Болот АКМАТОВ: “Азыркы мезгил жана кыргыз повесттери”. 1-макала
Азыркы мезгилдеги кыргыз повесттери кандай критерийлер менен каралууга тийиш?
Азыркы мезгилдеги кыргыз повесттерин адабий талдоого алалы деп турабыз. Бирок аны талдоого алууда оорчулук түзгөн жагдайлар бар жана алар объективдүү жана субъективдүү себептерге ээ болуп турат. Алар кайсы себептер дээрсиз окурман, эми түшүндүрүүгө аракеттенели. Биринчиден, азыркы кыргыз повесттери адабият теориясынын, адабият таануу илиминин, эстетиканын, адабий сындын учурдагы жетишкен бийиктигинин критерийлери менен каралууга тийиш. Ал эми ошол критерийлер эмнеге негизделип, мурда колдонулуп жүргөн критерийлерден эмнеси менен айырмалана тургандыгын аз болсо да белгилеп алуу милдети турат…
Кыргыз повесттеринин азыркы мезгилдеги абалына карата так жооп айтуу үчүн адабий сындагы татаал маселелерден болгон мына ушул критерийлерди «түшүндүрө» кетүү милдети да бар. Бирок бардык нерсе өз мезгилинде тараза ташына коюлуп, өз баасын алышы жөнүндөгү проблема бир эле адабий сынга коюлган маселелерден эмес, ал бардык көрүнүшкө, адамзат калыптандырган ар бир кубулушка таандык мыйзамченемдүүлүк болуп саналат. Чынында азыркы мезгилдеги кыргыз адабиятына, анын ичинде кыргыз прозасына, анан барып кыргыз повесттерин адабий-эстетикалык жактан талдоого алуу үчүн адабий сында маселе бышып жетилсе да, адабий сынчылар унчукпай келет. Ырас, мындай кырдаалды ар кандай шартка, ар түрдүү объективдүү жагдайларга байланыштырып кароого зарылдыктар бар.
Бирок коомдук өнүгүш, ал аркылуу жаңылана баштаган адабий процесс, аны жетектөөгө аракеттенип турган «окурмандык талап», анан барып көркөм аңдаштырууну кыймылга келтирүүчү адабий-эстетикалык критерийлер сыяктуу «кубулуштар» баары бир «кыймылдагы эстетика» катары адабий сындын «үнүн» уккусу келип тургандыгы анык. Ал «үн» адабий сындын өзүнүн «тирүү» экендигин билдирүү максатында эле эмес, ыр-пыры, ыпыр-сыпыры аралаш, жакшы менен жаманы жуурулушуп калган адабий процесстен нукура адабий дөөлөттү бөлүп көрсөтүү, ардактала турган чыгарманын асыл-ариети кайсы экендигин аныктоого шарт келип жеткендигинен улам жаралган талаптан келип чыгып отурат.
Жөн салды кепте айта койгонго оңой болгону менен, аталган маселеге так жооп берүү татаал маселе экендигин адабий процесстен, адабий сындын көркөм-эстетикалык табиятынан кабары бар адам сезип турса керек. Мындай суроого жооп берүү чынында эле азыркы мезгилде бир топ кыйынчылыкты түзө тургандыгы өткөөл мезгилге байланыштуу түшүндүрүлөт. Анткени ага чейин отчет түрүндө болсо да, ырааттуу «изилденип» келе жаткан кыргыз адабияты өзүнүн саясий функциясын жоготуп, «күжүрмөн беш жылдыктар» менен аткарып келе жаткан кызматына «адабий-эстетикалык» жактан баа берилип келген болсо, демократиянын шарданы менен «партиялык линияда» сын пикир айтуу маселелери кескин токтогон.
Анын себептери көп жана аны ар ким ар кандай түшүндүрүп келет. Бири азыркы мезгилдеги оорчулукка карата окурмандын психологиясынын өзгөрүшүнө такаса, экинчилери коомдук-социалдык ал-абалдын жаңылануусуна байланыштырууда. Алардын ар биринде өз чындыгы, же чындыктын белгилүү үлүшү болгону менен, алар учурда кыргыз адабиятын, анын ичинде кыргыз повесттерин адабий сындын алкагында кароо иштеринин кескин солгундап кетүүсүн толук туюндуруп бере албайт. Кыргыз адабияты бүгүнкү күндө кандай өзгөрүүлөргө ээ болсо, кыргыз адабий сыны да дал ошондой өзгөрүп, адабий процессти азыркы учурдун талабы менен талдоосу зарыл экендигин адабий сынчылардын айрымдары жакшы сезсе, көпчүлүгү адабиятты мурда калыптанган инерциялык жол аркылуу талдоо менен алектенип жатышат.
Ал эми кыргыз адабияты, анын ичинде кыргыз повесттери адабий сындан айырмаланып, азыркы доор менен жашап, башкаларга салыштырмалуу доорго ылайыкташып, жаңылануу процессин баштан кечирүүдө. Бирок «соцреализмдин нормаларына» туура келбеген, көркөм ойлоонун жаңы формаларын ичине алган кыргыз повесттери (мисалы, «Кызыл көйнөкчөн келин», «Көркоонун тукумдары» ж. б.) эмнегедир азыркы мезгилде адабий сындан өз баасын ала албай жатат. Буга себеп, азыр кыймылда турган адабий сын эмнегедир «соцреализмдик талдоо» аракетинен кутула албагандыктан, негизги таянуу критерийлери да ошол социалисттик нормадан чыкпагандыктан, повесттердин жанрдык табиятын аныктап бөлүштүрүүдө мурда калыптанган талдоо аракеттери ошол бойдон өзгөрүүсүз кала берип, адабий процесске жаңыча ойлоо менен келген чыгармалар талдоодон сырткары же болбосо баштагы көндүм түшүнүктөр менен «жеңил» чыгармалар катары бааланып келет.
