ш. Эсенгуловдун «Көч» (1991), К.Бердикеевдин «Капсалаң» (1995), «Чоң атамдын жомогу» (1998), Х.Бапаевдин «Көңүл дабасы» (1992), М.Мамазаированын «Жаңгак гүлү» (2007), К.Сыдыгалиевдин «Өлүп тирилген адам» (1998) сыяктуу повесттерден эч кандай жаңылык кездештирүүгө болбойт. Себеп дегенде бул повесттер совет мезгилинде кадыр-баркка ээ болуп, бир топ мактоо уккандары менен алар ошол мезгилдеги окуялардын мазмунуна «саясатташып» кеткени ачык байкалат. Бул повесттердин көркөм-эстетикалык мазмунун «ачуу» үчүн ХХ кылымдын 70-80- жылдардагы адабий процессине барыш керек. Ошол мезгилди анализдеген адабият таануудагы илимий изилдөөлөргө байкоо салып караганда, кыргыз повесттерине талдоо жүргүзүү сүрөткердин жеке чыгармачыл стилине эмес, адабий процесстеги «тенденцияларга», айрыкча стилди повесттердин поэтикасын байланыштырып кароо аракети маанилүү орунду ээлегендигин көрөбүз. Тактап айтканда, кыргыз адабиятында 70–80- жылдардагы повесть жанрынын өнүгүш багытын, чыгармачыл өсүп-өнүгүү табиятын, сүрөткердин чыгармачылыктагы индивидуалдуу чеберчилигин аныктоочу поэтикага мүнөздүү компоненттер болуп эсептелинген сюжет, композиция, каарман, баяндоо, ал тургай конфликт маселелери да кандайдыр бир деңгээлде «идеологиялык алкакта» жалпылаштырылып, анан дал «саясий мазмунду» берүүгө келгендеги «жазуучунун чеберчилиги» стиль катары аныкталып келген.
Эгерде жогоруда аталган жазуучулардын повесттерин мына «ушул өңүттөн» караганда алар коомдогу «өтө маанилүү» проблемаларга кайрылганы, ошол кадимки «карапайым калк турмушун» кадыресе маанилүү кылып көтөрүп чыкканы менен «баалуу» болуп саналат. Анткени алар ушундай тарбия алып калышкан, партия колдогон темаларды жазып, партия актуалдуу деп эсептеген «турмуш чындыгы» менен «ойлонууга» көнүп калышкан, же алардын чыгармачыл позициясы коомчулук талап кылган «заказды» аткарууга барып такалат.
Ошондуктан алардын ар бирин өз алдынча эмес, «дүңүнөн» кароо маанилүү болуп турат, б. а., жогоруда келтирилген чыгармаларда жазуучунун өзүнө таандык жеке стиль башкы орунга көтөрүлбөйт. Атүгүл ойлоонун, көркөм баяндоонун системалуу «манерасы» аталган чыгармаларда окшош. Ырас, алардын ар бири советтик турмуштун ар түрдүү жактарын сүрөттөөдө бири-бири менен айырмаланып турганы менен жалпылаштырып келгенде, «советтик жашоо образды чагылдыруу» катары жазылгандыгын авторлордун өздөрү деле жокко чыгара коюшпастыр. Ал эми азыр заман жаңыргандыгын, бүгүнкү окурман жаңы муундун өкүлү экендигин, сырттагы заман капитализм, анда бардык жерде конкуренция боло тургандыгын, ал адабий процесстеги конкуренцияны талап кылып жатканын, ошондуктан жазуучу бир мезгилде калыптанып калган, бирок өзү аны жаңылай албай жатканын эсепке албастан, «окурмандын табитин бузуп жатышат» деп, кимдир бирөөнү күнөөлөп, жарым кылым мурда эскирип калган чыгармалары менен кайрадан кадыр-баркын жогорулатууга карата кылган аракеттери суу кечпей кала тургандыгын сезбегендиги өкүндүрөт.
