Сенеканын Луцилийге жазган каттарынан – 2

Люций Анней Сенека (б.з.ч. 2 – биздин замандын 65-ж.) – римдик стоик философу, акын жана мамлекеттик ишмер.

1-3-каттары

 

ТӨРТҮНЧҮ КАТ

Сенека Луцилийге салам айтат!

Бет алган ишиңден кайтпай, баштаган ишиңди улант, жан-дүйнөңдүн кемтиксиздиги жана бейкуттугуна ырахаттанып, аны колдон келишинче узакка созгонго шашыл. Жан-дүйнөңдү тазалап, анын бейкуттугуна жетүүнүн өзү ырахат; бирок андан да, бузулбаган аруу, ыплас нерселерден бийик турган ыйык сезимге суктанып көз салуу, ырахаттануунун тал чокусу эмеспи. Эң алгач ирет чоң кишилер кийчү кийимди кийип, чоң кишилердин чогулушуна барганда кандай кубанганыңды унута элек болсоң керек? Андан да зор кубанычты бала кыялыңды таштап, философтор сени өзүнүн катарына кабыл алганда сезгенсиң. Бирок, балалык курагыбыз алда качан өтүп кетсе да, алигиче балалык чала кайымдыгыбыз кала бергени жаман. Баарынан өкүнүчтүүсү балалык эле эмес, наристе куракка тиешелүү кемчиликтерибизге карабай, бизди кадырлуу аксакалдардай көрүшөт; байкасаң, наристелер болбогон эле нерселерден, ал эми балдар өздөрү ойлоп таап алган нерселерден корко беришет, а биз—тигинисинен да мунусунан да чочулап турабыз. Алдыга кадам таштап көрчү, — анан сен көп нерселер так ошол баарынан көп чочутуп турганы үчүн, анча деле коркунучтуу эмес экендигин түшүнөсүң. Кандай гана жамандык акыркысы болсо, анда ал анча деле чоң тынчсызданууну туудурбайт. Сага ажалың келдиби? Ал сени менен кала берсе корксоң болмок, бирок, ал келгенче сен ага жолукпайсың, ал келгенде сен жок болосуң. Башкача болбойт. “Жашоону сүйбөй коюу—мүмкүн эмес”—дейсиң сен. 

