Сенеканын Луцилийге жазган каттарынан – 3
ЖЕТИНЧИ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Сен кандай нерселерден алыс болуш керек деп сурапсың? Мен топтошкон калың элден алыс бол демекмин. Ага коркунучсуз жакын баруу мүмкүн эмес! Бир кемчилдигимди моюнга алайын: эч качан чыккан кезимдегидей болуп кайтпайм. Тынчтандырып койсом кайра толкуп чыгат, өзүмдөн кубалап жиберген нерселер – кайра кайтып келет. Кудум, көпкө ооруп алы кеткен оорулуу сыртка бир жерин оорутуп алмайынча чыга албай калган сыяктуу, бизде да көпкө сыркоолоп жатып ошол абалга кабылып анан айыгабыз. Өзүң аралашып эле жүргөн адамдар топтошуп алганда, андан жаман душман болбойт. Ар кимиси сага жакындап өз оорусун жугузкусу, жок дегенде булгап салгысы келип турат. Топтошкон элдин саны канчалык көп болсо, ошончолук коркунучтуу. Сырттан көңүл ачыш үчүн эле көз салып карап турган ак ниет адамга да андан зыяндуу нерсе жок: анткени, жаман адаттар адатта ырахаттанып жатканыңда бат жугат эмеспи. Сенин оюңча мен эмнени айтканы жатам? Мен кайра эле сараң, атак –даңкты жакшы көрүп, кооз буюмдарга үзүлүп түшүшкөн жана таш боор, адамга жакшылыгы жок адамдар тууралуу айтайын, анткени мен алардын арасында болдум. Түш маалында болуп жаткан окуяга капыс жерден кабылдым, ал жердеги төгүлгөн адамдын каны жараткан курч сезимдер менин көңүлүмдү алагды кылып, эс алам го деп ойлоп карап туруп калдым. Кайдан! Мурдагы көрүп жүргөн уруштар, уруш эмей эле баланын оюну экен, ал эми азыр тамашалашмай жок, – накта кырчылдашкан кырылыш болуп жатты! Коргоно турган эч нерсеси жок, ачык денелерге көтөрүлгөн кылыч бир да жолу бекер шилтенген жок. Топтошкон элге демейдегидей, күчтүү жоокерлердин жекеме-жеке чыккан уруштарынан, ушундай уруш жакшы окшойт! Анын эмнеси бар экен? Башында туулгасы, колунда калканы жок! Соот-шаймандын эмне кереги бар? Ыкманын зарылчылыгы барбы? Ал өлүмдүн мөөнөтүн гана узартат. Эртең менен адамдар арстандар менен аюларга жем болууга ташталса, түштө — аларды көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачууга курмандыкка чалышты. Мына, ошолор куралсыз адамды кылычтын астына жалтанбай бар деп кыйкырып сүрөп жатышат, а жеңүүчү аларга кийинки урушка чыгарыш үчүн эле керек.Урушка чыккан кишиге ажалдан башка жол жок. Арена бош калганча от менен темир ажалдын куралына айланат.
