Болот ТАШТАНАЛИЕВ: “От дегенден ооз күйбөйт!!!”

Гимн кандай болушу керек эле? 

Бүгүн бул суроо ар бирибиздин жана баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп туру. Атажуртубуздун тагдырына кайдыгер карай албагандай, мамлекеттүүлүктүн атрибуттарынын бири болгон гимндин тагдырына да кайдыгер карай албайбыз.

Талаш жок, гимн кандай болушу керектигинин, так рецепти да, эрежеси да, дал мына ушундай болушу керек деген так аныктамасы да жок. 

Франциянын мамлекеттик гимни “Марсельеза” 1795-жылы расмий кабыл алынган. Аны 1792-жылы эч кимге аты-жыты белгисиз, катардагы француз инженери Клод Жозеф Руже де Лиль согуш маршы катары жазган. Андан бери эки кылымдан ашуун убакыт өтсө да, өгөйлөнбөй, жерилбей жашап келатат. 

АКШнын мамлекеттик гимни The Star-Spangled Banner («Знамя, усыпанное звёздами») Фрэнсис Скотт Кинин калемине таандык. Ал 1814-жылы 14-сентябрда жазылган «Оборона Форта Макгенри» поэмасынын тексттинен алынган.

Аталышынан эле көрүнүп тургандай, ал поэманын бүгүнкү күн менен эч кандай тиешеси жок. Бирок, азырынча АКШ аны өзгөртүү маселесин көтөрө элек.

Боордош Түркиянын гимнин 1922-жылы улуту албан Мехмет Акиф Эрсой жазып, 10 сабак ырдан эки куплети гимн үчүн тандалып алыныптыр. 

Кими га ё – Япониянын гимни. Гимндин текстти Хэйан доорунда түзүлгөн вака салттуу япон стилиндеги ырга негизделген экен. 

Да продлится царство твоё
Тысячу, восемь ли тысяч
Колен, доколе
Мох не украсит скалы,
Выросшие из щебня.

Гимндин текстти болгону эле ушул беш сап ыр.

2006-жылдын 7-январында кабыл алынган Казакстан Республикасынын гимнине 1956-жылы жазылган Жумекен Нажимеденовдун ыры негиз болгон. Албетте, оӊдоолор менен. Ошол кездеги казак эл башы Нурсултан Назарбаев айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизип, гимндин текстине авторлош болгон. 

А дейбизби, бу дейбизби, кошуна мамлекеттин гимнинин жаӊыланган текстти 1992-2006-жылдардагы кызмат кылган гимни менен асман жана жердей айырмасы бар.

Төрага Н.Шакиевдин демилгесинен кийин, бизде да гимндин жаӊы тексттине сыноо жарыяланган эле. Сынактын биринчи айлампасы ийгиликсиз аяктап, экинчи айлампасында №24, №25, №26, №79, №83 номерлүү тексттер тандалып алынып, музыка жазуу үчүн сунушталды окшойт.  

Гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссия тарабынан тандалып алынган 5 текст коомчулук арасында талаш-тартыштарды жаратып, ача пикирлер, кайчы көз караштар айтылып жатат. Минтип ар кандай ойлордун айтылышына толук негиз бар.

Эгер №00-24, №00-25, №00-26 тексттерди текстологиялык жактан салыштыра турган болсок, анда бул тексттер бир автордуку экендиги эч шек жаратпайт. 

Автор №00-26 текстте: 

“Ак шумкар өӊдүү канатчан,
Асманда сызып бараткан.
Азаттык сүйгөн элиме,
Асыл жер берген Жараткан”, – десе, 

№00-25 текстте: 

“Абалтадан көктө шаӊшып канатчан,
Аба жиреп алга сызып бараткан.
Ак шумкардай менин эркин элиме,
Ажайып кооз жерди берген Жараткан”, – деп бир эле ойду, идеяны кайталаган. 