Бул сөздөр улуу муундагы жазуучуларга карата жөн эле коюлган доомат катары көрүнүшү мүмкүн. Эми чындыкты аныктоого аракеттенип көрөлү. ХХ кылымдын 70–80-жылдары, жогоруда аталган жазуучулардын бир тобу колуна калем алып адабий процесске жаңы келген мезгил. Мисалы, Ө.Даникеевдин «Кыздын сыры», А.Стамовдун «Чүй баяны», «Нөшөрдөн кийин» ж. б. кыргыз повесттери өз мезгилинде адабий процесске өзгөчө таланттуу жаш муундардын келишин, жаңы темалардын пайда болушун, маанилүү проблемалардын көтөрүлүшүн жана алардын туундусунан жаңы багыттардын жаралышын ынанымдуу көрсөтө алышкан. Ал эми анын себептерин изилдей келгенде адабий процесстеги мындай жаңылануунун жаралуусу биринчи кезекте ошол доор менен терең байланышкан мүнөздүү белгилерге, оригиналдуу өзгөчөлүктөргө ээ өз замандаштарынын кызыкчылыктарын канааттандыра алган повесттердин жарыкка чыгышы менен түшүндүрүлө тургандыгын авторлордун өзү да жокко чыгарбаса керек.
Чынын айтканда, азыркы мезгил менен өткөн кылымдын 70–80-жылдардагы адабий процессти бирдей критерий менен кароого болбойт. Анда кыргыз повесттери партиялык талаптарды аткаруу менен «өз замандашынын» образын «түзүүгө» карата болгон «күчүн жумшап», натыйжада адабияттын алдыңкы сабына суурулуп «чыгып», өзүнчө бир көзгө толумдуу ийгиликтерди жаратып, чыгармачылык өнүгүштүн алдыңкы чегине бараткан, б. а., ал мезгилдеги кыргыз повесттери кадимки күндөлүк тиричиликтен, жөнөкөй күнүмдүк турмушту сүрөттөөдө жаңыча стилдик ыкмаларды таап, колдонуп, улам мезгилдин өтүшү менен эскирилип бараткан «оң жана терске» карата коюлган критерийлердин белгилүү чен-өлчөмдөрүн жаңылап «көчтүн башына» суурулуп чыга алышкан эле. Кыргыз повесттеринин мындай ийгиликтери сүрөткердин формалык жана мазмундук багытта изденүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрүлүп келген. Тактап айтканда, жогоруда аталган жазуучулардын мууну өткөн кылымдын 70-80-жылдары повесть жазышкан кыргыз жазуучулары чыгарманын поэтикалык өркүндөшүнө өзгөчө көңүл буруп, анда сүрөткердин жеке чыгармачыл аракетине – автордун «мендик образынын» ачылышына тереңдеп басым коюп, баяндоонун жана образ жаратуунун өздүк чеберчилигин көрсөтүүгө умтулуп, ар кимиси өз алдынчалык сапатын көрсөтүүгө батыл киришкен. Анын натыйжасында повесть жанрында мурда традицияга айланган, аталган жанрдын поэтикасына түздөн-түз катышы бар, турмушту көркөм берүүнүн стилдик ыкмаларын жаңыланган, тиричиликтин күнүмдүк агымында турган маселелерди адамдын ички өнүгүүсүнө айкалыштырылган, жан дүйнөсүндөгү ошол кырдаалдарга басым коюлуп, нравалык, адеп-ахлактык ж. б. каармандын ички-тышкы аракеттерине көркөм-психологиялык анализ жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Бирок азыр адабий чыгармага карата окурмандын көз карашы башка. Ошол себептен бир мезгилде жетишилген улуу муундун бийиктиги азыркы окурмандын кызыкчылыгын канааттандыра албай жатат. Ал эми бир мезгилде жараткан чыгармаларынын көркөм- эстетикалык наркы менен азыркы окурмандын адабий-көркөм чыгармага карата керектөөсүнүн ортосунда кескин айырмачылык болгондуктан көпчүлүк окурмандар кайталап басылган чыгармаларды окубай коюп жатышканы мыйзамченемдүү көрүнүш. Анткени азыркы окурман бүгүнкү замандашынын көркөм образын көргүсү келип, бир мезгилде коомдук эмгек, анын кызыкчылыгы менен жашаган, кайдагы бир утопияга азгырылып, күндөлүк турмуштан алыс калган, жеке кызыкчылыктарын «жоготуп» койгон ишенимсиз каармандардан жийиркенип турганы талашсыз чындык. Демек, бүгүнкү окурмандын табитин сындап, бир мезгилде жазылган повесттерин кайталап чыгаруудан мурда, азыркы окурманга керек, бүгүнкү замандын каарманын жаратуу керек эле…