Адабий сындын өзү аларды «жеңил» деп «теңине албаганы менен», кадимки окурман журт аларды өз доорунун чыгармалары катары издеп жана кууп окуп жатканын башы «көрүнүп калган» акын-жазуучулар менен «тиш каккан» адабиятчылардын эмнегедир баам салгысы келбей турат. Кызык жери, адабиятын «таанымал» адабиятчылары тааныгысы келбесе да, карапайым калк өз каалоосунда турган көркөм чыгармаларды издеп окуп жатканы бул жерде бир мандем бар экендигин эскертип тургандай. Албетте, азыркы мезгилде активдүү аракетке келип турган адабиятчылардын көбү советтик тарбиядан өтүп, андагы көркөм-эстетикалык «нарк» алардын канына сиңип калгандыктан, алар азыркы мезгилде кыргыз адабиятында болуп жаткан өзгөрүүлөрдү өз көз менен көрүп турса да, көөдөнү менен аңдаштыра албай, алардын арасында кайсы жакшы, кайсы жаман экенин айырмалоого кудурети жете албай жатканы айныгыс чындык.
Экинчиден, көркөм чыгармаларды талдоо критерийлери ар бир доорго ылайык жаңылана тургандыгын, аны ошол доор менен байланыштуу системалаштыруу аркылуу бөлүштүрүү мүмкүн экендигин танууга болбойт. Анткени адабий чыгармаларды талдоо критерийлери көркөм чыгарманын жаралышында, өзгөчө андагы жаман менен жакшыны айырмалап көрсөтүүдө, ал жерде жаралып жаткан чыгармалардын жанрдык табиятын аныктоодо, ал көркөм чыгармачылык менен бир мезгилде жашап, аны менен бирге жүрүп, бирге туруп, конкреттүү мезгилдин ыргагы менен адабий процессте жүрөт. Ошондуктан, көркөм чыгармага баа берүүдө, анын жакшы менен жаманын айырмалап көрсөтүүдө адабият таануу илимине салыштырмалуу адабий сындын ролу зор экендигин жокко чыгара албайбыз. Демек, азыркы мезгилдеги повесттерге туура жана калыс баа берүү үчүн биринчи кезекте мына ушул «талдоо кызматын» аткара турган критерийлерди аныктап алуу алдына аткарыла турган иштерди талапка ылайык чечкендик болуп саналат.
Үчүнчүдөн, конкреттүү чыгармаларды талдоого алууда адабий сын адабият таануу, эстетика, культурология ж.б. илимдерден айырмаланып, дал ошол конкреттүү доор менен «жашап», өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүгүндө ошол доордун өзгөчөлүгүн алып жүргөндүгү болуп санала тургандыгын эсепке алсак, анда азыркы мезгилдеги кыргыз повесттерин талдоого алууда, ар бир чыгарманын ички дүйнөсүн аныктап чыгуу үчүн аны сыртынан байкоочу катары карабай, аны менен «өлүп», аны менен «тириле» турган ийкемдүүлүккө ээ болушу зарыл. Антпесе азыркы учурда жазылып жаткан адабий сын пикирлердин көбү карманган критерийлеринин көбү «куураган жыгачтай» абалда экендигин эсепке албастан туруп, көркөм чыгарманын жаралышына, же андагы айрым бир окуялардын жазылышына карата «акыл кошуп» жатканы автордун эле эмес, доорго карата жаңыланып бара жаткан окурмандын «аллергиясын» карматып жатканы көнүмүш болуп бара жатат.
Окурманга мында айтылган ой түшүнүктүү болушу үчүн бул жерде бир кыстырма киргизип коюу зарылдыгы турат. Көркөм чыгарманы талдоого ала турган адабий сын өз заманына ылайык жаңыланып турууга тийиш. Мындай көрүнүш азыркы учурга гана таандык болбостон, ойлоонун сенектигине ээ болгон совет мезгилине да мүнөздүү болгондугун эскертүү менен, андан «бир үзүм чындыкты» келтирбесек, кадимки карапайым окурманга азыркы кыргыз повесттерин талдоого мунун эмне үчүн керек экендиги түшүнүксүз болгону турат. Адабият, анда жаралган көркөм чыгарма сыяктуу эле аны талдоого ала турган адабий сын да мезгил менен доорлорго «багынышы» мыйзамченемдүү көрүнүштөрдүн бири экендиги анык. Тактап айтканда, кыргыз адабияты, андагы кыргыз повесттери ХХ кылымдын 20-30-жылдары кандай болсо, андагы сындар да ошондой болгондугуна тарых күбө. Ал эми XX кылымдын 70-80-жылдары менен конкреттүү чыгармалар аркылуу адабий процесске кандай жаңылануулар болсо, адабий сын ошол көркөм бийиктикти өз деңгээлинде талдоо менен «өз ордун» тапкандыгы белгилүү. Мезгилдик жактан айырмага ээ, бирок бир доорго кирген чыгармаларга талдоо жүргүзүүдөгү сындардын ортосунда мындай айырмачылыкка токтолуп жатканыбыздын себеби, азыр биз кеп кыла турган чыгармаларды мурда кыргыз адабиятында «калыптанып калган» адабий сында «туу туткан» критерийлер менен талдоого болбой тургандыгын эскерте кетели.