— “Бирок, ал киши өлтүрүп жатпайбы” – Бүгүн ал өлтүрсө, эртең аны өлтүрүшөт. Бирок, сен кайсы күнөөң үчүн аны карап турушуң керек, бечара? – “Сок, сой, куйкала! Кылычтын мизинен неге жалтанат? Эмне үчүн өлтүргөнгө шашпайт? Эмне үчүн өлгөндөн коркот?” Шапалак шартылдап, аны кылычка жылаңач төшүн тосконго мажбурлайт. Эмне оюнга танапис жарыялаштыбы? Ага чейин убакытты текке кетирбей чала жан жаткан адамдарды өлтүрө беришсин. Жамандык кылса аны жасаган кишиге кайтып келерин эмнеге түшүнүшпөйт? Таш боордукту аны үйрөнүүгө жөндөмсүз адамдарга үйрөтүп жатканыңарга кудайга тобо кылгыла. Жан-дүйнөсү калыптана элек, жакшылык кылууну адат кылып ала элек мадыра баштар элге көп аралашпасын: мындайлар көпчүлүккө тез эле кошулуп кетишет. Ал эмес, Сократ, Катои жана Лелийлер деле, жакшы тилектеринен чоочун элдин арасында баш тартышы мүмкүн эле, ал эми биз, канчалык жаратылышыбызды өстүрүп-өнүктүрбөйлү, тегерегибизден курчап алган кемчилдиктерге туруштук бере албайбыз. Ысырапкорчулук же сараңдыктын бир эле мисалы көп зыян алып келет; эрке дос бизди дагы алсыз, назик жанга айлантат, бай кошуна ичи тардыкты козгойт, арамза жолдош таптаза, жупуну адамды да өзүнүн чириги менен булгайт. Сенин оюң боюнча, биздин жүрүш-турушубузга элдин баары каршы турса эмне болот? Сөзсүз аларга аралашып алар кылганды кыласың, же болбосо аны бүт дүйнөң менен жаман көрө баштайсың. Эми бул жерде тигинисине да мунусуна да барганга болбойт: жамандар көп экен деп аларга аралашып кетпе, аларга окшошпойм деп көпчүлүктү жаман көрбө. Колдон келишинче өзүң менен өзүң бол; сени өстүрөм дегендерге кошул, өзүң өстүрө алам дегендерди жакындат. Бул эки нерсе тең, эки жакка бирдей, адамдар бири-бирин окутуп жатып үйрөнүшөт. Демек, атак-даңк үчүн өзүңдүн таланттарыңды көргөзүп, аны менен мактанба, чогулган элдин алдына чыгып сүйлөштүн, үндү катуу чыгарып окуштун же бир нерсени алар менен талкуулаштын кажети жок; менимче, мындай нерсени сенин ишиң аларга жаккан убакта жасасаң болот, башка убактарда ага эч ким түшүнбөйт. Балким арасында эки-үч адам табылып калар, бирок сени түшүнүшү үчүн да, аларды үйрөтүп окутушуң керек. “Бирок, эмне максат менен окудум дейсиңби? Коркпой эле кой, эмгегиң талаалаган жок: сен өзүң үчүн окудуң. Бирок, бүгүн мен өзүм үчүн окуган жокмун да, мен сага ойчулдардын жакшы айтылган үч сөзүн кезикиргенимди, – алардын үчөө тең бир эле нерселер жөнүдө экенин айта кетейин. Биринчиси карызымдын эсебинен, калган экөөнү келеркинин эсебинен деп бил. Демокрит мындай деп жазат: “Мен үчүн бир адам деле –бир элдей, ал эми бүткүл эл – бир кишидей”. “Анда мында бирөөлөр түшүнгөн искусствого мынча эмнеге баш отуң менен кирип кызмат кыласың деген суроого ким болсо да минтип жакшы жооп берген экен: “Мага аз болобу, бирөө болобу, же такыр эле эч ким болбойбу баары бир.” (бул маселе боюнча да ар түрдүү пикирлер бар) Үчүнчүсү Эпикурга тиешелүү, ал чогуу иштешкен бир окумуштуу жолдошуна минтип жазган экен: “Мен муну элге эмес сага айтып жатам: анткени ар бирибиз башкалар үчүн, эл толтура олтурган театрдай эле барбыз да”. Мына ушундай менин Луцицийим, көпчүлүктүн мактоолорун капарыңа албай, жан дүйнөңдү таза сакта. Көпчүлүк сени колдошот. Эгерде көпчүлүккө түшүнүктүү болсоң эле, өзүңө ыраазы болууга себеп барбы? Башкаларга теңелбей, өзүңө кара! Аман бол!