Бул эмнени көрсөтүп турат? Бул азыркы мезгилде кыргыз повесттеринде стиль багытындагы аракеттер жаңылануу керек экендигин купуя сездирип турат. Ал ар бир жазуучунун жеке аңдаштыруусу менен аныкталууга тийиш болсо да, повесть жанрынын чегинде көркөм иликтөө чеберчилигин арттырууга, ошону менен катар өнүгүүнүн традициясында турган мурдагы көркөм бийиктиктердин чегин өркүндөтүү аркылуу интеллектуализмди тереңдетүүгө, адам аң-сезиминин көп кырдуу катмарын пайдаланып, пендечилик психологиясын ар тараптуу ачууга, жашоо-тиричиликтин эмпирикалык материалдарынын негизинде жалпы адамзаттык проблеманы айтууга, дегинкиси, чакан жанр менен терең жана ар тараптуу маселедеги мазмунду берүүгө умтулуусу керек экендигин көрсөтүүдө. Эгерде тереңирээк аңдаштырууга аракеттенсек, азыркы мезгилде көркөм-адабий дүйнө кабылдоо бир топ татаалдашканын, кыйла тереңдегендигин, повесть жанрында эмгектенүү стили да бир топ «эркиндикке» ээ болгондугун, ал көбүнесе бул жаңы муундун келиши, алар менен кошо көркөм чыгармага карата жаңыланган адабий-эстетикалык кызыкчылыктардын келиши менен түшүндүрүлүүгө тийиш. Коомчулуктун керектөөсү тарабынан коюлуп жаткан мындай талаптар адабиятка келген жаш талапкерлерди гана ичине албастан, азыр биз кеп кылып жаткан улуу муунга таандык экендигин танууга болбойт. Анткени замандын алмашуусу ага карата коомдук-социалдык талаптардын жаңылануусу, ага кыргыздардын улуттук «кайра жаралуусунун» кошулушу кандайдыр бир өлчөмдө азыркы кыргыз повесттерине жаңычыл дүйнө кабылдоо керек экендигин көрсөтүүдө. «Жаңы каармандарды» жаратып, «жаңы адамдар» өз ара «жаңыча» мамилени түзүшүп, ал мамилелер белгилүү бир деңгээлде жаңы тематикалардын адабиятта көтөрүлүп чыгышы керек болуп турган маалда улуу муундагы жазуучулардын минтип, качандыр бир мезгилде жазылган чыгармаларын кайталап чыгарып, окурмандарга сунуш кылуусу адабий процессте жаңычыл стилге ээ чыгармачылыктын тез аралашуусуна тоскоол болушууда.
Ал эми мындай көрүнүш азыркы учурда эле боло калган жок. Жалпысынан алганда мындай «жаңы темалар» өз мезгилинде бардык сүрөткерлердин көркөм чыгармачылыкка карата жаңыча мамилесин талап кылган учур бардык мезгилде болуп келген. Өз мезгилинде ага туура мамиле кылуу, б. а., «эски формада» калыптанып калган адабий өнөргө жаңы ыкмаларды киргизүүгө аракет кылуу менен көркөм өнүгүшкө стилдик жаңыланууларды, жанрдын синтетикаланышын берүү аракети болмоюн ал жерде жаңычылдык жаралбай турганы мыйзамченемдүү көрүнүш экендигин улуу муундагылар эсепке албагандай. Мындай, ойлоонун «эски» калыптанган формаларына ыктоо көрүнүшү эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында басымдуу орунду ээлегендиктен, кыргыз повесттеринде турмушту «көркөм аңдаштыруу стили» ошол эски бойдон кала берген.
Чынында жогоруда келтирилген повесттердин ичинен Т.Сыдыкбековдун «Өмүр тамыры» чыгармалар жыйнагына кирген «Теңир менен сүйлөшүү», «Акмурут Үмөтөй багбанга кездешүү», «Өмүр тамыры», «Кудук», Ч.Айтматовдун (М.Шаханов менен бирге жазган) «Аскада калган аңчынын ыйы» повесттерди турмушту көркөм аңдаштыруу багытында стилдик жактан айрым жаңылануулар бар экендиги байкалат. Бул эки жазуучунун кандайдыр бир деңгээлде советтик көркөм ойлоодон сыртка чыга баштагандыгын туюндуруу менен адабий чыгармачылык саясаттан алыстай баштагандыгын билдирип турат. Бирок аларда канчалык изденүү бар болсо да, аталган повесттерде ойду берүү, окурманга зарыл болгон адеп-ахлактык түшүнүктөрдү жеткирүү ыкмалары баары совет мезгилиндеги нугу менен кала бергендигин жокко чыгара албайбыз. Азыркы учурда повесттердин да башкы кемчилдиги мына ушул жерде ачык байкалат, б. а., советтик адабиятка мүнөздүү болгон көрүнүш жазуучунун чыныгы чеберчилигин реалдуу турмуштук окуяларды берүү «методологиялык» жактан чектелген көркөм ойлоонун канонунда кала бергендиги болчу. Ал эми дүйнөлүк адабий тажрыйбалар көрсөткөндөй, повесттер белгилүү бир улуттук адабиятка таандык болгондуктан, ошол улуттун көркөм ойлоосу менен көркөм кабылдоосундагы улуттук өзгөчөлүктөрдү алып жүрүүсү керек экендигин эми сезип отурабыз.