Ырас, бул жерде сындын доорго, кадимки мезгилдик айырмачылыкка ээ экендигин далилдөө эмес, эки доордун бирин экинчиси «кайталабаган», ошол эле мезгилде белгилүү бир өлчөмдө мурда активдүү кызмат «өтөп жаткан критерийлерди жокко чыгаруу касиетине ээ болгон бөтөнчөлүктөрдүн бардыгын окурманга туюндуруп коюу максатында болуп жатат. Тактап айтканда, советтик адабий сын «методологиялык жактан» бир теорияны (марксизм-ленинизмди) бек тутуп, бардык критерийди мына ошонун «алкагында» карагандыктан, кыргыз элиндеги элдик оозеки чыгармачылык да, андан соң акындар чыгармачылыгы да, анан ХХ кылымдагы совет мезгилиндеги профессионал жазма адабият да ушул «теориянын» элегинен өтүп, көркөм-адабий нарк-насили, эстетикалык дөөлөтү, дурусу менен бурушу да ошол «аспектиден» каралып келе жаткандыгы белгилүү. Ал эми мындай инерция демократиялык ойлоо калыптана баштаган кийинки доордогу, же азыркы мезгилде көркөм туундуларды кароого негиз болуп жаткандыгы, активдүү иштеп жаткан адабиятчылар дале болсо, ошол жандүйнөсүндө калыптанып калган «адабий түшүнүктөргө» таянуу менен «айтып жаткан» пикирлерде даана көрүнүүдө.
Төртүнчүдөн, сыртта Кыргызстандын эгемендүүлүгү, ал эми жашоо образыбыз боюнча капитализмде турганыбыз, ага шайкеш келген көркөм ойлоо, анын мазмунунда жаралган көркөм чыгарма экендиги менен эсептешпей, баягы көнгөн социалисттик «калыпка» салып кароо аракети адабий сындын «кыймылдуу эстетикасынын» башкы сабын «ээлеп турушу» мындан ары кеп боло турган повесттерди талдоого алаардан мурда таяна турган критерийлерге азын-оолак «түзөтүү» киргизе кетүү жөндүү экендигин көрсөтүүдө. Бул жерде маани Кыргызстандын эгемендүүлүгүн «саясий мазмунда» пайдалануу эмес, болгону талдоого алына турган кыргыз повесттерине акыйкат жана туура баа берүү зарылдыгынан жаралган муктаждык болуп саналат. Кийинки мезгилдерде совет доорунан калган адабий сын, акын-жазуучулар эгемендүүлүккө байланыштуу жаралган жаңы агымдарды жээрип, адабиятка жат, көркөм чыгармачылыкка карама-каршы келе турган кубулуш катары түшүндүрүшүүдө.
Адабият майданынын аттуу-баштуу «аксакал, көксакалдары», адабият таануу илиминин «төрүн» ээлеген адабиятчылар айтып жаткандан кийин ага бөркүндөй ишенгендер да жок эмес. Ырас, бул жерде чындыктын үлүшү бар экендиги талашсыз болсо да, адамзат калыптандырган көркөм адабий өнөрдө өз ордун тапкан андай чыгармачыл агымдардын биздин өлкөдө орун алышынын оң-тескери жагын өзүнчө бөлүп кароо, ар бирин конкреттүү чыгарманын мисалында анализдөө башкы планда тургандыгы дал ушул жерде мына бул иштерди же ага тиешеси бар айрым түшүнүктөрдү тактап коюу зарылдыгын көрсөтүүдө. Себеби бардык нерселердей эле капитализмде интеллектуалдын сатыкка түшүшүн эсепке албаган биздин айрым калемгерлер андай жаңы мазмунда, жаңы агымдын таасиринде жаралган чыгармаларды күнөөлөп жатышы, же өздөрүнүн калыптанган марксисттик эстетикадагы повесттеринин окулбай калышына бир гана мына ушул жаңы чыгармалар тоскоол болуп жаткандай көз караш менен мамиле кылышы, бул багытта адабиятчыларга өз иштеринде аталган маселеге сөзсүз токтолуу керек экендигин күн тартибине коюуда.
Бешинчиден, эски доордун чыгармачылыкка карата мамилесин эңсеп, ар бир «беш жылдыкка карата тапшырма алып», аны абийирдүүлүк менен «аткарып», ошонун эсибинен жашоону каалагандар калемгерлер арасында жок эмес. Мына ошолор барган жеринде кыргыз адабияты жок болуп бара жатат деп бакырып, аны илгерки ордуна «жылдырып келип», анан мамлекеттик идеологиянын бир бутагын «ээлеп», андай «жылуу ордун» эч кимге бошотуп бербей, интеллектуалдуу жана чыгармачыл конкуренцияга катышпастан туруп, көркөм-адабий өнөрдү өзгөрүүсүз догмага айландыргысы келгендерге азыркы адабияттын өзгөчөлүгүн «түшүндүрүү» милдети да азыркы кыргыз повесттери кандай критерийлер менен талдана тургандыгын же алдын ала ачып көрсөтүү зарылдыгын пайда кылууда. Башкача айтканда, карапайым окурманды келесоо, табити төмөн, ошондуктан эстетикалык жактан «бийик» чыгармаларды түшүнбөй жатат дебестен, эмне себептен окурман ошол чыгарманы баалап окуп жаткандыгын ачып түшүндүрүү, же китеп окуганды билген ар бир окурманга сүйкүмдүүлүк менен мамиле кылуу, ошол эле мезгилде анын эстетикалык табити төмөн болсо аны өркүндөтүү, ал окуп жаткан чыгарма кандай критерийлерге туура келбегендиктен, улам «жеңил» же эстетикалык жактан «төмөн» экендигин көзгө сайып көрсөтүү, түшүндүрүү иштерин аткаруу үчүн азыркы кыргыз повесттерин талдоо критерийлерине минтип өзүнчө кеңири байыр алуу керектигин ачыкка чыгарып отурат.
