“Жаз жөнүндө бир ыр” сынагына келген чыгармалар
40. Жаз
Билинбестен бирге ой куруп,
Ортобузду сөзгө толтуруп.
Ушул кечте кышты узатып,
Жазды тостук чогуу олтуруп.
Айкалышып, анда айлана,
Көзгө урунат жазчу сүрөттөр.
Көп нерсени баяндагансыйт,
Биз жым турган ушул, мүнөттөр…
Бир убакта сааттын жебеси,
Он экини көздөй бараткан.
Айта салдың менден биринчи,
“Жазың менен кирип келаткан!”.
Жарк дей түшүп асман жер менен,
Мындайды не мурда сезбегем?
Чынын айтсам, өмүрүмө жаз –
Эчак келген чогуу сен менен…
41. Табышмактуу кубаныч
Аалам күлүп, асман сүйкүм, таптаза.
Бүчүр жарып жайнап турат өмүрүм.
Ич дүйнөмө нур төгүлүп башкача,
көгүчкөндөй ободо учат көңүлүм.
Бул кайдагы табышмактуу кубаныч,
бар дүйнөмдү ээликтирген мынчалык,
балким ага себеп болуп жүрбөсүн,
бүгүн алгач турганга жаз жыттанып.
Жаздын жыты. Төгүлүүгө аз калып,
бөтөн адам албас балким түшүнө.
Жүрөгүмдү жиреп өтүп ак жарык,
түнү бою кирип чыктың түшүмө.
42. Жаз келет жылына
Иш барбай колума,
Ийменип отурам.
Аягы, башы жок
Чалгытат ой улам.
Мен эмес, санаалар,
Талаалап кеткени.
Билинбейт мүдөөгө
Калганы, жеткени.
Бакпаган сезимдер,
Эзилет эстеги.
Элдешкен күмөнгө
Кезигет кечтерим.
Тагдырды түшүнбөй:
Табылган күтүлбөй,
Түйүлгөн түбүндө,
Түңүлгөн бүтүмдөн.
Безерип тоңгонум,
Тагдырлаш болгонум,
Таарынтып ичимен,
Таалайлуу болбодум.
Эркиндик эңсеген,
Эби жок жүрөгүм.
Эргип бир чыкпаган
Эски бир жүйөнү…
Ойлобой, эстебей,
Таштабай коё албай,
Ашкере бапес жок,
Күнөөкөр тумчугам.
Ыраазы да, нааразы,
Тушалган туурумда
Айланам, байланам,
Жаз келет жылына.
#43 Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз…
* * *
Жаз, тунуп жаз, жазга сүңгүп төнүп жаз,
Акын болуп, ак ыр кылып төгүп жаз.
Алп ааламды айланып бир сулуулук,
Арзып сага ашыкканын көрүп жаз.
Алма-өрүктүн арасынан күлмүңдөп,
Адам, сага нур төгүүгө келди Жаз.
Агыш ыраң, үлбүрөгөн үлпүлдөк,
Айланаңа гүл төгүүгө келди Жаз.
Тыңшап куштун үнүн да жаз, түрүн жаз,
Бак-дарактын гүлүн да жаз, бүрүн жаз.
Жашаң чөптүн жыты аңкыган буруксуп,
Көктөм жаздын күнүн да жаз, түнүн жаз…
Айы-күнү толуп туура тогуз ай
Толгоо тартып көз жаргандай Жер эне
Тоңу эрип толукшуган алп бүгүн,
Ууз сүтү ууртундагы Наристе.
А дүйнөдө азап, өлүм, зомбулук,
Зулум дагы нечендерди өлтүрөр.
Адам апаат салган жерге дан эгип,
Жаз бир кезде гүл үрөнүн өстүрөр.
Баары өтөт, күз, кыш, кайра жаз келет,
Күн мыйзамын жазган – Улуу Кудурет.
Жаз кабары балким анык ушудур,
Тизе эмес, жүрөк бүгүп таазим эт…
44. Жаз
Керемет да жаңы келген жаз айы,
Күлкү, сүйүү, кубанычка мас айы.
Эски сары жалбырагын жоготуп,
Бак-дарактар кийген өңдүү башайы.
Аппак кылып жердин бетин агартып,
Өрүк дарак гүлүн төксө тазартып.
Гилас гүлү көтөргөнсүйт көңүлдү,
Орто жашты ойноок кездей жашартып.
Тамчылардын тып-тып тамган үндөрү,
Сыйкырланган сезимдерге үндөдү.
Оромунан чыккан жүзүм, анарлар,
Жашылданып, уч жактары бүрдөдү.
Катарлашып, ачышып кооз гүлдөрүн,
Жалбырактар, ачса жашыл бүрлөрүн.
Кулак салып бактан чыккан добушка,
Уккансыймын залкарлардын үндөрүн.
Балалык таң, кайра жаңы аткансыйт,
“Бозойлукка жетейин” деп шашкансыйт.
Бал аарылар учуп жүрсө зыңылдап,
Жумакматов гимн ойноп жаткансыйт.
Селкилерин сүйүү менен сулуулап,
Бозой ээрчип жүргөнүндөй туюлат.
Гүл бакчадан булбул үнү таңшыса,
Рыспайдын обонундай угулат.