Бул жерде айтылган ойлордун повесть жанрына, андагы жазуучунун дүйнөнү көркөм кабылдаган стилдик чеберчилигине кандай тиешеси бар деши мүмкүн болуп турат. Ага түшүнүк берүү үчүн мында айрым бир ойлорго токтоло кетүү зарыл болууда. Стилди көркөм чыгарманы уюштуруучу компоненттердин «биримдиги» катары карасак, анда ар бир чыгармада автордун «МЕНи» ачыкка чыга турган толук жеткиликтүү «жүзүн» көрсөтө ала турган компоненттер керек экендиги, өзгөчө ошол компоненттер бир гана ошол жазуучуга таандык «белгилерден» турушу маанилүү экендиги жөнүндө сөз кылуу зарылдыгы көрүнөт. Демек, жазуучунун белгилүү бир повесттеги стилин көркөм чыгарманын компоненттери менен элементтеринин жөн гана биримдиги катары кароо маселенин толук маңызын ачып бере албайт.
Эгерде жазуучунун конкреттүү повесттеги стилин анын «жаралышына» шарт түзгөн элементтер менен компоненттердин биримдиги деп карасак, анда ал өзгөчө мааниге ээ түшүнүктүн тереңдетилген бөтөнчө «идеялык» мазмунун камтыган касиетке ээ экендигин эсепке алышыбыз керек. Тактап айтканда, стиль көркөм чыгармачылыктагы өзүнчө «автономдуу» кубулуш катары адабий процессте өз алдынча жашабаса да, ал чыгарманын «ичинде» автордун жүзүн көрсөтүп турат. Мына ушул жерге келгенде кайталанып басылган, же жогоруда аты аталган повесттердин стили көркөм чыгарманын «ичинде» саясий мазмунга ээ сюжетке көз каранды болуп келгендиги менен азыркы учурдагы повесттерден айырмаланып, көркөм ойлоонун көндүм ыктары менен чектелип калгандыгына басым койбой коюуга болбойт. Ырас, алардын кээ бирлеринде жаңылануунун издери сыяктуу айрым бир көрүнүштөр бар, бирок аларды бөлүктөргө бөлүп, анан бирөөнү жаңылык деп өз алдынча бөлүп кароого мүмкүн эмес.
Ырас, адабий талдоолордо буга чейин андай көрүнүштөр болгон, бирок жазуучунун конкреттүү повестинде аны стилдик чеберчилиги катары кароо бир беткейлик, көркөм чыгарманын бардык компоненттерине «тамырын жайган» көркөм аңдаштыруусун чектегендик экендиги байкалат. Ошондуктан аталган повесттердин ар биринде өз «изин» калтырып, экинчисинде жашабай турган «белгилерди» издөө эмес, көркөм чыгармадагы ар башка категориялар менен тыгыз байланышта туруп, өздөрүнүн «ордун» так-таасын көрсөтүп турган, жазуучунун көркөм ой жүгүртүү стилин конкреттүү орунга ээ кылып ала чыккан, мазмун менен форманын катышындагы компоненттеринин жалпы жыйындысынын туундуларынан сызылып чыгып, бир бүтүн касиетке ээ болуу менен «көзгө көрүнгөн» артыкчылыктарды издегенде жогоруда аталган повесттерден азыркы мезгилге туура келүүчү артыкчылык мазмундан да, формадан да көрүнө бербейт.
Ошол «көзгө көрүнбөгөн» бардык компоненттер жана элементтер аркылуу чагылган стилдин «кармалбаган» өзгөчөлүгүн ар бир повесттен аныктоого аракет кылганыбызда көпчүлүк повесттердин поэтикасы Гегелдин аныктамасы боюнча алганда көркөм чыгармачылыктагы, эстетикалык толук маанисинен алганда өз алдынчалык (своеобразия) катары көрүнүүчү (3) жазуучунун жүзүн ачып бере албай калган. Ал «өз алдынчалык» белгилүү бир сүрөткердин көркөм бийиктиктерин, ири жетишкендиктерин айкындоого мүмкүнчүлүк түзө тургандыгын эсепке алсак, аталган повесттердин поэтикасында көзгө толумдуу, азыркы окурманды суктандыра, же тамшандыра турган биздин маселеге тиешелүү тигил же бул жазуучунун чеберчилиги көрүнбөйт.