Азыркы окурман бир мезгилде зор аймакты ээлеп турган «СССР» деген империянын берген адабий-эстетикалык «тарбиясынан» чыга албай жаткан окурман экендигин эсепке алуу менен, анын аң-сезимин көз карандысыз, эркин болууга калыптандыруу, ошондой эле эркин ойлонгондугу үчүн аны жемелебей, ошондой көз карашка ээ болгондугун сыйлоо менен мамиле кылуу милдети адабий сындын ички маңызынан бери жаңылануусу керек экендигин көрсөтүүдө. Эгемен мамлекетибиздин ар бир жараны эч бир саясий агымга көз каранды болбой, адабий-эстетикалык жактан эркин өсүп чыгышы үчүн азыр коомчулукта жаралып жаткан кыргыз адабиятынын, анын ичинде повесттердин көркөм бийиктигин аныктоо шарты менен тактала турган көптөгөн критерийлердин өзү да жаңы адабий процесстин алкагында салкын кандуулук жана сергек акыл менен каралышы керек болуп турат.
Бул бир мезгилдеги совет мамлекетинин гана кыйроосу эмес, аны жоюлушу аркылуу Кыргызстанга келип кирген адабиятка, же көркөм чыгармачылыкка карата жаңы мамиленин жаралышы менен түшүндүрүлүп келет. Кыргыз адабиятына карата мамиленин мындай өзгөрүшү өзгөчө бир мезгилде көркөм чыгармачылыкты кыймылдатпай жетекке алып жүргөн коммунисттик идеологиянын кыйрашы аркылуу аныкталып жаткандыгын көрөбүз. Мына ушул жаңы, өзгөчө чыныгы, эч саясатка багынбай, эркин ой жүгүртүүгө негизделген, ошондой эле көркем ойлоонун көп түрдүүлүгүнө баш ийген адабий сын пайда болдубу, же азыркы мезгилдеги «постсоветтик» деп шарттуу түрдө атап коюшканы менен, мурдагы эле инерциясында «калыптанган» адабият теориясы аркылуу «тиричилик кылып» адабий сын азыркы замандын талабын канааттандыра албай жаткан жокпу деген маселени да чечип алуу милдетин көтөрүүдө. Демек, биздин алдыбызда азыр «аракетте турган» адабият теориясын ошол турушунда кабыл алып, ал аркылуу азыркы мезгилдеги кыргыз повесттерин «сындабастан», азыркы адабий процесстин өнүгүшүн анализге алууда, советтик адабияттан мурасталган «адабият теориясына» айрым түзөтүүлөрдү «киргизүүнү» туура көрүп отурабыз.
Кыргызстанга эгемендүүлүк кечээ эле келе калгандай болгону менен анын тикелей турмушка аралашканына он беш жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Ырас, мамлекет үчүн бул убакыт аз көрүнгөнү менен адабий процесс, андагы адам баласынын адабий-көркөм ойлоосу үчүн жетиштүү эле мезгил экендигин мына ушул жылдары жаралган адабий чыгармалар көрсөтүп турат. Тактап айтканда, башка көркөм чыгармачылыктай эле «постсоветтик» доордо кыргыз повесттери да бир кыйла жаңыланууга ээ болгон болсо, алардын көбү адабий сындан өз баасын ала элек, б. а. адабият таануу илиминин элегине түшүп, бүгүнкү доордун «көзү» менен өз баасын алышы керек экендиги талашсыз. Себеп дегенде, алардын бийик профессионализмге жеткен же жетпегенин адабий сын аныктап чыкмайын, азыркы учурда адабий жана окурман чөйрөсүндө «мен жакшы, сен жаман» деген талаш-тартыш боло бере турган сыяктанат.
Азыркы мезгилде повесть жазуу менен шугулдангандардын ар кимисинин өз чындыгы, чыгармаларын актоого карата азыркы учурга ылайык келе турган критерийлери бар экендиги талашсыз. Алардын ар бирин өз ордуна коюп, «аңыраңдап-шаңыраңдаган» айрымдарынын адабий-эстетикалык «күч-кудуретин» көзгө сайып көрсөтүп коюу милдетин «биринчи планга» алып чыгуу керек болууда. Ал үчүн адабият таануу илиминин азыркы доор талап кылган критерийлерге жооп бере албай жаткан жактарын да «тактап», кыргыз адабият таануу илиминин мурдатан карманып келген адабий-теориялык жана көркөм-эстетикалык критерийлеринин «эскирип» калган жактарын көрсөтө кетүү талабы да бар экендигин эскертели.
Анда сөзсүз кыргыз повесттеринин зор бийиктигин түзгөн XX кылымдын 60-80- жылдардагы повесттери жетишкен көркөм бийиктиктерге кайрылуу зарылдыгы ачык көрүнөт. Анткени ошол мезгилдеги адабий процесске, ага баа берген адабият таануу илиминдеги ойлорго токтолбой туруп, азыркы учурдагы кыргыз повесттерине туура жана акыйкат баа берүү мүмкүн эмес. Кыргыз прозасында, өзгөчө анын ичинде повесттерде XX кылымдын 60-жылдарынан бери карай сандык да, сапаттык да өсүш болгондуктан, азыркы мезгилдеги адабий процесстеги повесть жанрына баа берүүдө андагы адабий-көркөм дөөлөттөргө таянуу милдети турат. Алардын ичинен айрыкча кыргыз повесттеринин «романдашып» баратканына бөтөнчө маани беришкен ойлору азыркы кыргыз повесттеринин жанрдык табиятынын ички-тышкы касиеттерин толук жана ар тараптуу иликтөөгө мүмкүндүк түзөт.
Ал мезгилдеги кыргыз повесттерине мүнөздүү болгон айрым табылгалар, көркөм-эстетикалык бийиктиктер, ошол доордун зор жетишкендиктери катары көрүнгөн адабий-эстетикалык дөөлөттөр азыркы мезгилде эскирди деген күндө да кээ бирлери ошол деңгээлин сактап, азыркы кыргыз повесттеринин жетишкендиктерин аныктоого толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин ачык-айкын баамдайбыз.