СЕГИЗИНЧИ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
“Сиз мага топтошкон элден кач, элден бөлүнүп, өзүң менен өзүң бол – деп жазыптырсыз. Ал эми өмүр бою баш көтөрбөй иште деген кеңешиңизчи”—деген экенсиң менин катыма берген жообуңда. – Бирок, мен сага мурда айткандай, көпчүлүккө зыянымды тийгизбеш үчүн өзүм дагы эшикти ичинен жаап алып, эч кимди киргизбей калдым. Бир да күндү, ал тургай түндүн бир оокумуна чейин убактымды бош кетирбей иштейм. Мен укташ үчүн колум бошогондо жатпайм; жедеп көздөрүм жабышып карайлай баштаганда гана жаздыкка баш коём. Мен элдерден жашынган жокмун, мен бардык иштерди, эң биринчи өзүмдүн иштеримди таштап салып, келечектеги муундардын иштерин жасап жүрөм. Алардын керегине жарай турган нерселерди жазып жатам, өзүмдүн жараттарымдын айыгуусуна шыпаа болгон (жараттарым таптакыр айыкпаса да, ырбап кетпей айыга баштады), керектүү дарынын курамын жазган сыяктуу, баалуу кеңештеримди ак баракка түшүрүү менен алекмин. Мен башкаларга өзүм өтө кеч тапкан туура жолду көргөзүп жатам, адашып жүрүп тажаганда минтип кыйкыргам: “ Топтошкон эл жактырган нерселерден алыс болгула, күтүүсүздөн болгон окуялардан сактангыла! Жакшы көрүнгөн нерселерден чочугула жана шектенгиле! Суудагы балыктар дагы, кургактагы айбанттар дагы таттуу үмүттөрүнө алданып торго түшүшөт! Муну силер тагдырдын белеги деп ойлодуңар беле? Жок бул тартылган тузак. Кимде-ким жашоосун коопсуз өткөзөм десе, анда оңой эле келип калган олжого жеткенсип делөөрүп алган, бизге окшогон бечараларга тартылган тузактагы даамдуу аштай болуп, өзүнө азгырган, сырты жалтырак кооз нерселерден алыс болушсун. Андай нерселердин артында туңгуюкка кетчү жол жатат. Бийиктикке көтөрүлгөн жашоонун аягы – ылдый карай кулоо менен бүтөт. Анан, бакыт ийри-буйру жолго салса, ага каршылык көргөзбө.
Түз алдыга карай сүз, же чөгүп кет! Ийгилик буйталактатып олтурбайт, – ал аңтара салып, ташка чабат. Денеңерге аны жакшы абалда жүргөндөн ашыкча кам көрбөгүлө, так ошондой жашоо мүнөзү – сергек жашоонун жана ден-соолукта болуунун эң туура жолу. Денеңерге жан-дүйнөңөрдү бийлетпегиле: тамак–аш курсакты ачырбасын, ичимдиктер суусунду кандырсын, кийим сууктан сактасын, ал эми үй – бардык коркунучтардан коргосун. Үй топурактан салынганбы же чет элден ташылып келген кооз таштардан салынганбы, ал баары бир: билип койгула саман үй менен алтындан салынган үйдө жашоонун айырмасы жок: билип алгыла, саман үйдө жашаган, алтындан салынган үйдө жашагандан жаман эмес. Элге көрүнүш үчүн жасалган кооздукту жаратууга кеткен кайран эмгек! Эсиңерде болсун: жан-дүйнөдөн башка нерселер суктанууга татыксыз, ал эми аруу, таза жан-дүйнөгө кандай гана суктануулар болбосун аздык кылат. Мен ушинтип өзүм менен сүйлөшүп жатканым, келечектеги муундар менен сүйлөшкөнүм, сенин оюңча мен соттогу ишеничтүү адамдан же болбосо мураска мөөр басып берген же болбосо сенатта кызматка сунуш кылынган адамга добуш берген кишилерден аз пайда кылып жатамынбы? Ишенип кой, сен бекерчидей көрүп жаткан киши кудайга да адамдарга да бирдей маанилүү иштер менен алек болуп жүрөт. Бул