Атахан КОЖОГУЛОВ: “Каректеги кайран акын”

Мен бала кезде биздин үйдүн бурчундагы көк текчеде атамдын китептери болор эле, ошол китептердин арасында мага тааныштары дагы тизилип турчу. Мурда кызыгып окуп калгандарын кайра барактап, же болбосо бөлмөгө баш бакканда жакынсынтып карап алар элем. Болжол менен 7-8 жашта болсом керек, бир жолу ошол китептердин ичинен бир жупкадай кичинекей жашыл китепче көңүлүмдү бурду. Китептеги ырларга тереңден түшүнө бербесем да, кайра-кайра окуйм, таарсирленем, кыялданам. Ал китепчени жоготпой мен студент кезимде дагы ала жүрдүм эле. Бул кичинекей ачык жашыл түстөгү китеп Жолон Мамытовдун 1971-жылы жарык көргөн “Убакыт” деген ыр жыйнагы болчу.

Негедир азыр дагы ал китепти колума алганда ошол таттуу балалыгыма бир барып, жөн эле барып келбей, кадимкидей көз алдымдан баарысын сыдыргыга салып өткөрөм. Азыр ойлосом, ошол балалык күндөрдөн эле Жолон Мамытовдун бул китеби менин колума калем алып ыр жазып калышыма таасир берип, бул түмөн түйшүктүү керемет дүйнөгө жетелеп кириптир.

Мен ошол алгач ыр жазганга кызыгып жүргөн күндөрдө деле “Манас” баш болгон көлөмдүү эпосторду, кичи эпосторду, дастандарды айтпаганда, көп эле китеп окудум, бирок көбү эсимде калганы жок. Көрсө менин балалык дүйнөмдү Жолон агамдын ушул кичинекей ыр китеби антар-теңтер кылып, өзгөртүп, бир мага белгисиз жактарга жетелеп жөнөгөн экен. Чынында, бул жыйнакка кирген ырларды Жолон ага, толкуп-ташып турганда, жөн жазбай жалындап күйүп жазса керек деп калам. Акындын башка китептеринен да, ушул китеби менин жүрөгүмө жакындыгы барын сезем.

Береги саптар да, ушул китебинде:

Качандыр бир жаралам деп ойлоном,
Бул чеги жок табияттын колунан.
Аалам кезип, айланычтуу жол менен
Кайра баштан мен жашоого жолугам…

Убакыттын тамырын кармап, убакыттын өзү сезилген, кайталангыс ырлар бул мен кеп кылып жаткан Жолон Мамытовдун “Убакыт” аталган жыйнагында арбын. Аларды кези келгенде келтирейин.

Бой тартып бирин-экин ыр жазып калган окуучулук күндөрдө да классташтарыма Жолон аганын өзүмө жаккан ырларын окуп берген учурлар болду. Ыр окуганга ошол күндөрдө кызыгуу абдан күчтүү болгон экен, улам ырга болгон шыкты, сүйүүнү ойготкон оттой алоолонгон ырларды жазган акынды көрсөм деген асыл тилегим да анын китебин колума алган сайын эсиме келе берчи. Кийин бой тартып калганда үйгө келген гезиттердин биринен сүрөттү менен жарыяланган жаңы ырларын окугам.

Бул өмүрдө баары эскирип, баары кыйрайт тура, бул жашыл жука китепчедеги ырлар,менин балалыгымдын калган эч качан эскирбей, кыйрабай турган асыл дүйнөм болуп, мага дем берип, жүрөк ооруп, көңүл бүлүнгөндө кайрат берип келиптир. Кыргызда акын көп, бирок Жолон Мамытов жалгыз! Ал ырларын жашап жазган, ошондуктан таасирдүү, күчтүү!

Кыргызда мыкты акындар бар, бирок Жолон Мамытов бирөө! Ал ырында кашкайган чындыкты гана жазган!

* * *

Мен балалыгымды окуган китептерим аркылуу эстеп, көз алдыма алып келем. Ошондой китептеримдин бири Жолон Мамытовдун “Убакыт” деген ыр жыйнагы болду. Убакыттагы ырлар менин балалыгымды бир керемет дүйнөгө жетелеп барган, жөн гана алып барбай, ыр жазганга түрткү берген, бир дем, күч десем болот. Бул китепте “Экинчи арноо” аттуу ыр бар, ал ыр:

“Көөнүм түшкөн бардык, бардык кыздарга,
Жана дагы жалгыз Сага арналат”, – деп туруп башталат. Бул ырды алгач окуганда эле жагып калды эле, анда мен 3-класстын окуучусу болсом керек. Балким менин да жүрөгүмө алгачкы бир таза сезимдер келип, мага тынчтык бербей, мени чексиз кыялдарга жетелеп, ойго салгандыр. Студенттик күндөрдүн да көркүн ачып, ар дайым менин чөнтөгүмдө жүргөн Жолон аганын бул кичинекей китебин менин курсташтарым, ыр жандуу, жогорку курстун студенттери да, кадыр-көңүл кылып, сурап, окуп кайра беришчи. Ошол учурда, Омор Султановдун, Жолон Мамытовдун ырларын курсташ балдарга, кыздарга, өзгөчө бир бөлмөдө жашаган Кантемир Саалаев, Эсенбай Саргашкаевге жатка окуп берчүмүн. Ыр, күлкү коштогон унутулгус кечелер, айрым учурда биздин истфактан башталып, коңшулаш жатаканада турушкан филфактын чымындуу чоң акындарынын бөлмөлөрүндө, чакан поэзия кечелери талкуулар менен уланып кетчү.