“Ак шумкар”, “азаттык”, “канатчан”, “Жараткан” ж.б.у.с. сөздөр эки текстте теӊ кездешет. Эки текстте теӊ бирдей эле ойлор айтылган. Сүйлөм түзүлүштөрү, уйкаштыктар гана башка. 

Эми кайырмаларын салыштырсак, №00-24 менен №00-25 кайырмалары сапма сап, сөзмө сөз бирдей: 

“Бийиктикке желбиретип тургузган,
Биримдиктин нуру тарайт туубуздан!
Сени менен ажырагыс бүтүнмүн,
Согуп турган жүрөгүмсүӊ, Кыргызстан!” 

№00-24 менен №00-25 тексттердин кайырмасы “Согуп турган жүрөгүмсүӊ, Кыргызстан!” деп аяктайт. №00-26 текстте да: “Жүрөгүм сенсиӊ, Кыргызстан” деген сап кездешет. 

Демек, бул үч текст да бир эле авторго тиешелүү экени эч талаш жаратпайт. Андай болгондо, Гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссия сынакка келген 132 тексттин арасынан бир авторго тиешелүү 3 текстти кантип камырдан кыл сууругандай таап чыкты экен?!! Бизди таӊ калтырган ушул нерсе.

Мен гимн долбоорунун сынагына катышкан эмесмин. Андыктан, кимдин текстти өтсө да эч кандай ич тардык жок. Кеп, кимдин текстти эмес, кандай текст өтө тургандыгында. 

Эми бул тексттердин мазмунуна келсек, 3 текст да ушул турушунда гимндин текстти болууга жарабайт. Үчөө да орто саар эле тексттер. Үч текстте да логикалык жактан бүтүндүк, ырааттуулук жок. Эӊ башкысы, бул тексттерди жазган автор өзүнө ишенген эмес. Эгер, автор өзү жазган ыр гимндин текстти боло турганына ынанган, ишенген болсо, минтип үч башка текст жазбайт эле. 

“Ардагым, ыйык мекеним,
Аманат сенсиӊ Манастан” (№00-26),

“Медеримсиӊ, ыйыгымсыӊ, даӊкымсыӊ,
Менин асыл, кут даарыган Мекеним!” (№00-24), 

“Куттуу өлкөм, ыйык журтум, бешигим,
Курдуӊ достук, ынтымактын сепилин” (№00-25) – деген саптар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?!! Эмне жүк көтөрөт!!

Же:

“Жалпы журт бийик тургузган,
Жарык нур тарайт туубуздан” (№00-26)

“Мезгил менен теӊ жарышып өнүккөн,
Менин өлкөм эгемендүү, кубаттуу!” (№00-24)

“Ала-Тоодой зор максатты артынып,
Алтын доордун ачып кирдиӊ эшигин!” (№00-25) – деген саптарды алалы. “Жарык нур”, “алтын доор”, “эгемендүү, кубаттуу” деп койсо, текст ошондон кубаттуу, салмактуу болуп кетеби?! Мунун баары бул саптардын автору өзү ишене бербеген карандай эле калп сезимдер!

Кыскасы, бул үч текстти майда-чүйдөсүнө чейин териштирип отургубуз келбейт. Анысында да, мунусунда жаӊы ой, жаӊы идея жок. 

Мындай патриоттук нуктагы тексттер мурдатан эле акындарыбыз тарабынан жазыла келген. Эгер издештире келсе, мындан мыкты деле тексттерди табылышы мүмкүн.

Интернет желесинде №00-79 номерлүү автордун: 

“Канча жолу өчүп кайра тирилдик,
Касиеттүү эл катары билиндик.
Түндүк, түштүк – алып учкан кош канат,
Түбөлүккө бекемделет биримдик”, – деген примитивдүү саптарына сын айткандар толтура жана анын өзү өтө жүйөөлүү. Бул саптар чындыгында эле анын авторунун ой чабытынын дараметин, кимдигин көрсөтүп турат. Биз адатта “кыргыз менен казак”, “кыргыз менен өзбек” куштун кош канатындай деген эпитетти колдонобуз. Ал эми түндүк менен түштүк түшүнүгү бул саясатчылардын ойлоп тапканы. Шайлоолордо жана кадр тандоодо атайы басым жасалган бөлүнүп-жарылуучулукту эми аӊ-сезимдүү түрдө гимнге киргизгенибиз эле калган экен да. Мындай копол, саясий жактан күмөнү бар тексттин гимн үчүн тандалышы чоӊ саясий ката жана Гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссияга абийир апкелбейт деген ойдобуз. 