Эски доордон кайталанып басылып келген повесттер менен көркөм ойлоонун ошол «нугу» менен жазылган повесттер азыркы окурмандын жандүйнө же рухий керектөөсүн «караштырууда» маанилүү роль ойной алган эмес. Ойду тереңдетсек, жогоруда келтирилген, повесть деп аталган чыгармаларда ар бир конкреттүү «тематикада» жазылганы менен азыркы «жаңы» керектүү эмне маселени көркөм талдагандыгы ачыкка чыкпай отурат. Тактап айтканда, аталган повесттерде көркөм чыгарманын темасына, идеясына, образдарына, сюжетине байланышып тарамдашкан проблемаларды индивидуалдуулукка айкалыштыруу менен системалуу жалпылаштыруу «техникасы» жетиштүү болгону менен ал чыгармаларды окуп, азыркы окурман өзүнө таандык жеке «проблемаларын» чече ача албай тургандыгы даана көрүнөт.
Ошондой эле аталган повесттер жөнүндө кеп кылганда, жазуучунун турмушту көркөм кабылдоо стили азыркы мезгил менен канчалык шайкеш келе тургандыгын да эсепке алуу зарыл болуп турат, б. а., чыгармада көркөм чеберчиликти аныктоо компоненттери катары көрүнгөн жанрдык өзгөчөлүгүнөн тартып, жазуучунун тилдик каражаттарына чейинки чыгармачылыктын түркүн элементтерин кучагына алган кандайдыр бир форманын бөтөнчөлүгү жаңыланбагандыгына токтолбой кетүүгө болбойт. Ушул эле жерден ар бир жазуучунун стилдик чеберчилигин чыгарманын көркөмдүк наркын аныктоочу поэтикалык каражат катарында кең жана тар мааниси бар экендигин учкай белгилей кетели. Жазуучунун стилдик чеберчилиги тар маанисинде көркөм чыгарманын формасына гана тиешелүү түшүнүк катары мүнөздөлүп, өзгөчө формалык сапатты айкындоочу тилдик каражаттарды колдонуунун бөтөнчөлүгү сымал изилдеген, ушул багыттагы көз карашты да илимий жактан далилдөө аракеттери менен коштолуп келет. Сүрөткердин стилин мындай багытта караган окумуштуулар чыгарманын поэтикасын анализдөөдө бир тараптуулукка – кептин ордун жана ролун, касиетин анализдөө менен чектелип жүрүшөт (4).
Ал эми жазуучунун стилин кең маанисинде талдоо мындай формалык бир тараптуулукка жол бербей мазмун менен айкалыштыра кароого, көркөм чыгарманы анализдөөдө мазмун менен форманын ажырагыс биримдигинен түзүлгөн деген окумуштуулардын ой-пикирине барып такалат (5).
Кийинки мезгилдерде жазуучунун стилине байланышкан проблеманы чыгарманын формасына таандык кубулуштар менен тыгыз байланышта изилденип жүргөндөрүнө карабастан, аны мазмундан такыр бөлүп коюуга болбойт. Совет мезгилинде жазуучунун стилин көптөгөн окумуштуулар өз көз караштарында чыгарманын поэтикасына байланыштуу изилдеген. Себеби ал мезгилде кандай чыгарма болбосун мазмуну «советтик идеологиянын» чеги менен каралууга тийиш болгондуктан, анын белгилүү бир «тамырларын» мазмунга байлашканы менен аны чыгарманын формасынан издөөгө аракеттенишкен. Негизинен жазуучунун стилдик чеберчилиги көркөм чыгарманын жалпы мазмунуна айкалыштыра келгенде гана ачык көрүнө тургандыгы, ошондуктан стилди бир эле мезгилде поэтикага байланыштыруу менен аны адабий процесстин алкагында кароо, анан жазуучулук индивидуализмге келүү окурман менен жазуучунун чыгармачыл байланышын туура аныктоого мүмкүнчүлүк түзүп турат.