Бирок, болбогон эле шылтоолор менен, андан жийиркенишип, оңой эле аны таштап кетип жатышканын билбейсиңби? Бирөө ойношунун эшигинин алдына барып асынып алат, экинчиси кожоюнунун жинденгенин экинчи көргүсү келбей чатырдан секирип кетет, үчүнчүсү качып чыккан жерине кайра баргысы келбей жарынып өлөт. Бул эмнеси, коркунуч жасаган иштерге, изги сезимдердин алы жетпейби? Бейкут жашоо — бул жашоодо көптөгөн элчиликтердин ачылып жабылганын көрмөйүнчө өлбөйм деп күрөш жүргүзгөндөр үчүн эмес. Сел алып, алакандары кан жалагыча жээктеги урчук таштар менен тикенектерге жанталашып жабышкан адамдардай болбой, бул жашоодон кыйналбай, жеңил кетиштин амалын күн сайын ойлой жүр. Көп адамдардын жашоосу өлүмдөн коркуу менен турмуштун азап-тозогунун ортосунда чайналып жүрүп өтөт; бечаралар, алар жашагылары да келишпейт, же өлгөндү да билишпейт. Сарсанааларыңды таштап, жашооңду көңүлдүү өткөр. Эгерде жоготууга алдын ала даяр болбосоң, кандай баалуу болсо да ал нерсе анын ээсине кубаныч алып келбейт, бардыгынан да жоготкондо кайгырбай коё албай турган нерсени жоготкон өтө оор. Ошондуктан, өзүңдү кайрап, курчутуп эң кубаттуу адамдарга да келе турган кырсыкка каршы турганга даяр бол. Помпейге өлүм жазасын жаш бала менен бычмал чыгарса, Красстын өлүмүнө — айоо деген эмне экенин билбеген, орой парфяндык адам себеп болгон. Цезарь Лепидке чечен Декстрдин кылычына мойнун тосуп беришти буйурган, а өзү Херейдин алдына мойнун тосуп берген. Билип туруп кылмышка жол бергендиги үчүн ала турган жазасын аз кылып, бакыттын кушу эч кимди эркелетип бийик көтөргөн эмес. Убактылуу жымжырттыка ишенбе: бир көз ирмемде албуут толкун, эми эле оодарылбастай болуп, менменсинип чайпалып турган кемени кыйратат. Каракчы да, душман да кекиртегиңе кылычын такарын ойло. Бирок, жогорку бийлик тарабынан коркунуч болбосо да, — кайсы бир кул сенин жашашыңды же өлүшүңдү өзүм билип чечем десе, колу да, жолу да бош. Мен дагы мындай дейм: ким өзүнүн жашоосун жериген болсо, ошол анын өмүрүнүн кожоюну болуп алган. Үй-бүлөнүн ичинде салынган тузактардан, күч менен же алдамчылык жол менен канчалаган адамдардын бул дүйнө менен коштошкондорун эстеп көрчү, – ошондо кулдардын каары, падышанын каарынан кем калышпаганын түшүнөсүң. Ал иш ар кимдин эле колунан келе турган болгон соң, кубаттуу адамдан коркуп эмне кыласың? Мына, сен душмандын колуна түшүп, ал сени өлүм жазасына тартты дейли. Ойлоп көрсөң, сен ансыз деле ошол марага баратпадың беле!  Өзүңдү боло жүргөн нерсени, жаңы эле көрүп-билип жаткансып неге алдайсың? Сен билип ал: төрөлгөн күндөн баштап эле өлүмүңө карай сапарга чыккансың. Ойлогон сайын тынчыңды алган өлүмдөн коркуу сезимиңден арылып, өмүрүңдүн акыркы саатын татыктуу тосуп алгың келсе, бул жөнүндө унутпай эсиңе бекем сактап жүр. Ал эми бул катымды бүтүрүү үчүн, мага бүгүн эмне жакканын айта кетейин (муну башка бирөөнүн бакчасынан үздүп алдым): «Жаратылыштын мыйзамына ылайык жакырчылык – бул чоң байлык»  Сен бул мыйзам бизге кандай чектерди коёрун жакшы билесиң да? Суусаганыңа да, ачка болгонуңа да, үшүгөнүңө да кайыл бол. Ачкалык менен суусунуңду кандырыш үчүн байлардын босогосуна сагалап барып, алардан жаман сөзүн, тикенек тилин, намысыңды басмырлаган шылдыңын чыдап угуштун кажети жок, бактыңды деңизден же аскерлердин артынан издеп барыштын кереги жок. Жаратылыштын бизден талап кылганы жеткиликтүү жана жетишерлик. Биз байлык үчүн гана тер төгөбүз. Байлык үчүн киймибиз жыртылганча иштейбиз, байлык үчүн лагерлерде карыйбыз, байлык үчүн чоочун жээкке чыгып калабыз. А бизге жетиштүүсү кол алдыбызда. Кимге жакырчылыкты чанбай, ошого ыраазы болуп жашаса, ал бай адам. Ден-соолукта бол.

 

БЕШИНЧИ КАТ

Сенека Луцилийге салам айтат!