Бул биринчи кезекте Ч.Айтматовдун 60-70-жылдары жарыкка чыккан «Гүлсарат», «Ак кеме» ж. б. повесттерине байланыштуу экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү. Азыркы мезгилдеги кыргыз повесттерин жанрдык, көркөм-эстетикалык изилдөөдө, аларды жалпы адабий-теориялык критерийлер менен айкалыштыра кароодо белгилүү бир эталон болуп бере ала тургандыгы анык.
Албетте, бул бир мезгилде Ч.Айтматовдун повесттерин анализдеп, тарых барактарында «саргарып» калган ойлорду ээрчип кетүү эмес, болгону кыргыз повесттерине реалдуу баа берүүнүн зарылдыгынан келип чыгууда, б. а., повесть жанрынын адабий-теориялык аныктамасын адабий практикадагы абалын же кандайдыр бир негизин текшерүү, жетишкендигин таап чыгуу, кемчилдигин көрсөтүү болуп саналат. Анткени кыргыз адабиятындагы повесть жанрынын «табиятын аныктоо» сыяктуу татаал жанрдык кубулушту бир беткей, азыр адабий процессте практикаланып жаткан көрүнүштөргө таянып бир жактуу ченем менен аныктап түшүндүрүү, же жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондой эле бул жерде кыргыз повесттеринде улуттук жаңылануу бар экендигин эсепке алуу менен, аны кээ бир конкреттүү чыгарманын мисалында өзүнчө түшүндүрүү, өзүнчө мамиле этүү алардын жанрдык табиятын да, жанрдык интеграция маселесин да талдоо зарылдыгы турат.
Себеп дегенде, доор алмашты, доор менен кошо адабиятка, көркөм чыгармачылыкка карата мамиле өзгөрдү, айрым алдыңкы чекте, доор саясаты менен айкалыша жүргөн критерийлер өз күчүн жоготту, «саясий» аренадан кетти, аны менен кошо ал тутунган критерийлер да негизги таасирдүү касиетинен тайды, бул көрүнүштөр да повесть жанрын кайрадан караштырып, терең изилдөө менен оң-тескерине реалдуу баа берүү зарыл экендигин көрсөтүүдө. Ошондой эле повесть жанрынын «гүлдөө» доору катары каралган ХХ кылымдын 60-80-жылдарга салыштырмалуу азыр кыргыз повесттери сан жагынан арбын экендиги талашсыз. Өз кезегиндеги социализмдин талдоо критерийлери менен «саясатташкан» адабий сын аларды өгөй баладай жээрип, аларды байкамаксан болуп жатканы менен, алар окурман журтту өз боюна тартып бара жатканын көрүп жатабыз. Демек, аларды «теңине албай, жек көрүү» менен караган адабий сынды «бийиксинген» көз караштардан ажыратып, чыныгы көркөм-эстетикалык, өзгөчө адабий-теориялык жактан анализдөө үчүн кыргыз адабиятындагы повесть жанрынын 90-жылдардан кийинки өнүгүш багытына, деги эле XXI кылымга карата өсүп-өнүгүүсүнө баам салуу аракетине «багындыруу» дал ушул мезгилдерде керек болуп турганы байкалат.
Дегинкиси, адабий сындагы айрым көз караштар мурдагы авангарддык күчүн жоготту. Ал эми мурда аңдаштырууга мүмкүн эмес болгон, айрым көрүнүштөр коомду таанып-билүүдөгү негизги критерийлердин бирине айланып баратканынан улам, азыркы кыргыз повесттерин талдоого карата «жаңычыл мамиле» керек болууда. Бул ушул мезгилге чейинки адабий сындагы теориялык ойлорго да, илимий аныктамаларга да сын көз менен карап, бүгүнкү күндүн маанилүү маселелерин өткөн доордон калган, саясатташкан чен-өлчөмдөрдү карманып-туткан, өзүнүн «тапчыл чектөөлөрү» менен айырмаланган көркөм-адабияттык, илимий-теориялык критерийлерден «бошотуп», кийинки көз караш менен ченеп-бычуу милдети да учур талабында турат. Ошол себептен кыргыз повесттеринин «классикалык үлгүлөрү» катары жаралган 60-80-жылдардагы повесттерге таасирлене бербей, азыркы повесттердин этаптык өнүгүшүн, ошондой эле аталган жанрдагы чыгармалардын кийинки мезгилде кандай өсүштөргө ээ болгондугун билүү зарыл. Мында азыркы мезгилдеги кыргыз повесттеринин көркөм чыгармачылыкта «идеологиясыз жашоосу», ошондой эле учурда сырттан болгон көз караштардын, агымдардын таасири, кысымсыз, эркин ойлоонун адабий процессте эмне ийгилик бергендигин да аныктоо кызыкчылыгы да жашоодо.
Адабий коомчулуктун алдында турган мына ушул сыяктуу суроолорго жооп берүү максатында жанрдык табиятына, жанрдын ар тараптуу дифференцияланы шына токтолуу мындан ары кеп боло турган кыргыз повесттерине карата адабий талдоонун «өзөгүн» түзүүгө тийиш. Ал таптакыр жаңы теорияны пайда кызыкчылыгынан жаралбастан, тескерисинче, өткөн кылымдын 60-80-жылдардагы кыргыз повесттеринин жетишкен ийгилигине таянуу, б. а., анын жанрдык-стилдик өзгөчөлүгүнө, көркөм-эстетикалык бийиктигине токтолуу менен азыркы адабий процесстеги өзгөрүүлөргө жооп берүү максатын көздөөдө. Бирок азыркы кыргыз адабиятындагы повесть жанрын талдоого алууда аны «шаблон» кылуу эмес, тескерисинче, учурдагы кыргыз повесттеринин көркөм бийиктигин өзүнчө бөлүп көрсөтүүдө салыштырып аныктоо муктаждыгынан жаралып отурат.