№00-83чү текст да ушул турушунда гимндин текстти болууга жарабайт.

“Алтүндөсү топ жылдызды үркүтпөй,
Ай-асманды тиреп турган түркүктөй.
Асабасы кыргызымдын – Ала-Тоо,
Анан кантип шаӊшыбайлы бүркүттөй” – деген ыр саптарынан эмнени түшүнө алдыӊыз?! 

Текст логикалык жактан тантык. Бул текст боюнча Ала-Тоо – асабабы, түркүкпү, же бүркүтпү? 

“Кыргыз бойдон сакталабыз,
Түркүн улут бириккен.
Бүт дүйнөгө көз салабыз,
Бүркүт учкан бийиктен” – делет текстте андан ары. Кайра эле бүркүт?!! Кайырмадагы бул саптарды кандай түшүнсө болот? Баягы эле “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген ойдубу? Логика каякта?! Түркүн улут бириккенде көп улуттуу эл болобуз да. 

Же:

“Каныбызда мөл булагы агылат,
Каректерде шам-чырагы жагылат” – деген саптарды алалы. Мөл булак менен кандын, шам-чырак менен каректин кандай байланышы бар?!.

Кыскасы, ойлордун чалалыгы, орто саарлыгы жана логикалык жактан байланышы жоктугу жагынан 5 текст да бири-биринен эч өзгөчөлөнбөйт. Эгер комиссия булардын ичинен бирөөнү тандап ала турган болсо, анда башка акындарды да тартып, ойдогудай болгуча, он жолу болобу, 100 жолубу эринбей иштеп чыгуу керек.

Кыргыз мындайда, “болору болуп, боегу каныптыр” деп коет. Анткен менен, “Гимндин текстти кандай болушу керек эле?” деген суроо да, ага айтылчу жооп да коомчулуктун энчисинде кала берет.

Кыргыздын салттуу ыр түзүлүшүнө 9-10, 6-7 муундуу ыр өлчөмдөрү мүнөздүү экенин эске алсак, гимндин негизги текстиндеги ыр саптарды мууну 9-10 муундан, кайырмасы 6 же 7 муундан ашпаганы туура болчу. Бул – формасы боюнча.

Ал эми мазмунуна келсек, текст карыга да, жашка да жеткиликтүү, өтө жөнөкөй болгону жөндүү эле. Ураан-чакырыктарга жык толтуруп, саясатташтырып зарылдыгы жок болчу. Биз сөз кылган 5 текстте ушул эске алынбаган.  

Гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссия тарабынан гимн мына ушундай болушу керек деген чектөөлөр, алкактар коюлуп, авторлор тексттерди ошол эрежелерге кантип ылайык келтирерин билбей айласы алты кеткен өӊдүү. Болбосо, ал тексттерди такшалып эле калган акындар жазганы көрүнүп турат.

Текст канчалык татаал жана оор болсо, аны кабыл алуу ошончолук кыйын экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Андай текст гимнди ырдаган жана уккан ар бир жаранды кыжалат кылары бышык. 

Гимнди улуу муундагыларга гана эмес, жаш муунга да арналганын, алар да бала бакчадан баштап гимнди ырдай баштаарын эске алсак, оор жана татаал текст балакайларды да бушайманга салары шексиз. Алар гимндин мазмунун түшүнбөй, кургак жаттап алганда эмне утушка ээ болобуз?