Өз мезгилинде В.Г.Белинский: «Повесть – распавшийся на части, на тысяча частей, роман: глава, вырванная из романа. Краткая и быстрая, легкая и глубокая вместе, она перелетает с предмета на предмет, дробит жизнь по мелочи и вырывает листки из великой книги этой жизни. Соедините это листки под один переплет – какая обширная книга, какой огромный роман, какая многосложная поэма составилась бы из них» (6) – деп повесть жанрынын универсалдуулугун көрсөткөн болсо, азыркы улуу муундун повесттерине мына ушул универсалдуулук жетишсиз болуп жатканы байкалат. Алар такшалган жазуучулар болгондуктан, колуна калем кармаган жаш талапкерлерден айырмаланып, кызыктуу, өз күчүн көрсөтө, ошондой эле жаңы заманга ылайык чыгармачылык почеркин табууга карата «эркин» иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү аракеттери байкалбайт. Бул ойду далилдегендей, аталган мезгилде повесть жанрында активдүү эмгектенген А.Стамов, К.Акматов, К.Жусупов, К.Жусубалиев, М.Мураталиев, Ө.Даникеев, М.Абакиров ж.б. повесттеринде, негизинен, кыска мезгилди өздөрү жашаган доордогу кырк жылга чейинки убакытты сүрөттөөгө өзгөчө басым коюшкан да, айрым учурда гана «чектен» чыгып кетишпесе, көпчүлүк учурда ошол мезгилдеги көп кырдуулукту көрсөтүүгө ар кимиси андан өз калемине таандык индивидуалдуу касиетти табууга абдан маани беришкендиги менен чектелишкен.
Ар бир жазуучунун повесть жанрына таандык ар тараптуулукту өздөштүрүүсү дүйнөлүк адабияттагы аталган жанрдын салттарына кылдат анализ жасап, өз боюна сиңирүүсү, кыргыз адабиятында буга чейин жаралган повесть деги эле кыргыз прозасындагы көркөм туундуларды нарк-насилине карап мамиле кылуусу алардын ар кимисинин өз алдынча мамилесин жаратып, ал жанрдын «көп түстүүлүгүн» шарттоо менен ошол жазуучулардын стилинин калыптанышына өбөлгө берген, стилдик чеберчилигин арттырган десек, ал К.Жусубалиевдин повесттеринде ачык байкалат. Башкача айтканда, повесть жанрынын ички «эркиндиги ар бир сүрөткердин» өзү жашаган жашоо-тиричиликке, доорго мүнөздүү реалдуулукка, болмуштун өзүнө, жеке өзүнө таандык байкоо-туюм менен кароого негиз түзүп, ал чыгарма үчүн өтө зарыл орунда турган адам мүнөздөрүн, ошондой эле көркөм аңдаштыруу үчүн жогорку даражада турган ар кыл турмуштук кырдаалдарга айкалыштырып өз стилин берүүгө мүмкүнчүлүк арткан. Андай стилдик форманы ачууда К.Жусубалиев өзү терең билген тематикага кайрылып, аны эң бийик деңгээлине чейин жеткирүүгө аракеттенген. Ошондуктан анын повесттеринде көбүнесе сүрөткердин башынан өткөн, же ал көп нерсе айтууга мүмкүнчүлүгү бар турмуштук этаптарга басым койгон. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, жазуучу балалык күндөрү өткөн каардуу согуштун айрым оор күндөрүнө, анын көп кырдуу азап-тозокторуна, андан берки «жай турмуштун» көзгө даана көрүнүүчү окуялары чагылат.
Пендечилик турмуштун ийгиликтерине шыктанган, кайгысына таасирленген пенденин коомдук турмушка аралашуусу, активдүүлүгү, анан барып-келип социалисттик жашоо образды чагылдырууга умтулган эмгек адамынын «карапайым» келбетинин көркөм иштелиши ж.б. К.Жусубалиевдин чыгармаларында ар кандай тематиканын өзөгүн түзүп, ал повесть жанрында активдүү автордук позицияга ээ болгон өз мезгилинин чыгармачыл чыңалууга ээ интеллектисин издөөгө өбөлгө болгон. Анткени бул мезгилде социалдык окуялардын борборунда адамдын коомдогу орду, ошондой эле адам менен коомдун өз ара мамилеси жаңыча көркөм иликтелишинин натыйжасында көрүнгөн моралдык-нравалык проблемалар, инсандык турмуш жолундагы татаалдык бул жазуучуда өзүнчө мамиле кылуу менен көрсөтүлгөн…
Жогоруда аталган жазуучулар ХХ кылымдын 70-80-жылдары повесть жазууга активдүү киришип, образ түзүүнүн, сюжет куруунун, баяндоонун ж.б. компоненттердин жеке өзүнө таандык чеберчиликтерин таап, стилдик багытта ар кимиси өзүнүн «микрочөйрөсүн» калыптандырып калган болсо, азыр деле алар ошол чөйрөдөн чыга албагандыгы ачык көрүнөт. Тактап айтканда, «микрочөйрөнүн» тереңдеши ар бир жазуучунун повесть жазууда индивидуалдуу аракеттери адам мүнөзүн, көп кырдуу адам психологиясын өздөштүрүүлөрү, реалдуу болмуштан көркөм чындык түзүүдө көркөм-эстетикалык багытта изденүүлөрү, ар кандай тематикада жазууга болгон дилгирлиги совет мезгилиндеги «критерийлерге» «байланган боюнча кала бергендиги өкүндүрөт.