Мен сенин күндөн күнгө жакшы болсом деп талпынып, күжүрмөндүк менен аракет кылып жүргөнүңө кубанам, ал үчүн сен мактоого татыктуусуң. Мындан ары да ошол күжүрмөндүгүндөн кайтпа, мен сени мактап эле тим болбойм, сенден суранам. Бир нерсени гана эскертип коёюн: чындап эле билим албай, эл көзүнө акылдуу болуп көрүнүш үчүн окумуш болуп жүргөндөрдүн жолуна түшпө, жана кийген кийимиң, жүргөн турганың элден бөлүнүп көрүнбөгүдөй болсун. Сакалыңды албай, же тегиздеп койбой саксайтып, чачыңды кулак-башыңды жаап өскөнчө коё берип элдин арасына барба, алтын-күмүштү жаман көрөрүңдү айтып мактанба, сыз жерге төшөк салып уктаба, – кыскасы, өзүңдүн бузулган суроо-талаптарыңды канаттандыруу үчүн миң алакетке түшүп убараланба. Көпчүлүгү философия деген сөздү угушканда эле желкелери тырыша баштагандарын билесиң да, эгерде элден бөлүнүп, элдин тартибин сактабасак эмне болорубузду билесиңби? Мейли, ички дүйнөбүз алардыкынан башка болсун, – бирок, сыртыбыздан алардан эч айырмаланбашыбыз керек. Кемселиң элдикинен башкача жаркырап да турбасын, – кара кокочо болуп, кир да болбосун; Мейли, алтын-күмүш буюмдар биз үчүн болбой эле койсун, – бирок, алтын-күмүш тагынбай койсом эле ток пейил адам болуп калам деген да жаңылыштык. Элден жакшы жашаганга бүт аракетибизди кылалы, бирок элге каршы чыкпайлы, андай кылсак, оңдойбуз деп жаткан элди оңколото түртүп, өзүбүздөн оолактатып алабыз. Биз кылгандын баарын биздей жасоо керек экен деп ойлоп алышып, биздин бир кылганыбызды да кылбай коюшуна гана жетишебиз. Философиянын элге берери, – эң биринчи кезекте эл менен жашаганды, кайрымдуу жана эл менен сүйлөшө билүүнү үйрөтүү; элден өзгөчөлөнүп турсак ал убадабызды аткара албайбыз. Таң калтырам деп жатып, күлкүгө калбастын жана жек көрүндү болбостун айласын кылалы. Биздин жаратылыш менен жуурулушуп жашоодон башка максатыбыз жок. Бирок, жаратылышка өзүнүн денесин алсыратуу, жеңил-желпи жасалгаларды тануу менен аны балиттике, арзаны аз келгенсип, даамсыз, киши жегиз тамак –ашка алмаштыруу жагымсыз нерсе. Кооздукка болгон ышкыбоздук кооз нерселерди саматат, – бирок, акылы жоктук арзан, жалпыга жеткиликтүү нерселерден баш тартырат. Философия кыйноону эмес – аша чаппай, тизгинди тарта жүрүштү талап кылат; ал талап сөзсүз эле одоно болбош керек. Мына менин көңүлүмө төп келген талап: ылайым эле биздин жашообузда боорукерлик, ак көңүлдүк сапаттар көпчүлүккө тиешелүү касиеттер менен үндөшүп турсун, адамдар ага таң калышып, бирок аны кабыл алышсын. “Кантип? Эмне биз деле тигилер кылганды кылабызбы, алардын кылганы менен биздин кылганыбыздын айырмасы жокпу?” –Болот, болгондо да чоң айырма болот. Бизге көңүл коюп караган адамдар, биз жалпы элден канчалык айырмаланарыбызды жакшылап билип алышсын. Биздин үйгө баш баккан киши биздин казан-аягыбызга эмес, өзүбүзгө таң калсын. Чопо идишти күмүш идиштей кармап, пайдалганды билген адам улуу адам, ал эми күмүш идишти чопо идиштей пайдаланган адамдын улуулугу тигиникинен кем эмес. Байлыктын жетегинде калган адам, жан-дүйнөсү чабал адам. Эми, мен бүгүн сени менен өзүмдүн кичинекей кирешемди бөлүшкүм келди: мен аны Гекатондон таптым, коркуудан кутулуу үчүн бардык каалоолоруңдан арылышың керек. “Сен коркунучтан кутулам десең, – дейт ал, –  үмтөткөнүңдү унут”. Сен ар башка нерселерди кантип теңештирип жатасың? –деп жатсаң керек. Бирок, бардыгы дал ошондой, менин Луцилийим: чындыгында эле ар башка болгонсуп көрүнгөнү менен алар бири бири менен байланыштуу. Кул менен туткун бир чынжырга байланган сыяктуу эле, бири-бирине такыр окшошпогон коркунуч менен үмүт бирге: үмүттөн соң коркунуч келет. Мен буга таң калбайм: бул эки сезим тең, өздөрүнө ишенбеген, келечекти тынсызданып күткөн алсыз адамдарга мүнөздүү. Үмүт менен коркунучтун негизги себеби – учурдагы турмушка ыкташа албай, кыялыбызда тээ, алыстагы келечекте жүргөнүбүздө. Ошентип, адамга берилген эң мыкты сапаттын бири, келечекти көрө билүү касиети, бизге зыян алып келет. Айбанаттар коркунучту сезишкенде гана качышат, алыс узап алгандан кийин коркунучтарын унутуп калышат. А биз, келечекти да, өткөндү да ойлоп алып кыйнала беребиз. Биздин кылгандарыбыздын көпчүлүгү бизге зыянын тийгизет: мисалы эстелик эскирген кайгыга кайырат, алдыга көрө билүү келечекте боло турган кыйноолордон кабар берет. Бирөө да бүгүнкү себептерден эле бактысыз болбойт. Ден-соолукта бол.