катты жазып бүтүрүүгө жана менин эрежеме ылайык сени менен бир нерсе кылып карызымдан кутулууга да убакыт келди окшойт. Өзүмдүн кампамдан эмес; мен дагы эле Эпикурдун эмгектерине көз жүгүртүп жүрөм, андан мындай сөздөрдү окудум: “Чыныгы эркиндикти табам десең, философиянын кулу бол”. Эгер сен бул нерсеге ишенип, ага баш ийсең, иштериң күндө эртеңкиге калбайт: сен дароо эркин болосуң. Анткени, философияга кул болуунун өзү эркиндик. Балким сен эмнеге эле өзүбүздүкүн албай, Эпикурдун таамай айтылган эң сонун сөздөрүн көп келтиресиң деп жаткандырсың. А эмне үчүн сен мындай сөздөр жалпы элге эмес, бир гана Эпикурга тиешелүү деп ойлойсуң? Канча акындар философтор айткан, жана алар айта турган сөздөрдү айтып жүрүшөт! Мен маанилүүлүктүн белгилерин сактап, трагедия менен комедиянын ортосунда турган биздин оюндарыбыз жөнүндө айтпай эле коёюн: сөзү жок, кыймыл менен ойнолгон оюндарда деле эмне деген гана чечендик менен айтылган мыкты саптар бар! Публийдин көпчүлүк ырларын такасыз жалпак сандалчан эмес, бийик такалуу бут кийим кийип окуганга татыктуу! Мен анын философияга, биз жаңы эле кеп кылган маселеге тиешеси бар бир ырынан келтире кетейин; анда акын капыстан колго тийген буюмду меники деп эсептешке болбойт деп ишендирет: Башканын буюму, сенин каалооң боюнча капыстан эле башыңа кулап тийген нерсе. Бирок, менин эсимде, бул нерсени сен мындан да жакшы айткан элең: “Оңой келген олжонун, бизге тиешеси жок”. Ал эми бул айтканың андан да мыкты: “Бизге берилген нерсенин баары, кайра тартып алынышы мүмкүн”. Бирок, муну менен мен карызымдан кутулдум деп ойлобойм: болгону өзүңдүкүн өзүңө кайра бердим. Аман бол.
ТОГУЗУНЧУ КАТ
Сенека Луцилийге салам айтат!
Сен Эпикур каттарынын биринде акылманга өзүнөн башканын кереги жок экендигин, ошондуктан ал эч кимдин достугунуна муктаждыгы жок деп айткандарды катуу тилдегени туурабы, ошону билгиң келиптир. Бул дооматты Эпикур Стильпонго жана ким жыргалдын туу чокусунда жан-дүйнөңө эч нерсенин кереги жок болуп турган кез, — деген ойдо жүргөн адамдарга карата койгон. Чынында эле, awaeia деген сөздү которсок, кыскача, “чыдоо” деген кош маанини түшүндүргөн сөздү алабыз. Бул жерден ойлогон оюбуз менен, сөзүбүз карама-каршы болуп жатат деп ойлошубуз мүмкүн. Мисалы биз: “Кандай гана оору болбосун, жан-дүйнө үчүн баары бир” деп айткыбыз келген. Бирок аны: “Эч бир ооруну көтөрө албаган жан-дүйнө” – деп да түшүнүүгө болот. Өзүң байкап көрчү, “эч нерсени тоотпогон жан” же болбосо “кандай азап-тозок болсо да чыдай билген” деп айткан жакшыраак эмеспи. Дал ушул жерден алардан биздин айырмачылыгыбыз даана байкалат: биздин акылман бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгат, бирок алардын ар бирин сезиминен өткөзөт. Алардын акылмандарында сезим деген неме жок. Алар менен биздин окшош жагыбыз: алар дагы, биз дагы акылманга достун кереги жок, бирок, өзүнө-өзү канчалык ыраазы болуп манчыркап турса да, жакшы дос, жакшы кошуна жана жакшы жолдоштуу болгусу келет деп эсептейбиз. Өзүң ойлоп көрсөң, өзүнүн аман-соо калган мүчөсүнө эле ыраазы болгон адам, өзүн канчалык