Азыркы турмуштук «тематикаларга» сүңгүп кирүү, коомчулук үчүн өтө маанилүү проблемаларга өз алдынча чыгармачылык менен мамиле кылуусу улуу муундагы жазуучулардын ар кимисинде чектелген бойдон турат. Азыркы талаптарды эске алуу менен «турмушту көркөм аңдаштырууда» стилдик багытта жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө «умтулуу», өзүнүн керт башына таандык аталган «микрочөйрөдөн» туруп, турмушту, өз мезгилинин жашоо образын сүрөттөөнүн аналитикалык өзгөчөлүгүн турмуштук билимине айкалыштырып, ар чыгармада өз «почеркин» ачуу максаты эмнегедир азыр жоктой. Улуу муундагы жазуучулардын мына ушул стилдик «почерктин» бирин экинчисине салыштырганда повесть жанрынын поэтикасына карата ар бир жазуучунун мамилеси гана көрүнбөстөн, чыгармачылыктын өзөгү менен түздөн-түз байланышкан стилдин адабий процесстеги орду, адабияттын этаптык өнүгүшүнө мүнөздүү көп түрдүүлүгү ачылууга тийиш десек, анда алар мурда калыптанып калган эски, көркөм аңдаштыруулары менен кала бергендиги даана көрүнөт.
Адабий процессте улуу муундагы ар бир жазуучунун повесть жазуудагы стилдик чеберчилигин, ал аркылуу адабий өнүгүшкө кошкон салымын айкындоо үчүн ар кимиси өзүн «тоо катары» элестете алган чыгармачыл стилдерин повесть жанрынын табиятынан «көрүү», типологиялык планда кыргыз повесттеринин өзүнө «таандык мамилелер» аркылуу изилдөө, аларга туура баа берүү – азыркы көркөм ойлоонун талаптары менен салыштырып анализдөө зарылдыгы турат. Айтканга оңой болгону менен учурдагы кыргыз повесттериндеги ар бир жазуучунун жеке чеберчилигинен тартып, аларды «бириктирип» жанрдын поэтикасына таандык чыгармачыл стилдерди типологиялык планда изилдөө аркылуу илимий бийиктиктен ачып берүү аракети адабий-теориялык принциптердин ынанымдуу жана бекем болушун талап кылууда. Көптөгөн окумуштуулар буга чейин эле айкындап чыккандай ал биринчи кезекте бул маселе чыгармачыл стилдин көп түрдүүлүгү менен ар тараптуулугуна байланыштуу түшүндүрүлсө, экинчиден, чыгарманын поэтикасына тикелей катышы бар мындай көп тармактуулукка ээ болуу касиети ошол көп тараптуулуктун бардык тарап белгисин ичине алган, теориялык жактан негиздеген типологиялык принципти коюп алуу зарылдыгын көрсөтүүдө.
Андай так, таасын иштелип чыккан принциптерди алып чыгуу үчүн жазуучунун чеберчилигиндеги стиль түшүнүгүнүн өзгөчө орунда турган эстетикалык табиятынын татаалдыгы биринчи кезекте оорчулук түзбөй койбойт. Эгерде ушул чен-өлчөм менен караганда адабияттагы стиль өтө татаалдашып кетти. Анткени бүгүнкү күндө стилдин толук аракети философиялык көп тараптуулукка өтүп, ал эми өзү эстетикалык категория катары каралууга тийиш болгондуктан, анын мааниси дагы тереңдеди. Өзгөчө мында стилди ажыратуучу (стилеразличительный) факторлордун абстракттуулугу жана көп түстүүлүгү маанилүү роль ойноп келет. Ошондуктан, П.Палиевский: «… художественные чутье опыт показывает нам, что стили находятся где-то на поверхности, во внешней оболочке и тут организуется в разные слои, с другой стороны логика готова их расклассифицировать и разобрать причины их взаимоотношения. Но здесь немедленно возникает трудность… Стиль когда его начинает изучать, нередко оказывается уже не стилем, а чем-то другим, отступает вглубь, становится какой нибудь частью внутренный структуры «анализ» хватается поминутно не за то, что ищет» (7), – деп «ички сырын» бөлүшүп тургандай.