Анткени сан жагынан мухиттей көлөмгө ээ кыргыз повесттеринин жанрдык кудурети, деги эле повесть жанрынын ички табияты кыргыз адабият таануу илиминде ушул мезгилге чейин толук тактала электиги бул багытта айрым маселелерди мына ушинтип алдын ала тактап алуу милдетин алдыга коюп берүүдө. Ошондой эле, маселен, «повесть» деген түшүнүктүн өзү да формалык жана мазмундук касиетин тактоону талап кыла тургандыгын билдик. Түшүндүрмө сөздүктөр «повесть» – адабий тектин бир жанры экендигин, көбүнчө кара сөз менен жазылаарын, романга караганда азыраак каарманды сүрөттөшүн, ошол каармандардын турмушунун орчундуу мезгилин гана объект кылып алаарын, аңгемеге салыштырмалуу көбүрөөк окуяны чагылдырышын негизги өзгөчөлүгү катары бөлүп көрсөтүлгөнү менен ал дагы тактоону талап кыла тургандыгын көрдүк. Башкача айтканда, ал новеллага караганда чоң, ал эми романга караганда чакан жанр (М. Борбугулов) болуп эсептелет деген түшүнүк аталган жанрдагы чыгарманын мазмунун формага айкалыштырып кароо зарылдыгын көрсөтүүдө.
Чындыгында мындай бөлүштүрүү салыштырма чындыкка гана ээ, б. а., «повесть» өзүнө аңгеменин да, романдын да белгилерин камтыйт деген ойлордун азыркы повесть жанрындагы чыгарманын мазмуну менен формасына канчалык төп келе тургандыгын да билүү милдетин коюуда. Ошол себептен болсо керек, кыргыз адабиятында айрым чыгармалар аңгеме менен повесттин ортосунда жүрүп, ушул мезгилге чейин так аныктамага ээ болбогон, кээ бир чыгармалар роман деген да, повесть деген да чен менен анализденүүдө.
Ырас, бул ой-пикирге кошулбай коюуга болбойт, тагыраак айтканда, повесть жанрын изилдеген окумуштуулардын бардыгы эпикалык башка жанрлардан повестти айырмалап турган башкы касиети орто көлөмдөгү формасы экендигин баса белгилешет. Бирок бул форма менен сенек түшүнүк катары повесть жанрын аныктап коюуга болбойт, себеп дегенде дал ушул формага сыйдырылган мазмун, ал мазмундун жайгашуу ыктары, чечмелениш усулдары, маани-касиетин ачып көрсөтүүчү адабий-көркөм сапаттары, ар бир сүрөткердин өзүнө гана таандык болгон форма менен мазмундун жуурулушкан байланышын көрсөтүүчү чеберчилиги да дал ошол «повесть» деген түшүнүк менен айкаша түшүндүрүлө турганын ушул тапта майда-чоң адабиятчылар ачык-айкын, эч кандай кошумча түшүндүрүүсүз эле сезип турушат.
Кыргыз адабиятына «повесть» жанры орус адабиятынын таасири аркылуу киргендиги талашсыз болсо да, мезгилдин өтүшү, адабий-эстетикалык көркөм дөөлөттөрдүн өсүп-өнүгүүсү, ар кыл тармакталышы менен ал өз алдынча жолду басып өткөндүгүн көпчүлүк адабиятчылар этибар албай жатат. Ошондуктан, азыр деле кыргыз повесттерин талдоодо орус адабиятындагы адабий теориялык, сынчылдык көз караштарга артыкчылык берип, кыргыз жазуучуларынын повесть жанрында чыгармачылык чеберчилигин өркүндөтүүгө, жанрдык ички жана тышкы касиеттерин аңдаштырып, өздөрүнүн чыгармачыл индивидуалдуулугун көрсөтүүгө болгон конкреттүү иш-аракеттери көмүскөдө калып кетүүдө. Чынында кыргыз повесттерин (деги эле кыргыз адабиятына таандык бардык маселелерди) кыргыз адабият таануу илими адабий-теориялык, көркөм-эстетикалык жактан жана проблемалуу башка маселелер боюнча талдаганда, же изилдегенде мурдагыдай орус адабият таануу илиминде жетишилген ийгиликтерге аргасыз байланбай, конкреттүү чыгармаларга талдоо жүргүзүү аркылуу теорияга келүү милдети да мына ушул жерде турат.
Бир кылымга жетип-жетпеген «өмүрүндө» кыргыз адабиятындагы повесть жанры көркөм чыгармада мазмунду берүүнүн структурасы, ченеми, конструктивдүү модели, башкача айтканда, мазмундун жашоо нормасын аныктоочу негизги улуттук касиетке ээ болгондугун эч ким жокко чыгара албайт. Мында кыргыз повесттеринин мазмундук гана өнүгүүгө ээ болгон касиети эле көзгө урунбастан, ага өтмө катар талдоодо ачылуучу жанрдык, стилдик чен-өлчөмдүн системасы да тургандыгын жана алардын бүтүндүгүнөн келип чыккан чыгарманын индивидуалдуу бөтөнчөлүгү бар экендигин эскерте кетели.