бийик кармарын. Эгерде оору же душмандары аны бир колунан ажыратышса, же кырсыктан улам бир көзү агып сокур болуп калса деле акылманга денесинин аман калган бөлүгү эле жетиштүү, ал ошол майып абалына көңүл бурбай, мурдагысындай эле шайыр-шатман жүргөнүнөн жазбайт. Бирок, ал жоготкон мүчөсүнө кайгырбаса да, соо жүргөн кезин артык көрөрү бышык. Дагы бир тактап койчу нерсе, акылманга достун кереги жок болгону, ал анын досторсуз жашагысы келгенинен эмес, ал аларсыз деле жашай алганында. Жашай алат деп айткан себебим: алар жоготууларга адатта боло жүрчү нерсе сыяктуу мамиле кылышып, бир кебелип койбостон кабыл алышат. Алар эч качан досторсуз калышпайт, аны алмаштырам дешсе өз эрктери. Фидий эгер статуясын жоготуп алса, дароо эле жаңысын жасап алмак. Ошо сыяктуу эле, – ал, жаңы досту табуунун чебери, – жоготкон эски досунун ордуна башка дос таап алмак. Сен бирөөнүн достугуна кантип ылдам эле жол тапса болот деп сурарсың; эгерде мен азыр карызымды берип, бул кат үчүн эсептешип болдум деп келишип алсак, анда бул сурооңо жооп берейин: Гектон мындай дейт: “Мен сага эч кандай мээр чөпсүз, эч кандай дары-дармексиз, эмчи-домчуну дубасы жок бир мыкты каражатты көрсөтөйүн. Эгерде, сени бирөөлөрдүн сүйүшүн кааласаң, — өзүң да сүйө бил.” Сыноодон өткөн эски досчулук эле айтып бүткүс жыргал алып келбейт, жаңы башталган достук да андан кем эмес ырахат тартуулай алат. Эски дос менен жаңы достун айырмасы, орок оргон адам менен эгин сепкен адамдын айырмасындай эле. Философ Аттал көп жолу кайталаптыр: сүрөтчүгө сүрөттү тартып бүткөндөн көрө тартып жаткан учуру кызык, достукка татыктуу болуу, зордоп дос болуудан бир топ жагымдуу. Ким чыгармачылыктын түйшүгүнө жан-дүйнөсү менен берилип киришкен болсо, ал түйшүктөн айтып бүткүс ырахат табат. Чыгармасын жазып бүткөн соң, ал анчалык ырахаттанбайт; эми ал өзүнүн искусствосунун жемишине кубанат, ал эми жазып жаткан учурда аны искусствонун өзү кубантып турчу. Балдарың кол арага жарап чоңойгондо пайдасы көбүрөөк, бирок кичинекей кездери эле татынакай. Эми кайра өзүбүздүн маселеге келели. Мейли акылманга достун кереги жок болсун, ошентсе да ал жок дегенде ушундай улуу, изги нерсенин ордун бош калтырбаш үчүн, же болбосо Эпикур өзүнүн ошол эле катында жазгандай “ооруп калганда же бир кыйын кезеңге туш болгондо жаныңда бирөөнүн турушу үчүн эмес, досуң ооруп калганда анын жаныда болуу же аны душмандарынын курчоосунан бошотуу үчүн”, жан аябас жан досунун болушун каалабай койбойт. Өз кызыкчылыгын эле ойлоп достошкон достуктун келечеги жок, – кандай башталса ошондой бүтөт. Ким аны чынжырдан бошотуп алуусу үчүн эле достошсо, чынжыр жерге түшкөнчө эле ал достук бүтөт. Мындай достукту элде убактылуу жарма достор деп коюшат. Пайда көрүш үчүн достошсок, ал бизге пайдасы тийип турган кезде гана сүймөнчүктүү. Ошондуктан иши оңолгондордун айланасында айланып кетпеген толтура достор жүрүшөт, иши тетир айлангандардын айланасы какыр чөлдөй, – жан адамды издеп таппайсың. Сыноо башка түшкөндө көп досторду таппай каласың. Бири корккондон таштай качса, бири корккондон сатып