 

АЛТЫНЧЫ КАТ

Сенека Луцилийге салам айтат!

Луцилий, мен жакшы жактарым эле көбөйбөстөн, башка адамга айланып бара жатканымды билем. Менде эми өзгөрө турган эч нерсе калган жок деп айткым келбейт, андай болот деп үмүт да кылбайм. Кантип эле оңдогонго, азайтканга же көбөйткөнгө бир нерсе болбосун? Эгерде, жан-дүйнөң мурда билбеген өзүнүн кемчиликтерин көрүп билип турса, бул анын жакшы жагына оогонунан кабар берет. Кээ бир оорулууларды өздөрүнүн оорусун сезишкендери менен куттукташ керек. Мендеги тез жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн сенде да болушун каалар элем: мен ошондо биздин, үмүт, коркунуч, жана өзүмчүлдүк деген немелер ажырата албаган, өмүр аяктагыча бүтпөгөн, ал үчүн өлүмгө да баруудан тайманбаган чыныгы достугубузга бекем ишенмекмин. Мен сага досторун эмес, достуктарын жоготкон көп адамдардын ысмын айтып бере алам. Мындай нерсе жандары бирге, чындыкка умтулган жандарда болушу мүмкүн эмес. Кантип башкача болсун? Алар бардык нерсени, айрыкча жамандыкты тең бөлүшөрүн билишет да. Сен менин күн санап өсүп бара жатканымды байкап жатканымды элестете да албайсың. “Андай болсо, тажырыйба топтоп билип үйрөнгөндөрүң менен бөлүшпөйсүңбү!” –деп жаткандырсың. Ооба, мен сага билгендеримдин баарын айтып бергим келет, сага бир нерсе үйрөтө алсам мен чоң кубанычка батам. Эч кандай билим, мейли ал канчалык терең, канчалык бийик болбосун, бирөө менен бөлүшпөсөм жалгыз өзүмө канаттанууну алып келбейт. Эгерде мага кандайдыр бир акылмандуулукту бир шарт менен: эч ким менен бөлүшпөй жалгыз өзүң пайдалан деп берсе, мен андан ойлонбой туруп баш тартмакмын. Кандай гана жыргалчылык болбосун, ал жалгыз адамга кубаныч тарттуулай албайт. Сага китептерди берип жиберейин, өзүңө пайдалуу нерселерди ар кай жерден издеп убара болуп, убактыңды коротпо, алдылары чийилген саптардан сен менин эмнени жактырып, эмнеге суктанарымды түшүнөсүң. Бирок, айтылган сөздөргө караганда акылмандардын өздөрүнүн үнүн угуп, аларга жанаша жашасаң көбүрөөк пайдасы тиймек. Аларга барып, жанынан өз көзүң менен көрсөң жакшы болмок: биринчиден, адамдар кулактарына караганда көздөрүнө көбүрөөк ишенишет, экинчиден, үйрөнчү нерсеңди бирөөнүн кеңешин миң укканча, анын кылгандарын бир көргөндө тез өздөштүрөсүң. Клеанф Зенондун айткандарын эле угуп тим болсо, ага окшошо алмак эмес. Ал аны менен чогуу жашап, ал өзүнүн түзгөн эрежелери менен жашап жатабы деп байкап жүрбөдү беле. Платон да, Аристотель да жана бир топ акылмандар ар тарапка таркап кетерден мурда Сократтын сөздөрүнө караганда, анын жүрүм-турумунан көп үлгү алышкан. Метадор менен Гермархты жана Полненди Эпикурдун берген сабактары эмес, аны менен чогуу жашашкандары улуу адамдарга айланткан. Бирок, мен сени менден ала турган эле эмес, мага бере турган пайдаң үчүн да чакырып жатам; экөөбүздүн бири-бирибизден үйрөнө турганыбыз көп. Баса, күндө бере турган белегимдин бири, бүгүн Гекатондун бул айтканы көңүлүмө төп келди: “Сен менден эмне жетишкендигиң бар? —деп сурадың, жооп берейин, – “Өзүмө өзүм дос болдум!” Ал көп нерсеге жетишиптир, ал эми эч качан жалгыз калбайт. Билип ал, мындай адамдар бардыгына дос болушат. Аман бол.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.