Андыктан, гимнди татаалдаштырып, ак калпак, ак шумкар, азаттык, ардагым, даӊк-дүӊк, тарыхы тереӊ, эгемендүү, кубаттуу, алтын доор, бүтүнмүн, даӊаза, Хан Теӊир, Улуу Теӊир, түндүк-түштүк, жылдыз, бүркүт, өнөр, өрүк комуз, улуу көч ж.б. ушул сыяктуу дүжүр сөздөрдү, ынтымак, биримдик сыяктуу ашмалтайы чыккан ар кайсы идея, ойлорду зордоп тыгып киргизип, майдалабаган оӊ.

Гимндин текстти калктын бардык катмарына: бизнесменине да, мугалими, врачына да, ошондой эле чоӊуна да, кичинесине да түшүнүктүү, бир укканда жеткиликтүү, жалпак тилде жазылган жугумдуу болсо идеалдуу болмок. 

Кыргызстан автобус же трамвай эмес, демек гимнге “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз” деген сыяктуу ураандар да ашыкча.

Гимндин текстти мүмкүн болушунча элибиздин кулк-мүнөзүнө окшоп жупуну, жөнөкөй болсо. Ар кандай кыйкырыктар, куру кыялдар, эч кимге зарыл эмес ураандар элди капкачан тажаткан.

Биздин оюбузча төмөнкүдөй маанидеги текст болсо, идеалдуу болмок.

 

*   *   *

Асманыӊда турсун күн тийип,
Кабагыӊда турсун күлкү ийип.
Таянчыбыз да сенсиӊ, атажурт
Сүйөнчүбүз да сенсиӊ, атажурт!

Кайырма:

Миӊ жыл жаша,
Жаша, бар бол!!!
Эр Манастын эли,
Бабалардын жери.
Өлбөс кылган бизди,
Ар-намыстын деми.

Жашаганча курсак үчүн бүгүлүп.
Какайганга какаялы биригип,
Ийилгенге ийилели жүгүнүп.
Бир адамдай муштум болуп түйүлүп.

Кайырма:

Миӊ жыл жаша,
жаша, бар бол!!!
Эр Манастын эли,
Бабалардын жери.
Өлбөс кылган бизди,
Ар-намыстын деми.

Ии, баса, комиссия тарабынан тандалган тексттер талкууга түшүп жатканда, конкурска жөнөтүлгөн айрым тексттер белгилүү болду.

Анын баарына токтолбой, негиздүүлөрүнө гана токтололу. Байдылда Сарногоев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Шабдан Сулайманов фейсбук баракчасына: “Мен дагы гимнге текст бергем. Кандай ырды тандашат мага ошол кызык болгон. Кийин, тандалган тексттерге салыштыруу үчүн жазгам. Балким менин текстим чындап эле талапка жооп бербей калгандыр? Талабында көп улуттун биримдигин кошкула дептир. Мен өзү рамканы жаман көрсөм да, кыйналып-кысталып аны коштум. Наркты коштум, уңгу жолду, тарыхты коштум. Кыскарттым, кыстым. Бирок, кыргыздын гимни болгон соң, ичимде баары бир кыргызды даңазалайын деген ой болуп турду. Укмуштай бир текст жазып салдым деп деле док арткан жерим жок. Болгону тиги конкурстан жеңген 5 текст менен жөн эле салыштырып койгула” – деп өзүнүн гимн сынагына жиберген төмөнкү тексттин ачыктаган экен. Ал текст бул:

*   *   *

Асыл өлкөм ала тоомдой бийиксиң,
Асманыңда дайым турсун тийип күн.
Асабасын тең көтөрүп кыргыздын,
Ар улуттун урпактары бириккин! 

Тайгак кечүү, тар жолдордо басылган,
Тарыхың бар ташка чегип жазылган.
Азиянын арстанындай айбатың,
Айланайын кыргыз деген атыңдан.

Көздөп алган максатынан тайбаган,
Көкүрөктө намыс оту кайнаган.
Уулуң, кызың баба наркын бапестеп,
Уңгу жолду улантабыз кайрадан.