Филфактын жатаканасынан алгач, ошол кезде кадыресе аты таанылып калган жаш акындар Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев, Курманаалы Сарысеитов менен таанышып, чөнтөгүмдөн Жолон аганын кичинекей жашыл китебин, өзүмдүн ыр жазган сары блокнотумду кошуп сууруп чыгып, тарыхчылар да ыр жазат деп туруп окуп берген элем. Мындай филфактын чоң акындары менен болгон поэзия майрамдары чанда, бирок эсте кала тургандай өтчү. Алик, Барчынбек байкелер менин ырыма курч сын айтышканы менен, “азаматсың, баатыр, Омордун,Жолондун мыкты ырларын жатка окуйт экенсиң” дешип, жакшы ырлардын ой-кырына чыгарып, акыл, кеңештерин да айтып, түн бир оокумга чейин отурганбыз. Андан бери далай суу акты, жаңы эскирди, жасалган нерсе сыныптыр, ал эми мен аздектеп келген Жолон Мамытовдун ырлары эскирбей, тескерисинче, улам бийиктеп, тереңдеп, көңүл төшөп, талдап окуган, табити күчтүү окурманга улам бир белгисиз өңүрү ачылып, жубар берметтей баалуу.

Жолон аганын калемдеш достору, Жолондой эч ким ыр окуй албайт да, чиркиндики, Жоке ыр окуганда деп, тамашанып кеп кылып жүргөндөрүн көп эле уктум. Аттигиниң, ошондо Жолон Мамытовдун ыр окуп атканын көрбөй калганыма өкүндүм. Бардык ырларын эле, өзгөчө окурмандарга жаккан мыкты ырларын жатка окуганда, залда чымындын учканы угулуп турчу дешет. Бул да калетсиз чындык, ар бир сабын боор этинен сууруп алып, ар бир сабынын түбүндө түнөп, изденип жазган акын гана ушундай ырларды жазып, жүрөккө жеткире мыкты окуй алат. Анын “Экинчи арноо” деген ырын бирге окуйлу:

Элестетчи тоодон түшкөн дайраны,
Дал ошондой кагат мезгил канаты.
Жасап алып, токтотууга кайра аны,
Жетпей калган табияттын чамасы.

Көкүрөктө өлүү жаткан сезимди,
Сен бир кезде ойготконсуң жан салып.
Мен түбөлүк ойлой берем өзүңдү,
Ошол күндөн узасам да канчалык.

Кандай күчтөр торой алмак ал ырды,
Кайсы мыйзам ашыктыкты чектемек?
Өчүрүүгө көөдөндөгү жалынды,
Чыкса чыгаар өлүм гана бетме бет.

Жүрөктөгү куюн канды сапырат,
“Кайдасың сен, перизатым кайдасың? “
Алоолонуп үмүт күйөт чатырап,
“Кайдасың сен, перизатым кайдасың?”

Мажнун болуп издейт жаштык Лайлисин.
“Кайдасың сен, перизатым кайдасың ?”
Тегеренет жер алмашып жай кышын.
“Кайдасың сен, перизатым кайдасың?”

Элестетчи тоодон түшкөн дайраны,
Дал ошондой кагат мезгил канаты.
Жасап алып, токтотууга кайра аны,
Жетпей калган табияттын чамасы.

Сен бир кезде мага берип башталыш,
Таштап коюп, азыр эми кайдасың?
Туйгансыңбы күчүң жетпей калаарын,
Таппасыңды бул илдеттин айласын?

Дүйнө туман. Асман туман. Жер туман.
“Кайдасың сен, перизатым табылбас?”
Дайның улап алыс кеттим Журтуман.
“Кайдасың сен, перизатым табылбас?”

Алоолонуп үмүт күйөт чатырап.
“Кайдасың сен, перизатым табылбас?”
Жүрөктөгү куюн канды сапырат,
Сени жоктоп жүрөк кагат добулбас!.. – мына ушундай,.. бул ырды кайра, кайра окугум келет!

* * *

Убакыт зымырап учкан ак канаттуу куштай тездик менен өтүп барат. Ошол убакытка баш ийбей, улам ыр мейкини кеңейип, бийиктеп бараткан Жолон агамдын адамдыгына, акындыгына суктанып, сагынганда ырларын кайрадан окуп турган адатым бар. Өзү дагы жыйырма биринчи кылымдын акындарынан чоң үмүт кылып, сонун ыр жараткан. Уучубуз куру эмес экен, мыкты жаш акындар кыргыз поэзиясын  бийиктетип, Жокебиздей керемет ырларды жарата ала турганына ишенем. Эң өкүнгөнүм  Жолон Мамытовдун өмүрүнүн кыскалыгы, жана да, анын жазылбай калган ырлары, ушул кемтик өксүтүп, өкүнтө берет…

1-март, 2021-ж.

Автордун фейсбук баракчасынан алынды

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.