кетет. Башталышы кандай болсо, аягы да ошондой бүтөт, башкача болушу мүмкүн эмес. Өз пайдасын көздөп дос күтүүнүн аягы, достукка чыккынчылык кылуу менен аяктайт. Мага достун эмне кереги бар? Ал үчүн керек болсо жанымды курман кылып, ал үчүн куугунтук жеп, анын өмүрү үчүн күрөшүп, өмүрүмдү бергенге даяр болуш үчүн керек. А сен катыңда жазып жаткан, өз кызыкчылыгы үчүн, андан бир пайда көрүүнү көздөгөн достук, достукка жатпайт, – ал жөн эле келишим. Сүйүшкөндөрдүн мамилеси достукка жакын экени шексиз, аны акыл-эске сыйбаган достук десе да болот. Бир пайда табыш үчүн сүйүүгө болобу? Же атак-даңк үчүнбү? Сүйүүнүн өзү, башка нерселерди көзгө илбей, жан-дүйнөңдү сулуулукка суктандырып, назик мамилени үмүт кылгандан кур эмес. Бул кандайча? Чындап эле, напсини жашырбай ачыкка алып чыгуу, уят-сыйытты билбеген кумарга батууга алып келеби? Сен балким мага макул эместирсиң: “Азыр сөз ал жөнүндө эмес, дос деген бирөө жаныңда болуш үчүн элеби, же башка максат мененби, дегеле жалган достукту издештин кажети барбы”. Мына, дал ушул нерсени далилдеш керек. Анткени, сен достукту өз кызыкчылыгың үчүн эле издеген болсоң, демек, өзүнөн башкага муктаждыгы жок адам да аны ошол эле максатта издеши мүмкүн.
– Ал анан аны кантип издейт?
– Пайда табам деп ойлобой, эң бир кооз нерсени издегенсип, ийгиликтин өзгөрүлмө мүнөзүнөн коркпой издөөсү зарыл. Кимде ким балким кереги тийип калбасын деген максатта дос күтсө, ал анда улуу достуктун баркын кетирет. Акылманга достун кереги жок. Көпчүлүгү Луцилий, бул ойду тетири чечмелешет: акылманды куугунтукка алышып, аны өз оюн сыртка чыгарбай бекинип алганга мажбурлашат. Бул айтылган нерсени жакшылап карап көрүш керек, андан канча жана эмнени күтсө болот. Акылманга жалгыздык жөн эле жашоо үчүн эмес, рахат алып жашоо үчүн керек. Жашоо үчүн көп нерселер керек, ал эми рахаттанып жашаш үчүн капыстан келген ийгиликти жек көргөн таза жана бийик жан-дүйнөнүн болушу абзел. Ушул жерден Хрисипптин айканына кайрыла кетейин. Ал мындай дейт: Акылманга көп нерсе зарыл болуп турса да, ал эч нерсеге жутунбайт, акылы чолок адамга эч нерсенин кереги жок, анткени ал эч нерсени пайдаланышты билбейт, бирок ал көп нерсеге муктаж. Акылманга күндөлүк турмушунда ансыз жашай албай турган колдору, көздөрү сыяктуу мүчөлөрүнөн башка эч нерсенин кереги жок. Анткени муктаждык – бул зарылчылык, ал эми акылман эч нерсеге зарыл эмес. Демек, акылман өзүнөн башка кишини жактырбаса да, ал досторго муктаж, жана алардын мүмкүн болушунча көп болушун каалайт, бирок ал рахаттанып жашоо үчүн антпейт, – анткени ырахаттанып достору жок деле жашай алат. Жыргал сырттан келбейт, ал үйдө жаралат. Эгерде, анын кандайдыр бир үлүшү сырттан келсе, аны капсынан келген ийгилик катары санасаң болот. “Камаккка алынган, сүргүнгө сырт жерге айдалган, алыскы жактарга деңизде буйдалып жүрүп, ээн жээкке ташталган акылман, досторсуз кандай абалда болот?” Дүйнө көлкүлдөп, кудай менен биригип, жаратылыш кыймылсыз катып турган көз ирмемде, аны тиктеп ойго чөмүлгөн Юпитердей, акылман да ойго батып, өзү менен өзү калат. Азырынча болсо, ал