Кыргыз адабият таануу илими повесть жанрынын ички касиеттерин, жанрдык көп түрдүүлүгүн буга чейин терең караштырбагандыктан жана кыргыз повесттери жанрдык өнүгүшү боюнча орус адабият таануу илими кандай аныктама берсе, ошону өздөрүнө механикалык түрдө «көчүрүп» алуу менен чектелишкен. Орус адабиятчысы А.И.Кузьмин адабий процессте повесть жанрынын беш тиби бар экендигин аныктап, алар төмөнкүлөр экендигин белгилеген:
1. Сүрөттөмө же баяндагыч повесть. (Описательный повесть.) Повесттин мындай түрүндө ачык чагылдырылган, толук бүткөн сюжет жок, окуялар биринен экинчисине өтүп, баяндоо жай өнүккөндүктөн, ошол окуяга баа берген баяндоочуга же автордун кебине артыкчылык берилет, б.а., мында автордук баяндоого зор роль таандык, же аталган типке кирген повесттерде сүрөткердин баяндоо чеберчилигине жараша окуяга карата окурмандын мамилеси жана маанайы түзүлөт, ошол мамилесине ылайык окурман повесттин жакшы же жаман экенин аныктай алат. Көбүнчө повесттин мындай тибине кире турган чыгармалар коомдун же чөйрөнүн, ошондой эле айрым адамдын социалдык-экономикалык ал-абалын жана нравалык, моралдык-психологиялык касиеттерин көркөм таанып-билүүгө аракеттенишет.
2. «Экстенсивдүү», эпикалык-сюжеттүү повесть. Повесттин мындай тибинде «кыймыл-аракет» карама-каршылыктуу, динамикалуу өнүгөт. Сюжет ырааттуу өнүккөн окуялардын катарында туруп, мисалга саякаттардын, ар түркүн изилдөөлөрдүн, белгисиз сырдуу нерселердин бириккен мотивиндеги окуя-кубулуштарды ачууга өзгөчө басым коюлат. Мында повесттин түрлөрүнөн айырмаланып, автордук баяндоо же баяндоочунун сөзү анча мааниге ээ эмес, ал болгону идеялык мазмундун белгилүү бир жерине акцент коюуга келген учурда гана колдонулат. Ушундай себептерден болсо керек жазуучулар жараткан мындай типтеги повесттер каармандардын мүнөзүн түзүүдө, күчтүү толгонууларды жаратууда, ички сезимдин ар кыл касиеттерин ачып көрсөтүүдө жана ошондой эле приключенияларды жана саякаттарды сүрөттөө касиети менен да жанрдык чегин ажыратып турат.
3. Ал эми повесть жанрынын өз ара жиктелүүсүндөгү үчүнчү тип жөнүндө А.И.Кузьмин төмөнкүдөй пикирин билдирет: «К третьему типу повестей можно отнести произведения, которых авторское начало и реальность находятся в процессе изображения, как бы в «ограническом равновесии». Сюжет в этих повестях отражает развитие самой действительности и одновременно выражает концепцию самого автора, создается впечатление, что изображение представляет объективный жизненный материал, независимый от автора».
4. Новеллистикалык повесть. Мындай повесттерде сюжеттик кубулушту түшүндүрүүчү жана ал түшүнүктөрдү тереңдетүү, окуяларды жана анын маани-мазмунуна кошумча касиет киргизүүчү деталдарды ичине камтыйт. Повесть жанрынын мындай типтери бөтөнчө турмуштук көрүнүштөрдүн социалдык-психологиялык, коомдук-саясий жана адеп-ахлактык конфликттерин чагылдырууга, камтыган окуясынан да дал ушул багытты көркөм сүрөттөөгө басым койгону менен башкалардан айырмаланып турат.
5. Лирикалык повесть. Бул типке кирген повесттер лиро-эпикалык мүнөздөгү прозалык чыгарма болгону менен айырмачылыкка ээ. Тагыраак айтканда, мындай повесттерде так сюжеттин болбой калышы мүмкүн, же болбосо ойду тереңдетип бергенде, окуя жай өнүгүп, мазмундун ачылышы үчүн окуяга эмес, кырдаалга басым коюлуп, андан каармандын «ички жашоосуна» – эмоциясы менен ички толгонууларына, кайгы-кубанычына өзгөчө маани берилип, мындай мазмун «майда», «көзгө көрүнбөгөн» жандүйнөнүн кыймыл-аракеттери менен повесттин формалдык өзөгүн түзүп калышы мүмкүн.
Алдын-ала эскерте кетели, кыргыз адабиятындагы повесть жанры үчүн мындай ой-пикир бул жанрдын бөлүштүрүлүшүнө карата болжолдуу типтештирүү. Тагыраак айтканда, азыркы кыргыз адабиятындагы «повесть» аталган мазмун менен форманын айкашуусунда турган жанрды кандайдыр бир деңгээлде жалпылаштыруу катарында гана кабыл алынбаса, жанр конкреттүү чыгарманын чегиндеги «жашоосу менен аныкталууга тийиш. Ошондой эле аталган бөлүштүрүүлөр ушул турушунда толук сакталбай калышы да ыктымал. Анткени адабияттагы ар бир жанр «жандуу кубулуш» болгондуктан, жанрды аныктоочу критерийлер биринен экинчисине өтүп, айрым учурда таптакыр жуурулушуп кетип, мазмуну же форма боюнча гана шарттуу айырмаланып калышы мүмкүн.
Ошол эле мезгилде азыркы кыргыз повесттерине карата адабиятчылар арасында ар түрдүү көз караштар айтылып жүрөт. Ошондуктан ар бир конкреттүү талдоодо анын көркөм-эстетикалык табиятын анализдөө менен повесттин айрым жанрдык белгилерине карап, романтикалык, новеллистикалык, баатырдык, мифолологиялык, авантюралык, фантастикалык, сатиралык, психологиялык ж. б. шарттуу бөлүштүрүүлөрдүн бирине кирип калышы мүмкүн. Анда азыркы адабий процесстеги кыргыз повесттери берген натыйжаларына карата жанрдык ар тараптуулугу аныкталышы күтүлөт, б. а., повесть адам дүйнөсүн, психологиялык кубулуштарын билгичтик менен көркөм иликтөө жолуна түшкөнү башкы орунга чыгат. Мында көптөгөн маселелер бар: адам жана коом, адам жана табият, адамдын адеп-ахлактык изденүүлөрү, таанып-билүүсү ж. б. бул жанрдын көркөм изилдөөсүнүн негизги борборуна айланган маселелердин баары кепке алынышы керек.