Чынында, чыгармада жазуучулук стилдин көп кырдуу табияты, анын көркөм чыгарманын «бардык жеринде кездешүүсү» ошол эле мезгилде «көзгө көрүнө бербестиги» айрым индивидуалдуу стилдердин жалпы өзгөчөлүгүн жана кайталангыстыгын аягына чейин айкындоого мүмкүнчүлүк бербей келе жатканы белгилүү. Ошондой эле бул адабий процессте жазуучулук стилдин «кыймылдуулугу» жана аны стилдик агымдар менен багыттардын «байланышта карап» жиберүү жеке жазуучуда калыптанган стилди аныктоо үчүн белгилүү бир деңгээлде оорчулук түзүүдө. Мындай көрүнүш кыргыздын улуу муундагы жазуучуларынын повесттеринде, алардын ар бирине «таандык» поэтикасында ачык сезилип турат.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз адабиятынын улуу муундагы жазуучуларынын повест- теринин стилдик сапатына токтолуу, кыймылдуулугун айырмалап берүү, изденгич кандайдыр бир жазуучунун повесттеринин ички өнүгүүсүнөн сырткары чыгып, жалпы повесттердин өнүгүшүнүн кыймыл-аракетин жөндөп туруучу касиетке да айланып кеткендигин типологиялык планда изилдөө учурда оорчулук түзгөнү менен кийинки повесттерди талдоо ишинин аткарылышына зарыл болгон критерийлерди көрсөткөн мыйзамченемдүү кубулуш экендигин айкындайт. Ошондуктан, мында жазуучунун стилинин доминанттуулугун түзүүчү айрым индивидуалдык касиеттер менен жалпы тенденцияларды, повесть жанрынын чегинде жалпы каралып, стилдин өнүгүш багытын, өсүш чеберчиликтерин гана айкындоого мүмкүнчүлүк түзбөстөн, аталган жанрдык поэтикасын, ага таандык айрым компоненттик элементтердин жалпылыктарын тактоого, ал аркылуу көркөм өнүгүштүн чегин конкреттүү көрсөтүүгө да маанилүү роль ойнойт деп эсептейбиз.
_________________________________
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:
- Теория литературы. Основные проблемы в историческом освещении. Стиль произведение, литературные развитие. Т.3. – Москва, 1956; Эльсберг Я. Спорные вопросы изучения стиля. Вопросы литературы, 1966, No2, стр. 111; Эльсберг Я. Изменение действительности и развитие сти- лей советской прозы. В кн: Проблемы художественной формы социалистического реализма. Москва, т.1, 1971, стр.171; Эльяшевич А. Единство метода. Многообразие стилей. //Звезда, 1967, No3, стр.203; Буров. Что такое стиль. //Вопросы литературы, 1962, No11, стр.84; Новиченко Л.А. О многообразии художественных форм и стилей в литературе соц. реализма. – Москва, 1959; Тимофеев Л.И. Советская литература: Художественный метод, стиль, поэтика. Москва, 1964; Чечерин А.В. Идея и стиль. Москва, 1965.
- Зарев П. Стиль и личность художника. //Вопросы литературы, 1960, No12, стр.88; Днепров В. Проблема реализма. – Ленинград, 1961, стр. 302.
- Гегель Ф. Эстетика. т.І. – Москва, 1968, стр.804.
- Пустовой Н. Слова. Стиль. Образ. – Москва, 1964; Григороян А. Проблемы художественного стиля. – Ереван, 1966.
- Ковалев В. Многообразие стилей в советской литературе. – Москва, Ленинград, 1965; Соколов А. Теория стиля. – Москва, 1968, No9; Новиченко Л. Стиль-метод-жизнь. //Вопросы литературы, 1969, No9; Дудучава М. К вопросу в сущности художественного стиля. – Тбилиси, 1969; Поспелов Г. Проблемы литературного стиля. – Москва, 1970.
- Белинский В.Г. Собрание сочинений. В 3-х томах.т.1. – Москва, 1948, стр. 112-113.
- Палиевский П. Постановка проблемы стиля. Теория литературы. т.3 – Москва, 1965, стр.3.