Эгер Шабдандын гимн үчүн жазылган тексттин тиги тандалып алынган 5 текст менен салыштырып карасак, алардан ашса ашат, асти эч кем калышпайт. 

Шабдан Сулайманов Байдылда Сарногоев сыйлыгын алган таланттуу акын. Эгер ага гимндин жазуу тапшырылган болсо, бул жоопкерчиликтүү иш анын колунан келмек деп ишенем. 

Дагы бир таланттуу акын Жыргалбек КАСАБОЛОТОВдун Кыргыз Республикасынын гимни үчүн жазган текстти Марат Токоевдин фейсбук баракчасына жарыяланды:

Ак калпактуу кыргыз деген элденбиз,
Асман менен кучакташкан жерденбиз.
Ала-Тоонун ак мөңгүсүн туу кылып
Аккан суудай ушул күнгө келгенбиз.

Кайырма:

Канатыбыз талбасын,
Кайратынан жанбасын.
Көкжал Манас колдосун,
Көкө Теңир жалгасын!

Кыйрыбызда кылымдардын илеби,
Кыргызстан – калкыбыздын жүрөгү,
Артыбызда – бабалардын үмүтү,
Алдыбызда – урпактардын тилеги.

Кайырма.

Өткөндөрдүн баскан жолун белгилеп,
Өлкөбүздүн асыл наркын эл билет.
Тирүүлүктүн түркүгүндөй биз үчүн
Түбөлүккө туубуз турсун желбиреп.

Кайырма.

Бул текст да тиги тандалып алынган 5 тексттен мыкты болсо мыкты, асти жаман эмес. 

Таланттуу акын кыздарыбыз Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаевалар да биргелешип текст жазышкан экен. Бул текст да фейсбук аркылуу коомчулуктун энчисине айланды. 

НАРСУЛУУ ГУРГУБАЕВА, НУРИЗА ӨМҮРБАЕВА

Бабалардын насыйкатын тыңдасак,
Башатыңда баатыр сөздүү ыр жатат.
Ала-тоомдун кылыч миздүү кырлары,
Аалам менен, асман менен сырдашат! 

Улуу көчүм байыртадан келаткан,
Уламыш кеп кыр-чокулар сен ашкан.
Тарых жолуң оттон-суудан куралган,
Тагдырыңдын теңи Жер да, теңи Асман! 

Булактарың өмүр кошуп өмүргө,
Булбул сайрап, бүркүт шаңшыйт төрүңдө.
Сыйкырыңа сыйынайын, Мекеним,
Сен чайпалба, чачыраба, төгүлбө! 

Канатыңды Күнгө кайрап, күүлөгүн,
Кан Манастын тили менен сүйлөгүн!
Бата менен, Айкөл элим, нарк менен,
Башында тур, багыты бол дүйнөнүн!

Бул текст да мыкты экен. Төрт автор тарабынан сунушталган үч текст да бири-биринен кем калышпайт. Бул тексттердин кайсынысы болбосун, атайы комиссия тарабынан тандалып алынган 5 тексттен өтсө өтөт. Баары таланттуу акындар. Эгер гимндин тексттин жазуу булардын кимисине тапшырылган болсо, бул жоопкерчиликтүү иш ар биринин колунан келмек деп ишенсе болот. 

Анда кандайча тиги орто саар 5 текст тандалып алынды?

Гимндин текстти кандай критерийлерге жооп бериш керек эле?

Шабдан Сулайманов, Жыргалбек Касаболотов, Нарсулуу Гургубаева жана Нуриза Өмүрбаевалардын тексттерин ары түртүп салган комиссия мүчөлөрү эмнеге таянды? ж.б.ж.б. суроолорго эч качан жооп ала албасыбыз айдан ачык. Антсе да, тандалып алынган тексттер тууралуу өз оюбузду, өз көз карашыбызды жарыя айтууга баарыбыздын жана ар бирибиздин акыбыз бар.

Болот ТАШТАНАЛИЕВ

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.