өз иштерин көңүлү каалагандай чече алат, ал эч кимге муктаждыгы жок болсо да аял алат, балалуу болот, эч кимге муктаждыгы болбосо да, бир да адамды көрбөй жашагыча, жашабай деле коё алат. Аны досчулукка кызыкчылыгы эмес, өзүнүн табияты тартат. Жаратылыш биздин табиятыбызга көп нерселерди, анын ичинде достукту да буйурган эмеспи. Жалгыздык бардыгына кандай жагымсыз болгон сыяктуу, бири-бирине ыкташып жашоого умтулуу, адамдарды жакындаткан сыяктуу эле бул жерде да кандайдыр бир сезимдер досчулукка барууга түртөт. Бирок, досторду акылмандай эч ким сүйө албаса дагы, ал досторун дайыма өзүнө тең катар, кээде өзүнөн да бийик көрсө дагы, – ал бардык жыргалдын булагы өзүндө деп ишенет, жана Эпикур өз катында тийишип кеткен Стильпондун сөзүн кайталайт. Стильпондун туулган шаарын душмандар ээлеп, аял менен балдарынан ажырап, өрттөнүп жаткан үйүнөн жалгыз чыгып, баштагысындай эле өз ойлорунуна маашырланып рахаттын кучагында жүргөндө Деметприй, көп шаарлардын талкалаганын улам Полиоркет деп атыккан бирөө андан, Стильпондон, эмнесин жоготконун сураса ал минтип жооп бериптир: “Менин бардык жыргалымдын бардыгы өзүмдө!” Мына, кандай гана эр жүрөк жана чечкиндүү адам! Ал жеңүүчү болгон адамды да жеңип алган. А: “Мен эч нерсемди жоготкон жокмун” –деп айтуусу менен тигини өз жеңишинен күмөн санатууга жетишкен. “Бардыгы өзүмдө” – дегени, акыйкаттыгы, ак көңүлдүгү, акыл-эси, тартырып жибере турган нерсени буюм катары көрбөгөн жөндөмдүүлүгү өзү менен болуп жатпайбы. Биз оттон денесине залал тийгизбей өткөн жаныбарларга таң калабыз; бирок, куралдуу күчтөрдөн, от менен жалындан жана кыйроолордон аман-эсен чыккан бул адам кандай таң калыштуу! Кээ бирде, бир элге караганда бир кишини жеңүү кыйын экенин көрдүңбү? Анын сөзү – өрттөлгөн шаарлардан күйбөй чыккан кажыбас кайраттуу философтун сөзү. Анткени, ага өзүнөн башканын кереги жок, – анын бакытынын чеги ошол. Сен биз эле акылдуу сөздөрдү айтат экенбиз деп ойлоп калбаш үчүн – билип ал, Стильпонго доомат койгон Эпикур ушуга окшогон оюн билдириптир, бүгүнкү карызымдан кутулсам дагы, аны кабыл алып кой. “Колундагы болгон нерсеге каниет кылбаган адам аны дүйнөнүн ээси кылсаң дагы кедей боюнча кала берет.” Эгерде, айтылышы жакшы десең (негизи сөздөргө эмес, маанисие көңүл бурган оң): “Ким өзүн жыргалда жашап жатканын сезип билбесе, ал дүнүйөнү башкарып турса дагы бактысыз адам.” Бул баардыгына тиешелүү ой, демек, табияттын сага бергени ошол, андан башка аны аалам акынынан да табасың: Өзүн бактылуу сезбеген адам бактысыз. Сен өзүңдү жаман жашап жатам деп ойлосоң, кандай жашап жатканыңдын мааниси барбы? “Анда эмне, –дейсиң сен, –таза эмес байып жыргап жаткан жүздөгөн кулдардын ээси, өзүн макоомун деп жарыяласа, анда ал өз өкүмү менен макоо болгон болобу?” Жок кеп анын айтканында эмес, кеп анын эмнени сезгенинде, болгондо да бүгүнкү күнү эмес, ар дайым сезип жүргөнүндө. Ошондуктан, ушундай улуу нерсе татыксыз немеге тийип калат деп коркууга себеп жок. Акылман барына ыраазы, акмак баарына нааразы болуп, кыйналып жүрүп өтөт. Аман бол.
Которгон Абийрбек Абыкаев