Экинчиден, көркөм иликтөө масштабына «методологиялык жактан» чек коюуга болбойт, тескерисинче, ар бир чыгарманы талдоодо автордун көркөм ойлоосунун «кеңейишине» артыкчылык берүү зарыл. Анда тигил же бул «философиялык окуунун» башын же этегин «кармап алып», жазуучуга ошол өңүттөн акыл үйрөтүү эмес, ар бир чыгармачыл адам жараткан көркөм туундунун жанрдык, андан соң автордун стилдик касиеттерине токтолуп, канчалык жаңылануу болгондугун чыгармадагы философиялык, адеп-ахлактык, психологиялык ж. б. «катмарларга» таянуу менен табылга издөө милдети турат.
Антпесе кийинки жылдары кыргыз адабият таануу илими да, адабий сыны да совет мезгилинде калыптанган «даңгыр жолуна» түшүп, «марксизм-ленинизм» окуусун дале болсо, догма катары пайдаланып жаткандар бар. Ушул жерден белгилей кетүүчү жагдай, сыртта Кыргызстан эгемендүүлүгү, аны жашоосун аныктап турган демократиялык коом, андагы ушунчалык тез темпте, жогорку деңгээлге умтулуу менен болуп жаткан ойлоонун жаңылануусу биздин коомдук-социалдык, экономикалык турмушубузда гана көрүнбөстөн, маданиятта жана рухий турмушта жаңылануу жасап жаткандыгын эске алуу жана аны реалдуу процесстердин таасири экендигине моюн сунуу зарылдыгы тургандыгы талашсыз.
Анткени азыркы кыргыз повесттерин кепке алган адабиятчылардын көпчүлүгү повесть жанрынын мурдагы доордо беделине таасирленүүсүн жашыра албай, анан кыргыз жазуучуларынан бүгүнкү каарманды сүрөттөөдө ошол «эталондон» чыкпоону талап кылууда. Ырас, кыргыз повесттеринде андай «салттуу көрүнүштөр» болуп жаткандыгы анык, бирок жаңылануулар каарман маселесинде «өз замандашынын образы» аркылуу түшүндүрүүгө аракеттенген жаштар менен эсептешүү милдети да турат. А чынында адабиятчылар азыркы жаштар жараткан чыгармаларга «марксизм-ленинизмге» таянган «салмактуу» ойлору менен карагандыктан, учурдагы кыргыз повесттеринин ийгиликтерине бир жактуу мамиле болуп жаткандыгы сезилет. Чындыктын өзү көрсөтүп тургандай, азыркы адабий процесстеги кыргыз повесттери ар тараптуу маани-касиеттер менен түшүндүрүлүүгө тийиш. Анын башында повесть жанрынын көп түрдүүлүгү, же жанрдык касиетинин ар кыл мүнөзгө өтүшү, жанрдын мазмундук жана формалык жактан татаалданышы тураары айдан-ачык.
Баары бир кыргыз повесттеринин азыркы адабий прцесстеги ийгиликтери деле адамды, анын ички жандүйнөсүн, жашоо-тиричилигин ар түркүн аспектиде сүрөттөөдө, адамдын коомго карата мамилесин көркөм чечмелеп түшүндүрүүдө жанрдык чектин өлчөмүндө каралышы маанилүү. Азыркы адабий процесстеги повесть жанрынын формалык (сырткы) түзүлүшүндөгү жаңылануусу мазмунсуз кыймылга келбей тургандыгы анык. Тагыраак айтканда, повесть жанры аркылуу берилген мазмун буга чейин болуп келбеген кандайдыр бир формада берилген учурлар бар. Ал форманы биринчи иретте жанрдын жаңылануусу катары кароо зарыл экендиги өзүнөн өзү түшүнүктүү. Бирок көркөм чыгарманын мазмуну коомдук-социалдык кырдаалдарга, ага карата болгон мамилеге, өзгөчө жанр аркылуу жаралган мазмунга көз каранды боло тургандыгын эстен чыгарууга болбойт. Ырас мазмундун жаңыча берилиши гана өзүнчө бир бүткөн адабий чыгарманы пайда кылат деген ой бул жерде болушу мүмкүн эмес. Себеп дегенде, мазмундун жанр аркылуу гана ишке ашырылышы оригиналдуу чыгарманы жарата албайт. Ошондуктан, жанрды жазуучунун индивидуалдуу чыгармачылыгын аныктоочу бирден-бир стилдик белгиге да, көз каранды болуп санала тургандыгын да танууга болбойт.
Алдын ала эскерте кетели, ар автордун кыргыз повестине алып келген жаңылыгы алардын бир мезгилде калыптанган көз карашына, адабияттагы авторитетине эмес, жазган ар бир конкреттүү чыгармасынын мисалында каралат. Ошондуктан, ХХ кылымдын 90-жылдарындагы жазылган К.Акматов, А.Стамов, К.Жусупов, К.Жусубалиев, М.Байжиев, М.Гапаров ж. б. улуу муундагы жазуучулар орто муундагы Б.Усубалиев, А.Матисаков, Ч.Абыкеев, А.Кулманбетов, М.Макенбаев ж. б. андан кийинки муундагы Ж.Исабаева ж. б. адабий сындын аренасына бирдей түшүп, бирдей электен өтөт.
Баары өз ыгы менен болсун деп ушул жерден бир аз тыным алалы…
(Уландысы бар)